ТоктомКүчүн жоготту

КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 15-сентябрындагы № 891-VI «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 24-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-сентябрындагы № 459-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 15-сентябры № 891-VI

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 24-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн өзгөртүүгө жана комитеттеринин санын кыскартууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 24-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерге төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-главанын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи жана он экинчи абзацтар менен толукталсын:

"- мунай газ;

- көмүр;";

2) 6-главанын 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

"маалыматтык технологиялар";

3) 9-главада:

главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"9. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет";

төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:

"2-1. Мыйзамдар:

Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү укук коргоо, фискалдык жана башка борбордук органдардын иши жөнүндө:

- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу Коррупцияга каршы кызмат;

- Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (коррупция менен күрөшүү жаатында);

- прокуратура (коррупция менен күрөшүү жаатында);

- бажы кызматы (коррупция менен күрөшүү жаатында);

- салык кызматы (коррупция менен күрөшүү жаатында);

- финансылык чалгындоо кызматы (коррупция менен күрөшүү жаатында);

- аудитордук иш (коррупция менен күрөшүү жаатында).

2. Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө:

- коррупцияга каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырган мамлекеттик бийлик органдарынын тутумунун ишин укуктук регламенттөөнү камсыздоо;

- коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик программалар;

- коррупцияны болтурбоо жаатында мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын реформалоо;

- мамлекеттик, укук коргоо, фискалдык жана финансы-кредиттик түзүмдөрдө коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу;

- коррупциялык механизмдердин болуу предметтерине карата мыйзам долбоорлорунун экспертизасы;

- коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

Ч. Турсунбеков