Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-декабры № 4620-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилдендирилген адамдын жана жарандын укуктарын ишке ашырууга бейөкмөт уюмдардын жандуу катышуусу менен мамлекеттик бийликтин бардык органдарынын биргелешкен күч аракетин багыттоо аркылуу Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын коргоону чьндоого Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандардын, балдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, эмгек мигранттарынын, укук коргоо органдары тарабынан кыйноолорго жана башка ырайымсыз мамиле жасоолордун түрлөрүнө туш болгон адамдардын, ошондой эле эркиндигинен ажыратылган жерлерде камакка алынган адамдардын, чогулуштарды жана митингдерди эркин өткөрүүгө жарандардын укуктарын коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрагасы Н.В. Никитенконун адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун көйгөйлөрү жөнүндө маалыматын, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри A.M. Маматалиевдин, Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчы) Б.А. Аманбаевдин, кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директору Б.Т. Рысбековдун Кыргыз Республикасында адам укуктары боюнча кырдаал жөнүндө баяндамаларын угуп, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Акыркы жылдары улгайган жарандардын укуктарын сактоо боюнча маселелер актуалдуу боло баштады. Алар көпчүлүк учурда коомдоэң төмөнкү деңгээлде көрсөтүлүшү, ошондой эле пенсиялык камсыздоонун төмөнкү деңгээли байкалууда. Жыйынтыгында, жогоруда белгиленгендер улгайган курактагы адамдардын жашоо деңгээлин начарлатып, өмүрүнүн узактыгынын төмөндөшүне алып келүүдө.
Мындан тышкары, жарандардын бул категориясына карата, айрыкча үй-бүлө шартында дискриминациялоонун жана күч колдонуунун деңгээли өсүү менен улуу муундун өкүлдөрүнө карата салтка айланган социалдык-маданий мамиле жасоо ченемдеринин баркы кетүүдө.
Баланын укуктары жаатындагы кырдаалдын жалпы керүнүшү мурдагыдай эле канааттандыраарлык эмес бойдон калууда.
Балдардын укуктарын коргоонун колдонуудагы системасындагы иштердин натыйжасынын көрсөткүчтөрүнө багытталган маалыматтарды жыйноо кейгөйү бүгүнкү күнгө чейин чечиле элек. Балдарды эмгекке тартууда, этап айтканда балдардын эмгеги үчүн акы теленбөгөн жана алардын ден соолугуна зыян келтирген, айрыкча атайын жана жабык балдар мекемелеринде укуктардын олуттуу бузулушу белгиленүүдө.
Кыргызстанда балдардын укуктарын коргоо боюнча өз алдынча ыйгарым укуктуу орган дагы эле жок. Ошондон улам жыл сайын 500дөн ашуун адам социалдык коргоонун балдар мекемелерин бүтүрүп чыгарышат жана алардын ар бири сөзсүз түрдө билим алууга, социалдык турак жай менен камсыз болууга жана катталууга мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугу сыяктуу көйгөйлөрге туш болууда.
Иштеген балдарга, татаал турмуштук кырдаалда жашаган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарга карата билим алуу мүмкүнчүлүктөрү дагы эле чечилбеген кейгөйлөрден болуп жатат.
Мектепке чейинки уюмдардын балдар менен толукталбагандыгы, мыйзамсыз менчиктештирилген бала-бакчалардын кайтарылып алынбагандыгы, мектепке чейинки жана мектептик билим берүүнүн ортосундагы жолун жолдоочулук (мектепке чейинки мекемелерде окуган же окубаган балдардын ортосунда билим берүү процессине даярдоо децгээлинин критерийлери боюнча), жалпы билим берүүчү уюмдарда мыйзамсыз акча жыйноолор сыяктуу маселелер ачык бойдон турат.
Балдарды күч колдонуудан жана ырайымсыз мамиле жасоодон коргоо көйгөйлөрү мурдагыдай эле чечилген жок. Балдарга карата күч колдонууфактыларын табуунун механизмдери өте начар, ал эми куч колдонуу эң татаал формаларда болгон учурларда гана чаралар көрүлүп калат. Куч колдонуу фактылары боюнча балдардын өздөрүнүн даттанууларын берүү жол-жоболору иштелип чыгылган эмес, бул автоматтуу түрдө балдардын укуктарынын бузулушунун өсүшүнө алып келүүдө.
Үй-бүлөдөгү күч колдонуу жаатындагы кырдаал езгөчө көңүл бурууга муктаж.
Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө, БУУнун адам укуктары боюнча кенешинин катышуучусу жана адам укуктары боюнча эл аралык келишимдерге катышкан мамлекет катары, 1997-жылы аялдарга карата дискриминациялоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө Конвенцияга (АДЖК) жана 2002-жылы Факультативдик протоколго кошулгандыгынан улам адамдын укуктарын, аялдардын укуктарын ишке ашыруу боюнча бир катар милдеттенмелерге ээ. Берилген мезгилдүү баяндамалардын, ошондой эле атайын баяндамачынын материалдарынын негизинде АДЖК Кыргызстанга карата өзүнүн тынчсыздангандыгын билдирген жана тиешелүү сунуштарды берген. Сунуштар үй-бүлөдөгү күч колдонууларды түп-тамырынан бери жоюуга карата чараларды колдонуу маселелерине тиешелүү. Кыргыз Республикасында аялдарга карата күч колдонуу масштабдуу мүнөзгө ээ боло баштады жана коп аял алуу, эртелеп никеге туруу, мажбурлап үйлөнүү, диний салттар боюнча никелешүү сыяктуу көрүнүштөр тамыр жаюуда.
Мамлекет тарабынан аялдарга карата күч колдонуу учурларын болтурбоого багытталган мыйзамдардын аткарылышын үзгүлтүксүз контролдоо жүзөгө ашырылбайт, үй-бүлөдөгү күч колдонуу учурларын жетиштүү эсепке алуу жана талдоо жүргүзүлбейт, үй-бүлөдөгү күч колдонууларды болтурбоо жана жабыр тарткандарга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча чыгарылган чечимдердин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу жаатында ведомстволордун жана түзүмдөрдүн ортосунда өз ара аракеттенүүлөр жокко эсе. Мындан тышкары, укуктар жөнүндө, үй-бүлөдөгү күч колдонуунун көйгөйлөрү тууралуу калктын маалымдуулугунун деңгээлинин төмөндүгү белгиленген. Аялдарды сатуу, үй-бүлөлүк күч колдонуу, сексуалдык күч колдонуу жана асылуу сыяктуу күч колдонуунун ар кандай формалары көп учурда жазасыз калууда.
Үй-бүлөдөгү күч колдонуунун курмандыктары мурдагыдай эле укук коргоо органдарында жана соттордо укуктук колдоо жана коргоо боюнча кейгөйлөрдү баштан кечирүүдө.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын абалы жетиштүү түрдө жөнгө салынууда, бирок ченемдердин көпчүлүгү декларативдүү гана мүнөздө. Маселен, ДМЧА үчүн жумуш орундарына квота берүү жөнүндө ченемдер сакталбайт-азыркы мезгилге бир дагы уюм ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ишке орноштуруу үчүн жумушчу орундардын зарыл болгон 5% бөлбөйт. ДМЧА реабилитациялоо тутуму жок. Ал эми мыйзамдарда ДМЧА үчүн жекече реабилитациялык программа иштелип чыгууга тийиш экендиги каралса да алардын бири үчүн да андай программа иштелип чыккан эмес.
Инфратүзүмгө жетүү үчүн элементардык шарттар жок. Жогорку Кеңеш тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын муктаждыктарына карата инфратүзүмдөрдү ыңгайлаштыруу багытында бир нече токтомдордун (2011-жылдын 28-декабрындагы № 1456-V "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктерү чектелген адамдар жөнүндө мыйзамдардын ченемдеринин аткарылышы тууралуу", 2013-жылдын 4-декабрындагы № 3644-V "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын жана эркиндигин сактоо боюнча парламенттик контроль жүргүзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменге) тапшырма жөнүндө") кабыл алынгандыгына карабастан жооптуу уюмдар жана адамдар тарабынан алардын бири да аткарылган эмес.
Эмгек мигранттарынын укуктарынын бузулушу жогорку деңгээлде. Анын бирден бир себеби-мамлекеттик миграциялык так саясаттын иштелип чыкпагадыгы.
Ишке жарамдуу калктын өлкөдөн үзгүлтүксүз чыгып кетүүлөрү жакынкы мамлекеттерден келген кесиби начар жумушчу күчтөрдүн эмгек рыногун толтурууга алып келүүдө, ошондой эле каражат табуу үчүн аргасыз массалык кетип жаткан эмгекке жарамдуу калктын санынын олуттуу жоготуулары жүрүп жатат.
Мындан тышкары, ачык эмес абалда жүргөн ички жана тышкы мигранттардын укуктук жана социалдык жактан корголбогондугу курч койгөйлөрдөн болууда.
Укук коргоо органдары тарабынан кыйноолордун жана ырайымсыз мамиле жасоолордун масштабы азайбай жатат.
Кармалгандарга карата кылмышкерлерди издөө кызматкерлери тарабынан колдонулган кыйноолордун санынын көбөйүп жатышынын себептеринин бири болуп моюнга алуу көрсөтмөлөрүнө таянган сот тутумунун иш практикасын реформалоо талап кылынат
Кыйноолор жөнүндө иштер, ошондой эле кыйноолордун курмандыктарынын жана күбөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыкчам-изин суутпай издөө иш-чаралары менен алектенген түзүм жок.
Чогулуштарды жана митингдерди өткөрүүгө жарандардын укуктарын жүзөгө ашыруу маселеси бүгүнкү күндө мыйзам тарабынан жөнгө салынып, митингге чыгуучулар үчүн да, ошондой эле мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү үчүн да алардын өз ара мамилелери жана эрежелер так белгиленседа, "Тынч чогулуштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарынын аткарылбаган учурлары бар.
Маселен, митингге чыккандарга жана журналисттерге карата укук коргоо органдарынын мыйзамсыз, жол берилгис аракеттери жөнүндө маалыматтар бар.
Ошол эле учурда митингге чыгуучулар тарабынан коопсуздук, башка жарандардын ден соолугу жана кадимки жашоо турмушу үчүн коркунуч келтирген, стратегиялык объектилерди, коммуникацияларды тоскон эреже бузуулардын фактылары да бар.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндигин коргоо көйгөйлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрагасы Н.В. Никитенконун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри A.M. Маматалиевдин, Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчы) Б.А.Аманбаевдин, кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директору Б.Т. Рысбековдун Кыргыз Республикасында адам укуктары боюнча кырдаал жөнүндө баяндамалары эске алынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
адамдын жана Кыргыз Республикасынын жаранынын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун конституциялык кепилдиктерин камсыз кылууга багытталган ченемдик укуктук актыларды сактоо боюнча аткаруу бийлигинин бардык органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатсын;
2011-жылдын 28-декабрындагы № 1456-V "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жөнүндө мыйзамдардын ченемдеринин аткарылышы тууралуу", 2013-жылдын 4-декабрындагы № 3644-V "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын жана эркиндигин сактоо боюнча парламенттик контроль жүргүзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменге) тапшырма жөнүндө", 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 4003-V "Бишкек шаарында мектепке чейинки жана мектептик билим берүү жаатындагы иштердин абалы жөнүндө жана аны өнүктүрүүнүн келечекетери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун аткарылышын камсыз кылсын;
үй-бүлөлүк күч колдонуудан коргоо маселелерине тиешелүү ченемдик укуктук актыларды жүзөгө ашыруу боюнча аткаруу бийлигинин тийиштүү мамлекеттик органдарынын ишин күчөтсүн; үй-бүлөлүк күч колдонуудан социалдык-укуктук коргоонун адистештирилген кызматтары тарабынан жүзөгө ашырылуучу үй-бүлөдөгү күч колдонуудан коргоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн комплексин камсыз кылуу үчүн мамлекеттик социалдык буйрутмалардын механизмдерин киргизсин;
гендердик жана үй-бүлөлүк күч колдонуудан жапа чеккендерге укуктук, социалдык жардамдарды жана башка кызматтарды көрсөтүүнүн стандартгары каралган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын;
балдардын укугун коргоо боюнча иш милдеттерди аткарган ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмчөлөрү үчүн алардын өз милдеттерин натыйжалуу аткаруу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу максатында зарыл болгон бардык адамдык, маалыматтык жана материалдык ресурстарды карасын;
балдарды коргоо боюнча иш милдеттерди аткарган ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө деңгээлин жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүн карасын;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын энелерин эмгек акы менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени иштеп чыксын;
миграциялык маалыматтарды жыйноо жана алмашуу, калкты ишке тартуу боюнча менчик агенттиктердин ишин жөнгө салуу жана чет өлкөлүк жумушчу күчтөрдү колдонууну, ошондой эле адамдарды сатууну болтурбоону талап кылган инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда квоталарды бөлүү маселелерин чечүү үчүн миграция маселелери боюнча ведомстволор аралык координациялоо механизмдерин түзсүн;
эмгектик жумушчу күчүнүн айыл жеринен шаарга которулушунун жөнгө салынбагандыгын турукташтырууга, ошондой эле жаңы жумушчу орундардын түзүлүшүн пландаштырууга мүмкүнчүлүк берүүгө, адистерди даярдоого, максаттуу региондук инвестирлөөнү өнүктүрүүгө өбөлгө түзө турган региондорду инвестирлөөнүн ачык-айкын стратегиясын иштеп чыксын;
Кыргыз Республикасынын ички аймактарында орун которуп жүргөн жарандардын эсебин автоматташтыруу көйгөйүн чечсин;
Кыргыз Республикасынын жараны өлкө ичинде жашаган жерин алмаштырганда паспорт алуу процессии жөнөкөйлөштүрүү маселесин карасын;
балдардын маселелери боюнча координациялык кеңеш түзүү мүмкүнчүлүгүн карасын жана балдарга туулган учурунан тартып бойго жеткен курагына чейин колдоо көрсөтүү жана өнүктүрүү боюнча программаны иштеп чыксын; жетим балдарды жана ата-энесинен кароосуз калган балдарды турак жай менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыксын жана калктын көрсөтүлгөн ошол категориясы үчүн турак жай үйлөрүн курууну каржылоо каражаттарын издеп тапсын;
ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын мамлекеттик мекемелерге эркин кирип-чыгуусу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү зарыл шарттарды камсыз кылуу максатында өз каражаттарынын эсебинен атайын ьщгайлуулуктарды (пандустарды, перилдерди ж.б.) орнотууга тиешелүү юридикалык жактарды милдеттендирсин; жетим балдардын, улгайган жарандардын желөкпулдарын, пенсияларын жогорулатуу жөнүндө маселени карасын; ювеналдык юстиция маселеси боюнча программаны финансылык жактан жүзөгө ашырууну камсыз кылсын;
ар бир адамдын ден соолугун коргоо, шашылыш жана токтоосуз медициналык тез жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу боюнча конституциялык укуктарын жүзөгө ашыруу максатында тез жардам кызматын кошумча каржылоо мүмкүнчүлүгүн карасын;
эркиндиги чектелген жана ажыратылган жерге киргизилүүго жаткан/ошол жерлерде турган адамдарга мамиле жасоонун эрежелерин сактоо үчүн көз карандысыз тышкы козомөлдү ишке ашыруу жана кармалгандарга, тергөөдө жүргөндөргө, соттолгондорго кыйноолорду колдонуу, дене боюна жаракат келтирүү тууралуу куч колдонгон аракеттердин бардык белгилерин оз учурунда каттоону камсыз кылуу максатында медициналык кызматкерлердин, коомчулуктун өкүлдөрүнүн, сот, прокуратура, ички иштер органдарынын кызмат адамдарынын катышуусу менен ведомстволор аралык көзөмөлдөө комиссиясын тузсун;
адамдарга кыйноонун жана башка катаал мамиле жасоонун предмета боюнча текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча атайылап жалган медициналык корутунду чыгаргандыгы үчүн медициналык кызматкерлердин-эксперттердин жекече жоопкерчилигин киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын;
улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү, камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чараларын тандоодо адам укуктарын натыйжалуу камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 33-главасында каралган соттук териштирүүнүн жалпы шарттарынын тизмегин иштеп чыксын, ошол тизмекке соттук териштирүүнүн үзгүлтүксүздүгү жана акылга сыйган мөөнеттө соттордун ишти кароодогу милдеттери жөнүндө жобо менен толукталсын;
ВИЧ-СПИД жуккан балдарга батирлерди бөлүү маселесин карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги:
жетим балдарды жана ата-энесинен багуусуз калган балдарды жашоо минимумун камсыз кылган деңгээлде социалдык коргоо боюнча аракеттердин планын иштеп чыксын;
төмөнкүдөй маалыматтар камтылган бирдиктүү маалымат базасын түзсүн:
- бала багып алууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны жөнүндө;
- ата-энесинин багуусунан ажыраган балдар тууралуу Мамлекеттик маалыматтар банкына расмий киргизилген балдардын саны жөнүндө;
- кесиптик лицейлерди, жогорку окуу жайларын бүтүргөн камкордукка алган мекемелердин бүтүрүүчүлөрүнүн саны жөнүндө;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кошуп алганда жынысы боюнча дифференциясы бар камкордукка алган мекемелерден камкордукка алуучу мекемелерге балдарды жөнөткөнгө чейин өз үй-бүлөлөрүндө реинтеграцияланган балдардын саны жөнүндө;
- үй-бүлөлүк балдар үйлөрүнүн, бала багып алган үй-бүлелөрдүн саны жөнүндө;
- коомдук бирикмелердеги жана фондцордогу башмааналардын саны жөнүндө;
мекемелердин уюштуруу-укуктук формасына жана алардын ведомстволук жактан караштуулугуна карабастан камкордукка алган мекемелердеги социалдык жана биологиялык жетимдердин саны жөнүндө;
- табылган кароосуз калган балдардын саны жөнүндө;
турмуштук татаал кырдаалга тушуккан балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуунун жана коштоп жүрүүнүн тартиби жана турмуштук татаал кырдаалга жол бербөө боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүү тартиби каралган мыйзам алдындагы ченемдик-укуктук актыны иштеп чыксын;
үй-бүлө тибиндеги балдар мекемелериндеги балдарды багуу боюнча иштерди жүзөгө ашырган уюмдарды аккредиттөө жөнүндө Жобонун кабыл алынышын тездетсин;
мамлекеттик социалдык буйрутманын алкактарында жарандардын аярлуу категориясы үчүн, анын ичинде турмуштук татаал кырдаалга туш болгон балдар жана үй-бүлөлөр үчүн социалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү иштерин улантсын;
мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды ишке орноштуруу, аларды коомго маданий-билим берүү жагынан интеграциялоо жана инфратүзүм объектилерине жеткиликтүүлүгүн камсызкылуу жаатында "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы боюнча иштерди күчөтсүн;
улгайган курактагы адамдарды күндүз тейлеген борборлор үчүн минималдуу стандарттарды иштеп чыксын;
улгайган курактагы адамдар үчүн жаңы социалдык моделдерди, анын ичинде үй шарттарында көрсөтүлө турган узак мөөнөттүү багуу кызматтарын колдонуу менен социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
республикалык бюджетти иштеп чыгууда үй-бүлөдө куч колдонуу учурларында социалдык-укуктук жардам көрсөтүүгө Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин каражаттарынын чыгашаларын өзүнчө берене менен бөлүү мүмкүнчүлүгүн карасын;
улгайган жарандарды күндүз тейлеген борборлорду каржылоо механизмдерин иштеп чыксын жана киргизсин;
жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдерине эмгек акыларды жогорулатуу боюнча 2015-жылдын бюджетинде өзгөртүүлөрдү карасын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуулар боюнча ювеналдык юстиция маселелеринин программаларын финансылык жактан ишке ашырууну камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
билим алуу учурунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын муктаждыктарын канааттандырууга чакырылган адекваттуу мүмкүнчүлүктөрдү жана кошумча кызматтар көрсөтүүлөрдү камсыз кылсын;
ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн инклюзивдик билим берүүнү киргизүү жана ишке ашыруу механизмдерин иштеп чыксын;
дистанттык билим берүүнү, кечки мектептерди, ошондой эле формалдуу эмес билим берүү класстарын өнүктүрүү аркылуу иштеген балдарга жана турмуштук татаал кырдаалга туш болгон балдарга билим берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылсын;
Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен бирдикте:
- мектептерде жана жатак мекемелеринде эмгекке тарбиялоонун минималдуу стандарттарын иштеп чыксын жана киргизсин;
ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн инклюзивдик билим берүү кызматтарын көрсөткөн мектептердин жана кесиптик билим берүү мекемелеринин саны жана майып балдар, мыйзам менен конфликтте турган балдар менен иштөө даярдыктарынан өткөн мугалимдердин саны боюнча мониторингди жүзөгө ашырсын жана статистикалык эсебин жүргүзсүн;
- жашы жете электер үчүн жол берилген эмгек ченемдери, балдардын эмгегинин тыюу салынган түрлорү, жашы жете электердин эмгек иштерин тариздөөгө карата укуктук талаптар жөнүндө материалдар менен жалпы билим берүүчү мекемелерди камсыз кылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги:
балдар эмгегинин эң оор түрүнө балдарды тартууга жол бербөө боюнча чараларды кабыл алсын;
жумушсуз жарандардын иш менен камсыз болуусун жогорулатуу жана ишке жайгаштыруу мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейишине көмөк көрсөтүү боюнча чараларды көрсүн;
жогорку кесипти талап кылбаган, аз акы төлөнө турган жерлерге, ошондой эле башкаруу персоналынын жана адистердин арасындагы жумушчу орундарына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга квоталардын бөлүнүшүн камсыз кылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
адвокаттык коомдоштукту колдоо жана өнүктүрүү, адвокаттык ишти жүзөгө ашырууда коопсуз шарттарды түзүү максатында "Кыргыз Республикасындагы адвокатура жана адвокаттык ишмердүүлүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын план ченемдүү ишке ашырылышын камсыз кылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:
эркиндигинен ажыратылган жерлерде кармалуу мөонөтторү жана шарттары жаатындагы укуктарды сактоо боюнча (Кылмыш-жаза, Жазык-процесстик, Жазык-аткаруу кодекстеринин долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик топтун иштеринин алкактарында) сунуштарды иштеп чыксын жана киргизсин;
соттолгондор кармалган жерлерде кыйноолорду болтурбоо боюнча профилактикалык иштерди күчөтсүн;
камакка мыйзамсыз алуу фактылары боюнча бузууларды четтетүү, камакта турган адамдарды бошотуу боюнча шашылыш чараларды өз учурунда кабыл алсын; Талас, Жалал-Абад жана Баткен областарында СИЗО түзүү боюнча планды жүзөгө ашырууну тездетсин.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
ИБС, СИЗОдо кармалган жана камакка алынган учурда адамдарды кармоонун процесстик мөөнөтүн караган мыйзамдардын нормаларын сактоону камсыз кылсын;
ички иштер органдарынын кызматкерлерин жергиликтүү деңгээлде окутууну уюштуруу менен үй-бүлөдө күч колдонууларды болтурбоо жана алдын алуу боюнча иш милдеттерди жүзөгө ашырган атайын кызматтарды түзүү маселесин карасын;
кылмыштарды ачуунун пайыздарына багыт алууга эмес, коомдук ишенимди жана коопсуздукту көздөө боюнча ички иштер органдарынын иштерине баа берүүнүн критерийлерин өзгөртсүн;
Кыргыз Республикасынын ИИМ реформалоо алкагында ИИО кызматкерлеринин иштерин баалоонун оптималдуу керсөткүчтөрүн иштеп чыксын, алар укук бузууларды жана кылмыштарды тергөөнүн жана акыркы соттук чечимдерди кабыл алуунун сандык эмес, сапаттык көрсеткүчтөрүнө негизделүүгө тийиш;
жарандардын коопсуздугун, кызматкерлердин жарандар менен баарлашуу маданиятын камсыз кылууга багытталган заманбап комплекстүү керсөткүчтөрдү иштеп чыксын;
моралдык жана кесиптик сапаттарына өзгөчө көңүл буруу менен кызматкерлерди тандоонун тартибин өркүндөтсүн;
укук коргоо органдарынын, атап айтканда, ыкчам-издөө, тергөө бөлүмдөрүнүн жана адамдарды камакта кармоонун шарттарын камсыз кылган кызматтардын бардык кызматкерлерин укуктук тарбиялоо жана билим берүү системасын кайра карасын;
кармоону жүргүзгон адамдар жөнүндө, кармалган убактысы жана укук коргоо органдарына алып келинген убактысы, изоляторго камалгандыгы, кайтарууга алынгандыгына берилген корутундунун убактысы, изолятордун ичинде жана анын сыртында жүрүүнүн убактысы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен бардык кармалгандар жана камакка алынгандар тууралуу борборлоштурган реестрди (маалыматтар базасын) практикалоону киргизсин;
кыйноолордун жана мамиле жасоолордун жана жазалоонун башка ырайымсыз адамкерчиликсиз же беделди кемсинткен түрлөрүн колдонуу жөнүндө жарандардын даттанууларын жана арыздарын текшерүү боюнча атайын нускаманы иштеп чыксын.
11. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги:
аскер кызматчыларына куч колдонгон учурлардын бетин ачуу жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу үчүн көзөмөлдү күчөтсүн;
аскер кызматчыларын эмгекке мыйзамсыз тартуу учурларынын бетин ачсын жана жол бербесин.
12. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
жетим балдарды жана ата-энелеринен кароосуз калган балдарды бекер медициналык тейлөөнүн зарыл көлөмдөгү жеткиликтүүлүгүн камсыз кылсын;
коркунучтуу жацы оорууларга тушуккан балдарды жана адамдарды зарыл сандагы дары-дармектер менен камсыз кылуу, бекер диагностика жүргүзүү, дарылоо кепилдиктерин жүзөгө ашыруу боюнча чараларды кабыл алсын;
энелердин жана балдардын өлүмүнүн деңгээлин кыскартуу максатында калк арасында, өзгөчө республиканын алыскы райондорунда жашагандардын арасында түшүндүрүү иштерин активдештирсин;
медициналык тез жардамдын медициналык кызмат керсетүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатсын.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен бирдикте:
жетим балдарды жана ата-энелеринен кароосуз калган балдарды тарбиялоо мекемелеринен чыгарылгандан кийин каттоо маселесин чечсин;
жарандыгы жок адамдардын санын кыскартуу жана жарандарды катоонун системасын жөнөкөйлөштүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бирдикте инсандыгын тастыктоочу документтери жана катталуусу жок адамдарды документ менен камсыз кылуу боюнча механизмдерди иштеп сыксын.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор ортосундагы мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги:
жер-жерлерде башка динди туткан жарандарды көмүүгө байланыштуу пайда болгон чыр-чатактарды болтурбоо боюнча жергиликтүү калктын арасында тийиштүү түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
Кыргызстандын көп улуттуу калкынын арасында этностор ортосундагы чыр-чатактарга жол бербөө боюнча методиканы иштеп чыгуу, аны андан ары колдонуу маселесин карасын.
15. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
адамдын жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин жөнге салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын колдонуу үчүн көземөлдү күчөтсүн;
адам укугу үчүн көземөлдү ишке ашырган иштеп жаткан штаттардын алкагында прокуратура органдарында бөлүмдөрдү (кызматкерлерди) киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталсын;
кыйноолорду колдонуу фактыларын териштирүү боюнча прокурорлорду адисштерүүнү жүргүзсүн жана прокуратура органдарында кыйноолор боюнча фактыларды, ошондой эле жабыр тарткандарды жана күбөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча маселелерди териштирген бөлүмчөлөрдү түзүү мүмкүнчүлүгүн карасын;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен бирдикте кыйноолорду болтурбоо жана камакка алынгандарга катаал мамиле жасоону четтетүү боюнча чараларды күчтөндүрсүн жана дыкат, калыс териштирүүнү камсыз кылсын;
шектелүүчүлөр, күнөөлөнүүчүлөр, соттолуучулар кармалган жайларда (ИБС, СИЗО) мыйзамдарды сактоо боюнча көзөмөлдүк функцияларды күчөтсүн;
"Кыйноолордун жана мамиле жасоолордун жана жазалоонун башка ырайымсыз адамкерчиликсиз же беделди кемсинткен түрлөрүнө > тыюу салуунун конституциялык кепилдиктерин камсыз кылуу үчүн прокурордук көзөмөлдү күчөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2011 -жылдын 12-апрелиндеги № 40 тескемесин так жана кыйшаюусуз аткарууну камсыз кылсын;
жазык боюнча артынан түшүу (тергөө), мыйзамдуулукту көзөмөлдөө жана сотто мамлекеттик айыптоо боюнча башкы функцияларды ишке ашырууда кызыкчылыктардын конфлигинин пайда болушун четтетсин;
катаал мамиле жасоонун же кыйноонун ар бир учуру боюнча дыкат териштирүү жүргүзсүн, мындай категориядагы иштерди өзүнчө өндүрүшкө бөлсүн;
өздөрүнө кыйноо колдонулгандыгы жөнүндө арыздарды милдеттүү кабыл алуу жана кароо тууралуу жазык-процесстик мыйзамдардын талаптарын прокурорлордун сакташын камсыз кылсын;
төргөө тийиштүүлүгүнүн алкагында мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан жасалган кылмыштар боюнча бардык жылдардагы кылмыш иштерин укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрүнөн прокуратура органдарына өткөрүп берү-ү тууралуу чараларды кабыл алсын; мыйзамсыз кармагандыгы жана кылмыш жоопкерчилигине тарткандыгы үчүн кызмат адамдарынын (тергөөчүлөрдүн жана прокурорлордун) кылмыш ишин козгоого чейинки, жеке жоопкерчилигин кароону камсыз кылсын;
кылмыш иштерин, атап айтканда кыйноолорду колдонуу фактылары боюнча козголгон иштерди териштирүүнүн процесстик мөенөттөрүнүн сакталышы боюнча маалыматты Жогорку Кеңешке берсин;
чет өлкөлөрдүн жарандарына Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортторун мыйзамсыз берүүгө жол берген кызмат адамдарын иликтеп табуу жана жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды кабыл алсын.
16. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту:
шектелген адамдын иш жүзүндө кармалган учурунан тартып анын укугун ишке ашыруу жаатында соттор тарабынан өкүмдөрдү, токтомдорду жана аныктамаларды кабыл алуу практикасын, ошондой эле соттор тарабынан кыйноолордун курмандыктарын негизсиз кармоонун мыйзамдуулугун кароо механизмдерин, укук колдонуу практикасында мыйзамсыз кармоо жана кыйноо жолу менен алынган далилдерди болтурбоону Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунда карасын.
ювеналдык юстиция чейрөсүндөгү иштер боюнча адистештирилген түзүмдү түзсүн;
кыйноолор жана катаал мамиле жасоо жөнүндө иштер боюнча роттук практиканы жалпыласын;
адамдын укуктарын коргоо боюнча сот адилеттигинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана жергиликтүү соттордун ишинде адам укуктарынын системалуу бузулуштарын четтетүү максатында бөгөт коюу чаралары жөнүндө мыйзамдардын сот тарабынан колдонуу практикасын жалпыласын жана сотторго тийиштүү жетектөөчү түшүндүрмөлөрдү берсин.
17. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени):
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бериле турган атайын баяндамалардын форматтарын жана критерийлерин иштеп чыксын;
Кыргыз Республикасындагы адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигин сактоо боюнча соттордун ишине кийлигишпей туруп, жарандык укук жаатын козгогон иш алкактарын кеңейтсин;
тиешелүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар жана мекемелер, үй-бүлөдө күч колдонуудан социалдык-укуктук коргоонун адистештирилген кызматтары менен өз ара аркеттенсин;
Кыргыз Республикасынын алыскы айылдык райондорундагы аялдарга карата үй-бүлөдө күч колдонуу учурлары боюнча комплекстүү изилдөөлөрдү жүзөгө ашырсын;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен бирдикте жарандардын арасында, анын ичинде үй-бүлөдө күч колдонууга жол бербөө жана алдын алуу боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу' маалыматтык-агартуучулук иштерди жүргүзсүн.
18. Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук борбору:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берилүүчү баяндамалардын критерийлерин жана форматтарын иштеп чыксын;
Эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдарга карата кыйноолорду жана катаал мамиле жасоолорду колдонууну пайда кылган системалуу себептерди, аларды алып келген же алып келүүгө негиз болгон жагдайларды аныктоо боюнча методиканы иштеп чыксын.
19. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча бүткерүлгөн иштер дин жыйынтыктары жөнүндө 2015-жылдын 27-февралына карата Жогорку Кеңешке маалымат берилсин.
20. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча, Социалдык саясат боюнча, Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча, Сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча, Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча, Бюджет жана финансы боюнча комитеттерине жүктөлсүн.
21. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Жээнбеков |