Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 44-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2015-жылдын 30-апрели № 5045-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 1498-IV токтому менен бекитилген "Парламенттер аралык комиссиялардын кыргыз тарабы, чет өлкөлүк парламенттер менен кызматташтык боюнча достук депутаттык топтору менен парламенттер аралык жана эл аралык уюмдардагы туруктуу депутаттык делегациялар жөнүндө" Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетинин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 173-V токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Ниязалиева Дамира Абаскановна Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын.
2. "Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташтык комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 166-V токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Тюлеев Нариман Ташболотович "Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташтык комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын.
3. "Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 175-V токтомуна төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
Аманбаева Урмат Абдилашимовна Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кочкорбаев Абдимуталип Калдарбаевич Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин.
4. "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 170-V токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
Жамгырчиева Гүлнара Оморовна Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ибраев Таалайбек Омукеевич Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана саясий маселелер жана эл аралык кызматташуу боюнча туруктуу комиссиясына делегатталсын.
Төрага | А. Жээнбеков |