Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 14-ноябры № 755-IV
2008-жылдын 14-ноябрына Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2008-жылдын 14-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:
"2009-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана областтары боюнча иммиграциялык квотаны бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын музейлери жана музей фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө", "Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2007-жылдын 6-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган кол салуу же кол салуу актысын жасоо коркунучу пайда болгон учурларда Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөргө аскердик-техникалык жардам көрсөтүүнүн механизми жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Бишкек шаарында 2008-жылдын 12-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Тараз-Талас-Суусамыр автожолун реабилитациялоо (II фаза) долбоорун каржылоого катышуу жөнүндө Насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Машиналар менен жабдууларды коопсуз пайдалануу жана керектен чыгаруу жөнүндө" Жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Москва шаарында 2008-жылдын 13-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик арналыштагы продукция өндүрүүгө катышуучу ишканалардын жана уюмдардын адистешүүсүн сактап калуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 70 жылдыгын майрамдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.
Төрага | А.Тагаев
|