Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 26-октябры № 1549-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Аппарат кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кызматтык иш сапарларынын чыгымдарынын ордун толтуруу ченемдерин актуалдаштыруу жана уюштурууну тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Аппарат кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө жобо бекитилсин (тиркелет).
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына, Аппараты менен Иш башкармасынын кызматкерлерине ишсапар чыгымдарын төлөө тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2005-жылдын 24-майындагы № 289-III токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 829-VI токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 829-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 20-июнундагы № 3142-VI токтому.
3. Ушул токтом Жобонун 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган 3.2-пунктун кошпогондо, кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Дж.К. Исаева |