Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-майы № 21/8
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА), 2020-жылдын 23-декабры № 2020-П-33/73-12, 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин:
- (абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабры № 2020-П-33/73-12 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 16-мартындагы № 12/4 "Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна;
- Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/5 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы кредиттик бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна;
- Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 24/8 "Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
2. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, адистештирилген финансы-кредит мекемеси - "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж.Джусупов мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы |
| Т. Абдыгулов |
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомуна карата тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА), 2020-жылдын 23-декабры № 2020-П-33/73-12, 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабры № 2020-П-33/73-12 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 16-мартындагы № 12/4 "Адистештирилген финансы-кредит мекемелердин ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
токтомдун аталышындагы жана бүтүндөй текстиндеги "финансы-кредит" деген сөздөр "финансы" дегенге алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Адистештирилген финансы-кредит мекемелердин ишин жөнгө салуу эрежелеринин:
- аталышындагы "финансы-кредит" деген сөздөр "финансы" дегенге алмаштырылсын;
- 1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын;
- 2-пунктундагы "адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин" деген сөздөр "финансы мекемелеринин" дегенге алмаштырылсын;
- 42-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"Ага карата эскертүү чараларын колдонуу чечими кабыл алынган адистештирилген финансы мекемеси бул чечимге "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана коммерциялык банктар, банк операцияларынын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө" жобого ылайык даттанууга укуктуу.";
- 43, 44, 45, 46, 47, 48-пункттар күчүн жоготкон катары таанылсын.
6. Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/5 "Кыргыз Республикасынын аймагында кредиттик бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагында кредиттик бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелеринин:
- 1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын;
- 78-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"78. Ага карата жоопкерчилик тартуу чараларын колдонуу чечими кабыл алынган кредиттик бюро мындай чечим боюнча даттануу менен "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана коммерциялык банктар, банк операцияларынын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө" Жобого ылайык кайрылууга укуктуу.";
- 79, 80, 81, 82, 83, 84-пункттары күчүн жоготкон катары таанылсын.
7. Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майында № 24/8 "Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө" нускоонун:
- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"Нускоо микрокаржылоо компанияларынын (мындан ары - МКК), анын ичинде Шариат стандарттарынын талаптарын жана банк операцияларын жүзөгө ашырууда алар колдонгон атайы терминдерди эске алуу менен ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган компаниялардын ишинде валюта тобокелдиктерине бөгөт коюу максатында иштелип чыккан.";
- Нускоонун бүтүндөй тексти боюнча "санкциялар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "таасир этүү чаралары" дегенге алмаштырылсын;
- 18-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"18. МКК ачык валюта позицияларына белгиленген лимиттерди бузууга жол берген шартта Улуттук банк, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрокаржылоо уюмдарына карата колдонулуучу эскертүү чаралары жөнүндө" жобого ылайык, ачык валюта позициясынын лимитинен ашкан сумманын 5%, бирок МКК активдеринин баланстык наркынын 10% (он) ашпаган өлчөмдө МККдан акчалай айыптык төлөм өндүрүү түрүндө таасир этүү чарасын колдонот.".