Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-апрели № 1819-V
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын аткарылышы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 76-беренесинин 2-пунктун аткаруу үчүн, республиканын калкын жана аймагын жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоону камсыз кылуу максатында "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри А.А.Карашевдин жана Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри К.А.Бороновдун маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү мамлекеттик органдар тарабынан бул Мыйзамды аткаруу боюнча жалпысынан иш жүргүзүлүп жаткандыгын белгилейт. Бирок ошону менен бирге Мыйзамдын айрым ченемдери объективдүү жана субъективдүү себептерден аткарылбай жатат.
Алсак, Мыйзамдын 7, 8, 9 жана 10-беренелерин аткаруу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт.
1. Жарандык коргонуу (мындан ары - ЖК) жаатындагы илимий изилдөөлөр менен атайын программалар жана алардын аткарылышынын абалы жөнүндө.
Акыркы убакта Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын (мындан ары - ЖКнын ВАКсы) алдында илимий институттар жана мамлекеттик органдар менен кызматташуу үчүн Илимий-техникалык кеңеш түзүлгөн.
Бирок Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (мындан ары - ӨКМ) тарабынан коркунучтуу жаратылыштык процесстерди иликтөө жаатында илим-изилдөө жана долбоорлоо-изилдөө жумуштарын аткаруу боюнча илим-изилдөө институттары жана уюмдары менен келишимдер алигече түзүлгөн эмес. КТРКнын, ЭлТРдин жана ӨКМнын жетекчилери тарабынан жаратылыш кырсыктарынын жана кыйроолорунун коркунучу жөнүндө калкка маалымдоо жана аларды көрсөтүп-уктурууну камсыз кылуу боюнча атайын программаларды даярдоо жөнүндө ЖКнын ВАКсынын 2011-жылдын 22-ноябрындагы чечими гана кабыл алынган.
2. Мамлекеттик финансылык жана материалдык резервдер, анын ичинде өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо жана алардын кесепеттерин жоюу үчүн ЖКнын кол тийгис кору жөнүндө.
Жабыр тарткан калкка жардам көрсөтүү менен алдын алуу жана жоюу иш-чаралары үчүн зарыл болгон товардык-материалдык баалуулуктарды топтоо боюнча каржылык каражаттардын жоктугу ЖКнын иштешинин негизги проблемасы болуп саналат. Бул максаттарга 2011-жылы талап кылынган 200,0 млн. сомдун ордуна 20,0 млн. сом гана кошумча бөлүнүп берилген. Ушуга байланыштуу ӨКМ тарабынан келип түшүүчү гуманитардык жардамдын, ӨКМнын чарбалык эсептеги ишканаларынын пайдасынын жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен ӨКМнын алдындагы Өзгөчө кырдаалдар фондун түзүү жөнүндө маселеге демилге көтөрүү пландаштырылган.
Областтык мамлекеттик администрациялардын мобилизациялык резервинин кампаларындагы химиялык мүлктү сактоонун жана анын жарактуулугунун бардык ченемдик мөөнөттөрү өтүп кеткендигин, ЖКнын атайын мүлкүн жаңыртуу 1991-жылдан бери жүргүзүлбөгөндүгүн эске сала кетүү керек. Жаңыртуу үчүн бардыгы болуп 3218034 даана противогаз талап кылынат. Ошону менен бирге бүгүнкү күндө областтардагы ӨКМнын бардык бөлүкчөлөрүндө 14 миң 900 адамды жайгаштырууга мүмкүнчүлүк берүүчү чатырлар фонду бар. Министрлик ар бири 120 адамды стационардык дарылоого жана амбулатордук дарылоого муктаж болгон 1000ге чейинки адамды кабыл алышы мүмкүн болгон 2 талаа госпиталын да жайгаштыра алат.
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык коргонуунун материалдык-техникалык, азык-түлүктүк, медициналык жана жеке каражаттарынын корлорун түзүү жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, министрликтерге жана ведомстволорго жүктөлөт. Бирок областтарда мындай корлор түзүлбөй келе жатат, мунун өзү негизинен каржылык каражаттардын жоктугу менен шартталган.
Жалал-Абад областында райондук мамлекеттик администрацияларда ар биринде кеминде 200,0 миң сом жана айылдык округдарда 50 миң сомдон каржы каражаттарынын резерви түзүлгөн. Республиканын көпчүлүк региондорунда материалдык жана каржылык резервдердин кору иш жүзүндө жок же жетишсиз түзүлүп, ал эми айрым райондордо бул иш менчик түзүмдөр менен келишимдерге кол коюу менен гана чектелип калган. Атап айтканда, Баткен областында өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо материалдык камсыздоо үчүн жеке ишканалар (АМЖ) менен келишимдер түзүлгөн.
3. Коргонуу жана экономикалык мааниге ээ болгон, коркунучтуулугу мүмкүн болгон объекттерге таандык кылынган уюмдардын, ошондой эле аскердик убакта ЖК боюнча топторго таандык кылынган аймактардын тизмеги иштелип чыккан эмес.
4. Өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлери жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2011-жылдын 17-ноябрында № 733 "Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтом кабыл алынып, анда аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү мамлекеттик органдар тарабынан өзгөчө кырдаалдарды оордугунун даражасына жараша жоюунун тартиби айкын аныкталган.
5. Аскердик убакта ЖКнын качуу жайларынын жана радиацияга каршы жашырынуу жайларынын болгондугу менен абалы жана аларды даяр күтүү үчүн жооптуу мамлекеттик органдар жөнүндө.
Көпчүлүк коргоо курулмалары жана радиацияга каршы жашырынуу жайлары күтүлбөгөн абалда калып, жашоону камсыз кылуу үчүн тиешелүү тутум жок. Бул проблеманы каржылоо бөлүнүп берилген шартта гана чечүүгө болот. Башкаруунун корлук жайлары (мындан ары - БКЖ) боюнча абал деле ушундай, 2011-жылы БКЖнын 20сынын ичинен 13ү текшерилген. Маалымат үчүн: мурда Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү, өнөр жай жана соода министрлигинин балансында турган Кара-Балта шаарындагы бир БКЖ сатылып кеткен. Ал эми Баткен областында БКЖ жок.
БКЖнын даяр эместиги жана жоктугу кризистик кырдаалдарда жетекчи курамдар тарабынан ЖКнын иш-чараларын оперативдүү башкаруу боюнча өз милдеттеринин аткаруунун мүмкүн эместигине алып келүүдө. Жамааттык коргоо курулмаларын жана жеке коргонуу каражаттарын сактоого жана даяр абалда күтүүгө көңүл бурулбайт.
6. ЖКнын мамлекеттик тутумунун абалы жана аны уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө.
Ош шаарынын, Талас, Нарын жана Ысык-Көл областтарынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ЖКсынын коммуналдык-техникалык, медициналык кызматтарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун, Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин ЖКсынын абалын пландарга ылайык комплекстүү текшерүүлөр жүргүзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 475 токтому менен Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобо бекитилген. Бирок ЖКнын тутуму өзгөчө кырдаалдарга жооп берүүгө дайыма эле даяр эмес, уюмдардын, бийликтин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун көпчүлүк жетекчилери көп учурда алдын алуу жана жоюу жумуштарын жүргүзүү үчүн жоопкерчиликти ӨКМга оодара салууга аракеттенет. ЖКнын кызматтарынын аракеттерин тутумдук координациялоо да жок.
7. Республика боюнча адам курмандыктарына, адамдардын ден соолугуна же айлана-чөйрөгө зыян, олуттуу материалдык жоготууларды алып келиши мүмкүн болгон жаратылыштык, техногендик коркунучтардын мониторинги, калк жана аймак үчүн тобокелдикке баа берүү жөнүндө.
Жыл сайын ӨКМ тарабынан божомолдук материалдар бастырылып чыгарылып, алар коркунучтуу жаратылыштык процесстер менен кубулуштардын активдешүүсүнүн жана таасир көрсөтүүсүнүн мүмкүн болушунан коргоо боюнча алдын алуу чараларын көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине, Премьер-министрине жана Жогорку Кеңешине, ошондой эле тиешелүү министрликтер менен ведомстволорго, областтардын, райондордун мамлекеттик администрацияларына жиберилет. Коргонуучу, кырсыктык-калыбына келтирүү жана долбоорлоо-изилдөө жумуштарын жүргүзүү үчүн биринчи кезектеги объекттердин тизмеги да кошумча жиберилет. Бүгүнкү күндө ӨКМ тарабынан өтө шашылыш жооп берүү күчтөрүн түзүү боюнча биринчи этап ишке ашырылып, ири шаарларда жана райондук борборлордо куткаруу кызматтары иштеп, 2010-2011-жылдарда куткаруу кызматтары Кара-Балта шаарында, Токтогул шаарчасында жана Кочкор айылында түзүлгөн. 2011-жылдын ичинде 2300 баруулар жасалып, 400дөн ашык адам сакталып калынган.
8. Бийликтин аткаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ЖК жаатындагы талапкаттарды берүү жана алардын аткарылышы тууралуу, ошондой эле көрүлгөн чаралар жөнүндө.
2011-жылда республиканын аймагында коркунучтуу жаратылыштык процесстердин көрүнүштөрүн 1401 текшерүү жүргүзүлгөн. Пландуу текшерүүлөр да жүргүзүлүп, алардын натыйжалары боюнча бузулуу абалындагы турак үйлөр жана жаратылыштык коркунучтуу процесстер менен кубулуштарга дуушар болуучу участоктордо турган үйлөр табылган. ӨКМ тарабынан көчүрүлүүгө 565 талапкат берилген. Тиешелүү маалыматтар мамлекеттик жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана аймактык өнүгүү боюнча мамлекеттик агенттиктин Турак жай-жарандык курулуш департаментине берилген.
2011-жылдын ичинде республика боюнча бардыгы болуп 3851 үй-бүлөгө 487080,0 миң сом суммасындагы узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудалар берилип, 4153 үй-бүлөгө 112845,0 миң сом суммасына акысыз жардам көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күндө 257600,0 миң сом суммасына жеңилдетилген ссуда алууга муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн саны 3567ни, ал эми 1341100,0 миң сом суммасына акысыз жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн саны 6847ни түзөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-апрелиндеги № 289 токтомунун 9-пунктуна ылайык табигый кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан калкка узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудаларды өз убагында берүү жана кайтарып алуу үчүн жооптуу бирдиктүү орган болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик комиссиясынын Турак жай курулуш мамлекеттик департаменти аныкталган.
Бирок калкка узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудаларды берүү жана кайтарып алуу боюнча иш толук мерчемде аткарылбай жатат. Тургундарды коркунучтуу участоктордон көчүрбөй калуунун негизги себептери төмөнкүлөр болуп саналат:
мамлекеттик бюджеттен бөлүнүп берилүүчү каражаттар узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудаларды берүү боюнча керектөөлөрдү бир убакта жана толук канааттандырууну камсыз кылбайт;
узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудаларды өз убагында бербөө жана алардын жетишсиз өлчөмү (көчүрүлүүгө талапкат боюнча жабыр тарткан калкка тандоо боюнча мамлекеттик жардам 50,0 миң сом бир жолу (акысыз) же төлөөнү 3 жылга кийинкиге калтыруу менен 20 жылдык мөөнөткө узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссуда 200,0 миң сом өлчөмүндө бөлүнүп берилет;
жер участокторун өз убагында трансформациялабоонун натыйжасында турак жай куруу үчүн жарактуу жер участокторунун жоктугунун айынан жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан коопсуз жерлерде жер участокторунун бөлүнүп берилбегендиги;
жаңы жашаган жерлерде менчик жер үлүштөрүнүн жоктугу (көпчүлүк учурларда көчүрүлгөн тургундар алардын жаңы жерлерде жоктугунун айынан калтырылган жер үлүштөрүнө, чөп чабыктарына жана жайыттарына кайтып келүүдө);
жарандар тарабынан ссудаларды алуу үчүн зарыл документтердин өз убагында бербегендиги.
9. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, алардан коргонуунун алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү боюнча ӨКМ, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлүүчү айкын иш-чаралар жөнүндө.
Өткөн мезгилдин ичинде жалпы суммасы 7278,5 миң сомдук 214 объектте коргоо иш-чаралары жүргүзүлүп, алардын ичинен 211 объектте жумуштар аяктап, 3 объектте жумуштар улантылууда.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча ӨКМ тарабынан Кен калдыктары көмүлгөн жайларда реабилитациялык жана рекультивациялык жумуштарды аткаруу боюнча биринчи кезектеги аракеттердин комплекстүү программасы иштелип чыгылып, алардын болжолдуу наркы 40,0 млн. АКШ долларынан ашыкты түзөт. Кен калдыктары көмүлгөн жайларга инвестицияларды тартуунун натыйжасында Майлуу-Суу шаарында, Миң-Куш жана Кажы-Сай шаарчаларында, Шекафтар, Сумсар, Совет поселокторунда эл аралык уюмдар жана донор өлкөлөр тарабынан каржылануучу долбоорлор ишке ашырылган жана ишке ашырылып жатат.
Жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында 2011-жылы Ош областындагы Алай жана Чоң-Алай райондорунун, Чүй областынын, Ош жана Бишкек шаарларынын аймагындагы 992 социалдык жана маданий-тиричилик объекттери жер титирөөгө туруктуулукка текшерилген. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын УИАсынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун адистери менен биргелешип Тескей Ала-Тоо, Кыргыз, Суусамыр, Талас тоо кыркаларынын ойдуңдарындагы тоо көлдөрүн байкап текшерүү жүргүзүлүп, 36 жырылып кетүү коркунучу бар көл табылган.
2020-жылга чейин өзгөчө жана кризистик кырдаалдардагы комплекстүү коопсуздуктун концепциясынын жана улуттук стратегиясынын долбоорлору иштелип чыккан.
Калкты өзгөчө кырдаалдардан коргоо, террорчулардын мүмкүн болуучу аракеттенүү зоналарындагы өзгөчө маанилүү объекттердин туруктуу иштеши, ошондой эле террорчулук актыларынын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүү максатында ӨКМ тарабынан 2011-жылы төмөнкү пландар террорчулардын аракеттенүү зонасындагы өзгөчө кырдаалдардан калкты коргоо жана террорчулук актыларынын кесепеттерин жоюу боюнча, аскердик коопсуздукту камсыз кылуу боюнча, Кыргыз Республикасынын аскер түзүмдөрү менен өз ара аракеттенүү боюнча, тынчтык убагында ЖК боюнча даярдалган.
10. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча областтын, райондун (шаардын) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ЖКсы боюнча комиссиялар жөнүндө.
Бардык областтарда да ЖК боюнча комиссиялар түзүлгөн жана алардын ишин координациялоо жүзөгө ашырылууда. Инженердик-техникалык, медициналык жана башка атайын иш-чараларды аткаруу, тынчтык жана аскердик убакта жарандык уюмдардын күчтөрү менен каражаттарын даярдоо жана аракеттерин камсыз кылуу үчүн жер-жерлерде ЖК кызматтары түзүлгөн.
11. ЖКны жүргүзүү үчүн күчтөр менен каражаттардын болгондугу, курамы, даярдыгынын абалы жана даяр туруусу, өзгөчө кырдаалдарда калкты аракеттенүүгө окутуп-үйрөтүү жөнүндө.
ЖКнын жетекчилеринин, командачылык-зардалдык курамынын жана адистеринин даярдыгын камсыз кылуу боюнча кыйла иштер жасалган. ЖКнын адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунда 11655 адам окутуп-үйрөтүүдөн өткөн.
ЖКнын күчтөрү менен каражаттарынын өз ара аракеттенүүсү Камбарата 2-ГЭСиндеги ири масштабдуу жардыруунун, 2010-жылдын июнундагы республиканын түштүгүндөгү окуялардын, республиканын түштүгүндөгү жазгы сел агымдары менен суу ташкындарын жана Нарын областындагы калың түшкөн кардын кесепеттерин жоюунун жүрүшүндө, ошондой эле Нарын, Баткен жана Ош областтарындагы жер титирөөлөрдө текшерилген.
Калкты жана өзгөчө балдарды өзгөчө кырдаалдардан коргонуунун усулдары менен ыкмаларына окутуп-үйрөтүү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана адам курмандыктарынын санын азайтуунун негизги түрлөрүнүн бири болуп саналат. 2011-жылы "Жашап-иштөөнүн коопсуздугунун негиздери" сабагы мектеп программасына киргизилип, электрондук окуу китептери иштелип чыккан (бастырып чыгарылуучу китептердин тизмесине киргизилген) жана билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин жана мугалимдердин катышуусу менен көчмө окуулар өткөрүлгөн. Мындай иш республиканын бардык областтарында жүргүзүлгөн.
12. Өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучу жөнүндө же пайда болушу тууралуу калкка кабарлоонун болгондугу жана абалы жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2011-жылдын 6-октябрындагы № 618 токтом менен "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жобо, Кыргыз Республикасынын оперативдик кызматтарынын тизмеси бекитилген. Өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучу жана пайда болушу жөнүндө калкка кабарлоо максатында ӨКМ тарабынан уюк операторлорунун СМС-кабарлоолорунун жардамы менен маалымат берилет. Бирок алардын кызматтарын акысыз негизде пайдалануу мыйзамдар менен регламенттелбеген, ошондуктан ӨКМ өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо калкка кабарлоо үчүн уюк операторлорунун кызматтарын акысыз пайдаланууну караган толуктоолорду "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизүүгө демилге көтөрүү тууралуу сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизген.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, ӨКМ жана областтык мамлекеттик администрациялар өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу планында эң көп коркунуч туудурган региондор, участоктор жана объекттер боюнча кырдаалды жетишсиз билет деп эсептейт. Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана адам курмандыктарынын санын азайтуу боюнча айкын чараларды караган атайын программалар, ошондой эле бул максат үчүн талап кылынган каржылык эсептөөлөр иштелип чыккан эмес.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри А.А.Карашевдин жана Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри К.А.Бороновдун маалыматы эске алынсын.
2. "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын экономикалык жана каржылык абалын эске алуу менен жалпысынан аткарылып жаткандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
бардык бийликтин аткаруу органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын камсыз кылсын;
үйлөрү көчүрүлүүгө жаткан жарандарды узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудалар менен толук көлөмдө камсыз кылуу үчүн, ошондой эле тиешелүү министрликтерде жана ведомстволордо, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коргонуунун материалдык-техникалык, азык-түлүктүк, медициналык жана жеке каражаттарынын белгиленген корлорунун түзүү үчүн республикалык бюджеттен каржы каражаттарын бөлүп берүүнү карасын;
өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо калкка кабарлоо үчүн уюк операторлорунун кызматтарын акысыз пайдалануу бөлүгүндө "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүүгө демилге көтөрсүн;
ЖК, жаратылыштык коркунучтуу процесстер жаатында илимий изилдөөлөрдү иштеп чыгууну жана жүргүзүүнү уюштурсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, адамдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо, өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда зыяндын өлчөмүн төмөндөтүү максатында ЖК жаатында талапкаттарды жана көрсөтмөлөрдү өз убагында берсин, ал эми алар аткарылбаган учурда адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана укук коргоо органдарына киргизсин;
ЖКнын жеке коргонуу каражаттары менен атайын мүлкүнүн абалын текшерсин жана эскирген каражаттарды алмаштыруу жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;
коргоо жана экономикалык мааниси бар мүмкүн болуучу коркунучтуу объекттерге таандык кылынган уюмдардын, ошондой эле аскердик убакта ЖК боюнча топторго таандык кылынган аймактардын тизмегин иштеп чыксын;
коргонуу курулмаларынын жана радиацияга каршы жашырынуу жайларынын, БКЖнын, ошондой эле алардын жашоосун камсыз кылуу тутумунун тиешелүү абалын камсыз кылсын.
5. Областтардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары:
БКЖнын абалын тиешелүү түрдө күтүү боюнча чараларды көрсүн;
коргонуунун материалдык-техникалык, азык-түлүктүк, медициналык жана жеке каражаттарынын зарыл болгон корлорун түзүүгө жетишсин;
ӨКМ менен өз ара аракеттенип, алдын алуу жана жоюу жумуштарын жүргүзүү боюнча ишти күчөтсүн;
көчүрүлүүгө жаткан жарандар үчүн ӨКМнын талапкаттарына ылайык жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө маселелерди чечсин;
тынчтык убагында коргонуунун материалдык-техникалык, азык-түлүктүк, медициналык, жеке жана жамааттык каражаттарынын корлорун түзүүгө жана колдонууга даяр күтүүгө каржылоонун ар жылдык бюджеттик пландаштырылышын камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүгүү боюнча мамлекеттик агенттиги көчүрүлүүгө жаткан жарандарга же турак жайы ремонттолууга жаткан жарандарга узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудаларды өз убагында берүүнү, ошондой эле мурда берилген узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудаларды кайтарып алууну камсыз кылсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Коргоо жана коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Т.Б.Мамытов) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Б.Мамырова
|