Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-ноябры № 3575-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна депутат Г.Садырбаеваны шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутат Гуласал Садырбаева Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайлансын.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 22-февралындагы № 1664-V токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1 пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
А.Г.Бекматов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
А.О.Кутушев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
Т.У.Шайназаров - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
И.Ю.Карамушкина - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
Н.Н.Төрөбеков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
Ж.Р.Сапарбаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
Ж.А.Жолдошова - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
Б.С.Кадыров - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
А.К.Кочкорбаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
М.М.Салымбеков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
Э.Исаков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
Э.С.Иманалиева - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
Р.К.Акназарова - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
O.Л.Домшенко - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
И.А.Пирматов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
Н.К.Алимбеков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
A.M.Маматалиев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
А.А.Досалиев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
З.И.Бекбоев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
У.Т.Кочкоров - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
Г.Садырбаева - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жогорку
Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
К.С.Дыйканбаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
З.С.Жоошбеков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
К.Т.Туманов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
Б.О.Калмаматов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
Г.А.Скрипкина - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
З.М.Алымбеков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
У.А.Аманбаева - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына шайланышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөндөгү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:
2012-жылдын 25-апрелиндеги № 1874-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө";
2013-жылдын 3-октябрындагы № 3503-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө";
2013-жылдын 3-октябрындагы № 3504-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө".
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Заместитель Төрага |
| Ч.Султанбекова |