Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 20-июну № 534-IV
2008-жылдын 20-июнуна Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2008-жылдын 20-июнуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин долбоору жөнүндө";
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Камсыздандыруу төлөмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн кошулган финансылык санкциялар жана туумдардан камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөчүлөрдү бошотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргаз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыян үчүн жалдоочунун (иш берүүчүнүн) жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Кыргызэнерго" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасына жана "Кыргызэнерго" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасынын үчүнчү этабынын 2 жана 3-пункттарына өзгөртүүлөр киргизүү жана төртүнчү этабын бекитүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 2003-III токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралу;
"Достук" багбанчылык коомдук бирикмесинин участкасына айылдын статусун берүү жана аны Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Пригородный айылдык кеңешине кошуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2008-жылдагы каржылык отчеттуулугунун аудитин жүргүзүү үчүн аудитордук компанияны бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралу;
"Чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан товарларды сатып алууну жана тейлөөлөрдү "110 кВ Айгүлташ-Самат ЖЛ жана подстанция" долбоорунун чегинде салыктарды жана төлөмдөрдү төлөөдөн бошотуу жөнүндө" Кыргаз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Юридикалык жана жеке жактар тарабынан ташылып келинүүчү жана Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү акциздик товарларга 2006-жылга акциз салыгынын базалык ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
Депутаттык этика кодексинин долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Каталиттик Фондунун Грантынын (EFA-FTI Грант № TF 094141) "Билим берүү бардыгы үчүн" программасын тездетип жүзөгө ашыруу демилгелери" долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн иликтөө үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралу;
"Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин аныктоо жөнүндө" токтому менен жактырылган Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмеги тууралу.
Төрага | А.Тагаев
|