Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-декабры № 4648-V
Чүй областындагы Сокулук районунун жана Баткен областындагы Кадамжай районунун Актурпак айыл өкмөтүнүн тургундарынын кайрылууларын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө
Чүй областындагы Сокулук районунун жана Баткен областындагы Кадамжай районунун Актурпак айыл өкмөтүнүн тургундарынын кайрылуулары боюнча Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуу фактыларын иликтөө максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 11-июнундагы № 4145-V токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.Мадылбековдун маалыматын угуп, ушул маселе боюнча Комиссиянын корутундусун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Т.Мадылбековдун маалыматы эске алынсын (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын аткаруу боюнча жетишсиз иши белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын кыянаттык менен бузган фактыларды иликтөө боюнча Өкмөттүк комиссия түзсүн, анын ишине убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрүнүн катышуусун камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын жерлердин ар түрдүү категорияларын максаттуу пайдаланууга, жерлерди бир категориядан башка категорияга которууга тиешелүү Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарына өзгөчө көңүл буруу менен жер фондун инвентаризациялоо жүргүзсүн; алардын максаттуу багыты өзгөрүлгөн учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жерлерди кайра бөлүштүрүү жолу менен Чүй областындагы Сокулук районун Ново-Павловка айыл өкмөтүндөгү жер үлүшүнө укугу бар адамдардын жер укуктарын калыбына келтирүү боюнча чараларды көрсүн;
- Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн башчысынын, Сокулук райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын, ИИБнин, райондук архитектура жана курулуш башкармалыгын, Бишкек шаары, Аламүдүн жана Сокулук райондору боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын регионалдык башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин тийиштүү жетекчилеринин, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин жооптуу жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысынын, райондук жана областтык администрациялардын тиешелүү башчыларынын жана алардын орун басарларынын жеке жоопкерчиликтерин карасын жана жеке турак-жай куруу үчүн жер участокторун берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларга жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин сакталышын солгун контролдоого жол берген күнөөлүү кызмат адамдарын жазаласын;
- ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте 3 айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- убактылуу депутаттык комиссиянын ушул маалыматында көрсөтүлгөн жер мыйзамдарын бузуулар боюнча фактыларга укуктук баа берсин;
- убактылуу депутаттык комиссиянын материалдарында көрсөтүлгөн жер маселелери боюнча мыйзамсыз чечимдерди кабыл алышкан судьяларга карата мыйзам чегинде тийиштүү чараларды кабыл алсын;
- кабыл алынган чаралар тууралуу мыйзамдарда белгиленген тартипте 3 айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине (А.Б.Калматов) жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| А.Жээнбеков |
2014-жылдын 24-декабры |
| Бишкек ш. |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 11-июнундагы № 4145-V токтомун аткаруу үчүн убактылуу депутаттык комиссия Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын, комиссиянын төрагасы Т.Мадылбековдун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасынын орун басары И.Ю.Карамушкинанын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.М.Кадырбекованын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин А.Н.Измалкованын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Исаковдун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.В.Левинанын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.А.Аманбаеванын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.А.Абдрахмановдун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.Балтабаевдин курамында түзүлгөн. Комиссия Чүй областынын Сокулук районундагы Ново-Павловка айылынын тургундарынын жамааттык кайрылуусунда баяндалган Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуулардын фактыларын текшерүүнү жүргүзгөн. Текшерүүнүн натыйжалары боюнча төмөнкүлөрдү белгилейт.
Жер жана агрардык реформаны жүргүзүүгө мамлекеттик колдоону жүзөгө ашыруу максатында 1994-жылдын 22-февралында № ПЖ-23 "Кыргыз Республикасында жер жана агрардык реформаны тереңдетүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы кабыл алынган. Анда колхоздордун жана совхоздордун курамында айыл жеринде жашаган жана иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарына Улуттук жер фондунун жана жайыт жерлердин участокторунан тышкары айыл чарба багытындагы жерлерден өз үлүштөрүн берүүнүн укуктук негиздери жана тартиби аныкталган.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 22-августундагы № 632 токтому менен төмөнкүлөр бекитилген: "Жарандарга жер үлүшүн аныктоонун жана Жер үлүштөрүн пайдалануу укугуна күбөлүк берүүнүн тартиби жөнүндө жобо" жана "Айыл чарба ишканаларын кайра түзүү (кайра уюштуруу) жөнүндө жобо", аларга ылайык Айыл чарба жерлер жана жайыттарды кайра бөлүштүрүүнүн фондунун жер участокторунан, калктын жалпы пайдалануусу үчүн арналган калктуу конуштардын, токой чарба ишканаларынын жерлеринен, жаратылышты коргоо жерлеринен жана ден соолукту чыңдоо жана рекреациялык (парктар, скверлер бош убакытты өткөрүү үчүн жерлер) багыттагы, тарыхый-маданий багыттагы, суу фондунун жерлеринен тышкары колхоздордун, совхоздордун жана башка айыл чарба ишканаларынын юридикалык чек араларында болгон жерлер төмөнкүлөргө берилүү үчүн жер үлүштөрүнө бөлүнүүгө жаткан:
- айыл чарба өндүрүшүнүн чөйрөсүндө туруктуу иштеген жана ал чарбада жашаган, пенсияга кеткен (ошол чарбада иштеген жана жашаган), ал чарбаларда иштеген мезгилде майып болуп калган адамдарга;
- ошол чарбада туруктуу жашаган жана айыл чарбасын тейлеген саламаттык сактоо, суу чарбасы, билим берүү, турмуш-тиричилик жактан тейлөө, соода, маданият жана агрозооветтеххимсервис чөйрөсүндө иштеген адамдарга;
- эмгек жамаатынын мүчөлөрүнүн чечими боюнча ал чарбанын чегинен тышкары иштеген жана туруктуу жашоо ордуна кайтып келген адамдарга (бул чарбада туулгандарга).
Жарандардын жер үлүшүн аныктоо айыл чарба ишканасын кайра уюштуруу учурунда алардын үй-бүлө мүчөлөрүн эске алуу менен жер жана агрардык реформа боюнча айылдык комитеттер жүзөгө ашырган жана райондук мамлекеттик администрация бекиткен. Жогоруда көрсөтүлгөн адамдар чарба кайра уюшулгандан кийин кайрылган учурларда алардын үлүшү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана азык-түлүк министрлигинин алдындагы айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунда белгиленген тартипте аныкталган. Жер үлүшү жарандарга акысыз жана бир жолу гана берилген.
1994-жылы "Кыргызгипрозем" долбоорлоо институту жүргүзгөн "Красная Заря" Дыйкан чарбаларынын жана кооперативдеринин ассоциациясынын (ДЧКА) жерлерин инвентаризациялоонун натыйжалары боюнча "Красная Заря" ДЧКАсынын балансында болгон жерлердин жалпы аянты 7060 га-ны түзгөн. Алардын ичинен;
- айдоо жерлери - 37,5 га;
- сугат жерлери - 2313 га;
- кайрак жерлер - 1092 га;
- жемиш бактары - 32 га;
- чабындылар- 142 га;
- жайыттар - 2153 га
жайыттардан тышкары жер үлүштөрүнө жана Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунда 3879 га бөлүштүрүлүүгө жаткан айыл чарба жерлери болгон, анын ичинен 75% и же 2909,25 га жер аянты жер үлүштөрүнө, 25% и же 969,75 га аянт айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондуна (ФПС) тиешелүү болгон.
1994-жылдын 7-ноябрында "Красная Заря" ДЧКАсынын жумушчуларынын жалпы чогулушунун. № 2 протоколу менен жер үлүштөрүн алууга укугу бар Ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы саны бекитилген жана берилүүчү жер үлүштөрүнүн аянты аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы № 260 тескемеси менен аталган ассоциацияда жер үлүштөрүн бөлүштүрүүдө жер мыйзамдарынын бузулушунун фактылары жөнүндө "Красная Заря" ДЧКАсынын мүчөлөрүнүн жамааттык кайрылуусун текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн.
Ал жумушчу топтун маалымкатына ылайык "Красная Заря" ДЧКАсынын мүчөлөрүнүн жер үлүштөрүн алууга тизмелерин айылдык комитеттин мүчөлөрү коллегиялуу түрдө түзүшкөн жана "Красная Заря" ДЧКАсынын төрагасы С.Нуркалиев тарабынан бекитилген болчу. Кийин бул жер үлүштөрүн алууга акылуу жарандардын жалпы саны 6414 адамдан турган тизмеси Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын 1995-жылдын 23-майындагы № 203 токтому менен бекитилип, ага администрациянын башчысы К.Сыйданов кол койгон.
Ошол бекитилген тизмелерди текшерүүнүн натыйжасында мурда бекитилген жер үлүштөрүн алууга талапкер болгон 6414 адамдын ичинен иш жүзүндө 5950 адам гана жер үлүшүн алууга укуктуу болгону, же айырма 464 адамды түзгөндүгү аныкталган. Ал эми 5950 адамдын ичинен 3886 жаранга гана жер участокторун бөлүп берүү мыйзамдуу болгондугун, ал эми калган 2064 жаранга Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бузуу менен бөлүнүп берилгендиги комиссия тарабынан табылган. Түзүлгөн тизмелерге жер үлүшүн алууга жарандардын санын аныктоодо өлкөнүн чегинен чыгып кеткен, каза болгон адамдар, ал эми айрым учурларда бир эле адам эки жолу жана үч жолу ж.у.с. киргизилгендигин белгилей кетүү керек.
Жарандарга жер үлүшүн бөлүп берүүнүн жүрүшүндө "Красная Заря" ДЧКАсынын 902,8 га жери бул Ассоциациянын мүчөлөрүнүн көз жаздымында калып, алар кийин "Красная Заря" ДЧКАсынын жетекчилиги тарабынан өздөрү каалагандай пайдаланылган. Бул жерлердин негизги бөлүгү дыйкандарга ижарага берилип, ал эми алынган акчалар "Красная Заря" ДЧКАсынын жетекчилиги тарабынан ыйгарылып алынып, ошондой эле жерлер бул чарбага тиешеси жок башка адамдын менчигине берилген.
Мунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 28-августундагы № 632 токтомунун талаптарына ылайык жер алууга укугу бар көпчүлүк жарандар азыркы учурга чейин жер үлүштөрүн алган эмес, жер алгандардын баары жер үлүштөрүн толук көлөмдө албай калган.
Мына ошентип Красная Заря" ДЧКАсында жер реформасынын башталышынан тартып бул чөйрөнү жөнгө салуучу ар кандай ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуулар орун алган.
Тандап алуу текшерүүдө реформадан кийинки мезгилде жер үлүштөрүн берүүнүн жол-жобосу "Красная Заря" ДЧКАсынын мүчөлөрүнүн 1994-жылдын 7-ноябрындагы жалпы чогулушунун № 2 протоколу менен шартталган. Чогулушта тейлөөчү уюмдардын өкүлдөрүнө да жер участокторун берүү каралган. Жер үлүштөрүн берүү чоң тартип бузуулар менен жүргүзүлүп турган. Б.а. жер үлүштөрүн жогоруда көрсөтүлгөн протоколдо аныкталгандан көп берилген же бир эле жер участокторун ар кайсы жарандарга берилген фактылар болгон . Мисалы, 2002-жылдын 14-декабрындагы № 2/2 же 212 чечим менен Р.М.Бигельдиевге 4-контурдагы аянты 9,03 га болгон жер участогу берилген. Бирок М.Р.Бигельдинов жер алууга укугу бар жарандардын тизмесинде жок болгон. Берүү башка жаранга берилүүчү Ч-C-VI-IX сериясындагы № 36 күбөлүктүн негизинде жүргүзүлүп, ага ылайык аянты 9,3 га жер участогу "Красная Заря" ДЧКАсынын башка 21 мүчөлөрүнө да берилген.
Андан ары 2002-жылдын 4-декабрындагы № 2/3 4-C-XI-IX сериясындагы № 135 күбөлүктүн негизинде Г.Р.Бигельдиновага жалпы аянты 12,0 га жер участогун берүү жүргүзүлгөн, ал "Красная Заря" ДЧКАсынын 28 мүчөсүнө берилүүгө тийиш болгон. Г.Р.Бигельдинова да жер алууга укугу бар жарандардын негизги тизмесинде болгон эмес.
Ошондой эле 2002-жылдын 29-августундагы № 4/79 чечим менен Алиев Каримге жалпы аянты 7,74 га жер үлүшү № 0016 күбөлүктүн негизинде берилген, ал эми негизги тизме боюнча 5 адамдан турган анын үй-бүлөсүнө 2,15 га жер каралган, б.а. 5,59 га жер ашыкча берилген.
2002-жылдын 6-ноябрындагы № 97 чечим менен К.К.Назимовго жалпы аянты 7,74 га жер участогу № 0017 күбөлүктүн негизинде берилип, негизги тизме боюнча А.Т.Назимов болгон эмес.
2002-жылдын 15-ноябрындагы № 99 чечим менен А.Дворецкованын, З.Доброскокованын, А.Чаплыгиндин, М.Гнатенконун, М.Азизовдун жана У.Гафуровдун өзүнүн жер үлүштөрүнө Ч-C-V-IX № 308 күбөлүктүн негизинде Гафуров Умарга 7,74 жер үлүшү берилген. Негизги тизме боюнча У.Гафуров болгон эмес, 0,43 га жери менен Гафуров Амин болгон. Бул учурда балким каза болгон жарандардын же өлкөнүн чегинен чыгып кеткен жарандардын жер үлүштөрүн ыйгарып алуу же мыйзамсыз берүү орун алган.
Кийин 2003-жылы ошол эле Гафуров Умарга жер үлүшүн бөлүп берүү боюнча комиссиянын чечими менен дагы 1,29 га жер үлүшү берилген. Мунун өзү Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-статьясынын талаптарын бузуу болуп саналат.
Андан ары жерлерди мыйзамсыз берүү боюнча практика уланган. Алсак, 2003-жылдын 16-апрелиндеги № 101 чечим менен А.Нуриевага жер үлүшү берилип, бирок анда 2003-жыл үчүн "Красная Заря" ДЧКАсынан жер үлүшүн алууга күбөлүгү болгон эмес жана ал жер алууга укугу бар жарандардын негизги тизмесинде жок болгон. Б.a. Р.Нуриевага жер үлүшү таптакыр мыйзамсыз берилген.
Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарын бузган мындай фактылар Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн аймагында жүздөп катталган.
Аянты 902,8 гана жер участогунун андан ары тагдырына карата жумушчу топтун маалымкатында төмөнкүлөр белгиленген:
Бул жерди "Красная Заря" ДЧКАсынын мүчөлөрүнө кайра бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-статьясына ылайык мүмкүн эмес, жер үлүшүнө жер участогу Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында бир жолу акысыз берилет. Жердин андан аркы тажрыйбанын маселеси сот тартибинде чечилүүгө тийиш.
Өлчөмү 902,8 га жер участогун алып коюу жана Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондуга өткөрүп берүү Ново-Павловка айыл өкмөтүнө ыйгарым укуктуу орган катары сот органдарына доо арызы менен кайрылуу зарыл.
Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына андан жер үлүшүн алууга укугу жок, ошондой эле кайталап киргизилген ж.у.с. жарандарды чыгарып салып, Ново-Павловка айыл өкмөтү боюнча жер үлүшүн алууга укугу бар жарандардын тизмелерин бекитүү жөнүндө өзүнүн 1995-жылдын 23-майындагы № 2-3 токтомуна өзгөртүү киргизүү керек.
Юридикалык баа берүү аныкталганга чейин өлчөмү 902,8 га көрсөтүлгөн жер участогу Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн карамагына берилүүгө тийиш.
Бирок Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоркуда көрсөтүлгөн тапшырмасына карабастан укук корго органдары, прокуратура органдары, аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бул жагдай боюнча эс кандай чаралар көрүлгөн эмес.
Ошону менен ошол кезде иштеген Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамышевге колдонуудагы ченемдик укуктук актылардын бардык ченемдерин бузуп, жерлерди өзү каалагандай берүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн.
2008-2009-жылдарда жер участокторун менчикке жапыр берүүнүн фактылары буга күбө болот. Көрсөтүлгөн мезгилде баардыгы болуп жер мыйзамдарын бузуу менен 109 чечим чыгарылган.
2010-2012-жылдарда жер участокторун кыйла майда участокторго жапырт бөлүү жүргүзүлүп, буга байланыштуу башка контурларга көчүрүү жүргүзүлгөн. Жер үлүштөрү 40 чечиминин 22 чечим бөлүштүрүүгө жана көчүрүүгө болгон.
Мисалы, 2010-жылдын 18-октябрындагы № 296 чечими менен негизги тизмеде болбогон Бекболуев Нургазыга сугат айдоо жериндеги № 498 бир контурда жайгашкан 43 га жер үлүшү бөлүнүп берилген. Ал эми ал жерде 0,31 га аянттагы сугат айдоо жери болууга тийиш болгон. Башкача айтканда берүү мыйзамдарды бузуу менен жүргүзүлүп, 0,41 га жана 0,02 га эки участоктун жер участокторуна бөлүштүрүү улантылган.
Жер участокторунун чек араларын белгилөө жана бөлүштүрүү жөнүндө бул чечим "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-статьясынын ченемдерине каршы келет, анда жер үлүштөрүн бөлүү жерлердин түрлөрү боюнча жана аларга эселенген аянтка гана болушу мүмкүн экендиги айтылган.
2013-жылы Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу М.М.Мураталиев тарабынан жарандардын менчигине жер участокторун мыйзамсыз бөлүштүрүү улантылган. Жер берүү жөнүндө 13 чечимдин ичинен 11 чечим Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуу менен кабыл алынган.
Мыйзамсыз сатылган жана тиешелүү уруксат берүү документтери жок жекече турак үйлөр курулган 403 га жерге карата маалымат
2008-жылы Сокулук райондук сотунун судьясы Н.Мусаевдин, адвокат жана "Аркар" ААКсынын кеңешинин мүчөсү М.Таласбаевдин, "Красная Зарянын" мурдагы төрагалары А.Касымбаевдин, Б.Раимбаевдин, жекече нотариус Т.Усубалиевдин катышуусу менен адамдардын тобу тарабынан коррупциялык схемаларды пайдаланып, алдамчылык жолу менен документтерди бурмалап, Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн жалпы аянты 403 га айыл чарба багытындагы айыл чарба багытындагы жер участокторун мыйзамсыз ээлеп алуу болгон.
Бир күндүн ичинде иш жүзүндө 403 гектар жер уурдалган.
Судья Н.Мусаев 2008-жылдын 9-декабрында бир күндүн ичинде 250ден жаранга карата болгон сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүн таануу боюнча 23 процесс жүргүзгөн. Анда доогерлерден ишеним кат боюнча жалгыз Б.Таласбаев катышкан. Ал эми келген жана катышуудан баш тарткан 250дөн ашык жоопкер доо менен макул болуп, бир күн менен ырасталган нотариаттык баш тартуу берген.
Б.Таласбаев тарабынан мыйзамдуулукту ырастап сотко катталбаган жана мамлекеттик органдар тарабынан берилбеген жер үлүштөрүн пайдалануу укугуна күбөлүктөрдүн 250 көчүрмөсү (ошол эле мамлекеттик нотариус Т.Усубалиев күбөлөндүргөн) берилген. Бул жерлер жоопкерлерге бөлүнүп берилген эмес, мунун өзү жер участокторун бөлүп берүүгө чечимдердин, мурда "Красная Заря" колхозуна таандык болгон ал жерлердин мамлекеттик каттоосунун болбогондугу жана алардын үлүшчүлөргө бөлүнүп берилүүгө тийиш экендиги менен далилденип, бөлүп берүү жасалган эмес.
Комиссия тарабынан документтерди иликтөөнүн жүрүшүндө доогерлер да, жоопкерлер да эч кандай документтерди бербегендиги, сот процесстерине эч кандай катышпагандыгы, жерлерди эч кимге сатпагандыгы белгиленген. Доо арыздарында жана баш тартууларда көрсөтүлгөн жоопкерлердин бир да дареги боюнча эч ким жашаган эмес же болбосо даректер таптакыр эле болбогон. Көпчүлүк учурларда жоопкерлер жөн гана ойдон чыгарылган же болбосо өлүп калгандар болгон.
Андан кийин Б.Таласбаев Сокулуктагы кыймылсыз мүлктөргө укуктарды жана алар менен жасалган бүтүмдөрдү каттоо боюнча башкармада соттордун чечимдеринин мыйзамдуу күчүнө киришин күтпөстөн 23 мамлекеттик актыны жол-жоболоштурууну жүргүзгөн жана андан ары ал жерлерди белгилүү болуп калгандай болуп жаткандар жөнүндө эч кандай кабардар болбогон үчүнчү жактарга жалган ишеним каттар боюнча кайра жол-жоболоштурулган.
Алсак, судья Мусаев тарабынан 23 бүтүмдөр боюнча чечимдер 2008-жылдын 9-февралында КР ЖПКнын 211, 316-статьяларынын талаптарына ылайык 30 күн өткөндөн кийин чыгарылып, кабыл алынган чечимдер күчүнө кирген жана чечимдер мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин гана кандайдыр бир аракеттердин же жол-жоболоштуруулардын зарылдыгы жөнүндө айтууга болот.
Бирок Сокулуктагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери бул чечимдер боюнча мамлекеттик актыларды жол-жоболоштурууну жүргүзүүгө укугу болгон эмес. Анткени Сокулук райондук сотунун 23 чечиминде төмөнкүдөй айтылган: "Сатуу болгон доогерлер менен жоопкерлердин ортосунда түзүлгөн сатуу бүтүмдөрү мыйзамдуу деп табылсын". Ал эми "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-статьясынын талаптарына ылайык соттун чечимдеринен тышкары адамдардын менчик укугун ырастоочу бардык укук белгилөөчү документтер берилүүгө тийиш болгон. Бирок Б.Таласбаевден документтерди кабыл алууда ал тарабынан соттордун чечимдеринен тышкары жер үлүштөрүн пайдалануу укугуна күбөлүктөрдүн нотариаттык көчүрмөлөрү берилип, алардын каттоо органдарында алгачкы жол-жоболоштуруусу жоктугунун себеби боюнча эч кандай юридикалык күчү болгон эмес. Мунун өзү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (айыл өкмөтүнүн) мөөрүнүн жоктугу менен ырасталып, ал бул жерди жарандарга берүүгө тийиш болгон. Ал күбөлүктөрдө кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органынын мөөрүнүн жоктугу жарандарга (бул жарандык иш боюнча жоопкерлерге) жерлерди алдын ала берүүнүн, соттун чечими боюнча жүргүзүлгөн каттоого чейин аянттарды бекитүүнүн, чек араларын белгилөөнүн жана аныктоонун фактыларынын жоктугу жөнүндө күбө болот.
2010-жылы Сокулук районунун прокуратурасы талапкат бергенден кийин судья Н.Мусаев өз чечимдерин жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча жокко чыгарган. Мында эч кандай доо арыздарын бербегендиги, Б.Таласбаевге сотто жана мамлекеттик органдарда алардын атынан катышууну тапшырбагандыгы жөнүндө арыз жазган жана иш боюнча өндүрүштү токтотууну өтүнгөн доогерлер деп аталган экөө келген.
Судья Н.Мусаев тарабынан 23 доонун ичинен эки доо боюнча өндүрүш токтотулган, ал эми 21 доо боюнча 2008-кылдын 9-декабрындагы чечимдер жокко чыгарылган. Ар бир 23 доо боюнча жерге аныктамалар чыгарылган жана алардын ар бирине өзүнчө камак салынган. Бул тартип бузуудан кийин укукка жатпаган аракеттерди Чүй областтык сотунун судьясы З.Бейшеева, судья Баркыбаев менен биргелешип судья Калыбаева жасаган.
"Аркар" АКсынан бул ишке эч кандай статуста таптакыр катышпаган жана иш боюнча өтпөгөн тараптын даттануусу боюнча жогоруда аталган судьялардан турган соттук коллегия Сокулук райондук сотунун чечимдерин жокко чыгарган. Бирок мында алар кызматтык кылмыштарга барган жана расмий документтерди жасалмалап кызматтык кылмышка барган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ченемдерин, моралдын, судьялардын этикасынын ченемдерин одоно тепселеп, айрым пикири жок билип туруп мыйзамсыз чечим кабыл алган.
Алсак, "Аркар" АКсынан кассациялык даттанууну Чүй областтык соту тарабынан кабыл алууда бул арыз ишке катышпаган тараптан тышкары берилгендиги жана ал бардык 23 чечимге чогуу жазылгандыгы жана КР ЖПКнын 337-3-статьясынын талаптарына ылайык келбегендиги жана бир нече доо бир убакта берилүүгө тийиш экендиги, ал эми алар айрым берилүүгө тийиш экендиги, ал аз келгенсип кассациялык доону кабыл алууда тарап иштерге катышуучу тараптардын саны боюнча даттануунун көчүрмөлөрүн тиркөөгө милдеттүү экендиги эч кандай көңүлгө алынган эмес, ал эми бул 250 жоопкер, 23 доогер болгон, мунун баары жасалган эмес. Буга негизденүү менен бул кассациялык даттануу 337-6-статьянын талаптарына ылайык кайтарылып берилүүгө тийиш болгон.
Бирок Чүй областтык сотунун соттук коллегиясынын мыйзамсыз аракеттери бүткөн эмес.
Ошентип "Аркак" АКсынан кассациялык даттанууну кабыл алууда доолордун саны боюнча 23 соттук жыйналыштар 2010-жылдын 4-августунан тартып 2010-жылдын 20сына чейинки мезгилде өзүнчө ар кандай күндөргө дайындалган. Өндүрүштүн кабыл алынышы жана башталышы жөнүндө соттордун аныктамалары чыгарылган.
2010-жылдын 4-августуна дайындалган доолордун бири боюнча доогерлердин жана жоопкерлердин соттун жыйналышына келбей калышына байланыштуу (анткени доогерлер да, жоопкерлер да бүтүмдөрдүн өзү жөнүндө, мындайлардын дегеле бар экендигин билген эмес) процесс башка күнгө которулган. Кийинки доо боюнча процесс 9-августка дайындалган жана бул процессте сот тарабынан аныктама чыгарылбастан, тараптарга кабарланбастан, сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укуктарын бузуу менен бардык 23 доо боюнча өндүрүш бир өндүрүшкө бириктирилген. Чүй областтык соту жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча Сокулук райондук 23 чечимин жокко чыгаргандыгы жана сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүн таануу жөнүндө Сокулук райондук сотунун 2008-жылдын 9-декабрындагы 23 чечимин күчүнө калтыргандыгы жарыяланган. Ошону менен Сокулук райондук сотунун мыйзамсыз чечимдери бекитилген.
Бирок жүйөлөштүрүлгөн чечимди дээрлик бир ай өткөндөн кийин чыгарууда сот тарабынан мурда айтылгандан айырмаланган 23 ар кандай чечимдер чыгарылган. Алсак, 2 доо боюнча иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө, ал эми 21 доо боюнча сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүн таануу жөнүндө Сокулук райондук сотунун 2008-жылдын 9-декабрындагы чечимдери күчүнө калтырылган.
Бирок бир гана өндүрүш болгондуктан жана соттук акт бир процесс менен кабыл алынгандыктан соттук жыйналыштардын протоколдору айырмаланбоого тийиш болгон, бирок бул факт боюнча жогоруда көрсөтүлгөн жагдайларга карабастан соттук актылардын өтө айырмаланып тургандыгы орун алган. Башкача айтканда иш жүзүндө жазык жазасын алуучу кылмыштын курамын өзүндө алып жүргөн одоно укук бузуулар орун алган.
Бул чечимдер белгиленген тартип бузуулардан тышкары сот тарабынан жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча берилген доолор боюнча мөөнөттүн өтүп кетишин колдонуу жөнүндө мыйзамдын статьясынын ченемдерин туура эмес колдонуунун мыйзамдын өтүп кеткенге күчү жоктугунун негиз болуучу юридикалык эрежесин бузуу себеби боюнча билип туруп мыйзамсыз кабыл алынган жагдай маанилүү болуп саналат.
Ошону менен Бейшееванын, Калыбаеванын, Баркыбаевдин төрагалыгы астындагы соттук коллегия мыйзамдарды одоно бузууга жол берип, алардын көпчүлүк бөлүгүнө Кылмыш-жаза кодекси жана тергөө аракеттеринин алкагында гана баа берүүгө болот.
Сокулук райондук сотунун төрагасы Жоомартов өз чечимдери менен буга окшогон мыйзам бузууларды кайталаган. Сотко буга окшогон арыз менен Осмонов Заки деген кайрылганда үзүрлүү судья Жоомартов бир күндө Осмонов Закинин пайдасына сатуу-сатып алуу бүтүмдөрүн таануу жөнүндө жоопкерлерди чакырбастан (алар республиканын чегинен чыгып кеткен же каза болгон), ыйгарым укуктуу орган тарабынан жерлерди алгачкы бөлүп берүүсү жана милдеттүү каттоосу жок 12 чечимди чыгарган.
2008-жылдагы өкмөттүк комиссиянын ишинин натыйжасы жашырылган 902,8 гектар жерди табуу болгон. Көрсөтүлгөн укук бузуулар азыркы убакка чейин четтетилген эмес. Башкы прокуратуранын 2014-жылдагы талап каты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бүгүнкү күнгө чейин үлүшчүлөргө бөлүштүрүүдөн жашырылган жерлердин контурун жана көлөмүн белгилөөгө аракет кылбагандыгын ырастап турат.
Материалдарды иликтөөнүн жүрүшүндө жашырылган жерлер төмөнкү контурларда жайгаштырылгандыгы көрүнүп турат.
№ 84 контур - 10 га
№ 159 контур - 20 га
№ 149 контур - 38 га
№ 218 контур - 25 га
№ 168 контур - 92 га
№ 113 контур - 70 га
№ 123 контур - 10 га
№ 151 контур - 20 га
№ 246 контур - 49,6 га
№ 111 контур - 70 га
№ 48 контур - 20 га
№ 4 контур - 60 га
№ 69 контур - 10 га
№ 53 контур - 5 га
№ 142 контур - 50,2 га
№ 145 контур - 20 га
№ 24 контур - 50 га
№ 520 контур -
№ 93 контур - 10 га
№ 65 контур - 40 га
№ 62 контур - 15 га
№ 8 контур - 20 га
№ 41 контур - 10 га
№ 19 контур - 80 га
№ 44 контур (жайыт) - 13 га
№ 541 контур - 15 га
Дал ушул жерлерге 2008-жылы Сокулук райондук сотунун судьясы Н.Мусаевдин жардамы менен Б.Д.Таласбаев, Б.Рамибаев, А.Касымалиев, Т.Т.Усубалиев тарабынан документтер жалган жасалган жана жалган документтер боюнча Сокулук районунун каттоо боюнча башкармалыгынын жооптуу кызматкерлеринин катышуусу менен Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн өкүлдөрү тике катышышкан 403 гектар жер уурдалып кеткен. Чүй областынын УСФПсынын тергөөчүсү А.С.Сакиевдин токтомдорунан жерлерди чыгарып кетүү үчүн "Красная Заря" ДЧКАсынын мурдагы жетекчилери жана кийин "Аркар" АКсынын жетекчилери тарабынан кооперативди жана жерлерди бир нече дыйкан чарбаларына - "Ак-Шумкар", "Тулпар" АКсына ж.б. бөлүүгө аракет жасалган. Бирок бул аракет ийгиликке жетишкен эмес.
Көп сандаган жазык иштеринин козголгондугуна жана чарбанын мүлкүнө алынган камактарга карабастан мүлк, ошого тете жер да мыйзамсыз сатылуусу, ошондой эле ижарага берилүүсү улантылууда.
Азыркы кезге чейин белгисиз адамдардын тобу - иш жүзүндө алдамчылар тарабынан сатуу улантылып жаткан жерлерге курулган үйлөргө укук сактоочулардын эч кандай иши жок. Белгиленгендей үйлөрдү курууда белгисиз адамдар тарабынан жолдорду, коммуникацияларды, кызыл сызыктарды социалдык-маданий объекттерди көрсөтүү менен жогоруда көрсөтүлгөн контурлардын баарына курулуш долбоорлору алын ала даярдалган жана үй куруу баш аламан эмес, алар тарабынан мурда иштелип чыккан планга так ылайык жүзөгө ашырылууда.
Ага Б.Таласбаевдин, А.Касымбаевдин жана Б.Раимбердиевдин жер участокторун сатып алуучу жерлерди мыйзамсыз чыгарып кетүү менен байланышкан адамдардын тобу активдүү катышкан алдамчылык аракеттердин биринчи толкунунан кийин жерлер Сокулук райондук сотунун, Чүй областтык сотунун, Жогорку соттун кара ниет судьяларын түздөн-түз катышуусу менен жалган адамдар аркылуу сатылып, судьялар укукка жатпаган чечимдерди билип туруп чыгарып орун алган сатып алуу/сатуу бүтүмдөрү деп аталгандарды тааныган. Сатуулар жекече нотариус Т.Усубалиев тарабынан берилген жалган ишеним каттар боюнча жүзөгө ашырылып турган.
Адыл, Алтынбек, Ч.Абыгулова, Касымбаев Памир, Каяр, Рустам ж.б. аттуу адамдардын тобу тарабынан сатуу жер боюнча мыйзамсыз аракеттер менен байланышкан экинчи толкунга тиешелүү.
Экинчи толкундун тобу гектар боюнча жерлерди түздөн-түз сатуучулардын үчүнчү толкуну үчүн сатуу менен алектенген. Сатууну жерлерди Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыкта жол-жоболоштуруусуз аффилирленген нотариустардын тобу тарабынан жүргүзгөн. Бир нече нотариус - Ленин районунун, Сокулук районунун жеке нотариустары. Жекече нотариустар жерлерди тескөөгө ишеним каттарды берген. Көпчүлүк учурларда жерлер 2, 3 адамга сатылып турган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан "Калктуу конуштардын жерлерин" категориясына жана башка категорияларга которулган "Айыл чарба жерлеринин категориясындагы Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жана жарандардын жер үлүштөрүнүн жерлерине карата МААЛЫМАТ
1995-жылдан тартып азыркы убака чейин Жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун "Айыл чарба жерлери" категориясынын жерлеринин "Калктуу конуштардын жерлери ж.б. категорияларына 1151,3 га жер которулган. Текшерүүнүн учурунда болгондорду эске алуу менен ЖКФнын 168,0 га, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине берилген 641,5 га, 91,31 га жарандардын жер үлүштөрүнө берилген жерлер болгон.
2001-2003-жылдардын мезгилинде эле ЖКФнын жерлерин которуу аянты боюнча аяктаган. Андан аркы мезгилде жер үлүштөрүнүн фондунан жүргүзүлгөн. Бардыгы болуп 1157,8 га жарандардын жер үлүштөрү которулган.
Айыл чарба багытындагы жогорудагы жерлерди которуу Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 77-статьясын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 токтому менен бекитилген "Жер участокторун бир категориядан башкасына же жерлердин бир түрүнөн башкасына которуу (трансформациялоо)" жөнүндө жобонун" 30-пунктун, ошондой эле "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13 жана 14-статьяларын Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн, Ново-Павловка айылдык кеңешинин, Сокулук райондук мамадминистрациясынын, Сокулук райондук кеңешинин, Сокулук районунун мамкаттоосунун, Чүй областтык администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн катышуусунда бузуу менен жүргүзүлүп келген.
Бул маморгандардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлери тарабынан орун алган көптөгөн тартип бузуулардан тышкары аларга жерлерди трансформациялоо жүзөгө ашырылган адамдардын тизмесин түзүүдө кеп учурларда жерлерди которуу жерди натурада алдын алуу бөлүүсүз, шектүү сатуу-сатып алуунун жыйынтыктары боюнча (ар кайсы документтерде ар кандай кол коюлар менен көз менен көрүп) жүргүзүлүп, ал эми участокторду ордуна коюп, арадагы жерлерди андан ары трансформациялоонун келечегин эсепке алып, трансформацияланган жана трансформацияланбаган жерлерди кезектештирип шахматтык тартипте трансформациялоо жүзөгө ашырылып келген.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын маалыматына ылайык Сокулук районундагы Ново-Павловка айыл өкмөтү боюнча жер мыйзамдарынын сакталышын текшерүүнү уюштуруунун жүрүшүндө 5 жазык иши козголуп, алардын ичинен ал айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жер участокторун трансформациялоо менен байланышкан 1 жазык иши, айыл чарба багытындагы жер участоктору боюнча 4 жазык иши болгон.
Атап айтканда жер участогун трансформациялоонун мыйзамдыгын текшерүүдө 2009-жылдын 16-майындагы № 295 "Кыргыз Республикасынын Чүй областындагы Сокулук районунун Ново-Павловка айылдык округунун жерлерин которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун аянты 489,0 га жери (алардын ичинен 366 га-сы сугат айдоо жана 123 га-сы кайрак айдоо жерлери) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына берилген.
Бул жер участогун трансформациялоо жүргүзүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн токтомду Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 27-статьясына ылайык "Манас" аэродромунда учуулардын схемасынын жана аба кемелерин эксплуатациялоонун режиминин иштелип чыккандыгына жана белгиленгендигине байланыштуу макулдашкан эмес. Учуулардын схемасы (отунду абадан төгүү, экинчи айлампага кетүү, бурулуу ж.б.) "Семетей" конушунун үстүнө жайгаштырылган жана аба кемелеринин ал аймактык үстүнөн учуулары 200-700 метр бийиктикте аткарылып, мында учуунун 200 метр бийиктиги аба кемесин калктуу конуштун чегинен сырткары чыгарууга мүмкүнчүлүк бербеген, мунун өзү Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 74-статьясын бузуу болуп саналат, анда аба кемелеринин калктуу конуштарынын үстүнөн учуулары аба кемеси бузук болгон учурда ал конуштардын чегинен сырткары конууну жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү бийиктикте жүргүзүлүшү мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Жерлерди бөлүштүрүү боюнча республикалык комиссиянын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун маалыматтары боюнча 30-01-2001 "Шаар куруу. Шаарларды жана шаарчаларды пландаштыруу жана куруу" СЧжЭсине жана 3.03.-03-95 "Аэродромдор" МСЧсына ылайык аэропорттон тартып турак жай курулушунун чектерине чейинки адамдардын ден соолугунун жана аба кемелеринин учуусунун коопсуздугун камсыз кылуучу аралык, б.а. санитардык-коргоо зонасы 3000 метрди түзүүгө тийиш.
Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 токтому менен бекитилген Жер участокторун бир категориядан башкасына же жерлерди бир түрдөн башкаларына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндө жобонун 30-пунктун бузуп, бул трансформациялоо жеткире иштетилбеген жана бүгүнкү күнгө чейин бекитилбеген болуп саналган участокту куруунун башкы планынын белгиленген тартибинде макулдашуусуз жүргүзүлгөн.
Азыркы убакта Сокулук райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуу менен жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө 2340 мамлекеттик актылар берилген.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы 2014-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын КЖКсынын 304-статьясынын 2, 4-бөлүктөрү жана 305-2-статьясы менен каралган кылмыштардын белгилери боюнча жазык иштери козголгон. Тергөө жүрүп жатат.
Сокулук райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын кызмат адамдары 2012-2014-жылдарда айыл чарба багытындагы 29 жер участогун майда участокторго мыйзамсыз бөлүү жүргүзүлгөн жана 2153 адамга Сокулук районунун Ново-Павловка айылындагы жер участокторуна менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар берилген. Мунун натыйжасында айыл чарба багытындагы жалпы аянты 108 га жерде 1800 үй мыйзамсыз курулган жана жердин кыртышы бузулган.
Бул факт боюнча Чүй областынын прокуратурасы 2014-жылдын 14-августунда Кыргыз Республикасынын КЖКсынын 304-статьясынын 2-бөлүгү боюнча жазык ишин козгогон. Жазык ишин териштирүү жүргүзүлүп, тергөө тобу түзүлгөн.
Бишкек шаары, Сокулук жана Аламүдүн райондору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын айыл чарба багытындагы жерлердин пайдаланылышын контролдоону, кыртыштын сакталышын экологиялык контролдоону жана айыл чарба багытындагы жерлерде курулган турак үйлөр боюнча курулушту контролдоону жүзөгө ашыруунун толуктугу бөлүгүндө текшерүүнүн жүрүшүндө "Айыл чарба багытындагы кыртыштын күрдүүлүгүн сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 136 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө" жобонун 1.1-пунктунун талаптарын бузуу менен Мамэкотехинспекциянын Бишкек шаары, Сокулук жана Аламүдүн райондору боюнча региондук башкармалыктардын жетекчилери жана тиешелүү кызматкерлери тарабынан Сокулук районунун Ново-Павловка айылында иштин көрсөтүлгөн чөйрөлөрүндө тиешелүү контролду камсыз кылуу боюнча эч кандай чаралар көрүлгөн эместиги белгиленген.
Текшерүүнүн натыйжалары боюнча Мамэкотехинспекциянын жооптуу кызмат адамдарына карата Кыргыз Республикасынын КЖКсынын 316-статьясынын 1-бөлүгү боюнча жазык иши козголгон. Тергөө жүрүп жатат.
Сокулук райондук прокуратура тарабынан Сокулук райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы 2010-жылдын декабрынан тартып 2011-жылдын апрелине Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн № 481 контурундагы жер участоктору муниципалдык менчик болуп саналгандыгына жана Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн балансында тургандыгына карабастан, өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан ашып түшүп, айыл өкмөтүнүн же соттун эч кандай чечимдери жок туруп, менчик ээсин алмаштыруу максатында мыйзамсыз каттоо жүргүзгөн жана жеке жактар С.Жапаеванын жана Ж.Кыдырмаевдин кызыкчылыктарында көрүстөнгө арналган жер участокторуна жеке менчик укугу жөнүндө 105 мамлекеттик акт берген.
Андан тышкары, Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн № 481 контурундагы жер участоктору айыл чарба багытындагы жерлер жана транспорттун, байланыштын жана өнөр жайдын жерлери болуп саналган. Сокулук райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыктын жооптуу кызмат адамдары өздөрүнүн кызматтык абалдарынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтык жасалмалуулук жолу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-майындагы токтомунун 3-пунктуна жана № 481-1 контурдагы жер участокторун трансформациялоо жөнүндө 2009-жылдын 24-январындагы № 45 токтомуна шилтеме жасап, башка контурга которуп, жеке турак жай куруу укугун берүү менен жер участокторуна жеке менчик укугу жөнүндө 105 мамлекеттик акт берген.
Сокулук райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринен натыйжасында Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн № 481 контурунда турак үйлөрдү мыйзамсыз куруу жүргүзүлүүдө.
Бул факт боюнча 2014-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын КЖКсынын 304-беренесинин 2-бөлүгү, 305-статьясынын 2-бөлүгүнүн 6-пункту жана 215-статьясынын 1-бөлүгү менен каралган кылмыштардын белгилери боюнча жазык иши козголгон.
Андан тышкары, Сокулук райондук прокуратурасы райондук сотко айыл чарба багытындагы жерлерде мыйзамсыз тургузулган курулуштарды бузуу жөнүндө 105 доо арыздарын берип, алар кароо стадиясында турат.
Азыркы убакта Башкы прокуратура тарабынан Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы менчик жер участокторун калктуу конуштардын жерлерине которуунун (трансформациялоонун) мыйзамдуулугун текшерүү жүргүзүлүп, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун негизинде 2008-2009-жылдарда айыл чарба багытындагы 258,0 га жер участоктору трансформациялангандыгын белгилей кетүү керек, анын натыйжасында мыйзамга ылайык чечим кабыл алынмак.
Андан тышкары, прокуратура органдарына аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан айыл чарба багытындагы жерлерди башка категорияларга трансформациялоо жөнүндө чечимдерди кабыл алууда жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын жана алардын максаттуу пайдаланылышын текшерүүнүн уюштуруу жөнүндө көрсөтмө жиберилген.
Текшерүүнүн жүрүшүндө убактылуу депутаттык комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-февралындагы № 19-668 тапшырмасына ылайык жумушчу комиссиясы түзүлгөндүгү белгиленген. Аны менен трансформациялоого мораторий киргизилген Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жана айыл чарба багытындагы өзгөчө баалуу жерлерди коргоого багытталган 2009-жылдын 31-июнундагы № 557 "Сугат айдоо жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынганга чейин курулуш курулган айыл чарба багытындагы жерлерди инвентаризациялоо анын негизги максаты болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул жумушчу комиссиясы Ново-Павловка айылдык аймагында комиссиялык текшерүүнү жүргүзгөн жана жалпы аянты 1148,2 га 20 контурдагы сугат айдоо жеринде жекече турак жайларды мыйзамсыз курууну, анда үйлөрдүн көпчүлүгү трансформациясыз, б.а. мыйзамсыз, айылдын өнүгүшүнүн келечектүү планын эске албастан курулгандыгын белгилеген. Жер үлүштөрүнүн ээлеринин жалпы аянты 149,35 га 12 контурдагы 44 жер үлүшүнүн ээлеринин жер үлүштөрү бар, анда которуу башталган, бирок аяктаган эмес.
Ал контурларда да сугат айдоо жеринде жекече турак үйлөрдү мыйзамсыз куруу жүргүзүлүүдө. Ошондой эле курулуш курулган жер участокторунун курчоосунда калган № 516, 544, 546, 545, 546, 553, 555 сугат айдоо жериндеги жалпы аянты 46,8 га 7 контурдагы жер үлүштөрү да бар. Текшерүүнүн жүрүшүндө ал жер участоктору максаттык багытта пайдаланылган, бирок ал контурлар мыйзамсыз курулуш курулган контурлардын курчоосунда калган, андан ары алардын максаттуу багытта пайдаланылышы шек туудурат.
Бирок ал комиссия коюлган максат боюнча жетиштүү текшерүүнү жүргүзбөстөн 2009-жылдын 31-июлуна, "Сугат айдоо жерлерин жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Мыйзам кабыл алынганга чейин курулган курулуштарды да мыйзамдаштырууну бир жолу чечкен.
Комиссиянын төрагасы өз убагында жерлердин пайдаланылышын жана сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча бөлүмдүн начальниги болуп туруп мыйзамсыз курулушка тоскоолдук келтирбестен көздү жуумп койгон жана азыркы учурда ушул кезге чейин улантылып келе жаткан колдонуудагы мыйзамдарды кылмыштуу бузууларга жол берген бардык мамлекеттик бийлик органдарынын кылмыштуу аракетсиздигин жашырып-жабууну колдоодо.
Ал аз келгенсип өзүнүн "текшерүү учурунда жер участогу максаттык арналышта пайдаланылып жатат" бирок бул контурлар мыйзамсыз курулган контурлардын курчоосунда калып, андан ары алардын максаттык багытта пайдаланылышы шектүү" деген тыянагы менен мыйзамдарды андан ары бузууга жол берүүдө.
Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясына жер участогун акысыз жана мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө маалымат
Ново-Павловка айылдык кеңешинин кезексиз сессиясынын 2014-жылдын 18-июнундагы № 2 токтому менен 21,79 га жерди, анын ичинде 2,1 га огород чарбактарды, 0,7 га жайытты жана 1899 га бак-дарактарды "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө токтом кабыл алынган. Бул токтомдун жер мыйзамдарын төмөнкүдөй бузуулары бар:
- токтомдо берилүүчү - жер участокторунун менчигинин түрү көрсөтүлгөн эмес;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген "Жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндө" убактылуу жобого) ылайык жер участокторун которуунун шарттары бузулган;
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-статьясына ылайык айылдык кеңеш бул жер участокторун тескөөгө ыйгарым укуктары жок;
- "Айыл чарба багытындагы жерлерди" башка категорияга которууга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын орду толтурулушу зарыл. Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтомунун талаптарына ылайык тиешелүү пункт киргизилген эмес.
Коргоо министрлигинин № 97632 аскер бөлүгүнүн жерлерине карата маалымат
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) берген маалыматка ылайык 2009-жылдын 9-декабрында КР МФПКсынын ТБсы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКсынын 304-статьясынын 2-бөлүгү боюнча № 08-09-5178 жазык иши Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Орто Азия аскер округунун (ОААО) 97632 аскер бөлүгүнүн жерлеринен жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жарандарга жер участокторун мыйзамсыз бөлүп берүү фактысы боюнча козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1967-жылдын 27-мартындагы № 121/8 жана 1971 -жылдын 16-декабрындагы № 540/32 токтомдорунун негизинде ОААОнун № 97632 аскер бөлүгүнө "Красная Заря" колхозунун жерлеринен аянты 12 га жер участогу бөлүнүп берилген жана 1971-жылдын 16-декабрында Сокулук райондук эл депутаттарынын аткаруу комитетинин жерге жайгаштыруучусу тарабынан жерди пайдалануу укугуна акт берилген.
2006-жылдын 5-апрелинде КР КМнын курулуш жана аскерлерди жайгаштыруу башкармалыгынын имараттарды жана курулмаларды эсепке алуу боюнча инженери А.Михалченко башкармалыктын зардалы М.Бөрүбаевдин оозеки көрсөтмөсү боюнча КР КМнын № 97632 аскер бөлүгүнө жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик акты берүү тууралу арыз менен Сокулук районунун кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгына арыз менен кайрылган.
2006-жылдын 13-апрелинде Сокулуктагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыктын адиси Р.М.Мырзакасымов № 97632 аскер бөлүгүнүн жер участогун тактоолорду жана чек араларын макулдашууну жүргүзүп, анын натыйжасында № 97632 аскер бөлүгүнүн жер участогунун аянты 2,87 га-ны түзүп, мында алардын айткандары боюнча участоктун иш жүзүндөгү аянты 4,53 га-ны түзгөн.
КР ККМнын курулуш жана аскерлерди жайгаштыруу башкармалыгынын зардалы М.Бөрүбаев аянты 4,53 га жер участогуна макулдашуу актысын жол-жоболоштурбастан жана мөөнөтсүз пайдалануу укугуна мамлекеттик актыны албастан, аны КР КМнын № 97632 аскер бөлүгүнө бекитип берүү боюнча чараларды көрбөстөн анын чек араларын расмий макулдашуу менен аянты 2,87 га жер участогуна мөөнөтсүз пайдалануу укугун жол-жоболоштурууга макулдук берген.
Кыргыз Республикасынын КМнын № 97632 аскер бөлүгү аянты 2,87 га жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик актыны макулдашылгандан жана алгандан кийин Ново-Павловка айылдык башкармалыгынын чечими менен жол-жоболоштурулбай калган жер участоктору жарандарга жеке турак жай курууга бөлүнүп берилген. Тергөөнүн натыйжалары боюнча түшүнүксүз себептерден Ново-Павловка айылдык башкармалыгынын мурдагы башчысы Б.Мамышевге, Сокулук райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыктын мурдагы начальниги Э.Рэджеповго жана көрсөтүлгөн башкармалыктын башкы адиси Р.Мырзакасымовго карата жазык иши тергөө тарабынан көрсөтүлгөн. Алардын аракеттеринде КР ЖПКнын 28-статьясынын 1-пункту боюнча кылмыштын курамы жок деген жүйө менен жазык куугунтугу негизги токтотулган.
Тергөөчүнүн бул аракети прокуратура органдарында жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын аракеттеринде кылмыштардын курамынын жана аларды жасоонун жүйөсү болгондугуна карабастан каршылык келтирүү болгон эмес. Мында ал жооптуу адамдар негизсиз, жерге кандайдыр бир укугу жок эле ал жер участокторун жеке турак жай куруу үчүн бөлүп берген, башкача айтканда маңызы боюнча ал жерлерде менчик ээси мыйзамсыз алмаштырылган. Буга байланыштуу бул адамдарга карата жазык куугунтугун токтотуу мыйзамсыз жүзөгө ашырылган. Бул аракеттер үчүн жоопкерчилик декабрында КР МФПКсынын ТБсынын (каржы полициясынын), КР Башкы прокуратурасынын, КР Аскер прокуратурасынын жооптуу адамдарында жатат.
КР КМнын кызмат адамдарына карата 2010-жылдын 3-майында КР КМнын курулуш жана аскерлерди жайгаштыруу башкармалыгынын мурдагы зардалы Мурза-Али-Бөрүбаевич Бөрүбаевге КР ЖПКнын 304-статьясынын 2-бөлүгү боюнча күнөө коюлган жана 2010-жылдын 4-майында бул жазык иши КР ЖПКнын 236-статьясынын тартибинде КРнын Башкы прокуратурасына күнөөкөр катары тартуу жөнүндө токтомду бекитүү жана ишти соттуулук боюнча жиберүү жөнүндө маселени чечүү үчүн жиберилген.
2010-жылдын 14-майында М.Бөрүбаевди күнөөлөө боюнча жазык иши тергөөнүн өксүктөрүн толтуруу үчүн КР Башкы прокуратурасы тарабынан кайтарылып берилген, анткени Башкы прокуратуранын пикири боюнча тергөөнүн жүрүшүндө М.Бөрүбаев тарабынан КРнын КЖКсынын 304-статьясынын 2-бөлүгү менен каралган кылмыштардын жасалгандыгын көрсөтүүчү жетиштүү далилдер чогултулган эмес, Башкы прокуратуранын айтуусу боюнча анын милдеттүү белгиси өзү жана башка адамдар үчүн пайдалар менен артыкчылыктарды алуу, ошондой эле башка кызыкчылык максатында жасалган кызматтык абалдан кыянаттык менен пайдалануу болуп саналат.
Кошумча териштирүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги азыркы убакта жер участогунда капиталдык курулуштар тургандыгына жана тиешелүү документтер жол-жоболоштурулгандыгына байланыштуу бул жазык иши боюнча күнөөлөөнү колдоодон баш тарткан. Ушул себеп боюнча, ошондой эле М.Бөрүбаевдин кызыкчылыктарын коргогон адвокат М.Ибраевден жагдайдын өзгөрүшүнө жана жасалган жосун коомдук коркунучтуу мүнөзүн жоготкондугуна, ошондой эле күнөөкөрдүн улгайган курагын жана ден соолугунун абалын эске алынгандыгынын жүйөлөрү боюнча 2010-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги күнөөнү колдоодон баш тарткандыгына байланыштуу КР ЖПКсынын 29-статьясынын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун жана 28-статьясынын 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде М.Бөрүбаевге карата жазык иши токтотулган.
Жазык ишин токтотуу тергөө аракеттерин тиешелүү жүргүзүүсүз, мамлекетке эч ким тарабынан орду толтурулбаган зыян келтирилгендигине карабастан декабрында КР МФПКсынын ТБсынын (финансы полициясынын), КРнын Башкы прокуратурасынын, КР Аскердик прокуратурасынын, КРнын Коргоо министрлигинин кызмат адамдарынын кошо катышуусу менен мыйзамсыз жүргүзүлгөн.
Бул учурда жазык ишинин туура эмес бүткөрүлүшү бул кылмышты жасаган адамдарга өздөрү келтирген зыяндын ордун кандайдыр бир толтурбастан камырабай жоопкерчиликтен кетип калууга мүмкүнчүлүк берген. Кандайдыр бир негизсиз, Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1967-жылдын 27-мартындагы № 121/8 жана 1971-жылдын 16-декабрындагы № 450/32 жокко чыгарылбаган токтомдору жана 1971-жылдын 16-декабрындагы жерди пайдалануу укугуна жокко чыгарылбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык юридикалык күчү бар акт боюнча кандайдыр бир мыйзамдуу негиздерсиз берилген. 9,13 га жердин тагдыры түшүнүксүз бойдон калган.
Жерлерге карата жасалган кылмыштардын көлөмүнүн жана жерлерге менчик ээлерин толгон-токой мыйзамсыз алмаштыруунун бул кылмыштын коомдук коркунучтуу мүнөзүн болуп жаткандыктан бул кылмыштын коомдук коркунучтуу мүнөзүнүн жоготушу жөнүндө сөз кылууга болобу, бул кылмыш андан жаңы майда нерселерге ээ болот.
Буга байланыштуу Башкы прокуратурага тергөө органдарына, ошондой эле прокуратура органдарынын жана КР КМнын кызматкерлерине тиешелүү баа берүүсү жана бул жазык иши менен байланышкан жүйөлүү чечим кабыл алуусу зарыл.
"Кыргызтуракжайкоммунбирлик" МИсинин алдындагы адистештирилген комбинатка жана Ново-Павловка айыл өкмөтүнө тиешелүү жерлерди мыйзамсыз сатууга карата
Ново-Павловка айыл өкмөтү тарабынан "Кыргызтуракжайкоммунбирлик" МИсинин алдындагы адистештирилген комбинатка тиешелүү жерлерге курулуш үчүн жер участокторун бөлүп берүүнүн мыйзамдуулугун Сокулук райондук прокуратурасынын текшерүүсүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 15-октябрындагы № 507 токтому менен республикалык адистештирилген комбинатка "В.И.Ленин атындагы станок жасоочу завод" ӨБсынын көмөкчү чарбасынын жана Сокулуктагы КыргызМБИӨнүн тажрыйба чарбасынын жерлерин ээлигинен ажыратуунун эсебинен санитардык-коргоо зонасынын аянты көбөйтүп берилген.
Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын 1996-жылдын 5-февралындагы № 60 токтому менен Сокулук районунун 302 га жери атайын комбинатка бекитилип берилип, бул жөнүндө туруктуу ээлик кылуу жана жерди пайдалануу укугуна мамлекеттик акт берилген.
Ново-Павловка айылдык кеңишинин 2008-жылдын 28-июнундагы № 3 токтому менен "Учкун" участогундагы 49 га жайыт жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер" категориясына трансформациялоо жүргүзүлгөн. Айылдык кеңештин төрагасынын кызматына ал 2008-жылдын октябрында дайындалганына карабастан айылдык кеңештин төрагасынын атынан ал токтомго Л.М.Петрова кол койгон.
Ал жер участогу республикалык адистештирилген комбинаттын радиоактивдүү калдыктарды көмүү пунктуна таандык болгондуктан жана ага катталгандыктан жана радиусу 100 метр санитардык-кайтаруу зонасы болгондугуна карабастан бөлүнүп берилген.
Сокулук райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыктын суратылган начальниги Э.Раджепов (бүгүнкү күндө ал Жайыл райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыктын начальниги болуп иштейт). 2008-жылы Сокулук райондук укуктарды каттоо боюнча башкармалыктын начальниги болуп иштөө менен кайтаруу зонасын бекитип берүү жөнүндө кандайдыр бир маалыматтардын жоктугуна байланыштуу адистештирилген комбинатка (ПЗРО) тиешелүү болгон жер участокторунун тактагандыгын түшүндүргөн. Түшүндурмөдө өзүнүн мыйзамсыз аракеттерин Э.Раджепов толугу менен мойнуна алган.
Бирок менчик ээси - ПЗРОнун атайын комбинаты сатуунун-сатып алуунун кандайдыр бир бүтүмдөрүнө катышпагандыгынын жана декабрында Ново-Павловка айыл өкмөтү ал жерлерге эч кандай тиешеси жоктугунун жагдайы аны түйшөлдүргөн эмес.
Бүгүнкү күнгө карата Э.Раджепов жерлерди мыйзамсыз жол-жоболоштуруу менен байланышкан мыйзамсыз аракеттерине карабастан МККнын тутумунда, Жайыл райондук башкармалыктын начальнигинин кызматында эмгектенүүсүн улантып жаткандыгын маанилүү деп белгилей кетүү керек.
2008-жылдын 11-июнунда Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн № 499 токтому менен 20058-жылдын 11-июнундагы № 6 тоорукту өткөрүү боюнча комиссиянын протоколунун негизинде аянты 1,6 га № 1 жер участогуна менчик укугу Магомедов Омар Мусаевичке берилген. 2008-жылдын 16-июлунда айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамышев менен О.Магомедовдун ортосунда аянты 1,6 га жер участогуна 180000 сомго келишим боюнча 2008- жылдын 1-июлундагы келишим боюнча акы төлөөнү көрсөтүү менен менчик укугун сатуу-сатып алуу келишими түзүлгөн.
Көрсөтүлгөн келишимге тараптар, анын ичинде Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамышев кол коюп, андан кийин 2008-жылдын 28-июлунда Сокулук райондук Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалык тарабынан О.Магомедовго Жер участогуна менчик жеке укугу жөнүндө мамлекеттик акт берилген. Суралган О.Магомедов кандайдыр бир сынакка катышпагандыгын түшүндүргөн.
О.Магамедов, ошондой эле анын атасы М.М.Магомедов жер участокторуна тиешелүү мыйзамсыз аракеттерде байланышкан учурларда бир нече жолу байкалган (413 га жерге карата жазык иши, доогер Р.Б.Миңбаева) анда О.Магамедов дээрлик 22 га жердин сатып алуучусу болуп чыгат. Ошондой эле Н.Баякуновдун арызы боюнча (403 га жерге карата жазык иши, Н.Баякуновдун доосу) ал О.Магемодовду кылмыштын кошо катышуучусу катары көрсөтөт.
Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн башчысынын 2008-жылдын 10-июлунда № 619 токтому менен 2008-жылдын 10-июлундагы № 8 тоорук өткөрүү боюнча комиссиянын протоколунун негизинде аянты 25 га № 1 жер участогуна менчик укугу Качкорбаева Шазадаканга берилген.
2008-жылдын 18-июлунда айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамышев менен Ш.Кочкарбаеванын ортосунда 2008-жылдын 1-августундагы келишим боюнча акы төлөөнү көрсөтүү менен 371000 сомго аянты 25 га жер участогуна менчик укугуна сатып алуу-сатуу келишими түзүлгөн.
Көрсөтүлгөн келишимге тараптар, анын ичинде Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамашев кол койгон, андан кийин 2008-жылдын 21-июлунда Сокулук райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы тарабынан Ш.Кочкарбаевага Жер участогуна менчик жеке укугу жөнүндө мамлекеттик акт берилген. Суралган Ш.Кочкарбаева кандайдыр бир сынакка катышпагандыгын түшүндүргөн.
Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн башчысынын 200-жылдын 18-июлундагы № 620 токтому менен 2007-жылдын 10-июлундагы тоорук жүргүзүү боюнча комиссиянын протоколунун негизинде Анапияева Нургул Асанбековнага аянты 24 га № 2 жер участогуна менчик укугу берилген.
Ошол эле күнү айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамышев менен Н.Анапияевдин ортосунда 2008-жылдын 1-июлундагы келишим боюнча акы төлөөнү көрсөтүү менен 360000 сомго аянты 24 га жер участогуна менчик укугунун сатуу-сатып алуу келишими түзүлгөн.
Көрсөтүлгөн келишимге тараптар, анын ичинде Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамышев кол коюп, андан кийин 2008-жылдын 21-июлундагы Сокулук райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы тарабынан Н.Анапияевага Жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт берилген.
Н.Анапияева да кандайдыр бир сынакка катышпагандыгын түшүндүргөн.
Ошону менен жогорку көрсөтүлгөн жерлер анда жер участоктору тооруктарда (аукциондо, сынакта) сатуу жолу менен пайдаланууга берилээри айтылган Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-статьясын бузуп, сынак өткөрбөстөн берилген.
Мында Б.Мамышевдин кызыкчылыктарында аракеттенген адвокат Р.Ашимбековадан жазык жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгаруу тууралуу өтүнүч келип түшкөн.
Бул өтүнүч прокурордун пикири боюнча жер участокторун бөлүп берүү 2008-жылы жүзөгө ашырылгандыгынын жана сатуу учурунан бери алты жыл өтүп кеткендиктин себебинен канааттандырылган.
Прокурордун бул билдирилгендери жана күнөөнү колдоодон баш тарткандыгы күнөөлүү адамдардын жоопкерчиликтен кетип калууга мүмкүнчүлүк берген. Ошону менен прокуратура органдары тарабынан тиешелүү укуктук баа берилбей, күнөөлүү адамдардын аракеттери туура эмес квалификацияланып, аларга жазык жоопкерчилигинен бошонуу үчүн шарттарды түзгөн жана мунун баары зыяндын көлөмү жана суммасы зор өлчөмдө болгондугуна карабастан жасалган.
Бишкек шаарынын көрүстөнү үчүн трансформацияланган 70 га жерге карата маалымат
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 1-декабрындагы техникалык тапшырмасын өткөрүү үчүн "Кыргызгипрозем" институту тарабынан "Чүй областындагы Сокулук районунун айыл өкмөттөрүнүн чек араларын тактоо долбоорунун" негизинде жерлердин түрлөрүн тактоо максатында "Красная Заря" колхозунун чек араларында жайгашкан Ленин атындагы заводдун көмөкчү чарбасынын жерлеринин чек аралары белгиленген жана бекитилген, алар 2003-2004-жылдары Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын 2005-жылдын 26-августундагы № 437 токтому (Ново-Павловка айылдык кеңешинин 2004-жылдагы токтомдору, 2004-жылдагы Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн чечимдери) менен Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн жерлерине өткөрүп берилген жана кошулган.
Мына ошентип, Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн жерлерине кошулган жерлердин жалпы аянты 243,1 га-ны түзүп, алардын ичинен 182,9 га-сы (картографиялык материалдар боюнча "бош жаткан сугат жери"), 24,0 га-сы жайыттар, 0,9 га-сы каналдар, коллекторлор, 0,4 га-сы жолдор, 1,5 га-сы башка жерлер, 24,4 га-сы башка пайдалануучулардын жерлери болгон.
Жогоруда көрсөтүлгөн токтомго Сокулук районунун акими А.Ч.Чыныбаев, акимдин биринчи орун басары Т.Султаналиев, агрардык өнүгүү департаментинин директору А.Осмонкулов жана Сокулуктагы мамкаттоонун начальниги Э.И.Ражапов виза койгон.
Жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-пункту менен Сокулук районунун мамкаттоосуна маалыматтарды жер кадастрына ылайык келтирүүнү жүргүзүү тапшырылган. Бирок кадастрдык отчетторго өзгөртүүлөр киргизилген эмес, ошону менен КРнын Жер кодексинин 101, 105, 109, 115-статьяларынын талаптары бузулган.
2009-жылдын 27-майындагы № 174 чечими менен Ново-Павловка айыл өкмөтү Сокулуктагы РМАдан төмөнкүлөрдү сураткан:
- 1-пункт менен 70,0 га жерди "Айыл чарба багытындагы жерлердин" категориясынан "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууну жана аларды Бишкек шаарынын мэриясына көрүстөн үчүн берүүнү;
- 2-пункт менен Ңово-Павловка айыл өкмөтүнүн чечимин Сокулук раймамадминистрациясы тарабынан бекитүүсүн, ал Сокулук раймамадминистрациясынын 2009-жылдын 30-сентябрындагы токтому менен бекитилген.
Өз кезегинде Сокулук РМАсы Чүй областтык администрациядан жана Жер берүү маселелери боюнча республикалык комиссиядан 70,0 га жерди Бишкек шаарынын мэриясына көрүстөн жайгаштыруу үчүн берүүнү суранган жана Сокулук мамкаттоосун (Э.И.Ражепов) жер участокторун которуу жөнүндө документтерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткенден кийин жер-кадастрдык документтерге өзгөртүү киргизүүгө милдеттендирген.
Бирок Сокулук мамлекеттик администрациясынын 2009-жылдагы жер фондунун отчетун бекитүү жөнүндө токтомунда Ново-Павловка айылдык аймагынын трансформацияланган 70,0 га жери жөнүндө эч кандай маалымат жок.
Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы 2010-жылдын 11-мартындагы № АРО2/436-С каты менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-октябрындагы № 19-41/113 тапшырмасына ылайык Сокулук мамадминистрациясына кайрылган (Башкы прокуратуранын суроо-талабына карабастан ал табылбай калган) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 01-р/2029 катынын негизинде (ал да берилген эмес). Көрүстөндү жайгаштыруу үчүн 70,0 га жерди Бишкек шаарынын мэриясына берүүнү бекитүүнү жана жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес) пайдаланууга укук жөнүндө мамлекеттик акт берүүнү өтүнгөн. Сокулук раймамадминистрациясынын акими Б.М.Өскөнбаев ошол эле күнү Сокулук мамкаттоосуна жана Ново-Павловка айыл өкмөтүнө "Эң кыска мөөнөттө чечилсин" деген резолюция менен катка кол койгон.
Ново-Павловка айыл өкмөтү 2010-жылдын 11-мартындагы № 53 чечими менен 2009-жылдын 26-чакырылган Ново-Павловка айылдык кеңешинин кезексиз жыйналышынын 2009-жылдын 26-майындагы № 6 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-октябрындагы № 19-41/113 тапшырмасына шилтеме жасап, Бишкек шаарынын мэриясынын ырасым кызматтары агенттигине 70,0 га жер берет жана чечимди бекитүүнү Сокулук раймамадминистрациясынан өтүнөт. Сокулук раймамадминистрациясы 70,0 га жерди мөөнөтсүз пайдаланууга Бишкек шаарынын мэриясынын расымдар кызматтар агенттигине бөлүп берүү 2010-жылдын 12-мартындагы № 166 токтомун кабыл алган жана Сокулуктагы мамкаттоого мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик акт берүүнү жана ал укукту каттоону Сокулук мамкаттоосуна тапшырган. Көрүстөндү жайгаштыруу долбоорун иштеп чыгуу райондук башкы архитекторуна тапшырылган.
Мына ошентип Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 токтому менен бекитилген "Жерлерди бир категориядан башкасына же жерлердин бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндө" жобо менен бекитилген трансформациялоонун (которуунун) шарттары, ошондой эле КРӨнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтомунун айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу жөнүндө талаптары аткарылган эмес.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому менен бекитилген жобонун шарттары боюнча айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун алдын ала суммасы 82467000 сомду жана алынбай калган пайданыкы 3388000 сомду, баардыгы болуп 85855000 сомду түзмөк. Ал эми Бишкек шаарынын мэриясынын расымдык кызматтар агенттиги жогоруда көрсөтүлгөн акчанын суммасын жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик акт берилгенге чейин төлөп берүүгө тийиш болгон. Бирок көрсөтүлгөн сумма азыркы кезге чейин төлөнүп бериле элек.
Жер мыйзамдарын бузуулардын фактылары жөнүндө жарандардын Сокулук райондук ИБсында катталган билдирүүлөрүнө карата Чүй областынын ПИББсынын маалыматы
Чүй областынын ИИББсынын маалыматына ылайык 2005-жылдан тартып 2014-жылга чейинки мезгилдин ичинде Сокулук райондук ИИББсында жер мыйзамдарын бузуулардын, анын ичинде Ново-Павловка, Военно-Антоновка, Орок айылдык округдарынын аймагында жер участокторун мыйзамсыз берүүнүн, кайра жол-жоболоштуруунун, трансформациялоонун фактылары жөнүндө жарандардан бардыгы болуп 279 билдирүү катталган.
Жарандардын билдирүүлөрүнүн көрсөтүлгөн санынын ичинен чечимдер төмөнкүлөр боюнча кабыл алынган:
- 161 факт боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө;
- 14 материал Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИББсына өткөрүп берилген.
Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар Сокулук районунун Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн аймагында көп жылдардан бери кылмыштуу топ иштеп, алардын ичине аткаруу бийлик органдарынын, укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын, соттордун кызмат адамдары кирип, алар ар кандай коррупциялык схемаларды пайдалануу менен жер участокторун мыйзамсыз сатып жүргөндүгү жөнүндө күбө болот.
Алар жасагандын натыйжасы бүгүнкү күндө айыл чарба багытындагы жерлердин эң баалуу бөлүгү жок болгондугу жана жалпы аянты 400 га-дан ашык ал жерлерде жекече турак жай үйлөрүн мыйзамсыз куруу болуп саналат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, бул маселенин бардык жагдайларын толук жана калыс изилдөө жана биротоло чечим кабыл алуу үчүн, ошондой эле төмөнкү кызмат адамдарынын аракеттерине жана аракетсиздиктерине юридикалык баа берүү үчүн:
- Сокулук районунун Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер участокторун бөлүштүрүүдө, менчикке берүүдө, трансформациялоодо Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузууга жол берген бардык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын;
- укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын кылмыштуу салкын мамилеси жана жер мыйзамдарын бузуулардын фактылары жөнүндө жарандардын келип түшкөн арыздары боюнча өз убагында мамиле жасабоонун жана чараларды кабыл албагандыгы, өздөрү кабыл алган чечимдердин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн тиешелүү контролдоону мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөлдү жүзөгө ашырбагандыгынын;
- жогоруда көрсөтүлгөн кызмат адамдары жана башка кызыкчылыгы бар адамдар тарабынан коррупциялык аракеттерди жасоого көмөк берүүчү билип туруп туура эмес соттук чечимдерди кабыл алгандык үчүн сот тутумунун.
Убактылуу депутаттык комиссия алардын курамына КР ИИББнин, КР УМККнын, КРӨгө караштуу ЭККМКсынын, прокуратура органдарынын, тиешелүү мамлекеттик органдарынын алдыңкы адистерин жана жер маселелери боюнча көз карандысыз эксперттерин киргизүү менен ведомстволор аралык тергөө-оперативдүү топ түзүүнү сунуш кылат.
Ведомстволор аралык тергөө-оперативдүү топтун жетекчиси болуп Кыргыз Республикасынын ИИМи аныкталсын.
Кыргыз Республикасынын Башы прокурору бул ведомстволор аралык тергөө-оперативдик ишине жеке көзөмөлдү жүзөгө ашырсын.
Убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы |
| Т.Мадылбеков |
2014-жыл 23-сентябрь - 3-октябрь |
| Жаңы-Жер айылы |
Убактылуу депутаттык комиссиясы Баткен облусунун Кадамжай районунун Актурпак айыл өкмөтүнүн тургундарынын жер маселелери боюнча кайрылуусунун Актурпак айыл өкмөтүндө төмөндөгү маселелерди кароону пландаган:
1. 1994-1996-жылдары өткөн жер реформасы мезгилиндеги жер балансы.
2. Актурпак айыл өкмөтүнүн аймагында жер реформа мезгилинде жашаган тургундарынын категорияларына ылайык жердин бөлүнүшү жана жер үлүшүн алуучулардын тизмесин тактоо.
3. Мамлекеттик жер фондусунун иштетилиши жана ал жерлер боюнча проблемалар.
4. Жеке менчик турак-жай куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жана мыйзамдуулугу.
5. Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалануу тартиби.
Белгилеп кете турган нерсе - төмөндөгү келтирилген фактылар, цифралар, суроолор расмий документтерди анализдөөнүн негизинде гана келтирилди. Биздин эксперттик комиссиянын ушул маселелерди жеринде тактоо аракети айыл округунун башчысынын, жергиликтүү кеңештин Төрагасынын жана жергиликтүү кеңештин айрым депутаттарынын тоскоолдугунун негизинде ишке ашпай калды.
1. 1994-1996-жылдары өткөн жер реформасы мезгилиндеги жер балансы.
- 1993-жылы "Бүргөндү" совхозунун жерлери боюнча өткөрүлгөн инвентаризациясынын жыйынтыгында жердин -
- жалпы аянты - 68362 га анын ичинен;
- сугат айдоо жерлери 2921 га;
- көп жылдык өсүмдүктөр 1491 га - өрүк бак 679 га, анар 42 га, жүзүм 747 га, тыт 23 га;
- мелиоративдик курулуштагы жерлер (өздөштүрүлүп жаткан) жерлер - 472 га;
- жайыттар - 39986 га;
- башка жерлер - 22966 га.
Ал эми 01.01.2014-ж. карата
- жалпы аянты - 66725 га анын ичинен;
- айдоо жерлери 3878 га, сугат жерлери 3878 га;
- көп жылдык өсүмдүктөр 971 га - өрүк бак 535 га, жүзүм 412 га, тыт 24 га;
- мелиоративдик курулуштагы жерлер (өздөштүрүлүп жаткан) жерлер - 29 га;
- жайыттар - 33702 га, курамында 859 га айыл жакасындагы жайыттар жана 32836 га камбыл жерлериндеги жайыттар;
- башка жерлер (земли запаса) - 25238 га.
2. Экинчи маселе: Актурпак айыл өкмөтүнүн аймагында жер реформа мезгилинде жашаган тургундарынын категорияларына ылайык жердин бөлүнүшү жана алгачкы жер үлүшүн алгандардын тизмесин тактоо.
Кадамжай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 1995-жылдын 13-майындагы № 469 токтому Бүргөндү совхозунун аймагында жер реформасы жүргүзүлүп Актурпак айыл өкмөтү түзүлүп, айыл өкмөтүнүн аймагында жаңыдан уюшулган 84-дыйкан чарба, 154 фермер чарбалар түзүлүп аларга жер улуш катары жалпы 3447,35 га жер анын ичинен 2379,4 га сугат айдоо, 917,3 га көп жылдык бак, 150,7 га мелиоративдик жакшыртуу жерлери берилген.
Кадамжай районунун мамкаттоосу берген маалыматка ылайык "Актурпак" айыл аймагынын 1995-ж. жер үлүштөрүн алып, жер жана агрардык реформа тарабынан каттоо журналына түшкөн атуулдардын тизмесинде" 1266 үй бүлөөгө 2788,71 га жер үлүшү бөлүнүп берилген. Анын ичинен 1766,6 га сугат, 775,36 га көп жылдык дарактар (өрүк, тыт) жана бадалдар (жүзүм), 246,75 га мелиоративдик курулуштагы (өздөштүрүлүп жаткан) жерлер 2014-жылдын 1-январына карата 4859 үй бүлөөгө үлүш катары 3047 га сугат айдоо, 590,0 га көп жылдыктар (444 бактар, 146 га жүзүм) бөлүнүп берилген.
Биздин эксперттик топтун текшерүү мезгилине карата 451,4 га жер райондук Мамлекеттик каттоо органында каттоодо жок болуп чыкты. Бул жерде дагы бир укуктук тактоону талап кылган маселе - жер реформасы бүткөндөн кийин (2001-2007-жылдарда) 3593 үй-бүлөөгө үлүш жер берилген.
3. Мамлекеттик жер фондусунун иштетилиши жана ал жерлер боюнча проблемалар.
Кайра бөлүштүрүү фондунун жери боюнча расмий документтердеги фактыларга негиздеп төмөнкүдөй таблица түзүлдү.
Салыштырма айырма таблица
К № | Угодиянын аталышы | 1996-жыл инвен. учет | 2014-жыл баланс | +га | -га |
| КБФ (мамлекеттик жер), анын ичинен | 1924,1 | 935 |
| 989,1 |
1 | сугат айдоо жер | 552,6 | 554 |
| 1,4 |
2 | Көп жылдык бак | 447,9 | 384 |
| 63,9 |
| а.и. бак | 80,2 | 91 |
| 10,8 |
| жүзүм | 367,7 | 266 |
| 101,7 |
| Тыт |
| 24 | 24 |
|
3 | Мелиоративтик өздөштүрүлгөн курулуш | 923,6 | 29 |
| 894,6 |
Жер реформасы бүткөндөн кийин 1996-жылдан бүгүнкү күнгө чейин КБФтин эсебинен төмөнкүдөй негизде жердин категориясы өзгөргөн:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 14-февралындагы № 781 токтому менен 140 га кайра бөлүштүрүү фондунун сугат айдоо жери калктуу конушка (там арка) которулган.
2. Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын 18.07.2001-ж. № KJI-63/118 сунушунун негизинде Кадамжай районунун 2002-жылдын 18-сентябрындагы № 237 токтому менен 33,0 га сугат айдоо жери кайра бөлүштүрүү фондунан Баткен районунун Сай кыштагынын сел табигый кырсыкка жабыркагандарга жер үлүшү катары берилген.
3. 2006-жылдын 6-февралындагы № 1628-111 токтому менен кайра бөлүштүрүү фондунун 7,20 га сугат айдоо жери, ар кандай себептер менен жер үлүшүн албай калган атуулдарга, үлүшкө берилген.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 4-майындагы № 151 токтому менен 130,5 га кайра бөлүштүрүү фондунун сугат айдоо жери калктуу конушка которулган.
5. Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 21-ноябрындагы № 1-4/05 токтому менен калктуу конуштарды кеңейтүү үчүн 37,0 га мелиоративдик курулуш астындагы жер Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан берилген.
6. Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунун 05.02.2008-ж. ГД-64/08-Ба-2 жарандык иш боюнча чечими менен Кадамжай районунун Актурпак айыл өкмөтүнүн тургуну Арипов Мырзахатамга 27,6 га жер жеке менчигине берилген.
Жогоруда келтирилген фактыларды эске алганда КБФтин жер аянты 375,3 га азайышы керек эле. Бирок 2014-жылга карата 1996-жылга салыштырмалуу 989,1 гектарга азайган б.а. 614 га жердин дайыны белгисиз болуп жатат.
2007-жылы жүргүзүлгөн системалык каттоодо кайра бөлүштүрүү фондуна 1100 га жер аянты катталып идентификациялык коддор берилген. Кийинки 7 жылдын аралыгында 165 гектар жер аянты турак жай үчүн трансформациялангандан кийин 01.01.2014-жылга айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунда 935 гектар жер аянты калган.
2012-жылдын 29-августундагы № 1-4/122 Кадамжай райондук мамадминистрациясынын токтомуна ылайык 8 га сугат айдоо жер аянты көп жылдык бак-дарактарга которулган.
Жыйынтыгында 2014-жылдын 1-январына айыл чарба багытындагы мамлекеттик жер фондусунун эсебинде жалпы аянты 935 гектар, анын ичинен айдоо сугат 554 га, көп жылдык бак дарактар 381 гектарды түзөт.
2014-жылдын 1-январынан кийин Кадамжай райондук мамадминистрациясынын 2014-жылдын 15-июлундагы № 1-5/244б буйругу менен 95,25 гектар бак-дарактар айдоо сугатка которулган ушуга байланыштуу айдоо сугат жерлердин жалпы аянты 649 га түздү.
Жалпылап айтканда бүгүнкү күнгө Ак-Турпак айыл аймагында КБФнын 935 га жеринен 855 гектар жер аянтына 314 ижарачы менен ижара келишими түзүлгөн, калган 80 гектар жер аянты суроо-талап болбогондуктан колдонулбай калган деген маалымат беришкен. Бирок расмий эмес маалыматтарга таянсак бул жерлерде да күрүч өстүрүлүп аткандыгы айтылат. Дагы бир орчундуу маселе - ижара баасынын чоң айырмасы болуп турат. Мисалы, бир адамга 1 га жерди 1000 сомго берилсе, экинчи адамга ошондой эле категориядагы 1 га жер 17500 сомго берилип жаткандыгы аныкталды.
4. Жеке менчик турак-жай куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жана мыйзамдуулугу.
2014-жылдын 1-сентябрына карата 1428 жаран турак жай куруу үчүн жер участогун алуу боюнча арыз менен кайрылышкан.
Ак турпак айыл өкмөтүнүн башчысынын 2009-ж. 6-апрелиндеги № 17 буйругу менен "Жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участок берүүнү суранып кайрылган арыздарды кароо боюнча комиссия" түзүлгөн. Комиссиянын төрагасы болуп айыл өкмөт башчысынын орун басары, катчысы болуп айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы жана мүчөлөрү болуп жер адиси, 7 айыл башчылары бекитилген. Ошонун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-ж. бекитилген, "Жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун" 10-пунктунун талаптары одоно бузулган. Себеби, комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органынын, архитектура боюнча мамлекеттик органдын жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик органдын өкүлдөрү киргизилген эмес. Жобонун талабына ылайык комиссиянын курамына кирген айылдык кеңештин депутаттарынын бирөөсү комиссиянын тең төрагасы болуусу керек.
Аталган жобонун 8-пунктуна ылайык жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участогун берүүнү суранып кайрылган арыздар менен бирге паспортунун көчүрмөсү, мамкаттоо органынан мурда берилген жер участогу жоктугу тууралуу маалымкат, турак-жай шарттарын текшерүү актысы жана жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат тапшыруусу зарыл. Айыл өкмөтүндө катталган арыздарды текшергенде турак-жай шарттарын текшерүү актысы жана жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат бир арызда да тиркелген эмес.
Турак-жай шарттарын текшерүү актысы жана жашаган жеринен үй-бүлөөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат жоктугунан Надиров Нурмаматка, анын жубайы, Алиева Рамзага; Ботобекова Саатканга жана анын уулу Эсен уулу Байышбеке; Акматов Жаңыбайга, анын кызы Ирадага (көп жылдан бери Айдаркен шаарынын тургуну) Актурпак айыл өкмөтүнүн 16.04.2011-ж. № 9 токтому менен үй курууга жер берилген. Алимбекова Зийнатка жана Эргешова Бүбүнийсага үй салуу үчүн жер мыйзамсыз берилген. Алар көп жылдан бери Актурпак айыл аймагында жашашпайт. Кулиева Зуурага 21.05.2005 № 105 токтому менен "мурда ээлеп жашап жаткан жери" мыйзамдаштырылып берилген. Ошол эле учурда Актурпак айыл өкмөтүнүн 16.04.2011-ж. № 9 токтому менен үй курууга кайра жер берилген.
Кадамжай мамкаттоосунун кеңсесинде текшерүү иштерин алып барганда, жогорудагы аталган жарандардын ичинен болгону жубайлар Надиров Нурмаматка, анын жубайы Алиева Рамзага жер тилкесине жеке менчик укугуна мамлекеттик акт берилгени такталды. Калган аталгандар жерин да тапшырган эмес, же үйүн да каттоодон өткөргөн эмес.
Ак турпак айыл округу боюнча 1500ге жакын жарандар турак-жай куруу үчүн жер сурап кезекте турса, ошол эле мезгилде "Дюкер" участкасында, 46 кожолук өз башынча 0,30 гадан жерди ээлеп, алардын 24тү турак үй салып алышкан.
5. Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалануу тартиби.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген, Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобонун негизинде жүргүзүлөт:
Мамлекеттик статистикалык комитети бекиткен 22-формадагы отчетко ылайык, Ак-Турпак айылдык округунда муниципалдык менчикте 39 кыймылсыз мүлкү бардыгы болуп 48 га жер аянтында жайгашкан. Анын ичинде: мектеп - 10, мечит - 10, дарылоо мекемелери - 3, почта - 1, мекеме имараты - 1, клуб - 1 жана 13 айыл көрүстөнү кирет.
Жумушчу комиссия тарабынан тандалма түрдө 2011-2014-жылдардагы айыл округу тарабынан берилген жер участокторун карап чыгууда төмөндөгүлөр аныкталды:
- Ж.Тойчиевке СТО куруш үчүн 0,2 га жер участогу, М.Абдиевке магазин куруш үчүн 0,045 га жер участогу, Ж.Абдиевке магазин куруш үчүн 0,02 га жер участогу, С.Асановко чайхана жана магазин куруш үчүн 0,3 га жер участогу, Ө.Мурзалиевке максаттык багыты көрсөтүлбөстөн 0,2 га жер участогу, С.Байматовага ашкана куруш үчүн 0,1 га жер участоктору бөлүнүп берилген.
Корутунду: Ак-Турпак айылдык округунда муниципалдык жер участокторун менчик же ижара укугун берүүдө, айылдык жер адистери жогоруда көрсөтүлгөн типтүү жобонун шарттарын толугу менен аткарган эмес.
депутат Актурпак айыл округу боюнча эксперттик топтун жетекчиси |
| Т.Балтабаев |