Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 44-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2013-жылдын 6-ноябры № 3559-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 1498-V токтому менен бекитилген парламенттер аралык комиссиялардын кыргыз тарабы, чет өлкөлүк Парламенттер менен кызматташтык боюнча достук депутаттык топтору менен парламенттер аралык жана эл аралык уюмдардагы туруктуу депутаттык делегациялар жөнүндө Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 175-V токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан Мамытов Талант Турдумаматович чыгарылсын;
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кадырбекова Майрамкан Мамытовна киргизилсин.
2. "Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 170-V токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан Жапаров Садыр Нургожоевич чыгарылсын;
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Осмоналиев Каныбек киргизилсин жана социалдык-экономикалык жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссияга делегатталсын;
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович киргизилсин жана коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча туруктуу комиссияга делегатталсын.
3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 176-V токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамынан Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич чыгарылсын.
4. "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекетгердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 169-V токтомуна төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Коркмазов Хаджимурат Зулкарнаевич киргизилсин жана контролдоо-бюджеттик комиссиясына делегатталсын;
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Осмоналиев Каныбек киргизилсин жана илим жана билим берүү боюнча туруктуу комиссияга делегатталсын;
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Баатырбеков Алмазбек Баатырбеков чыгарылсын.
5. "Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 174-V токтомуна төмөндөгүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бекбоев Замир Исакович киргизилсин;
Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Осмоналиев Каныбек чыгарылсын.
Төрага |
| А. Жээнбеков |