Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-июну № 3244-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам
актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине,
Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине, Кыргыз Республикасынын
Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын борборунун статусу
жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги
принциптери жөнүндө", "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө",
"Ош шаарынын статусу жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча
башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө",
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө",
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоорун биринчи окууда кабыл
алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 13-мартындагы № 130 токтому) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын борборунун статусу жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө", "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети (К.С.Самаков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров |