КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-апрели № 4002-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө", "Муниципалдык кызмат жөнүндө", "Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө", "Аксакалдар соттору жөнүндө", "Кыргыз Республикасында шаар куруу жана архитектура жөнүндө", "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Мугалимдин статусу жөнүндө", "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө", "Ичүүчү суу жөнүндө", "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 26-декабрындагы № 708 токтому) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө", "Муниципалдык кызмат жөнүндө", "Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө", "Аксакалдар соттору жөнүндө", "Кыргыз Республикасында шаар куруу жана архитектура жөнүндө", "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Мугалимдин статусу жөнүндө", "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө", "Ичүүчү суу жөнүндө", "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Жээнбеков
|