Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 6-июну № 1968-V
"Кыял" улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси жөнүндө
"Кыял" улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси - кыргыздын элдик колдонмо өнөрүн жасоонун жана кеңири жайылтуунун үстүндө иштеген жалгыз ишкана.
Бирикменин ишинин негизги жоболору жана шарттары, уюштуруу-укуктук түрү, анын ичинде жетекчини шайлоонун тартиби мыйзамдар менен белгиленген тартипте бекитилген бирикменин уставы менен, аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан коомдук талкуулоосуз 2011-жылдын 13-сентябрында № 550 "Кыял" улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтом кабыл алынып, анда бирикменин уставына түп-тамырынан өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.
Бирикменин ишинин абалынын өзгөрүшүнүн тегерегинде түзүлгөн кырдаал жөнүндө "Кыял" улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесинин жана Кыргыз Республикасынын Көркөм кол өнөрчүлөр палатасынын жумушчуларынын кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыял" улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесинин ведомстволук караштуулугун жана каржылык ишин текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу эске алынсын.
2. "Кыял" улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесинин башкы директорунун эмгек жамаатынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалышын кароо менен уставга өзгөртүүлөр киргизүү "Кыял" улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесине сунуш кылынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (А.Т.Сулайманов) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Жээнбеков
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 16-сентябрындагы № 1019-V токтому менен "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесинин ведомстволук караштуулугун жана каржылык ишин текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.
Текшерүү иши аяктагандыгына байланыштуу убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - комиссия) жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөрдү аныктады.
1994-жылдын 18-августундагы № 623 "Кыргыз Республикасынын Эл чеберлери үйүн түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык (1-пункт) "Кыял" элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси ага таандык мамлекеттик менчиктеги мүлктү Кыргыз Республикасынын Эл чеберлер бирлигине акысыз өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Өнөр жай жана соода министрлигинин баш ийүүсүнөн чыгарылган.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фондуна "Кыял" элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесинин мүлкүнө белгиленген тартипте баа берүүнү жүргүзүү жана "Кыял" ЭККБсынын бааланган мүлкүнүн суммасына Кыргыз Республикасынын Эл чеберлер бирлгине менчик укугу тууралуу күбөлүктү берүү тапшырылган.
Бирок, жогоруда аталган токтом Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фонду жана "Кыял" ЭККБсы тарабынан аткарылган эмес жана юридикалык жактан да бекитилген эмес. Алсак, менчик укугу тууралуу күбөлүк Эл чеберлер бирлигине берилбей, тиешелүү документтер катталбай жана таризделбей, ошондой эле мамлекеттик менчиктеги мүлк жана башка активдер Кыргыз Республикасынын Эл чеберлер бирлигине өткөрүлүп берилген эмес. Анын натыйжасында "Кыял" УЭККБсынын имараттары жана курулмалары мамлекеттин менчигинде калган.
Андан ары 2004-жылдын 28-апрелиндеги № 301 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-мартындагы № 135 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун аткаруу максатында 1994-жылдын 18-августундагы № 623 "Кыргыз Республикасынын Эл чеберлери үйүн түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому күчүн жоготту деп табылган.
Кыргызстандын элдик-колдонмо көркөм өнөрүн сактап калуу жана андан ары өнүктүрүү максатында, ошондой эле элдик кол өнөрчүлүктү кайрадан жандандыруу ишине бирикменин жамаатынын сиңирген эмгегин эске алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 4-сентябрындагы № 293 Жарлыгы менен "Кыял" элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесине "Улуттук" деген статус берилген.
Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда аталган Жарлыгынын 2-пунктун аткаруу максатында 2004-жылдын 5-мартындагы № 135 "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесинин уставы бекитилген.
3-пункт менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине архитектуралык-пландоо тапшырмасында белгиленген чек аралардагы жер участогун "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесине бекитип берүү тапшырылган.
Бирок, Бишкек шаарынын мэриясы жана "Кыял" УЭККБсы тарабынан жогоруда аталган токтомдун 4-пункту факт жүзүндө аткарылган эмес, анын натыйжасында Бишкек шаары, Чүй проспектиси 202 дареги боюнча жайгашкан имараттарды жана аларга чектеш жер участогун мөөнөтсүз колдонууга укук, "Кыял" УЭККБсынын балансында турган, Кулиев 1 көчөсүндө жайгашкан өндүрүштүк аймак жана имараттар Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо органдарында тиешелүү түрдө катталган эмес.
Кыргызстандын элдик-колдонмо өнөрүн сактоо жана андан ары өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстанда элдик салттуу кол өнөрчүлүктү натыйжалуу башкарууну жана өнүгүүсүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү камсыздоо максатында 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 550 "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик ишканасынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтому кабыл алынган.
С.Ж.Балбакованын атынан Кыргыз Республикасынын Эл чеберлер бирлиги жана С.М.Макашовдун атынан "Кыял" УЭККБсы" мамлекеттик ишканасынын ортосунда 2004-жылдын 15-мартында № 1 "Кызматташуу жөнүндө" келишим түзүлгөн, анда 70-100 адамга соода орундарын уюштуруу менен байланышкан биргелешкен иш жүргүзүү келишимдин жүйөсү болуп саналган.
Келишимге ылайык Эл чеберлер бирлиги аймакты, инфраструктураны көрктөндүрүү, чатырларды, павильондорду, контейнерлердн коюу боюнча иштерди аткарууга, ошондой эле жер участогуна ижараны кошуп алганда ишке байланышкан бардык түрдөгү төлөмдөрдү төлөөгө милдеттенме алган. Келишимди колдонуу мөөнөтү 2011-жылдын 15-мартына чейин белгиленген, ал мөөнөт аяктагандан кийин бардык жабдуулар (павильондор, контейнерлер, жайма орундар, бастырмалар жана башка жабдуулар) менен бүт объект "Кыял" УЭККБсына акысыз өткөрүлүп берилүүгө тийиш болгон.
Тараптар өз ара макулдук берген жана тараптардын бири кудуретсиз (банкрот) деп табылган учурдан тышкары, аталган келишимдин шарттары боюнча (5.1-пункт) бир тараптуу тартипте бузулушу мүмкүн эместигин белгилей кетүү зарыл.
"Кыял" УЭККБ кеңешинин 2011-жылдын 16-майындагы жыйналышынын протоколу бар, анда 2004-жылдын 15-мартындагы № 1 "Кызматташуу жөнүндө" келишимди колдонуу мөөнөтүн 2014-жылдын 15-мартына чейин узартуу жөнүндө чечим кабыл алынган.
"Кыял" УЭККБсынын балансында Үсөналиев (Асаналиев) - Кулиев 1 көчөсүндө жайгашкан өндүрүштүк база, үй куруу кампасы (реконструкцияланган) кампа жайлары эсепте турат.
Биргелешкен иш жүргүзүү үчүн С.Ж.Балбакованын атынан Кыргыз Республикасынын Эл чеберлер бирлиги менен С.М.Макашовдун атынан "Кыял" УЭККБсы" мамлекеттик ишканасынын ортосунда 2004-жылдын 15-мартында № 1 "Кызматташуу жөнүндө" келишим түзүлгөн.
Келишимге ылайык "Кыял" УЭККБсы Үсөналиев (Асаналиев) - Кулиев 1 көчөсүндө жайгашкан кампа жайлары бар өндүрүштүк базаны Эл чеберлер бирлигине кийин узартуу мүмкүнчүлүгү менен 2014-жылдын 15-мартына чейин берүүгө милдеттенме алган.
Өз кезегинде Эл чеберлер бирлиги өндүрүштүк базаны көрктөндүрүү боюнча бардык иштерди аткарууга, Бишкек шаарынын мэриясы менен жер участогун ижаралоо келишимин түзүүгө, бардык бузулуу алдындагы курулмаларды реставрациялоого, чатырларды жабууга, канализацияны калыбына келтирүүгө, суу өткөрүүгө, бардык электр зымдарын жана автоматтарын жаңылоого, эшиктин алдына брусчатка төшөөгө милдеттенме алган.
Бүгүнкү күндө Эл чеберлер бирлиги келишимде каралган айрым милдеттенмелерди жарым-жартылай аткарган. Атап айтканда, бардык имараттардын чатыры жабылган жана электр тармагы толугу менен жаңыланган эмес, эшиктин алды брусчатка менен жарым-жартылай төшөлгөн, аймакты жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча жетиштүү иштер жүргүзүлгөн эмес.
Бишкек шаарынын мэриясынын 2004-жылдын 12-октябрындагы № 1094 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Эл чеберлер бирлигине Асаналиев-Кулиев 1 көчөсүндө жайгашкан иштеп жаткан өндүрүштүк базанын алдындагы аянты 0,618 га жер участогу 5 жылдык мөөнөткө ижара шартында убактылуу колдонууга берилгендигин белгилей кетүү зарыл.
Кийин Бишкек шаарынын мэриясы менен Кыргыз Республикасынын Эл чеберлер бирлигинин ортосунда 2004-жылдын 18-октябрында № 748 жер участогун ижаралоо жөнүндө келишим түзүлгөн. Бүгүнкү күндө аталган келишим менен белгиленген мөөнөттөр 2009-жылдын октябрында аяктаган.
Бул учурда "Кыял" УЭККБсынын балансында турган жана муниципалдык менчик эмес мамлекеттик менчик болуп саналган жер участогу ижарага берилген. Демек, жер участогу мыйзамдардын талаптарын бузуу менен ижарага берилген. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 23-беренесинде төмөнкүдөй белгиленген: мамлекеттик же муниципалдык жер пайдалануучу тарабынан өзүнө таандык имаратты жана курулманы белгиленген тартипте ижарага берилген учурда ал имаратка же курулмага бекитилип берилген жер участогун пайдалануу укугу аны менен кошо берилет. Анда имарат жана курулма жайгашкан, мамлекеттик же муниципалдык жер пайдалануучунун пайдалануусунда болгон жер участогун имараттын же курулманын өзүн тиешелүү түрдө бербестен башка адамга ижарага берүүгө жол берилбейт.
Ошону менен бирге Эл чеберлер бирлиги 2011-жылдын 1-июлуна карата иш жүзүндө 354,8 миң сом суммасындагы ижара төлөмдөрүн төлөгөн.
Биргелешкен иштин бүткүл мезгилинде (2004-2010-жылдар) келишимдер боюнча алган милдеттенмелерди аткаруу эсебине Эл чеберлер бирлигинин жетекчилигинин ырастоосу боюнча ("Центр оценки Славянский Восток" ЖЧКсынын көз карандысыз баа берүүчүсүнүн корутундусунун негизинде) "Кыял" УЭККБсынын ички короосунун аймагындагы жана анын сыртындагы чатырларды, металл конструкцияларын курууга жана асфальт төшөөгө кеткен капиталдык салымдын суммасы 5658,7 миң сомду түзгөн.
Бишкек шаарынын мэриясынын 2004-жылдын 20-сентябрындагы № 998 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Эл чеберлер бирлигине Чүй проспектиси 202, Кулиев-Киев көчөсүндөгү ("Кыял" УЭККБ имаратынын күн батыш тарабы) учурдагы авто унаа коюучу жайдын алдындагы аянты 0,37 га жер участогу ижарага берүү келишиминин шартында 5 жылдык мөөнөткө (2009-жылдын 20-сентябрына чейин) убактылуу колдонууга берилген.
Анын негизинде Бишкек шаарынын мэриясы менен Кыргыз Республикасынын Эл чеберлер бирлигинин ортосунда 2004-жылдын 25-октябрындагы № 671 жер участогун ижаралоо жөнүндө келишим түзүлгөн. 2010-жылдын 17-ноябрындагы № 305 келишим боюнча ижаранын мөөнөтү 5 жылга узартылган.
Кийин 2010-жылы экинчи жолу топографиялык сүрөткө тартууда жер участогунун аянты 0,37 гектардын ордуна 0,51 гектарды же 0,14 гектарга көбүрөөктү түзгөн.
Эл чеберлер бирлигине берилген жер участогун иш жүзүндөгү максаттуу багыты боюнча пайдаланбагындыгын белгилей кетүү керек, атап айтканда, ижарага алынган аянттын көп бөлүгүндө 2004-жылы соода павильондору жайгаштырылган.
Мында Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы ижара акысынын өлчөмүн соода павильондору үчүн коэффициентти эске албастан, авто унаа коюучу жай катары коэффициентти колдонуу менен гана эсептеген.
Ушуга байланыштуу аталган жагдайларды эске алуу менен 2004-2010-жылдар үчүн ижара акысы кайрадан эсептелген, натыйжада кошумча эсептелген сумма 1520,7 миң сомду түзгөн.
2011-жылдын 1-июлуна карата аталган кайра эсептөөнү эске алганда, Эл чеберлер бирлигинин ижара акысы боюнча кредитордук карызы 524,7 миң сомду түзөт. Бирикмеде бардыгы болгон 7 цех жана участок иштейт:
- чегип-сүрөт тартуу буюмдар цехи;
- металлды көркөм иштетүү цехи;
- буюмдарга чыраштап сайма саюу цехи;
- булгаарыны көркөм иштетүү участогу;
- "Сайма" участогу;
- жибек-графика боюнча участок;
- буюмдарды мамлекеттик символдор менен чыгаруу боюнча участок.
"Элдик кол өнөрчүлүк өндүрүшүн жандандыруу, өнүктүрүү жана сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары Кыргыз Республикасындагы элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүн жандандыруу, өнүктүрүү жана сактоо үчүн социалдык, экономикалык жана башка зарыл шарттарын камсыз кылууга милдеттүү. Азыркы учурда Кыял УЭККБсынын имаратында тиешелүү шарттар түзүлгөн жана элдик кол өнөрчүлүк менен 500дөн ашык адам иштейт.
Кирешенин жалпы суммасынын көбүрөөк бөлүгүн бирикменин администрациялык имаратынын жайларын ижарага берүүдөн түшкөн суммалар түзөт.
Азыркы мезгилде аянты 13430,2 кв.м болгон жайдын 5425,4 кв. метри ижара алуучуларга (анын ичинде эл чеберлерине) берилген.
"Кыял" УЭККБсынын каржылык иши төмөнкүдөй маалыматтар менен мүнөздөлөт.
2010-жылдагы жылдык жыйынды кирешенин жалпы суммасы 7345,6 миң сомду түзгөн, анын ичинде негизги иш боюнча (өзү чыгарган продукцияны сатуу) 2865,7 миң сом жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн - 4479,9 миң сом.
Жалпы чыгымдар 7206,7 миң сомду түзгөн, анын ичинде материалдык чыгымдар 868,4 миң сом, эмгек акы төлөөгө чыгымдар 3171,8 миң сом, социалдык муктаждыктарга чегерүүлөр 864,3 миң сом, негизги каражаттарды амортизациялоо 166,8 миң сом жана башка чыгымдар 2135,3 миң сом. Каржылык иштин натыйжасында киреше 138,9 миң сомду түзгөн.
2011-жылдын биринчи жарым жылдыгында продукцияларды, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан 4245,2 миң сомду, анын ичинде негизги иш боюнча 1678,1 миң сомду жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн 2567,1 миң сомду түзгөн.
Бул мезгилге чыгымдар 4267,3 миң сомду, анын ичинде материалдык чыгымдар 968,4 миң сомду, эмгек акы төлөөгө чыгымдар 2290,5 миң сомду, социалдык муктаждыктарга чегерүүлөр 395,1 миң сомду, негизги каражаттарды амортизациялоо 81,0 миң сомду жана башка чыгымдар 532,3 миң сомду түзгөн.
2011-жылдын 1-июлуна карата дебитордук карыздын суммасы 521,3 миң сомду, анын ичинде Эл чеберлер бирлигиники 392,3 миң сомду (даяр продукция боюнча 303,6 миң сомду, кампа жайларын ижарага берүү жана коммуналдык кызмат көрсөтүү үчүн 88,4 миң сомду) түзөт.
Кредитордук карыз 472,7 миң сомду, анын ичинде эмгек акы боюнча карыз 123,2 миң сомду, салыктардын түрү боюнча бюджеттин алдында 89,6 миң сомду, камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча Соцфондго 120,7 миң сомду түзөт.
Каржылык ишти талдоо Эсептөө палатасынын актыларынын маалыматынын негизинде жүзөгө ашырылып, алардын негиздүүлүгү Соттук экспертизалар мамлекеттик борборунун соттук-экономикалык экспертизалар бөлүмүнүн башкы эксперти тарабынан жүргүзүлгөн соттук-экономикалык экспертиза менен ырасталган. Өткөрүлгөн текшерүүлөр тарабынан олуттуу тартип бузуулар табылган жок.
2011-жылдын 27-сентябрында убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрүнүн жана "Кыял" УЭККБсынын жетекчилиги С.Макашовдуи каршылаштарынын катышуусу менен "Кыял" УЭККБсынын жамаатынын чогулушу болгон. Чогулушта эмгек жамааты өздөрүнүн учурдагы жетекчиси С.М.Макашовду колдоп чыгышкан. "Кыялдын" кызматкерлери 2011-жылдын 13-сентябрындагы N 550 "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасынын ишинин уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна каршы чыгышкан, анткени ишкананы рейдерлик басып алуу аракети жүрүп жатат деп эсептешет. Ага далил катары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация Жетекчиси Э.Каптагаевдин буйругу боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия тарабынан жүргүзүлгөн өтө көп текшерүүлөрдү мисалга алышкан. Ал комиссиянын курамына төмөнкү министрликтер жана ведомстволор кирген: Башкы прокуратура, Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы, Мамлекеттик финансы полиция кызматы, Бишкек шаарынын мэриясы, Юстиция министрлиги, Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик мүлк министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, "Бишкекбашархитектура" башкармалыгы.
Аталган комиссияны түзүүгө "Кыял" УЭККБсынын азыркы жетекчисин кызматынан алууга кызыкдар болгон айрым адамдардын өлкөнүн Президентине кайрылуусу себеп болгон. Кайрылууда азыркы жетекчинин түрдүү укук бузуулары, "Кыялдын" айланасындагы аймакты, жайларды ижарага берүүдөн түшкөн акча каражаттарын өзүнө алуусу тууралуу айтылган. Ошондой эле имараттын эскирген абалы жана туристтердин келиши үчүн өзүнө тартпагандыгы жөнүндө айтылган, имаратты жана ага жакын жайгашкан аймакты базар үчүн соода жерлерине билип туруп кайра профилдештиргендигине айып коюлууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына ушул сыяктуу кайрылуу жазылган. Жогорку Кеңешке жазылган кайрылууга иш жүзүндө "Кыялга" тиешеси жок адамдар кол коюп, алардын ичинен үчөө мурда "Кыял" УЭККБсында иштеп, терс себептер боюнча жумуштан бошотулгандыгын белгилей кетүү керек. Депутаттык комиссиянын мүчөлөрүнүн катышуусу менен болгон эмгек жамаатынын жалпы чогулушунда кайрылуудагы С.Токтакунованын койгон колу жасалма экендиги аныкталган. СССРдин эл артисткасы Самара Токтакунова мурда бул катты көрбөгөндүгүн, өзү кол койбогондугун элдин алдында айткан. Самара Токтакунованын, Мадылбек Кулубаевдин, Берметтин Дөөлөтбакованын, Гүлнара Токторовна Жумалиеванын, Амантур Эсеналиевичтин Канжаевдин, Асел Кубанычбековна Самакованын алар "Кыял" жана Эл чеберлер бирлиги боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына 2011-жылдын 15-сентябрындагы кайрылууну мурда көрбөгөндүктөрү жана ага кол койбогондуктары тууралуу түшүндүрмөлөрү бар.
Ошондой эле кайрылууга кол койгон башка адамдар боюнча расмий эмес маалыматтар келтирилген, алар кайрылуунун демилгечисинин бири Д.Чочунбаеванын туугандары болуп саналат: 1. Урматбек Осмоев - жубайы; 2. Айнура Бозгунчиева - келини; 3. Гүлмира Кутуева - келини; 4. Алина Сыдыкова - жээни; 5. Кенжекан Рысалиева - тууганы; 6. Алмаш Найзабекова тууганы.
"Кыялдын" имаратынын айланасындагы аймакта соода орундарын ачуу боюнча бирикменин жетекчилигинде райондун борбордук көчөлөрүндө чаржайыт сатууларга жол бербөө максатында соода орундарын уюштуруу жөнүндө өтүнүчү менен Ленин райондук администрациясынын каты бар (11.07.2002-ж. чык. № 06-306, 17.01.2006-ж. № 06/58, 21.02.2008 № 08/124).
Соода орундарына ижара акысынын баасы боюнча базарда соода орундары боюнча акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин прейскуранты бар, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2011-жылдын 14-февралындагы № 27 буйругу менен бекитилген.
Бишкек шаарынын мэриясынын 2010-жылдын 4-ноябрындагы № 417 токтому менен "Кыргыз Республикасынын Эл чеберлер бирлиги" КБсына Чүй проспекти 202 дареги боюнча учурдагы соода катарларынын аймагынын жана конок автотоктотмонун алдындагы жер участогу 5 жылдык мөөнөткө ижара шартында убактылуу колдонууга берилген. Жер участогун убактылуу пайдаланууга укукка күбөлүк алынган (Сериясы В N 048125), "Кыялдын" аймагында автотоктотмосу бар соода павильондорун жайгаштыруунун эскиздик долбоору түзүлгөн.
2011-жылдын 11-октябрында көчмө текшерүүдө төмөнкүлөр аныкталган.
"Кыял" УЭККБсынын имараты 1987-жылы салынган, дайыма оңдон туруу керек. Текшерип жаткан учурда имараттын абалы ортодон жогору экен. Имараттын чатыры толук бойдон жабылган, суу аккан жерлер жок. Интерьери дайыма оңдолуп, бардык инженердик коммуникациялардын техникалык абалы каралып турат. Актовый зал оңдолуп бүткөнү калыптыр. Санитардык түйүндөрдүн бардыгы иштейт, дубалдарга кафель чапталган. Бирикмеде бардыгы болуп 7 цех жана участок иштейт:
- чегип-сүрөт тартуу буюмдар цехи;
- металлды көркөм иштетүү цехи;
- буюмдарга чыраштап сайма саюу цехи;
- булгаарыны көркөм иштетүү участогу;
- "Сайма" участогу;
- жибек-графика боюнча участок;
- буюмдарды мамлекеттик символдор менен чыгаруу боюнча участок (бардык жабдууларды даярдоодон тартып заказдарды толук даярдоого чейин мамлекеттик сыйлыктарды даярдоо боюнча жабдыктардын бүтүндөй спектри бар).
Бардык цехтерде жумушчуларга нормалдуу эмгектенүү жана чыгармачыл ойду ишке ашыруу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Имараттын начар жылытылышына жана иштөө шарттарынын жоктугуна даттануулар болгон жок, көпчүлүк жумушчулар өзүнүн жетекчилигине жана эмгек шарттарына ыраазы. Иш бирикменин планы, мамлекеттик жана коммерциялык заказдар боюнча жүргүзүлөт. Жумушчулар эмгек акысынын өлчөмүнө ыраазы, алардын эмгек акысы планды аткаргандыгына жараша 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин жетет.
Цехтердеги жабдуулар толук комплектиси менен оң абалда. Жабдуулар мурдагыдай болуп тез-тез колдонулбайт, анткени сатып алуучулар кол менен жасалган буюмдарды көбүрөөк талап кылат.
Цехтерде ички рынок үчүн да, ошондой эле экспорт үчүн да даярдалуучу продукцияларды чыгаруу жөнгө салынган. Мисалга алсак, алыскы чет өлкөлөрдө чоц суроо-талап менен колдонулуучу кийиз чокойлор чыгарылып турат. Сапаттуу чийки заттын жетишсиздигинин айынан кийиз чокойлор кээде чыгарылбай калат.
2010-жылы жумушка 82 адам кабыл алынгани, бирок байыр албаган кадрларды штатты жаңы жумушчулар менен толуктап, кол өнөрчүлүккө эң эле башынан баштап окутууга туура келет. Негизинен жумушка жаш кыздар орношот, алар бир аз иштеп, күйөөгө кетишет жана жумушун таштоого аргасыз болушат. Жаш кадрлар бир аз үйрөнүп алышып, кол өнөрчүлүктө жетиштүү тажрыйбага ээ болуп, жумуштан бошонуп, өзүнүн жеке өндүрүшүн ачкан тенденция да байкалууда.
"Кыял"' УЭККБсынын имаратында көргөзмө залы бар, анда чыгарылуучу продукциялардын үлгүлөрү коюлган, ал жакка сатып алуучулар жана чет өлкөлүк туристтер эркин кире алышат.
Ошондой эле Асаналиев-Кулиев көчөсүндөгү иштеп жаткан өндүрүштүк база да текшерилген. Жабдуулардын бардыгы, анын ичинде РД-63 эски карагай тилүүчү жайы бар жана алардын көпчүлүгү иштеген абалда. Советтер Союзу тарагандан кийин иштетилбеген жыгачтар Россиядан келбей калгандыгына жана карагай тилүүчү жай иштебей тургандыгына карабастан, жетекчилик тарабынан колдо бар жабдууларды сактап калуу үчүн бардык чаралар көрүлгөн.
Карагай тилүүчү жайдан тышкары өндүрүштүк базанын аймагында керамикалык, жыгач устачылык жана токардык цехтер, кийиз жасоо участогу, кийиз жасоо үчүн арналган жүн тытуу жана тазалоо участогу жайгашкан.
Керамикалык цехте мештерде чоподон жасалган буюмдар, негизинен тарыхый жана улуттук стилдеги ашкана буюмдары бышырылат. Ошондой эле кыргыздын элдик үйлөмө аспабы - чопо чоор жасалат, ал балдар үчүн музыкалык оюнчук катары да, ошондой эле фольклордук ансамблде аспап катары да колдонулат. Бул багытты өнүктүрүүнүн келечеги бар, анткени Кыргызстанда карапа иши үчүн жарактуу болгон чопо чыккан жерлер көп.
Эки курулма өз күчү менен курулган, анда жергиликтүү чеберлер ойлоп тапкан кийиз жасоочу механизациялаштырылган орнотмолор жайгаштырылган. Эгерде мурда кийиз жасаганга көп күч жумшалып, бир нече күн кетсе, ойлоп чыгарылган жабдууларды колдонуу менен кийиз жасаганга бир нече саат эле кетет, бул жумушту кыйла жеңилдетет жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатат.
Ошондой эле бирикменин өзүнүн каражатына жүн тытуу жана тазалоо станоктору сатып алынган. Бул станоктор Бишкекте ЭЭЗда иштетилген эмес жана конструкцияда бузуктары болгондуктан туруп калган. Цехте иштеген жумушчулар бузуктарын оңдогон жана азыркы убакта станоктор өндүрүштө ийгиликтүү иштеп жатат.
Боз үй жасоо боюнча участок да иштейт. Бардык майда-чүйдөлөрү менен түрдүү өлчөмдөгү боз үйлөр жасалат.
Токардык цехте шахмат жана жыгачтан жасалган түрдүү фигуралар үчүн материалдар сүрүп жасалат.
Комиссия "Кыялдын" жетекчилигине оппонент болуп чыккан тараптын өкүлдөрү берген суроолорду карап чыкты. Атап айтканда, төмөнкүдөй суроолор берилген:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 4-сентябрындагы № 293 "Улуттук" деген статусту берүү жөнүндө Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-мартындагы №135 токтомунун аткарылышын текшерүүнү өтүнгөн. Жайларды, жертөлөлөрдү, ашканаларды жана сактоо камераларын ижарага берүү кайда жана кимге төлөнүп жатат? Асаналиев-Кулиев көчөсү 1деги өндүрүштүк аймак кимдики жана кимге катталган?
2. Базардагы павильондор менен контейнерлердин саны жана алар кимге таандык?
3. Имараттын, актовый залдын жана дааратканалардын абалы тууралуу суроо. Зыяндуулук үчүн атайын тамак - сүт берилеби?
4. Жумушчулардын эмгек акысы? Кадрлар бөлүмүндө көп жылдан бери иштебей калган жумушчулар катталып жүрөт, 150 адамдын санын беришет. Цехте жумушчулардын иш жүзүндөгү саны канча? Имарат эмгек акы бербестен бир нече айга жабылганы жатабы? 16 жылдын ичинде бир да жолу отчеттук-шайлоо чогулушу өткөрүлгөн эмес. Жамаатта өтө начар моралдык-психологиялык абал болууда.
5. Булгаарыны көркөм иштетүү цехинин жабдуулары жана станоктору демонтаждалган, пилорама жана башка жабдыктар эсептен чыгарылган жана металлоломго өткөрүлгөн. Бирикмеде директордун туугандарынын күнөөсү боюнча бир нече жолу катуу өрт чыккан, өрт чыкканда өтүүчү жолдор жана жөнөкөй эле өрткө каршы шаймандар жок.
6. Бардык заказдар "Кыял" жана анын жумушчулары аркылуу кетпестен, Эл чеберлер бирлигине кетип жатат. А.Цыганов менен бир да жолу наряд түзүшкөн эмес, накталай акча менен гана эсептешет. Медалдарды даярдоо үчүн ювелир, гравер адистери жана жабдуулары жок болуп заказ ала беришет, жеке кол өнөрчүлөргө барышып, мамлекеттик заказды жасашат.
7. С.Макашов ЭКСПО-2010 Эл аралык көргөзмөсүндө Башкы комиссар болуп туруп, боз үйдү 6 айга ижаралоо үчүн алынган каражаттардын изин жашырган. Сувенирлерди саткан жана көргөзмөнү уюштурууга бөлүнгөн мамлекеттик каражаттарды ээлеп алган. Уюштуруу комитетинин макулдугусуз директор Т.Эркиновду, стендчилер Х.Мурзалиевди жана У.Сеитмамбетовду иштен бошоткон. ЖМКларда Кыргызстанга ЭКСПО-2010 көргөзмөсүнүн "Алтын медалы" берилгендиги тууралуу жалган маалыматты берген.
Жогоруда айтылган маселелер боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын текшерүүсү төмөнкүлөрдү аныктады:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-августундагы № 623 токтомунун негизинде "Кыял" УЭККБсы жана анын бүтүндөй аймагы Кыргыз Республикасынын Эл чеберлер бирлигине бекитилип берилген. Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыял" УЭККБсына "Улуттук" деген статусту берүү жөнүндө Жарлыгы чыккандан кийин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-мартындагы № 135 токтомунун негизинде мамлекеттик акт боюнча бүтүндөй аймак "Кыял" УЭККБсынын карамагына өткөрүлүп берилген. "Кыял" ЭККБсына "Улуттук" деген статус берилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган № 623 токтому 1994-жылдан тартып 2004-жылга чейин колдонулгандыгын жана элдик кол өнөрчүлүктү Кыргыз Республикасынын Эл чеберлер бирлиги менен "Кыял" ЭККБсы биргелешип өнүктүргөндүгүн белгилей кетүү керек. Кыргыз Республикасынын Эл чеберлер бирлиги менен "Кыял" УЭККБсынын ортосунда кызматташуу жөнүндө келишим түзүлгөн, анда "Кыял" УЭККБсына чектеш аймакты Кыргыз Республикасынын Эл чеберлер бирлиги көрктөндүрөт (брусчатка төшөйт, асфальттайт, чатырларды курат ж.б.) жана келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин "Кыял" УЭККБсына акысыз түрдө өткөрүп берет деп көрсөтүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 120-беренесине ылайык рыноктук баа салык салуу максаттары үчүн товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасын аныктоо принцибине ылайык белгиленет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-мартындагы № 135 токтому менен бекитилген "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесинин уставынын негизинде бирикме юридикалык жана жеке жактар менен өз алдынча келишим түзүүгө укуктуу. Алсак, Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Ленин райондук администрациясынын 11.07.2002-ж. № 06-306, 17.01.2006-ж. № 06/58 жана 21.02.2008-ж. № 08/124 каттарынын негизинде Бишкек шаарынын мэриясынын чаржайыт сооданы жоюу жөнүндө токтомун аткаруу үчүн "Кыял" бирикмесинин директору С.М.Макашов менен Кыргыз Республикасынын Эл чеберлер бирлигинин төрагасы С.Ж.Балкановдун ортосунда биргелешкен кызматташуу жөнүндө келишим түзүшкөн, ал соода орундарын уюштуруу менен байланыштуу. Келишимге ылайык Кыргыз Республикасынын Эл чеберлер бирлиги аймакты, инфраструктураны көрктөндүрүү, чатырларды, павильондорду, контейнерлерди коюу боюнча иштерди аткарууга, ошондой эле жер участогуна ижараны кошо алганда, ишке байланышкан бардык түрдөгү төлөмдөрдү төлөөгө милдеттенме алган. Келишимди колдонуу мөөнөтү 2011-жылдын 15-мартына чейин белгиленген, ал мөөнөт аяктагандан кийин бардык жабдыктар менен бүт объект "Кыял" УЭККБсына акысыз өткөрүлүп берилиши керек. Азыркы убакта 7607877 сом суммасына иштер аткарылган, баа берүүчү комиссиянын отчету тиркелет. Анын ичинен баасы 3403700 сом болгон объекттер "Кыял" УЭККБсына өткөрүлүп берилген.
2. "Кыял" УЭККБсынын аймагында 42 контейнер, 15 киоск, 46 павильон жана 160 соода прилавкасы, бардыгы болуп 263 соода түйүнү бар. Павильондордун жана контейнерлердин ээлери менен соода орундарын ижарага берүү жөнүндө келишимдер түзүлгөн, контейнерлердин жана павильондордун ээлеринин тизмеси тиркелет.
Жертөлөлөрдү, ашканаларды, медпункттардын сактоо камераларын ижарага бергендиги үчүн акыны "Кыял" УЭККБсы алат, келишимдердин көчүрмөлөрү тиркелет.
Текшерүүдө С.Макашовдун атына катталган соода орду же контейнерлер жок экендигин аныкталды. "Кыял" УЭККБсынын аймагында жайгашкан соода орундарын жана контейнерлерди ижарага берүү үчүн акыны "Кыялдын" бухгалтериясы алат.
3. Кыял" УЭККБсынын имараты 1987-жылы салынган, дайыма оңдоп туруу керек. Азыркы учурда имараттын чатыры толук бойдон жабылган (комиссияга сүрөттөр жана аткарылган иштердин актысы берилди). Интерьери дайыма оңдолуп, бардык инженердик коммуникациялардын техникалык абалы каралып турат. Актовый зал оңдолуп бүткөнү калыптыр (комиссияга сүрөттөрү көрсөтүлдү).
Бирикмеде зыяндуу эмгек шарттары менен кесиптер бар, аларга белгиленген ченем боюнча күнүнө жарым литрден акысыз сүт берилип турат:
- кездемеге жазуучулар - 2 адам;
- буюмдарга чегип жазуучулар - 7 адам;
- булгаарыдан жасалган көркөм буюмдарды даярдоочулар - 4 адам;
- эмальерщиктер - 4 адам;
- куруучу бригада - 4 адам.
Сүт иштеген күндөрүнө жана аткарган жумуштарына ылайык ведомость боюнча берилет.
4. Бирикменин бардык кезектеги маселелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-мартындагы токтому менен бекитилген Уставга ылайык бирикменин кеңешинде чечилет.
Кесиптик бирликтер маселелери кесиптик бирлик комитетинин жыйналышында чечилет.
2011-жылы бирикменин жамаатынын кесиптик бирлик комитетинин эки чогулушу өткөрүлгөн.
Жамаатта нормалдуу моралдык-психологиялык абал орун алган, чеберлердин көбүнчөсү Бирикмеде 20 жылдан 40 жылга чейин иштегендер. Өзүнүн жетекчисин анын ак ниеттүүлүгү, кайрымдуулугу жана көңүл буруп тургандыгы үчүн абдан сыйлашат.
"Кыял" УЭККБсынын бир да жумушчусу даттанууга кол койгон эмес.
1990-жылы СССР тарап, дээрлик бүт ишканалар бүлүнүп жатканда, "Кыял" үзгүлтүк менен иштеп жатты.
1994-жылдан кийин С.Макашов директор болуп шайланганда өндүрүш токтотулган эмес, тескерисинче өсүү арымы 7-8% болуп турган.
5. Булгаары көркөм иштетүү цехинин жабдууларынын комплектиси толук (сүрөттөр жана тизме тиркелет). Жабдуулар мурдагыдай болуп тез-тез колдонулбайт, бул мезгилдин талабы. Сатып алуучулар кол менен жасалган буюмдарды көбүрөөк талап кылат. Карагай тилүүчү жай Кулиев көчөсү 1деги кампанын аймагында толук иштеген абалда турат (сүрөттөр тиркелет). Өрт коопсуздугунун абалы жөнүндө сүрөттөрдү карап айтса болот, анда өрткө каршы шаймандар бар экендиги көрүнүп турат, өрткө каршы шаймандар тууралуу айта кетсек, ар бир цехте өрт өчүргүч бар, ал эми ар бир кабатта 6дан өрткө каршы гидрант коюлган. 2008-жылдын январында болгон өрт "Кыял" УЭККБсына зыян келтирген эмес. Ижара алуучулар жабыр тарткан, анткени Батыш ЭБСи электрди пландуу өчүргөндүгүнө байланыштуу имаратта 2 күн бою электр болгон эмес. Ижара алуучулар шамдарды колдонуп отурушкан, натыйжада кездемелер өрттөнүп кеткен.
6. "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесинде бардык жабдууларды даярдоодон тартып заказдарды толук даярдоого чейин мамлекеттик сыйлыктарды даярдоо боюнча жабдуулардын бүтүндөй спектри бар (сүрөтү тиркелет). Жогорку класстагы чебер-гравер А.Перец 1980-жылдан тартып иштейт. Апрель революциясынын баатырларына төш белгилер металлды көркөм иштетүү цехинде даярдалган, ал цехтин начальниги В.А.Кириченко 1975-жылдан тартып эмгек ардагери.
Иштеген стажы 31 жыл болгон жыгач боюнча чебер А.И.Цыганов бардык заказдарды цехтин начальниги Ч.Намазбековдон жана эмгек акысын "Кыял" УЭККБсынын бухгалтериясынан алаары жөнүндө түшүндүрмө жазган берген (түшүндүрмөнүн тексти жана наряддардын көчүрмөлөрү тиркелет).
2006-жылдын 16-мартындагы № 77 "Элдик кол өнөрчүлүк өндүрүшүн жандандыруу, өнүктүрүү жана сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары Кыргыз Республикасындагы элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүн жандандыруу, өнүктүрүү жана сактоо үчүн социалдык, экономикалык жана башка зарыл шарттарын камсыз кылууга милдеттүү экендигин белгилей кетүү зарыл. Азыркы учурда "Кыял" УЭККБсынын имаратында тиешелүү шарттар түзүлгөн жана 639 адам элдик кол өнөрчүлүк менен иштейт.
7. С.Макашов коомдук башталышта Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын (КР СӨП) вице-президенти болуп саналат. Кыргыз Республикасынын СӨПүнүн бухгалтериясынан ЭКСПО-2010до Кыргыз Республикасынын экспозициясын уюштурууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттар, анын ичинде боз үйдү ижаралоого жана өкүлчүлүк товарларга экспозициянын мурдагы директору Т.Э.Эркинов төлөгөндүгү тууралуу маалымкат алынган. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан ошондой эле Т.Э.Эркинов бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланган деген факты боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик финансы полиция кызматынын № 084-10-5057 кылмыш ишинин негизинде Т.Э.Эркиновду иштен бошотуу жөнүндө буйруктардын көчүрмөлөрү берилген. ЭКСПО-2010до Кыргыз Республикасынын экспозициясынын тең директору Х.А.Мурзалиевди терс жүйөлөр боюнча кызматтан бошотуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү алынган. Р.И.Кайфуновду экспозициянын директору кылып дайындоону Кыргыз Республикасынын СӨПүнүн Президентинин милдетин аткаруучу А.С.Давлеталиев чечкен.
ЭКСПО-2010до Касымбеков деген фамилия боюнча стендист катталган эмес. Ошентип С.Макашовдун каржылык жана кадрдык иштерге тиешеси жок.
Кыргыз Республикасынын СӨПүнүн жетекчилиги ЭКСПО-2010до кыргыз павильону алтын медаль менен сыйлангандыгы тууралуу маалыматты ырастады жана Улуу Британия, Россия, Кытай өлкөлөрү менен катар эле биринчи бешиликте Кыргыз Республикасынын экспозициясын эң мыкты деп таануу жөнүндө фотоматериалдарды берди.
Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө өздөрүнүн тарыхый тегине жана каада-салттарына кайтып келүү максатында элдик кол өнөрчүлүктү жандандырууга жана өнүктүрүүгө зор көңүл бурулат. Мисалы, Белоруссияда жана Өзбекстанда элдик чыгармачылыкты колдоо максатында кошумча нарк салыгы алып салынган. Биздин өлкөдө эл чеберлери мамлекеттик бюджеттен бир тыйын да албай, тескерисинче өсүп келе жаткан жаш муун үчүн жумуш орундарын түзүп, элдик кол өнөрчүлүк буюмдарын чыгарууда кылымдан бери келе жаткан каада-салттарды кылдаттык менен сактап жана жайылтып жатса да, аларга мамлекеттик бийликтин айрым өкүлдөрү тарабынан кысым көрсөтүлөт. Алар элдик кол өнөрчүлүктү жандандыруу кызыкчылыгында аракет кылымыш болуп, керт башын ойлогон кызыкчылыктарды көздөйт.
"Кыял" УЭККБсы С.Макашовдун жетекчилиги астында көп мезгилдер бою өзүн-өзү каржылоодо туруп, мамлекеттин каржылык колдоосу жок жана көп сандаган кыйынчылыктарга карабастан, жамаатты жана аны менен катар кыргыз элдик колдонмо искусствосунун буюмдарын чыгарууда өтө зор тажрыйбаны сактап калышты. С.Макашов жетекчинин кызматына шайланган учурдан тартып өндүрүш токтогон эмес, жумушчулар эмгек акысын өз убагында алып, салыктар жана социалдык төлөмдөр төлөнүп турган.
1994-жылдын 18-августундагы № 623 "Кыргыз Республикасынын Эл чеберлери үйүн түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк фондуна "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесинин мүлкүн белгиленген тартипте баалоо жана "Кыял" УЭККБсынын бааланган мүлкүнүн суммасына Кыргыз Республикасынын Эл чеберлер бирлигине менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берүү тапшырылган. Бирок, жогоруда аталган токтом Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фонду жана "Кыял" ЭККБсы тарабынан аткарылган эмес жана юридикалык жактан да бекитилген эмес. С.Макашов "Кыял" УЭККБсынын имараттары жана курулмалары мамлекеттин менчигинде калышына жардам кылган.
"Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасынын ишин уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун карап жана текшерип чыгып, комиссия төмөнкүдөй тыянакка келди.
Кыргызстандын элдик-колдонмо көркөм өнөрүн сактап калуу жана андан ары өнүктүрүү максатында, ошондой эле элдик кол өнөрчүлүктү кайрадан жандандыруу ишине бирикменин жамаатынын сиңиргеи эмгегин эске алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 4-сентябрында № 293 Жарлыгы кабыл алынган, "Кыял" элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесине "улуттук" деген статус берилген жана мындан ары "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси деп аталган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин ушул Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө анын статусун эске алуу менен "Кыял" УЭККБсынын Уставын иштеп чыгуу жана бекитүү, ошондой эле "Кыялга" улуттук" статустун ыйгарылышына байланыштуу башка чараларды кабыл алуу, өзүнүн балансында турган имарат менен ага жанаша жаткан аймакты бекитип берүү тапшырылган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-мартындагы № 135 токтому менен "Кыял" УЭККБсына имаратты бекитип берүү менен анын Уставы бекитилген.
Ошентип, "Кыял" УЭККБсы 2011-жылдын 13-сентябрына чейин өзүнүн ишин мыйзамдуу негизде жүргүзгөн.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кандайдыр бир муктаждыгы жок эле "Кыял" УЭККБ" мамлекеттик ишканасынын ишин уюштуруу жөнүндө" № 550 токтомун кабыл алган, аны менен бекитилген Уставга эмгек жамаатынын абалын начарлатуу жагына өтө маанилүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген, атап айтканда.
Өкмөт Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 4-сентябрындагы ПЖ № 293 Жарлыгы менен эсептешпестен "Кыял" УЭККБсын Мамлекеттик мүлк министрлигинин карамагына өткөрүп берген.
Алсак, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Өкмөт кыйла жогорку юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу максатында токтом кабыл алат. Бул учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы Өкмөттүн токтомуна караганда жогору турат - бул биринчиден, экинчиден, токтом Жарлыктын негизинде жана аны аткаруу үчүн кабыл алынат. Бул учурда "Кыял" УЭККБсынын директорун жана башкы бухгалтерин дайындоо боюнча да, ошондой эле аны Мамлекеттик мүлк министрлигинин карамагына өткөрүп берүү боюнча да абалды начарлатып, "Кыял" УЭККБсынын Уставын кайрадан карап чыгууну Өкмөткө тапшыруу жөнүндө Президенттин Жарлыгы жок.
Мына ошентип, Өкмөт Өкмөттүн 2004-жылдын 5-мартындагы № 135 токтомуна негизсиз түзөтүүлөрдү киргизген.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-августундагы № 623 токтомуна карабастан, "Кыял" УЭККБсын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин карамагына өткөрүп берген.
2007-жылдын 6-июнундагы № 211 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканаларды түзүү маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун маңызы боюнча мамлекеттик ишканага жалпы жетекчилик кылууну жана анын ишин координациялоону министрлик жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрация ишке ашыраары көрүнүп турат, аларга бул укук мамлекет тарабынан берилген жана анын карамагында мамлекеттик ишкананын иштеши каралган.
"Кыял" УЭККБсы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-августундагы № 623 токтому менен Кыргыз Республикасынын Өнөр жай жана соода министрлигинин карамагынан чыгарылган жана ошондон тартып, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 158 жана 230-беренелерине ылайык чарба жүргүзүү укугуна негизденген өз алдынча чарбалык-эсептик ишкана болуп саналат.
Мына ошентип, "Кыял" УЭККБсынын ишин координациялоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги тарабынан ишке ашырылышы мүмкүн, б.а. мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-мартындагы № 135 токтому менен бекитилген "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесинин колдонуудагы Уставын толуктабайт жана өзгөртпөйт.
"Элдик кол өнөрчүлүк өндүрүшүн жандандыруу, өнүктүрүү жана сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн үстүндө иштеген адамдардын негизги милдети элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн салттарын кайра жаратуу, өнүктүрүү жана сактоо болуп саналат. "Кыял" УЭККБсы элдик көркөм салттарды кайра жаратуу, өнүктүрүү жана сактоо боюнча жүктөлгөн милдеттерди толук көлөмдө аткарып жатат, бирок бийлик тарабынан ишкананын кирешелүүлүгү төмөн имиш деген дооматтар коюлууда. Мындай кырдаалда буюмдар кол менен жана накта чийки заттардан гана өндүрүлүп жаткандыгын эске алуу керек, бул жагдайлар товардын баасына жана калк менен туристтердин сатып алуу жөндөмдүүлүгүнө таасир көрсөтөт. Мисалы, элдик чыгармачылыктын "Калпак" улуттук баш кийими жана башка көптөгөн буюмдары кытайлык өндүрүүчүлөр тарабынан активдүү чыгарылып, алар арзан синтетикалык чийки заттардан даярдалары жана наркы менен сапатынын төмөндүгү белгилүү. Эгерде мамлекет ата мекендик ишкерлер үчүн коргоо механизмдерин түзбөсө, элдик көркөм кол өнөрчүлүк кытайлык товар өндүрүүчүлөрдөн олуттуу жабыр тартышы мүмкүн. Узак убактан бери биздин рынокто кытайлык өндүрүштөгү боз үйлөр сатылууда. Алардын баадагы артыкчылыктары бар, анткени алар жука түтүктөрдөн жана арзан синтетикалык материалдардан өндүрүлөт, ал эми ата мекендик продукция нукура чийки заттан гана жасалат. Кытайлык өндүрүүчүлөрдүн буюмдардын баары көпкө чыдабастыгы жана ден соолук үчүн зыяндуу экендиги белгилүү, бирок төмөн баанын эсебинен аларга суроо-талап чоң. Мындай шарттарда "Кыял" бирикмесинин көн жылдардан бери топтолгон тажрыйбасынан жана чыгармачылык дараметинен кол жууп калуу жол берилгис, эгерде Кыргызстан бул түпкү кыргыз кол өнөрчүлүгүндөгү өзүнүн ээлеген ордунан ажырап калса, биз бүтүндөй өлкөбүздүн маданий өнүгүшүндө зор өксүккө туш болобуз. Мына ошого байланыштуу мамлекеттин күч-аракетин тезирээк пайда алууга багыттабастан, кытайлык товарлардын маданий басып алуусу тарабынан азыркы иш жүзүндөгү коркунучтардан сактоого жана коргоого басым жасоо зарыл. Бул этапта мындай коркунучтар анча-мынча жана аша чапкандык көрүнүшү мүмкүн, бирок Кытайдын ЮНЕСКОдо "Мапас" эпосун өзүнүн атынан каттоого жасаган аракети кыргыз элинин маданий мурасына кол салуунун талашсыз далили катары кызмат кылууга тийиш.
Өкмөттүн 2004-жылдын 5-мартындагы № 135 токтому менен бекитилген "Кыял" УЭККБсынын уставынын 3-бөлүгүндө Бирикменин негизги милдеттери кыргыз элдик кол өнөрчүлүгүн сактап калуу жана андан ары өнүктүрүү; азыркы кезде унутта калган элдик кол өнөрчүлүктүн айрым түрлөрүн кайра жаратуу; көркөм кол өнөрчүлүк буюмдарын жасоо жана сатуу; илим-изилдөө иштерин уюштуруу; КМШнын жана эл аралык уюмдардын мамлекеттик жана коомдук мекемелери жана уюмдары менен кызматташуу болуп саналат деп жазылган. Ал эми ал уставдын 6-бөлүгүнүн 6.1-пунктунда Бирикме каржылык, чарбалык ишти ушул устав менен каралган максаттардын жана милдеттердин чектеринде өз алдынча жүзөгө ашырат деп айтылат. Демек, "Кыял" УЭККБсы өз ишин Бирикменин алдына коюлган максаттарга жана милдеттерге ылайык жүзөгө ашырып келген. Эл аралык көргөзмөлөргө, жарманкелерге, семинарларга, мастер-класстарга катышуу экспонаттарды жеткирүүгө, стенддерди жайгаштырууга, делегациянын мүчөлөрүнүн жашоосуна, тамак-ашына жана транспорттук чыгымдарына кеткен чыгымдарды кошуп алганда, "Кыял" УЭККБсынын каражаттарынын эсебинен каржылангандыгын белгилей кетүү керек. "Кыял" УЭККБсынын бул чыгымдардын баарын бирикменин пайдасынын эсебинен жабат. Мындай баруулардын узактыгы кээде бир нече айга жетип, мамлекеттик бюджеттен бул максаттарга каражаттар чыгымдалбайт. Көптөгөн башка мамлекеттерде бул максаттарга бюджеттик каражаттар бөлүнүп берилүү менен эл аралык көргөзмөлөргө жана жарманкелерге элдик устаттардын катышуусу мамлекеттин улутту колдоосу менен өтөт. Элдик устаттардын чет өлкөлүк иш сапарларына чыгымдарды эсептеп чыгарып салгандан кийин бирикменин таза пайдасы олуттуу болбой калат, бул ишкананын кирешелүүлүгүнүн төмөндүгүнүн себептеринин бири болун саналат.
Өкмөттүн № 550 "Кыял" УЭККБсы мамлекеттик ишканасынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтому менен Бирикменин уставына директордун кызматына элдик көркөм кол өнөрчүлүктөн алыс адамдарды, андан калса эмгек жамаатын катыштырбастан жана анын пикирин эске албастан дайындоого мүмкүнчүлүк берген өзгөртүү киргизилген. Мурдагы уставда директор көркөм жетекчи да болуп саналып келген.
"Кыял" элдик көркөм кол өнөрчүлүк улуттук бирикмесинин ишин уюштуруу жөнүндө" Өкмөттүн N 550 токтомун кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин олуттуу сын-пикирлери эске алынган эмес. Атап айтканда, Экономикалык тескөө министрлигинин корутундусунда "Кыял" элдик көркөм кол өнөрчүлүк улуттук бирикмесинин ишин уюштуруу жөнүндө" Өкмөттүн токтомунун долбооруна карата Юстиция министрлигинин, Маданият министрлигинин, Мамлекеттик мүлк министрлигинин, Финансы министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Жаштардын иштери боюнча министрликтин олуттуу сын-пикирлери жана сунуштары бар экендиги айтылган.
Ченемдик укуктук актынын иштеп чыгуучулары тарабынан маалымат-негиздеменин жоктугу алардын бири болуп саналат. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун макулдашуунун буга окшогон практикасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентине ылайык келбейт жана анын талаптарын кыйшаюусуз аткарууну ыдыратат.
Бул долбоор менен коюлган маселенин маңызына келсек, анда "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 22-беренесине ылайык аны ЖТТны тиркөө менен ченем чыгаруучу органдын расмий сайтына жайгаштыруунун аркасында коомдук талкуулоону жүргүзүү талап кылынат, анткени ишкердик иштин анын элдик чыгармачылыкка жана айылдык жердеги калктын кол өнөрчүлүк искусствосуна тиешелүү назик бөлүгүндөгү ишкердик иштин маселелерине тиешелүү болот.
Маданият министрлиги, Жаштардын иштери боюнча министрлик тарабынан "Кыял" УЭККБсынын уюштуруучулук жана башка өз алдынчалыгына көмөк көрсөтүүнүн максатка ылайыксыздыгы деген жүйө менен терс корутундулар киргизилген, мында Кыргыз Республикасынын Элдик уставдар бирлиги жана Кыргыз Республикасынын Кол өнөрчүлөр кеңеши коомдук бирикмелеринин пикирине шилтеме жасалып, аларды мамлекеттик органдардын этибарга албоого моралдык укугу жоктугу айтылган.
Андан тышкары, "Кыял" элдик көркөм өнөрчүлүк улуттук бирикмесинин кеңешинин кайрылуусу келип түшкөн, анда анын колдонуудагы уставын сактап калуу сунуш кылынган.
Мына ушуга байланыштуу Экономикалык тескөө министрлиги жүктөлгөн милдеттердин жана компетенциялардын алкагында токтомдун долбоорун карап чыгуу жана министрликтер менен ведомстволордун пикирлерин эске алуу менен бул токтомдун долбоорун кабыл алуунун максатка ылайыксыздыгы жөнүндө пикирге кошулган.
"Кыял" УЭККБсынын мамлекеттик ишкана катары колдонуудагы мыйзамдардын алкагында ал тарабынан ишканаларды андан ары мамлекеттен ажыратуунун саясаты жүргүзүлүп жаткан Мамлекеттик мүлк министрлигине өз ишине отчет берет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-беренесинин 3-пунктуна ылайык мамлекеттик бийлик мамлекеттик органдардын элдин алдында ачыктыгынын жана жоопкерчилигинин жана өз ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгында жүзөгө ашыруунун принциптерине негизденет, ал эми бул учурда Өкмөттүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 550 токтому коомдук талкуулоосуз жана элдин пикирин эске алуусуз кабыл алынган. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыкчарына түздөн-түз тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору кеминде бир айдын ичинде коомдук талкуулоого жатат. Алсак, 2004-жылы бирикменин уставын кабыл алууда Кыргыз драмтеатрында элдик кол өнөрчүлүктүн өкүлдөрүнүн курултайы өткөрүлүп, бүткүл республикадан 800 делегат, ошондой эле Өкмөттүн мүчөлөрү жана көз карандысыз юристтер катышкан. Уставдын тестти кеңири талкууланган жана анын азыркы редакциясында кабыл алынган. Өкмөт "Кыял" УЭККБсы мамлекеттик ишканасынын ишин уюштуруу жөнүндө" № 550 токтомун эмгек жамаатынын жана элдик усталардын пикирин эске албастан, кабыл алган, мунун өзү алардын арасында өтө кыжырданууну пайда кылуу менен Ак Үйдүн жанына митингге чыгууга мажбурлаган.
2012-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин депутаттык комиссиянын төрагасы К.Ж.Рыспаев менен жолугушуусу болгон. "Кыял" УЭККБсындагы кырдаалга тиешелүү маселе талкууланган. "Кыял" Элдик көркөм кол өнөрчүлүк улуттук бирикмесинин уюштуруу жөнүндө" Өкмөттүн № 550 токтомуна А.Ш.Атамбаев тарабынан ал Премьер-министрдин кызмат ордунда болгон мезгилде кол коюлган. Бул жолугушуунун жүрүшүндө "Кыял" УЭККБсынын тегерегинде түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу максатында Президент тарабынан Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бирикменин башкы директорун дайындоо укугун өзүндө сактап калаарлыгы, бирок эмгек жамаатынын сунушу боюнча сактап калаарлыгына тиешелүү болгон аны чечүүнүн конструктивдүү варианты сунуш кылынган.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде комиссия төмөнкү корутундуга келди:
1. "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесинин каржылык иши канааттандыраарлык деп эсептелсин.
2. "Кыял" УЭККБсынын эмгек жамаатынын колдонмо элдик көркөм кол өнөрчүлүгүн кайра жаратуудагы, сактап калуудагы жана өнүктүрүүдөгү зор салымын көңүлгө алып, ошондой эле анын "улуттук" өзгөчө статусун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыял" УЭККБсынын уставына "Кыял" УЭККБсынын Башкы директорун бирикменин эмгек жамаатынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалышынын бөлүгүндө өзгөртүү киргизсин.
Комиссиянын курамы:
Комиссиянын төрагасы:Рыспаев К.Ж.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кадыралиева Ы.К.
Калмаматов Б.
Мадылбеков Т.
Ниязалиева Д.А.
Осмонов М.К.
Сулейманов Б.И.
Суракматов А.Э.
Туманов К.Т.
Эшимов А.Ж.