Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-октябрындагы № 1549-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 829-VI токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө ЖОБО
(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 20-июнундагы № 3142-VI токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жобо кызматтык иш сапарларын уюштурууну, алардын натыйжалуулугун жогорулатууну жөнгө салуу максатында иштелип чыгуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) депутаттарынын жана кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын чегинде, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө туруктуу иш ордунан тышкары кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн кызматтык иш сапарларына (мындан ары - кызматтык иш сапары) жиберүүнүн тартибин, ошондой эле кызматтык иш сапарларына байланышкан чыгымдарды төлөп берүүнүн шарттарын аныктайт.
Жогорку Кеңештин кызматкерлери - Жогорку Кеңештин жетекчилигинин жана депутаттарынын ишин камсыз кылуучу (Жогорку Кеңештин Төрагасынын кеңешчилери, жардамчылары жана Басма сөз катчысы, Жогорку кеңештин Төрагасынын орун басарларынын жана депутаттык фракциялардын лидерлеринин кеңешчилери, депутаттардын жардамчылары жана консультанттары), ошондой эле Жогорку Кеңештин Аппаратынын, Иш башкармалыгынын жана Иш башкармалыгынын Гаражынын (мындан ары - Гараж) кызматкерлери.
1.2. Кызматтык иш сапарларына байланышкан чыгымдарды (барып-келүү, турак жай жалдоо, суткалык чыгымдар (тамак-аш) төлөп берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик классификациясына жараша түзүлгөн Жогорку Кеңештин чыгымдар сметасынын тиешелүү беренелери менен каралган каражаттардын чектеринде жүргүзүлөт.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө иш сапарларына чыгымдар, шайлоочулар менен депутаттык иштерге чыгымдар, анын ичинде суткалык, жашап туруу чыгымдарынын ордун толтуруу, тамак-аш жана автотранспорт, байланыш кызматтарын пайдалануу, жайларды ижаралоо, ошондой эле республиканын региондоруна депутаттардын баруулары жана авиаучуулары менен байланышкан иш жүзүндөгү транспорттук чыгымдардын (авиабилеттер, күйүүчү-майлоочу материалдар, автомашиналарды жалдоо ж.у.с.) ордун толтуруу Жогорку Кеңештин депутаттарынын өлкөнүн ичиндеги жана жакынкы чет өлкөлөрдөгү расмий делегациялардын курамындагы иш сапарларына чыгууларын кошпогондо, бир депутатка белгилеген бир айлык сумманын өлчөмүндө Жогорку Кеңештин сметасы боюнча Жогорку Кеңештин депутатынын фондусунан жүзөгө ашырылат.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын расмий делегацияларынын курамында жана Жогорку Кеңештин кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын чегиндеги иш сапарлары менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруунун төмөнкү ченемдери белгиленет:
- суткалык чыгымдарга акы төлөө - республиканын региондорунда иш сапарында болгон ар бир күн үчүн 500 сом;
- турак жайды жалдоого акы төлөө - республиканын региондорунда иш сапарында болгон ар бир күн үчүн 1500 сомдон ашык эмес, Ош шаарына - 2500 сомдон ашык эмес.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын расмий делегациялардын курамында, Жогорку Кеңештин кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары иш сапары менен байланышкан чыгымдарынын ордун толтуруунун төмөнкү ченемдери белгиленет:
- суткалык чыгымдарга жана турак жай жалдоо боюнча четки чыгымдарга акы төлөө - иш сапарларына баруулар жөнүндө колдонуудагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өлчөмдөрдө. Өзгөчө учурларда турак жайды жалдоо чыгымдарынын ордун Жогорку Кеңештин жетекчилигинин тескемесине ылайык расмий делегациянын курамындагы адамдар иш жүзүндө жасаган сарптоолор боюнча толтурууга жол берилет;
- авиа жана темир жол транспорту (кызматтык автотранспорт менен барган учурлардан тышкары) менен иш сапарынын жерине баруу жана кайра келүү боюнча чыгымдарга акы төлөө - ал чыгымдарды эконом-класс категориясынын билеттеринин наркынан ашпаган тиешелүү документтер менен ырастап, иш жүзүндө жасалган чыгымдар боюнча жүзөгө ашырылат.
Жогорку Кеңештин расмий делегацияларын коштоп жүргөн адамдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн жана күзөттүн иш сапарларынын чыгымдарына (турак жай жалдоо жана суткалык чыгымдарга (тамактануу) акы төлөө зарылдыгына жараша Жогорку Кеңештин Төрагасынын резервдик фондунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
1.3. Кызматтык иш сапарлары Жогорку Кеңештин Төрагасынын, ал болбогондо - Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын ишин жетектеген Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарынын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын жетекчилеринин тескемеси менен жол-жоболоштурулат.
1.4. Ушул Жобонун 1.3 жана 2.2-пункттарында каралган учурлардан тышкары иш сапарына жиберилген адамдарга кызматтык иш сапарына баруунун алдында барып-келүүгө, турак жайды жалдоо боюнча жана суткалык чыгымдарга эсептелген суммалардын чегинде акчалай аванс берилет.
Жогорку Кеңештин депутаты чет өлкөлүк иш сапарына баруудан иш сапарына жиберүү жөнүндө Төраганын тескемесине кол коюлгандан кийин баш тарткан учурда депутат мурдатан сатып алынган авиабилеттер жана башка чыгымдар боюнча чыгымдарды Жогорку Кеңештин бюджетине компенсациялайт.
Иш сапарлары жөнүндө тескемеге Төрага кол койгондон кийин депутатка көз каранды болбогон шарттар боюнча чет өлкөлүк иш сапары үзгүлтүккө учураганда мурда сатып алынган авиабилеттер жана башка чыгымдар боюнча чыгашалар Жогорку Кеңештин бюджетине компенсацияланбайт.
(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 20-июнундагы № 3142-VI токтомунун редакциясына ылайык)
1.5. Кызматтык иш сапарына жиберилген адамдар кызматтык иш сапарынан кайтып келгенден кийин үч жумуш күнүнүн ичинде Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын каржылоо жана эсепке алуу бөлүмүнө, Гараждын бухгалтериясына чыгымдалган суммалар жөнүндө аванстык отчетту берүүгө милдеттүү.
Аванстык отчет белгиленген мөөнөттө берилбегенде аванс катары берилген акчалай суммалар алардын эмгек акысынан кармалып алынышы мүмкүн.
Отчет берүүгө алынган акча каражаттары боюнча толук эмес отчет берген адамдарга кийинки кызматтык иш сапарына аванс берилбейт.
1.6. Кызматтык жана депутаттык ишке байланышпаган маселелер боюнча кызматтык иш сапарына жиберүү Жогорку Кеңештин чыгымдар сметасынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлбөйт.
1.7. Кызматтык иш сапарынан кайтып келгенден кийин иш сапарына жиберилген адамдар аны жиберген адамдын талабы боюнча Жогорку Кеңештин Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана кадр иштери бөлүмүнө же Иш башкармалыгынын укуктук, кадр иштери жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнө отчетту же аткарылган иштер жөнүндө маалыматты үч жумуш күнүнүн ичинде берет.
1.8. Жакын туугандарын (ата-энесин, жубайынын ата-энесин жана ага-инилери менен эже-карындаштарын) жерге коюуга кеткен учурда Жогорку Кеңештин Төрагасынын, ал эми ал болбогондо Жогорку Кеңештин Төрагасынын Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын ишин жетектеген орун басарынын тескемесинин негизинде айдоочуга иш сапарын жол-жоболоштуруу менен кызматтык транспорт каражаты бөлүнүп берилет.
2. Жогорку Кеңештин депутаттарын кызматтык сапарларга жиберүүнүн тартиби
2.1. Депутаттын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө баруусу эл аралык келишимдердин, макулдашуулардын, программалардын негизинде чакыруунун жана депутаттын жүйөлөштүрүлгөн катынын негизинде жана баруунун максатын, болуунун жерин, иш сапарынын айкын мөөнөттөрүн Жогорку Кеңештин Төрагасынын, ал эми ал болбогондо Жогорку Кеңештин Төрагасынын Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын ишин жетектеген орун басарынын резолюциясына ылайык чыгымдарга акы төлөөнү көрсөтүү менен эл аралык жана парламенттер аралык кызматташууну жетектеген Жогорку Кеңештин комитетинин чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
Депутаттын бардык чыгымдарды чакырган тараптын эсебинен акы төлөнүү менен жеке чакыруу боюнча иш сапарына баруусу Жогорку Кеңештин Төрагасынын, ал эми ал болбогондо анын Жогорку Кеңештин Төрагасынын Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын ишин жетектеген орун басарынын резолюциясынын негизинде эл аралык жана парламенттер аралык кызматташтык маселелерин тескеген Жогорку Кеңештин комитети менен алдын ала макулдашуусуз негизинде жүзөгө ашырылат.
Жогорку Кеңештин Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана кадр иштери бөлүмү эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмү менен биргелешип жогоруда көрсөтүлгөн документтердин негизинде тескеменин долбоорун даярдайт.
2.2. Жогорку Кеңештин депутаттарын депутаттык фракциялар жана депутаттардын иш тартиби менен аныкталган республиканын региондоруна жиберүү Жогорку Кеңештин токтому менен жол-жоболоштурулат.
2.3. Депутат республика боюнча кызматтык иш сапарына баруусу зарыл болгондо (расмий делегациянын, депутаттык комиссиянын курамында, Жогорку Кеңештин комитетинин чечими боюнча) депутат Жогорку Кеңештин Төрагасынын, ал эми ал болбогондо Жогорку Кеңештин Төрагасынын Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын ишин жетектеген орун басарынын атына кызматтык сапарынын ордун айкын мөөнөттөрүн жана максатын көрсөтүү менен кат жиберет. Жогорку Кеңештин Төрагасы, ал эми ал болбогондо Жогорку Кеңештин Төрагасынын Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын ишин жетектеген орун басарынын ал иш сапарына макулдугу болгондо депутаттын каты тиешелүү депутаттарды жүйөлүү себептер боюнча Жогорку Кеңештин жыйналышына болбогондордун протоколуна киргизүү үчүн Жогорку Кеңештин Аппаратынын уюштуруу бөлүмүнө жиберилет. Бул учурда иш сапары жөнүндө тескеме чыгарылат жана чыгымдар (суткалык, транспорттук чыгымдар жана турак жай жалдоо) ушул Жобонун 1-бөлүгүнүн 1.2-пунктуна ылайык жүзөгө ашырылат жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик классификациясына ылайык түзүлгөн Жогорку Кеңештин чыгашаларынын сметасынын тиешелүү беренесинде каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.
3. Жогорку Кеңештин жетекчилигинин жана депутаттарынын ишин камсыз кылган кызматкерлерди кызматтык иш сапарларына жиберүүнүн тартиби
3.1. Жогорку Кеңештин жетекчилигинин ишин камсыз кылуучу кызматкерлерди (Жогорку Кеңештин Төрагасынын кеңешчилери, жардамчылары жана Басма сөз катчысы, Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарларынын жана депутаттык фракциялардын жетекчилеринин Кеңешчилери) республика боюнча иш сапарына жиберүү Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын кызматкерлери үчүн белгиленген шарттарда жүзөгө ашырылат.
Жогоруда көрсөтүлгөн кызматкерлерди иш сапарларына жиберүү жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин Төрагасы, ал эми ал болбогондо Жогорку Кеңештин Төрагасынын Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын ишин жетектеген орун басары тарабынан баруунун максатын, болуу ордун, иш сапарынын айкын мөөнөттөрүн жана акы төлөөнү көрсөтүү менен жүйөлөштүрүлгөн каттын негизинде кабыл алынат. Жогорку Кеңештин Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана кадр иштери бөлүмү көрсөтүлгөн каттын жана Жогорку Кеңештин Төрагасынын, ал эми ал болбогондо Жогорку Кеңештин Төрагасынын Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын ишин жетектеген орун басарынын резолюциясынын негизинде тескеменин долбоорун даярдайт.
3.2. Депутаттардын ишин камсыз кылуучу кызматкерлерди (депутаттардын жардамчылары жана консультанттары), депутаттык фракцияларынын катчылыктарынын кызматкерлерин республика боюнча кызматтык иш сапарларына жиберүү Жогорку Кеңештин депутатынын жана депутаттык фракциянын катчылыгынын бөлүм башчысынын баруунун максатын, болуу жерин, иш сапарынын айкын мөөнөтүн жана акы төлөөнү көрсөтүү менен Жогорку Кеңештин Төрагасынын Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын ишин жетектеген орун басарынын атына депутаттык фракциянын катчылыгынын бөлүм башчысынын жүйөлөштүрүлгөн катынын негизинде депутаттык фракциялардын катчылыктарынын кызматкерлерин 5 календардык күндөн ашпаган (Жогорку Кеңешинин депутатынын жана депутаттык фракциянын катчылыгынын бөлүм башчысынын кароосу боюнча ар бир жардамчыга, консультантка жана катчылыктын бөлүмүнүн кызматкерине жылына ашып кеткенде 10 күндөн) мөөнөткө жарым жылда бир жолудан ашык эмес жүзөгө ашырылат. Жогорку Кеңештин Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана кадр иштери бөлүмү көрсөтүлгөн каттын жана Жогорку Кеңештин Төрагасынын Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын ишин жетектеген орун басарынын резолюциясынын негизинде тескеменин долбоорун даярдайт.
3.3. Жогорку Кеңештин жетекчилигинин жана депутаттарынын ишин камсыз кылуучу кызматкерлердин жакынкы же алыскы чет өлкөлөргө иш сапары жөнүндө чечим баруунун максатын, болуу ордун, кызматтык иш сапарынын айкын мөөнөтүн көрсөтүү менен чакыруунун жана Жогорку Кеңештин депутатынын Жогорку Кеңештин Төрагасынын, ал эми ал болбогондо Жогорку Кеңештин Төрагасынын Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын ишин жетектеген орун басарынын атына жүйөлөштүрүлгөн катынын негизинде Жогорку Кеңештин Төрагасынын, ал эми ал болбогондо Жогорку Кеңештин Төрагасынын Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын ишин жетектеген орун басарынын тескемеси менен жол-жоболоштурулат.
3.4. Жогорку Кеңештин жетекчилигинин жана депутаттарынын ишин камсыз кылуучу кызматкерлердин кызматтык иш сапарларынын убагында жүзөгө ашырылуучу телефон менен шаарлар аралык сүйлөшүүлөрүнө акы төлөө боюнча чыгымдарынын ордун толтуруу Жогорку Кеңештин Төрагасынын Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын ишин жетектеген орун басарынын жазуу жүзүндөгү уруксаты болгондо жана телефон менен сүйлөшүүлөрдүн эсебинин бастырып чыгарылган эсептери, шаарлардын коддору Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын каржылоо жана эсепке алуу бөлүмүнө берилгенде, ошондой эле кызматтык маселелер боюнча шаарлар аралык телефон менен сүйлөшүүлөрдүн зарылдыгы өз кызматкерлерин кызматтык иш сапарына жиберген Жогорку Кеңештин жетекчилиги жана депутаттары тарабынан ырасталганда гана жүргүзүлөт.
Жогорку Кеңештин жетекчилигинин жана депутаттарынын ишин камсыз кылган кызматкерлеринин кызматтык иш сапарларынын убагында жүзөгө ашырылуучу эл аралык телефон менен сүйлөшүүлөрүнө акы төлөө боюнча чыгымдарынын ордун толтуруу жүргүзүлбөйт.
4. Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын, ошондой эле Гаражынын кызматкерлерин кызматтык иш сапарларына жиберүүнүн тартиби
4.1. Аппараттын Жетекчисин жана анын орун басарларын, Иш башкаруучуну жана анын орун басарларын кызматтык иш сапарына жиберүү жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин Төрагасы, ал эми ал болбогондо Жогорку Кеңештин Төрагасынын Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын ишин жетектеген орун басары тарабынан кабыл алынат.
4.2. Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын, ошондой эле Гаражынын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн жетекчилерин жана жооптуу кызматкерлерин республиканын чегинде кызматтык иш сапарына жиберүү жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарларынын, депутаттык фракцияларынын жетекчилеринин, комитеттеринин төрагаларынын, депутаттарынын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын Жетекчисинин жана Иш башкаруучусунун орун басарларынын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн жетекчилеринин, ошондой эле Гаражынын жетекчилеринин баруунун максатын, болуу ордун, кызмат иш сапарынын айкын мөөнөттөрүнүн жана акы төлөөсүн көрсөтүү менен жүйөлөштүрүлгөн катынын негизинде тиешелүүлүгүнө жараша Жогорку Кеңештин Аппаратынын Жетекчиси жана Иш башкаруучусу тарабынан кабыл алынат.
Жогорку Кеңештин Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана кадр иштери бөлүмү же Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын укуктук, кадр иши жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү көрсөтүлгөн каттын жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын же Иш башкармалыгынын, ошондой эле Гаражынын жетекчилигинин резолюцияларынын негизинде Жогорку Кеңештин Аппаратынын же Иш башкармалыгынын, ошондой эле Гаражынын жооптуу кызматкерлерин кызматтык иш сапарына жиберүү жөнүндө тескеменин же буйруктун долбоорун даярдайт.
4.3. Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын, ошондой эле Гаражынын кызматкерлерин жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө иш сапары жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин Төрагасы, ал эми ал болбогондо Жогорку Кеңештин Төрагасынын Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын ишин жетектеген орун басары тарабынан кабыл алынат жана баруунун максатын, болуу ордун, иш сапарынын айкын мөөнөттөрүн жана акы төлөөсүн көрсөтүү менен чакыруунун жана Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарларынын, депутаттык фракцияларынын жетекчилеринин, комитеттеринин төрагаларынын, депутаттарынын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын, ошондой эле Гаражынын жетекчилигинин жүйөлөштүрүлгөн катынын негизинде тескеме менен жол-жоболоштурулат.
Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын, ошондой эле Гаражынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары иш сапарларына жиберүү зарыл болгондо тиешелүүлүгүнө жараша Жогорку Кеңештин Аппаратынын Жетекчисинин жана Иш башкармалыгынын тескемелеринин жана буйруктарынын негизинде жүзөгө ашырылат.
4.4. Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын, ошондой эле Гаражынын жетекчилигинин жана кызматкерлеринин кызматтык иш сапарларынын убагында жүзөгө ашырылуучу шаарлар аралык жана эл аралык телефон менен сүйлөшүүлөрүнө акы төлөө боюнча чыгымдардын ордун толтуруу кызматтык маселелер боюнча шаарлар аралык жана эл аралык телефон менен сүйлөшүүлөрдүн зарылдыгы ырасталганда жана Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын каржылоо жана эсепке алуу бөлүмүнө, Гараждын бухгалтериясына телефон менен сүйлөшүүлөрдүн бастырып чыгарылган эсептери, шаарлардын менен өлкөлөрдүн коддорун берилгенде Жогорку Кеңештин Төрагасынын Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын ишин жетектеген орун басарынын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана жүргүзүлөт.
4.5. Өзгөчө учурларда баруунун мөөнөттөрүн, болуу ордун, кызматтык иш сапарынын айкын мөөнөттөрүн жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын, ошондой эле Гаражынын кызматкерлери үчүн белгиленген шарттарда акы төлөөнү көрсөтүү менен Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарларынын, депутаттык фракцияларынын жетекчилеринин, комитеттеринин төрагаларынын, депутаттарынын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын, ошондой эле Гаражынын жетекчилигинин жүйөлөштүрүлгөн катынын негизинде эмгек келишими боюнча ишке тартылган адистерди жана эксперттерди кызматтык иш сапарларына жиберүүгө жол берилет.