КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-декабры № 3668-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 24-октябрындагы № 3524-V токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу
"Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 24-октябрындагы № 3524-V токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты кабыл алынсын.
рТөраганын орун басары | Т.Зулпукаров |