Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-октябрындагы № 1549-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-июну № 3142-VI
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 829-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 829-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
токтомго тиркеменин 1-бөлүмүнүн 1.4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Иш сапарлары жөнүндө тескемеге Төрага кол койгондон кийин депутатка көз каранды болбогон шарттар боюнча чет өлкөлүк иш сапары үзгүлтүккө учураганда мурда сатып алынган авиабилеттер жана башка чыгымдар боюнча чыгашалар Жогорку Кеңештин бюджетине компенсацияланбайт.".
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| М.Бакиров |