Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-апрели № 4003-V
Бишкек шаарындагы мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү жаатындагы абал жана аны өнүктүрүүнүн келечектери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши "Бишкек шаарындагы мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү жаатындагы абал жана аны өнүктүрүүнүн келечектери жөнүндө" маселени карап чыгып, төмөндөгүлөрдү белгилейт.
МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мектепке чейинки билим берүү системасы тарабынан көрсөтүлүүчү тейлөө кызматтарынын жетимдүүлүгү жана жогорку сапаты мектепке чейинки билим берүү жана мектепке чейинки курактагы балдарды өстүрүп-жетилтүү жагында мамлекеттик саясаттын негизги припциптеринин бири болуп саналат.
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын маалыматтары боюнча Бишкек шаарында 2013-2014-окуу жылынын башталышына карата 68 мектепке чейинки билим берүү уюму, 11 атайын мектепке чейинки билим берүү уюму (5-сөз сүйлөөсү бузулган балдар үчүн, 1 - дүлөй балдар үчүн, 1 - каңырыш уккандар үчүн, 1 - таяныч-кыймылдоо аппараты жабыркагандар үчүн, 1 - көрүүсү бузулгандар үчүн, 1 - кем акыл балдар үчүн, 1 - кургак учукка чалдыккан балдар үчүн) иштейт.
Мектепке чейинки 79 билим берүү уюмдарынын (МББУ, АМББУ) долбоордук кубаттуулугу 12676 орунду түзөт. Чыныгы толтурулуусу - 21950 баланы жана атайын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түнкү топторунда (23 топто) - 151 баланы түзөт.
Мектепке чейинки уюмдардын жаңы имараттарын куруу жана ар кайсы жылдары муниципалдык менчиктен мамлекеттик же жеке менчикке өткөрүлүп берилген мурдагы бала бакчалардын имаратын кайтарып берүү Бишкек шаарындагы ашыкча комплекттештирүү проблемасын чечүүнүн жолу болуп эсептелет.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине тапшырма жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 28-февралындагы № 2830-V токтомун аткаруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 26-июнундагы № 3316-V токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн тикелей багыты боюнча пайдалануу үчүн 1990-2000-жылдарда кайра профилденген мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын кайтарып берүү боюнча чараларды көрүү жөнүндө тапшырмалар берилген.
Бүгүнкү күнгө карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) ченемдик укуктук актыларын аткаруу боюнча өз багытынан тышкары пайдаланылган мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттары боюнча топтолгон маалыматты даярдоо жагынан гана тиешелүү иш аткарылган.
Бирок, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын кайтаруу боюнча иш толук кандуу жүргүзүлбөй, ушуга байланыштуу Жогорку Кеңештин аталган токтому аткарылбай жатат.
Азыркы учурдагы билим берүүдөгү кыйла актуалдуу милдеттердин бири - мектепке чейинки билим берүү менен мектептеги билим берүүнүн ортосундагы жолун жолдоочулук. Балдарды мектепке даярдоо зарыл, азыркы учурга карата шаар жерлеринде мектепке чейинки билим берүүгө тартылган балдардын саны 14% жакын.
Мектепке чейинки билим берүүдө өкүм сүргөн кырдаал мектепте билим берүү сапатына олуттуу таасирин тийгизүүдө. Мектепке чейинки мекемелерге барбаган балдар окутуу процессине да даярдалбай калууда, алар кийин жагында начар академиялык жетишкендигин көрсөтүп, социалдык чөйрөгө көнүктүрүлгөн эмес болуп чыгат.
МЕКТЕПТЕГИ БИЛИМ БЕРҮҮ
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын маалыматтары боюнча Бишкек шаарында 2013-2014-окуу жылынын башталышына карата 94 жалпы билим берүүчү мектеп, 6 мектептен тышкары билим берүү уюмдары, 4 балдар чыгармачылыгынын райондук борбору иштейт.
Бүгүнкү күндө мектептердин долбоорлук кубаттуулугу 73012 окуучулук орунга эсептелген. 2013-2014-окуу жылынын башталышына карата 115005 окуучу комплектелген, мугалимдер 6084 санды түздү. Бүгүнкү күндө мектептерге 120 мугалим жетишпейт, алар - математика, физика, химия, орус тили жана англис тили сабактары боюнча жана башталгыч класстардагы предметтик мугалимдер, ошондой эле, этика, сүрөт, музыка. дене тарбия, эмгек предметтери тиешелүү адистиги жок мугалимдер тарабынан окутулуп жатат.
Азыркы күндө балдарды мектепке даярдоо маселеси чоң проблема бойдон калууда.
2013-жылдын 1-мартынан тартып 10114 бала 240 сааттык мектепке даярдоо боюнча программа менен камтылган. 2013-2014-окуу жылында шаардын мектептери 11657 биринчи класстагы баланы кабыл алган. Ушул мезгилге карата шаар боюнча мектепке даярдоо боюнча программа менен балдардын камтылышы бардыгы болуп балдардын жалпы санынын 87% түзөт, демек 13% ашык балдар мектепке даярдыгы жок келишкен.
Аталган программа өзүнө дене-бой, социалдык, эстетикалык жактан өстүрүп-жетилтүүнү камтыйт. Коюлган максаттарга жетүүнүн негизги каражаты оюн болуп эсептелет. Бирок, балдар менен жеке иштөө, жаза билүүнүн графикалык көндүмдөрүн өөрчүтүүгө, кагаз бетинде ориентир алдырууга, логикалык жактан ойлонтууга окуу материалдары жок. Балдардын жаш курактык өзгөчөлүктөрүн эске алуу аркылуу бара-бара татаалдатып жүрүп отурган агайын тапшырмалары менен дептерлер жана альбомдор иштелип чыккан эмес. Ушуга байланыштуу окуу программаларын, окуу методикалык жана көрсөтмө куралдарды жана аларды жабдуучу материалдарды кайра кароо зарылдыгы жөнүндө сунуш берилген. Айтылган проблемалар боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы, мектептин директорлору жана мугалимдер тарабынан сын-пикирлер айтылган.
Ушул маселе Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин (мындан ары - Билим берүү боюнча комитети) жыйналышында 2013-жылдын 18-июнунда каралган. Комитеттин жыйналышында кыска мөөнөттүү окутуунун (240 саат) программалары балдарды мектепке сапаттуу даярдоо жагынан биринчи класстагылар үчүн бирдей старттык мүмкүнчүлүктөрдү чечип бербей тургандыгы жөнүндө белгиленген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү балдарды мектепке даярдоо чөйрөсүнүн ишин жөнгө салуучу негизги документтерди иштеп чыгууга тийиш болчу.
Ушуну менен бирге Билим берүү боюнча комитетинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине балдарды мектепке даярдоо боюнча программаны ишке ашыруу үчүн тиешелүү окутуу-усулдук комплекстерди иштеп чыгуу жана басмадан чыгаруу тапшырмасы берилген, б.а. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги балдарды мектепке даярдоо боюнча программаны ишке ашыруу боюнча жетиштүү чараларды көрүш керек болчу, мектепке даярдоо боюнча программасын өткөн балдар андан кийин жаны стандарттар (куррикулумдар) боюнча окуш үчүн 1-класстарга киришет. Ушул этапта бул балдар мектепке даярдоо боюнча 240 сааттык программанын өркүндөтүлбөгөндүгүнөн улам чоң кыйынчылыктарга туш болушууда.
Аталган программаны камсыз кылуу үчүн "Билим берүү бардыгы үчүн" (FTI-2) программасын ылдамдатып жүзөгө ашыруу боюнча демилгенин каталитикалык фондунун" Трасттык фонду тарабынан 6 млн. АКШ доллары гранты берилген. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ушул убакытка чейин мектепке даярдоо боюнча 2012-жыл үчүн 240 сааттык программаны жүзөгө ашыруунун натыйжалары боюнча отчет берилген эмес, б.а. аларды окутуунун кийинки баскычына (биринчи класска) өткөрүү үчүн окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерине баа берилген эмес.
Мектептерди куруу жана ремонттоо
Республикадагы ички миграциядан улам жалпы билим берүү уюмдарында, өзгөчө Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө окуучулар 1,5-2 эсеге ашыкча толгон. "Ак-Бата", "Калыс-Ордо", "Бакай-Ата" жаңы конуштарындагы мектептеринде окуучулар 3 сменада окушат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине "Энесай" жаңы конушунун тургундары 2004-жылы курулушу башталган жаны мектептин имаратын бүткөрүп берүүгө жардам берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын маалыматынан көрүнүп тургандай, азыркы учурда "Дордой", "Ала-Тоо", ''Калыс-Ордо" жаңы конуштарына мектептерди куруу, ошондой эле № 23 гимназия-окуу тарбия комплексине кошумча окуу имаратынын курулуштары талап кылынууда.
Мамлекеттик билим берүү стандарттары
Кыргыз Республикасында негизги билим берүүнүн бардык деңгээлдери үчүн мамлекеттик билим берүү стандарттары белгиленет, алар негизги билим берүү программаларынын мазмунунун милдеттүү минимумун аныктайт. Негизги билим берүү программалары үчүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын аткаруу, билим алуунун формасына карабастан, билим берүү уюмдарынын бардык түрлөрү үчүн милдеттүү болуп саналат.
Бишкек шаарынын мектептерине барганда Кыргыз билим берүү академиясы (КББА) тарабынан окуу программалары дайыма эле эки тилде тең эмес чыгарылып жаткандыгы билинди. Мугалимдер корпусунан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана КББАнын дарегине жаңы окуу программаларын, окуу куралдарын, китептерди басып чыгаруу жана алардын мазмуну боюнча, ошондой эле алардын санынын жетишсиздиги, апробациядан өткөрүү; кесипкөй кадрларды даярдап, алар менен билим берүү уюмдарын камсыз кылуу, педагогдордун квалификациясын жогорулатуунун жаңы стандарттары боюнча курстарды өткөрүп туруу жана аларды керектүү китептер менен камсыз кылуу боюнча бир топ сунуштары жана сын-пикирлери бар. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген окуу пландары окуу программаларына дал келбегендигине байланыштуу, алар мугалимдерге кыйынчылыктарды жаратып жатат.
"Статустук" жалпы билим берүүчү уюмдарда Билим берүү министрлиги жана КББА тарабынан окуу программаларынын мазмуну боюнча контроль жүргүзүлбөйт. Ушунун натыйжасында Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Билим берүү башкармалыгынын маалыматы боюнча "статустук" жалпы билим берүүчү уюмдарынын окуу программаларында системалуулук жок.
Орус тилдүү мектептердин бардык окуу программалары, айрыкча "статустуулары" Россия Федерациясынын окуу китептеринин мазмунуна ылайык түзүлгөн.
КББАнын тарабынан "Этика" сабагы боюнча окуу программасы эки тилде жалаң гана 1-4-класстар үчүн иштелип чыккан, ал эми 7-класстар үчүн жалаң кыргыз тилинде чыгарылган. Мугалимдерге орус тилинде окуп жаткан 7-класстар үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан Г.Биткованын (Бишкек шаарынын № 33 мектеп-гимназиясынын мугалими) "Этика" сабагы боюнча эксперименттик программасын өз сабактарында колдонушуна сунуш-көрсөтмө берилген.
Ушуга байланыштуу № 56 жалпы билим берүүчү орто мектептин директору Ч.Эшимбекова жана директордун орун басары Н.Абдраимова тарабынан окуу иши боюнча тиешелүү көзөмөл жүргүзүлгөндүгүнөн улам аталган мектепте мугалим В.В.Юрченко тарабынан орус тилинде окутулуп жаткан 7-класстар үчүн "Этика" сабагы россиялык программа боюнча берилип жүргөн, бул программа Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Билим берүү башкармалыгы бекиткен программага шайкеш келбейт. Аталган сабакты өткөрүүнүн мазмунун текшерген учурда башка темалар менен бирге окуучуларга "Кудай мыйзамынан" үзүндүлөр окулуп жаткандыгы аныкталган.
Белгилүү болгон бул факты Кыргыз Республикасынын Конституциянын нормаларын орой бузгандык болуп эсептелет, анткени анда Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес.
Ушуга байланыштуу Билим берүү министрлиги жана КББА тарабынан мамлекеттик билим берүү стандарттар кандай аткарылып жаткандыгына мониторинг жүргүзүлбөй жаткандыгы жөнүндө жыйынтык чыгарса болот. КББА жалпы билим берүүчү уюмдарына бардык сабактар үчүн окуу программаларын иштеп чыгуу боюнча өзүнүн негизги иш милдеттерин аткарбай келүүдө.
Окуу китептери менен камсыз кылуу
Билим берүүнүн сапатына олуттуу таасир эткен факторлордун бири окуучулардын окуу китептери, мугалимдердин окуу-методикалык куралдар жана билим берүүнүн жүрүшүндө көрсөтмө куралдар, демонстрациялык материалдар менен камсыз кылынышы жөнүндөгү маселе болуп эсептелет.
Билим берүү министрлиги тарабынан берилген расмий маалыматтар боюнча шаарда окуу китептери менен камсыз кылуу 83%, анын ичинде кыргыз тилинде окуткан мектептерде 98% жана орус тилинде окуткан мектептерде 68% түзөт.
Бирок Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бул сандар ашыра берилген деп эсептейт, анткени айрым сабактар (маселен география, биология ж.б.) совет мезгилиндеги китептер менен окутулат.
2009-жылдын декабрында Билим берүү министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим берүү жагындагы Алкактык Улуттук стандарты (куррикулум) бекитилген. Ал бекитилгенден кийин Билим берүү министрлиги тарабынан окуу китептерин жазууга конкурс жарыяланган.
2011-2012-окуу жылынан тартып республиканын жалпы билим берүүчү уюмдарына 1-класстар үчүн жаңы билим берүү стандарты (куррикулум) киргизиле баштаган, ал эми Билим берүү министрлиги 2011-жылдын июнунда 1-класс үчүн 9 аталыштагы окуу методикалык комплексти басып чыгарууга уруксат берген.
Биринчи класс үчүн окуу-методикалык комплекстер Азия Өнүктүрүү Банкынын (АӨБ) финансылык колдоосу менен даярдалган. АӨБдүн долбоорунун тапшырмасына окуу куралдарын иштеп чыгуу жана нускалоо боюнча компанияларды тандап алууга конкурс өткөрүү, аларды басып чыгарууга, бекитүүгө жана нускалоого, ошондой эле жеткирүүгө контролдук кылуу кирген.
Биринчи класс үчүн окуу окуу-методикалык комплекстери басылып чыгып, ушул боюнча 2011-2012 окуу жылы 1-класстын окуучулары окушкан, ал эми Билим берүү министрлиги тарабынан чыгарылган китептер боюнча апробация өткөндүгү жөнүндө маалымат берилген эмес. Ушундан улам мындай суроо келип чыгат: бүгүнкү күнгө карата 1-класстардын окуу-методикалык комплекстери апробациядан өткөнбү?
2-класстын окуу китептерин түзүүгө Дүйнөлүк банк тарабынан жарыяланган конкурска "Азур" деген бир гана басма катышкан. ал тендерден утуп чыккан. Ошондой эле "Азур" басмасы 2-4-класстардын окуу китептеринин кол жазмасын даярдашы керек эле, бирок бул иш алар тарабынан аткарылган эмес. "Азур" басмасынын директору Ольга Прядко-Каныбекова келишимди аткарбастан Кыргызстандан чыгып кеткен, ушунун кесепетинен окуу-методикалык комплекстер өз мөөнөтүндө басылып чыкпай калган.
Билим берүү министрлиги жаңы стандартка (куррикулумга) ылайык даярдалган 2-класстар үчүн окуу-методикалык комплекстер ("Сүрөт тартуу", "Музыка") 2012-жылдын ноябрынан тартып басыла баштагандыгын кабарлайт. 2013-жылдын сентябрында 90000 нуска менен "Русский язык жана чтение" сабагы боюнча 2-класс үчүн окуу-методикалык комплекстери басып чыгарылган. "Кыргыз тили", "Русский язык", "Адабият", "Адеп" сабактары боюнча 461600 нуска менен окуу-методикалык комплекстери басып чыгарылбай калган. Ушундан улам 2012-2013-окуу жылында 2012-жылы жаңы билим берүү стандарты (куррикулум) боюнча биринчи классты бүтүргөн 2-класстардын окуучулары кайсы программа боюнча окушкан түшүнүксүз.
Азыркы күндө 3-4 класстар үчүн жаңы билим берүү стандарты (куррикулум) боюнча китептер басылып чыга элек. Ушунун кесепетинен 1-класста жаңы билим берүү стандарттары (куррикулум) боюнча окушкан окуучулар 2-4 класстарда эски программа менен окууга аргасыз болушкан.
2013-2014-окуу жылына Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан куррикулум боюнча кыргыз тилинде - 2122 окуу китептеринин. орус тилинде - 723 окуу китептеринин жетишпегендиги жөнүндө маалымат берилген.
Орус тилинде окуткан мектептерде айрыкча "статустук" деп аталган 5-11-класстарында Кыргыз Республиканын мамлекеттик компопенти жок, алар толугу менен Россиянын окуу китептери боюнча окуп жатышат.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын бюджеттик каражаттарды жана атайын каражаттарды пайдалануунун аудитинин натыйжалары жөнүндө отчетунан мындай жыйынтык чыгарса болот: 1-класстар үчүн 56351,8 миң сом суммасындагы "Билим берүүнүн экинчи долбоорунун" финансылык каражаттары сарамжалсыз жана натыйжасыз пайдаланылган.
Аудиттин жүрүшүндө Билим берүү министрлигинде басылып чыккан китептерди региондор боюнча бөлүштүрүүнүн так системасы жок экендиги аныкталган, тираждары региондорго баш аламан, фонддордо окуу китептеринин бар-жогу, кайсы окуу китептерине муктаждык экендигине эске алынбай бөлүштүрүлөт. Ушунун кесепетинен бир катар региондордогу мектеп фонддору айрым предметтер боюнча ысырапкорчулукка тушугуп отурат, ошол эле учурда башка региондордун мектептеринде бул окуу китептери жетишпей жатат. Ушундан улам колдо бар фонддор кайтарымсыз пайдаланылууда, а окуу процессине зарыл адабият менен камсыз кылынган эмес. Окуу адабиятын тираждоого заказдарды кабыл алуунун так, ойлонулган тутуму жок. Нускалар көбүнчө окуучулардын реалдуу контингенти эсепке алынбастан түзүлөт, бул да мамлекет тарабынан окуу китептерин нускалоого бөлүнгөн чектелүү финансылык каражаттардын. ошондой эле долбоорлордун каражаттарынын натыйжасыз пайдаланылышына алып келет.
Жалпы республикалык тестирлөө
Жалпы республикалык тестирлөөнү жүргүзүүнү уюштуруу боюнча 2013-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын маалыматынан мындай жыйынтык чыгарса болот: жалпы республикалык тест жүргүзүүгө (ЖРТга) Бишкек шаарынын 4532 бүтүрүүчүсү катышкан. ЖРТнын жыйынтыктары боюнча республика боюнча 48 - алтын сертификаттын ичинен 34түн (71%) төмөндөгүлөрдүн бүтүрүүчүлөрү алган: № 61 АФМЛМдин - 17 алтын сертификатын, № 26 ОТКнын - 5, № 70 ГМК, № 29 ГМ, № 24 МГ 3төн, № 12 ОТКнын - 2, № 6 АОТКнын - 1 алышкан. Бүтүрүүчүлөрдүн тесттик баллдарынын орточо көрсөткүчү 124,3 баллды түзөт. Кыргыз тилинде окуткан мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүкү - 140 балл. Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кирүү учурунда гранттык орундарга босого баллы 110ду түзгөн.
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын маалыматына ылайык гранттык орундарга Бишкек шаарынын бүтүрүүчүлөрүнүн 877 кабыл алынган, б.а. тесттик баллдарынын орточо мааниси 168,6 балл болгон жалпы республикалык тест жүргүзүүгө катышкан окуучулардын жалпы санынын 19% түзгөн. 2675 бүтүрүүчү контракттык окутууга кирген, алардын орточо тесттик баллдардын мааниси - 110 балл. 222 бүтүрүүчү колледждерде жана кесиптик лицейлерде окуусун улантышкан, калгандары эмгекке орношкон же республиканын чегинен тышкары жактарга кетишкен, Россиянын жогорку окуу жайларына 2 бүтүрүүчү кирген.
Жогорку Кеңештин 2013-жылдын 27-мартында № 2913-V токтомунда жалпы республикалык тест жүргүзүүнү уюштуруу жана өткөрүү жана ал боюнча жогорку окуу жайларга конкурстук кабыл алуу боюнча Билим берүү министрлигинин жетишсиз иш жүргүзгөндүгү көрсөтүлгөн. Бирок ушул күнгө чейин токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан толук аткарылган эмес.
Мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү уюмдарда балдардын тамак-ашын уюштуруу
Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жана адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, ошондой эле өсүп-жетилишинде дене-бой жактан кем-карчы бар балдарды тарбиялаган адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамак-аш ченеми бекитилген.
Шаардын мектептеринде бүгүнкү күнгө карата 1-4-класстардын окуучулары жана социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдөн чыккан 5-7-класстардын окуучулары үчүн күнүнө 14 сом суммасына (1 окуучуга) ысык тамак уюштурулган. Билим берүү министрлигинин маалыматынан мындай жыйынтык чыгарса болот: тамак-аш азыктарына баалардын өсүп кеткендигине байланыштуу бөлүнгөн 14 сом суммасы окуучулар үчүн тамак-аштын калориялуулугун жана витаминдештирилишин жакшыртуу үчүн жетишсиз.
Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык тамак-аш департаменти жалпы билим берүүчү уюмдары үчүн тамак-аш уюштуруу үчүн бригаданы тандап алуу боюнча тендер өткөрүшкөн жана жумасына эки жолу анын жүзөгө ашырып турушат. Жалпы билим берүүчү уюмдарда тамак-ашты уюштуруу Бишкек шаардык кеңешинин комиссиясы тарабынан каралган, анда окуучулардын тамак-ашын уюштуруудагы жетишпегендиктер көрсөтүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы ошондой эле бул жагдайды белгилейт: шаардын мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарында толук кандуу, балансташкан жана калориялуу тамак-ашы курч маселе боюнча калып жатат, ошон үчүн белгиленген нормативдик тамак-аш азыктарына баалардын кымбаттаганын эсепке алуу менен кайра кароону сунуштайт.
Жалпы билим берүүчү уюмдардагы тарбия иши
Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарында тарбия иши жагынан Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын маалыматтары боюнча өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда жашы жете электердин арасында укук бузуулардын саны төмөндөгөндүгү белгиленет. Жалпы билим берүүчү уюмдардын окуучуларынын арасында негизги укук бузуулар катары, маселен, окуучулардын мушташып кеткен, суицид учурлары, өлтүрүп кеткен фактылар жана балдар арасында рэкетчилик кылган учурлары байкалат.
Буга төмөндөгүлөр мисал боло алат: № 58 мектепте (директору А.С.Кыдырмышева) бир бала суицидге учураган, ошондой эле № 56 мектепте (директору Ч.Эшимбекова) балдар арасында мушташ чыгып кетип, натыйжада бир бала катуу сабоого учураган.
Азыркы учурда 92 жалпы билим берүү уюмдарында профилактика кабинеттери иштейт. Ар бир мектепте "Ишеним почтасы" жолго коюлган, жашы жете электердин иштери боюнча инспекциянын жана мектептин эсепке алуусунда турган балдардын мониторинги жүргүзүлөт.
Жашы жете электердин иштери боюнча инспекцияда 2013-2014-окуу жылынын сентябрь айына карата абал боюнча Бишкек шаарынын райондук жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясында 112 окуучу, ал эми мектеп ичиндеги эсепте (МИЭ) 824 окуучу турат.
Бул райондук администрациялардын балдардын иштери боюнча комиссиялары жалпы билим берүү уюмдар менен бирдикте ишти жетишсиз жүргүзүп жаткандыгын жана билим берүүнүн райондук борборлорунун директорлору жана мектептердин директорлору укук бузуулардын алдын алуу маселелерге тийиштүү деңгээлде көңүл бурбай жаткандыгын айгинелеп турат.
2013-жылдын октябрында Билим берүү комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына "Вопросы молодежи Кыргызстана" брошюрасын жайылтуу маселеси каралган, анын мазмуну жаш муундардын адеп-ахлактуулугун бузат. Бул брошюралар "Репродуктивдүү саламатчылык боюнча альянс" коомдук бирикмеси тарабынан даярдалган. Бул брошюралар врачтын консультацияларынын учурунда Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда тажрыйбалык долбоор алкагында жайгашкан Жаштарга Достук мамиледеги Клиникаларда пайдалануу үчүн чыгарылгандыгына карабастан, булар жалпы билим берүүчү уюмдардын окуучулардын арасында жайылтылып баштаган.
Билим берүү комитетинин чечимин аткаруунун алкагында Билим берүү министрлиги тарабынан ушул брошюранын бар-жогун аныктоо үчүн республикалык бардык мектептери текшерилип, Бишкек шаарынын үч мектебинде тартип бузуунун үч фактысы белгилүү болгон.
Ушуга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан өзүнүн милдеттерин талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн № 70 мектеп-гимназиянын директору Ч.Жунушевага, № 75 мектеп-лицейдин директору Л.Красношековага, № 19 орто мектептин директорунун орун басары А.Тимофеевге, № 70 мектеп-гимназиянын директорунун орун басары О.Ануфриевага ушул брошюраны жайылтууга көмөктөшкөндүгү үчүн сөгүш жарыяланган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 82-беренесине ылайык ээлеген кызмат ордунан № 19 орто мектептин директору Г.Цурикова бошотулган.
Акчалай жыйымдар
Билим берүү министрлигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын мыйзамсыз акчалай жана башка жыйымдарды жыйноого жалпы билим берүүчү уюмдарда тыюу салуу жөнүндө буйругуна карабастан 1-класска кабыл алуу учурунда кирүүгө мүчөлүк акыларын алуу улантылып жатат, бул айрыкча "статустук" мектептерге (маселен: № 67, 13, 6, 61, 9, 70, 26 ж.б.) тиешелүү. Бул мектепке чейинки курактагы балдардан мыйзамсыз түрдө тест алуу менен коштолот.
Жогорку Кеңешке ата-энелер жамаатынан Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү уюмдарында мыйзамсыз акча жыйноолор боюнча даттануулар жана арыздар арбын түшүүдө.
Маселен, Ленин районундагы № 9 окуу-тарбия комплексинин (директору В.Лисниченко) окуучусунун энеси Д.Сүйүмбаеванын кайрылуусунда анын баласынан ушул окуу-тарбия комплексинде окугандыгы үчүн акы төлөп талап кылынгандыгы, андай болбосо баласы окуу-комплексинен чыгарылат деп коркуткандыгы кабарланат.
№ 13 мектеп-лицей комплексинин математика мугалими И.Хашковскаянын кайрылуусунан мындай жыйынтык чыгарууга болот: аталган мектепте ата-энелердин акчалай салымдарын жыйноого жана чыгымдоого байланыштуу жакшы эмес жагдай түзүлгөн. "Ой-Булак" региондук коомдук фондунун жетекчиси Д.Турдиевага ишеним болбогондуктан, бул фондго альтернатива катары ушул мектепте "Ата-энелер демилгеси" коомдук бирикмеси түзүлгөн.
Азыркы учурда "Ата-энелер демилгеси" коомдук бирикмесинин ишин колдоого алган мугалимдер мектептин администрациясы тарабынан өгөйлөнө баштады, аларга каршы мектеп жетекчилиги (директордун орун басарлары Н.А.Милаева жана Т.А.Фурсова) тарабынан ар кандай чагымчыл иш-аракеттер көрүлүп жатат, бул билим берүүнүн сапатына терс таасир көрсөтүүдө, ушундан улам бир топ ата-энелер ушул мектептен балдарын алып кетүүгө аргасыз болуп жатышат. Жогорку Кеңештен жана Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынан өкүлдөр барган учурда бул факт тастыкталган.
Жогорку Кеңеш мектептердеги камкорчулар кеңештери тууралуу "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-1, 44-2, 44-3-беренелеринин жоболорун аткаруу акчалай жыйымдарды жыйноо проблемасын чечүүнүн жолдорунун бири болуп саналарын белгилейт, ал өз кезегинде бюджеттен тышкаркы каражаттардын чыгымдалышына көзөмөл жүргүзүүнү ишке ашырмак.
Көптөгөн жалпы билим берүүчү уюмдардын коомдук бирикмелери акчалай каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө ата-энелердин алдында отчет беришпейт, натыйжада акчалай каражаттардын максатсыз пайдаланылгандыгы жөнүндө маселе келип чыгат. Билим берүү министрлиги тарабынан камкорчулук кеңеши жөнүндө жобо ушул убакка чейин мыйзамга ылайык бекитилген эмес.
Нормативдик (жан башына) каржылоо принциби
Билим берүү министрлигинин маалыматынан Бишкек шаарында нормативдик (жан башына) каржылоо принциби 2013-жылдан баштап киргизилген. Негизги максаты жашаган жерине карабастан бир окуучуга нормативдик каржылоо болуп саналат.
2013-2014 окуу жылы аяктан бара жатса да бир окуучуга нормативдик каржылоонун эсеп-кысабы али иштелип чыккан эмес. Жыйынтыгында Бишкек шаарындагы жалпы билим берүүчү уюмдар каржылоонун нормативдик принцибине өткөн эмес.
Конституциялык укуктардын бузулушу
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекет балдарды жалпы орто билим берүү процессине тартуу боюнча жаш курагына, жынысына, этностук жапа диний таандуулугуна, окуудагы жетишкендиктерине, социалдык-экономикалык статусуна карабастан социалдык жактан коргоо саясатын жүргүзөт.
Билим берүү боюнча комитетинин адресине № 70 мектеп-гимназиянын окуган баланын энеси Э.Ронниден анын уулу Б.Роннинин конституциялык укуктары бузулгандыгына байланыштуу арыз келип түшкөн. Окуучу гимназиялык профилдеги бир класстан анын ата-энесине кабардар кылбастан туруп башкасына которуп жиберилген. Ушул окуу жылында аны 10-класска көчүрүү маселеси келип чыккан. Мектеп-гимназиянын директору Ч.М.Жунушева окуучулардын ата-энелери менен ишти өз деңгээлинде жүргүзбөйт, асыресе, көп мезгилден бери окуучунун энеси менен мектеп директорунун ортосунда чыр-чатак чечилбей келе жатат.
№ 1 мектеп-интернаттын (директору Н.Байматов) окуучусунун энеси (камкорчу-чоң энеси) А.Зайнилова ата-энесинен жетим калган анын небереси Азаматты окуу үчүн төлөбөгөндүгүнө байланыштуу интернаттан чыгарып жиберилгендигине байланыштуу арыз менен кайрылган. Ушунун кесепетинен Азамат мектеп-интернатка үч айдан ашуун убакыт барбай калган, бул баланын конституциялык укуктарын бузгандык болуп эсептелет. Бирок териштирүү учурунда А.Зайнилова ар ай сайын класс жетекчисине "ата-эне салымы" деген нерсени төлөп турганы, аны болсо класс жетекчи мыйзамсыз пайдаланганы белгилүү болгон.
Бул маселе Билим берүү боюнча комитет кийлигишкенден кийин гана чечилген, окуучу сабагына 2013-жылдын 1-декабрынан тартып бара баштаган.
2013-жылдын 3-майында "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статустары жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы юридикалык күчүнө киргенине байланыштуу жалпы билим берүүчү уюмдардын (№ 69, 9, 17) көптөгөн жетекчилери өздөрүнүн жетекчилик ишин депутаттык ыйгарым укуктар менен бирге аткарууну улантып жатышат, муну менен "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренеси бузулууда, анткени жергиликтүү кеңештин депутаты мамлекеттик кызматты же башка муниципалдык кызматты ээлөөсү мүмкүн эмес.
Ушуга байланыштуу Бишкек шаардык кеңеши ушул маселени чечүүгө тийиш.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын мэриясынын. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Бишкек шаарындагы мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү жаатындагы абал жана аны өнүктүрүүнүн келечектери жөнүндө иши жетишсиз деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
Бишкек шаарындагы мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү жаатындагы кырдаалды жакшыртуу максатында:
- мамлекеттик бюджетти түзүүдө "Дордой", "Ала-Тоо", "Калыс-Ордо", "Бакай-Ата" турак жай массивдериндеги орто мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, № 23 гимназиянын окуу-тарбия комплексинин окуу корпусуна уланып жаткан жаңы имараттарын "капиталдык салымдар" беренеси боюнча объекттерди куруунун титулдук тизмесине киргизүү менен акчалай каражаттарды карасын;
- "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү (жалпы билим берүү уюмдарынын статустарына тиешелүү) киргизсин;
- камкорчулук кеңештеринин ишине тиешелүү "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын беренелерин аткарууну күчөтсүн;
- жалпы билим берүүчү уюмдарда камкорчулук кеңештери жөнүндө жобону бекитүү боюнча чараларды кабыл алсын;
- жалпы билим берүүчү уюмдун директорлорунун иштөө мөөнөтүн жана курактык мөөнөтүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасынын Кыргыз билим берүү академиясынын ишин реформалоону жүргүзсүн;
- окуучулардын, мугалимдердин жана ата-энелеринин конституциялык укуктарын камсыз кылуу боюнча ишти күчөтсүн;
- жалпы билим берүүчү уюмдарда мыйзамсыз акчалай жыйымдарды топтоого тыюу салуу маселесин чечсин;
- жалпы билим берүүчү уюмдардагы коомдук бирикмелердин укуктук иштерин камсыз кылуу боюнча чараларды кабыл алсын;
- жалпы билим берүүчү уюмдардын акы төлөө жана акысыз билим берүү кызмат көрсөтүүсүнүн так тизмесин аныктасын;
- Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү уюмдарын пилоттук катары беренесиз каржылоого которуу боюнча маселесин карасын;
- билим берүүчү уюмдарына бир жолку керектөө төлөмдөрүн киргизүү маселесин карасын;
- мектепке чейинки билим берүү уюмдарында мамлекеттик тилди окутуу боюнча мугалимдеринин эмгек аксын жогорулатууну карасын;
- азык-түлүккө баалардын жогорулагандыгын эске алуу менен мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүүчү уюмдарына тамак-аштын белгиленген нормативдерин кайра карасын;
- "статустук" жалпы билим берүүчү уюмдарда кыргыз тилинде окуткан класстар ачылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн окуу китептерин жана окуу адабиятын иштеп чыгууну, экспертиза жасоону, басып чыгарууну, кайра бастырууну, пайдалануу мөөнөттөрүн жөнгө салуучу жаңы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана мониторинг жүргүзсүн;
- мектепке даярдоо боюнча зарыл окуу китептери жана окуу-методикалык куралдар менен камсыз кылуу маселесин карасын;
- педагогдор үчүн квалификациясын жогорулатуу боюнча курстарды уюштурууну жакшыртуу маселесин карасын;
- жогорку окуу жайларында жана жалпы орто билим берүүчү уюмдарында мамлекеттик тилди окутуу саатып көбөйтүүнү карасын;
- мектепке чейинки билим берүүчү уюмдары үчүн мамлекеттик тилди окутуу үчүн адистерди даярдоо боюнча жогорку окуу жайларынын базасында атайын факультет ачууну карасын;
- жалпы билим берүүчү уюмдарда маданий-тарбиялык ишти күчөтүү боюнча чараларды кабыл алсын;
- жалпы билим берүүчү уюмдарынын мугалимдеринин илимий-методикалык инновациялык иштеп чыгууларын басып чыгаруу маселесин карасын;
- мектептерде биология, экология сабактарына практикалык иштерди киргизүү боюнча чараларды кабыл алсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду:
- 2013-жылдын 28-февралындагы № 2830-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине тапшырма жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 26-июнундагы № 3316-V токтомунун аткарылышы боюнча чараларды кабыл алсын.
5. Бишкек шаарынын мэриясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- ар жыл сайын жергиликтүү бюджетти түзүү учурунда төмөндөгүлөргө финансылык каражаттарды карасын:
билим берүү уюмдарын капиталдык ремонттоо жана спорт аянтчасы менен куруу үчүн;
Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын, айрыкча кыргыз тилинде окутуучу уюмдарынын китепкана фонддорун толуктоо үчүн;
- "статустук" жалпы билим берүү уюмдарда кыргыз тилинде окуткан класстарды ачсын;
- мектепке чейинки билим берүү уюмдарында кыргыз тилиндеги топторду көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карасын;
- "Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасында тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 1-июлундагы № 155 Жарлыгына ылайык мектеп директорлорунун мамлекеттик тилди билүүсүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн, анткени орус тилдүү мектептерде кыргыз тилинде окуткан класстар бар;
- Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында камкордук кеңешин түзүү жана анын ишин жүргүзүү боюнча түшүндүрүү ишин күчөтсүн;
- камкорчулук кеңешти түзүүгө жапа анын ишине тиешелүү "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын беренелерин аткарбаган мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жоопкерчилиги жөнүндө маселени карасын;
- "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын баланын билим алуу. предмет боюнча мамлекеттик билим берүү стандартына алардын укугун жана кызыкчылыгын камсыз кылуу бөлүгүн бузгандыгы; окуучулар арасында маданий-тарбия иштерин жетишсиз жүргүзгөндүгү; педагогикалык этиканын нормаларын сактабагандыгы жана акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууга бөгөт болбогондугу үчүн мамлекеттик жалпы билим берүүчү уюмдардын жетекчилеринин жана орун басарларынын жоопкерчиликтери жөнүндө маселени карасын;
- № 13 мектеп-лицей-комплексинде жагымдуу жумушчу жагдайды түзүү маселени чечсин;
- Бишкек шаардык кеңеши менен бирдикте мектептердин директорлорунун кызмат орундарын бир учурда депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруу менен айкалыштыруу маселесин чечсин;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги менен биргеликте жалпы билим берүүчү уюмдардагы 10-11-класстарынын окуучулары үчүн багыттык окутууну өнүктүрүү маселесин карасын;
- Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Билим берүү башкармалыгы Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгы (Жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясы), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жалпы билим берүү уюмдардагы психологдор менен бирдикте Бишкек шаарынын жашы жете электердин арасында сергек жашоо ыңгайына көндүрүү, мектеп рекетин жоюу жана укук бузуу фактыларынын алдын алуу боюнча ишти активдештирсин;
- жалпы билим берүүчү уюмдардын окуучуларын сапаттуу тамак-аш менен камсыз кылуу боюнча маселени карасын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.
7. Көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берилсин.
|
|
Төрага | А. Жээнбеков
|
|
|