Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынЫн токтому
2022-жылдын 26-апрели № 229/8-1
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө биргелешкен билдирүүсү тууралуу
2022-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттарын аныктоо жана ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17, 46-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө биргелешкен билдирүүсү тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 17-майындагы № 44 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Төрагасы |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы |
А.Жапаров |
| К.Боконтаев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө БИРГЕЛЕШКЕН БИЛДИРҮҮСҮ
2021-жылы экономика калыбына келе баштады, бирок көптөгөн өлкөлөрдө ишкер активдүүлүк дагы эле пандемияга чейинки деңгээлге жете элек. Жалпысынан COVID-19 жаңы штаммдарынын жайылышына жана калкты вакцинациялоо процессинин мурда күтүлгөндөн кыйла жай болгондугуна байланыштуу чектөө чараларынын таасири 2021-жыл бою дүйнөлүк экономиканын өсүшүн токтотуучу таасирин тийгизүүнү уланткан. Пандемиянын кесепеттерин минималдаштырууга багытталган өбөлгөлөөчү чаралардын кесепеттери менен бирге глобалдык логистикалык чынжырчаларда чектөөлөрдүн уланышы дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө жогорку инфляциялык фонду шарттады.
Мындай шарттарда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) жалпысынан калкка жана экономикага терc кесепеттерди азайтуу максатында бир катар чараларды көрдү.
2021-жылы Кыргызстандын экономикасында калыбына келүү тенденциясы байкалды - 2021-жылы экономикалык өсүш темпи 3,6%га жетти, ИДПнын өсүшү Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда 3,9%ды түздү. Мында Кыргызстандын экономикасында калыбына келүү процесси бир калыпта эмес - экономиканын өсүшү негизинен өнөр жай сектору жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү менен камсыздалды.
ИДПнын өсүшүнө негизги оң салым реалдуу өсүш 6,5%ды түзгөн кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү (2,99 п.п.) жана Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда, реалдуу өсүш 12,9%ды түзгөн (өсүшкө салым 1,3 п.п) өнөр жай менен камсыздалды.
Өлкөнү өнүктүрүүдөгү кармоочу факторлор айыл чарбасында өндүрүштүн 5,0%га жана курулушта - 4,8%га төмөндөшү болду. Айыл чарба продукциясынын өндүрүшүнүн көлөмүнүн төмөндөшү негизинен айыл чарба өндүрүшү үчүн оор климаттык шарттарга байланыштуу болду. 2021-жылдын жай мезгилиндеги аномалдуу жогорку температура жана вегетациялык мезгилде сугат суунун жетишсиздиги дан өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшүн шарттады. Курулуштун көлөмүнүн төмөндөшү ички (4,9%га) да, ошондой эле тышкы (10,0%га) да каржылоо булактарынын азайышынан улам негизги капиталга инвестициялардын 5,9%га төмөндөшүнө байланыштуу болду, бул инвестициялардын пландалган көлөмүнүн толук эмес өздөштүрүлүшүнө алып келди.
Инфляциянын деңгээлин мүнөздөгөн керектөө бааларынын индекси 111,2%ды түздү (өткөн жылдын декабрына карата). Инфляциянын жогорку деңгээли негизинен тышкы мүнөздөгү факторлордун таасиринен улам болду - бул азык-түлүк товарларына, күйүүчү майга баанын жалпы дүйнөлүк өсүшү жана айыл чарба продукциясынын өндүрүшүнүн олуттуу төмөндөшүнө алып келген жагымсыз климаттык шарттар.
2021-жылы салыктык башкарууну жакшыртуу жана салык жана бажы жол-жоболоруна санариптик технологияларды киргизүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлдү. 2021-жылга салыктык кирешелердин көлөмү 151,2 млрд. сомду түзүп, мында пландык көрсөткүч 13,9%га ашыкча аткарылган. 2020-жылга салыштырмалуу салыктык кирешелер 44,3 млрд. сомго же 41,4%га өскөн.
2021-жылга мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы ИДПга карата 0,2%ды түздү. 2021-жылдын 31-декабрына карата мамлекеттик карыздын деңгээли ИДПга карата 60,3%ды түздү.
Министрлер Кабинети менен Улуттук банктын 2022-жылга карата ишинин башкы максаты макроэкономикалык туруктуулукту, анын ичинде керектөө бааларынын деңгээлинин өсүшүн кармоо боюнча чараларды камсыз кылуу болуп саналат.
Министрлер Кабинети менен Улуттук банктын негизги милдети иштиктүү чараларды көрүү аркылуу кризистик көрүнүштөрдүн таасирин алдын алуу жана минималдаштыруу болуп саналат.
Министрлер Кабинети тарабынан 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча беш жылдык иш-чаралар планы кабыл алынган (Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 токтому), ал өзүнө экономикадагы түзүмдүк өзгөртүүлөрдү, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну, кооперациялык байланыштарды, санариптик технологияларды колдонуу менен пайда болгон жаңы бизнес-моделдерди ж.б. камтыйт.
Беш жылдык планды ишке ашыруу үчүн экономикалык өсүштү, өлкөнүн финансылык туруктуулугун камсыз кылууга, ошондой эле экономикалык ишти жүргүзүү, салыктык башкарууну жана салыктык жана бажылык жол-жоболорду фискалдаштырууну андан ары өркүндөтүү аркылуу бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү, баалардын туруктуулугун, жашоону камсыз кылуу системаларынын туруктуулугун камсыз кылуу, бардык социалдык милдеттенмелерди аткаруу жана стратегиялык багыттарга жана артыкчылыктарга жетиштүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча чаралардын комплексин жүргүзүүгө багытталган Министрлер Кабинетинин 2022-жылга деталдаштырылган иш-аракеттер планы иштелип чыккан.
Бул иш-чаралар жалпысынан 2022-жылы экономикалык өсүштүн пандемияга чейинки деңгээлин калыбына келтирүүнү, ошондой эле калктын жашоо сапатын жакшыртууну жана бакубаттыгын жогорулатууну камсыз кылат.
2022-жылы Министрлер Кабинети жана Улуттук банк тарабынан кабыл алынган экономикалык саясаттын чараларынын топтому үч артыкчылыктуу милдетке жетүүгө багытталган:
1) Кыргызстандын экономикасынын стратегиялык тармактарын өнүктүрүү, жаңы жумушчу орундарын жана өлкөнүн экономикалык потенциалын толук ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү, аймактарды комплекстүү өнүктүрүүгө өтүү жана бюджеттик-салыктык саясатты жакшыртуу;
2) тиешелүү акча-кредит саясатын жүргүзүү аркылуу баалардын туруктуулугун камсыз кылуу;
3) натыйжалуу социалдык саясатты жүргүзүү.
1. Экономиканын стратегиялык тармактарын өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын жана өлкөнүн экономикалык потенциалын толук ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү, аймактарды комплекстүү өнүктүрүүгө өтүү жана бюджеттик-салыктык саясатты жакшыртуу
Улуттук экономиканы алдыга өстүрбөй туруп калктын бакубаттыгын жогорулатуу мүмкүн эмес. Министрлер Кабинети керектөө суроо-талабын калыбына келтирүүгө, экспорттук потенциалы жогору болгон артыкчылыктуу секторлорду өнүктүрүүгө, энергетикада, ирригацияда, жол-транспорт чөйрөсүндө ири улуттук инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) жана Дүйнөлүк соода уюмуна (мындан ары - ДСУ) мүчөлүгүн активдүү пайдаланууга, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатууга, ишкер климатты жакшыртууга, ишкерчилик үчүн жагымдуу ишкер чөйрөнү түзүүгө, бизнести көмүскөдөн чыгарууга жана калктын финансылык инструменттерге болгон жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган макроэкономикалык саясатты улантат.
Экономикалык өсүштү калыбына келтирүү инвестициялардын жогорку деңгээли менен камсыз кылынууга тийиш. Инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу бөлүгүндө негизги көңүл инвестициялар, режимдин туруктуулугу, жөнгө салуунун жөнөкөйлүгү жана мамлекеттик-жеке жөнгө салуу механизмдерин колдонуу үчүн коопсуздуктун жогорулатылган кепилдиктерин берүүгө бурулат.
Экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу программаларын жана кечиктирилгис иш-чараларды каржылоо үчүн финансылык ресурстар Турукташтыруу фондунда мобилизацияланат.
Өлкөнүн региондорунун инвестициялык жагымдуулугун жана потенциалын жогорулатуу боюнча иштер улантылат, анын ичинде "Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууну эске алуу менен инвесторлор региондорго инвестициялоо боюнча иштин алкагында бардык зарыл болгон кепилдиктерди алышат.
Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасында орто жана чакан ишкердикти өнүктүрүү боюнча саясаты ишкерлерди административдик басымдан коргоого, бийлик менен бизнестин өз ара өнөктөштүк мамилесин курууга, өзүн-өзү жөнгө салууну өнүктүрүүгө, бизнес-чөйрөнү жакшыртууга, экономиканын ар кандай тармактарындагы, региондордогу ишкерлердин ишин кеңейтүү үчүн шарттарды түзүүгө жана жумуш орундарынын санын көбөйтүүгө, орто жана чакан бизнестеги системалуу ишканаларды колдоого, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясаттын акыйкаттуулук жана алдын алуучулук принцибин сактоо жолу менен инвестициялык жагымдуулукту жогорулатууга багытталат.
Атаандаштыкты калыптандыруу, өнүктүрүү жана коргоо үчүн шарттарды түзүү, атаандаштыкты коргоо институттарын өркүндөтүү мамлекеттик саясаттын маанилүү артыкчылыктарынын бири бойдон калат.
Жогоруда аталган чараларды ишке ашыруу экономиканын секторлорун андан ары өнүктүрүү үчүн негиз болот.
Экономиканын агроөнөр жай секторун өнүктүрүү саясаты ички агрардык азык-түлүк рыногунун туруктуу жана үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо, өлкөнүн азык-түлүк туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле жаңы экспорттук багыттарды издөө үчүн макулдашылган иш-аракеттерди көрүүгө багытталат.
Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануунун жана рыноктук жүгүртүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ирригациялык иштерди жүргүзүүдө суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, жазгы талаа жана күзгү жыйноо иштерин жүргүзүү мезгилинде күйүүчү-майлоочу материалдарды бөлүп берүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү, көп жылдык чөп аянттарын которуштуруп айдоону көбөйтүү жана жайыттардын тоют потенциалын сарамжалдуу пайдалануу болот, аларды ишке ашыруу айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн бакубаттыгы үчүн кыйла оң натыйжа берет.
Өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү региондордо өнөр жайды алардын кластерлерге адистештирилүүсүн эске алуу менен өнүктүрүүгө, каржылоого, инфратүзүмдүк жана адам ресурстарына жеткиликтүү камсыздоо менен региондордо өнөр жайды колдоонун конкреттүү чараларын аныктоого багытталган 2019-2023-жылдары Кыргыз Республикасынын өнөр жайын туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясын (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 502 токтому) ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлөт.
Ички керектөөнү жабуу үчүн электр энергиясын жетиштүү көлөмдө иштеп чыгууну камсыз кылуу үчүн энергетикалык кубаттуулуктарды көбөйтүү, ошондой эле экспорттук потенциалды өстүрүү актуалдуу маселе бойдон калууда. Бул милдетти чечүү үчүн Токтогул ГЭСин реабилитациялоо боюнча иш-чаралар активдүү ишке ашыруу стадиясында турат, анын биринчи фазасы аяктады. Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо иштери уланууда жана жаңы күч трансформаторлорун монтаждоо, гидроагрегатты алмаштыруу сыяктуу жабдууларды алмаштыруу иштери этап-этабы менен жүргүзүлүүдө. Алдыда финансылык макулдашуулар боюнча бардык мамлекеттик ички жол-жоболор аяктаган Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо милдети турат. Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоорун ишке ашырууну баштоо боюнча иштерди активдештирүү менен Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү иштелип чыгууда.
Өлкөнүн суу-энергетикалык ресурстарын натыйжалуу пайдалануу боюнча кадамдарды аныктоо максатында учурдагы реалдуулукту эске алуу менен жакынкы келечекке отун-энергетикалык балансты даярдоо пландалууда.
Курулуш секторунда мамлекеттик саясаттын артыкчылыктары төмөнкү багыттар болот: социалдык-маданий багыттагы объектилерди куруу аркылуу региондордо инфратүзүмдү өнүктүрүү, калктуу конуштарды шаар куруу документтери менен камсыз кылуу, курулуш тармагына тартылган ишкерликти өнүктүрүү үчүн административдик тоскоолдуктарды жана архитектуралык-шаар куруу чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдү алуу процессин жөнөкөйлөтүү боюнча андан аркы чаралар. Кийин "Түндүк" системасына кошуу менен кыймылсыз мүлк объектилерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүлөргө уруксат документтерин берүү боюнча маалыматтык системаны киргизүү, курулушу бүткөрүлгөн объектилерди эксплуатациялоого кабыл алуунун тартибин камсыз кылуу пландалууда.
Транзиттик потенциалды ишке ашыруу өлкөнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп кала берет. Бул багытта негизги автожолдорду реабилитациялоо боюнча бир катар инвестициялык долбоорлор (Түндүк-Түштүк альтернативдик автомобиль жолу, Бишкек-Ош автожолу, 4-фаза, Бишкек - Кара-Балта участогу ж.б) ишке ашырылат. Учуулардын коопсуздугун жогорулатуу максатында эл аралык жана ички аэропортторду модернизациялоо, ошондой эле аба транспорту системасынын туруктуу жана коопсуз иштешин, транспорттук коопсуздукту, аба транспортунда калктын өмүрүн жана ден соолугун коргоону камсыздоо боюнча иштер улантылат. Мындан тышкары жүктөрдү темир жол менен ташууларда чарбалык субъекттердин керектөөлөрүн жана жүргүнчүлөрдү ташууда Кыргыз Республикасынын калкынын суроо-талаптарын канааттандыруу максатында темир жол транспортунун туруктуу жана коопсуз иштешин камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлөт. "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" жана "Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече" темир жолун куруу долбоорлору боюнча иштер улантылат, ошондой эле Луговая-Балыкчы темир жол участогун электрлештирүү маселеси иштелип чыгууда. Шаар аралык багытта ташууда жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында отундун экологиялык таза түрү менен иштеген автобустар сатылып алынат. Мындан тышкары темир жол транспорту менен жүк ташууларды көбөйтүү үчүн кошумча жүк ташуучу вагондорду жана локомотивдерди сатып алуу пландалууда.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш чөйрөсүндөгү иш электрондук өкмөттү түзүү боюнча чараларды күчөтүүгө жана "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын, Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын, ошондой эле "е-Kyzmat", "Infodocs" жана "Санарип Аймак" автоматташтырылган маалыматтык системаларын андан ары өнүктүрүү жолу менен калкка санариптик мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө багытталган. Аталган санариптик чечимдердин толук кандуу иштеши мамлекеттик бийлик органдарында башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет, автоматташтыруунун жана анык маалыматтарды алууну, мамлекеттик кызматтарды сапаттуу жана ыкчам көрсөтүүлөрдү камсыз кылуунун эсебинен коррупцияны олуттуу кыскартууга жана жарандар жана ишкерлер үчүн бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтууга алып келет, ошондой эле электрондук өз ара аракеттенүүнүн бардык катышуучуларынын ортосунда маалыматтарды коопсуз алмашууну камсыз кылат.
Санариптик чечимдерди ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн магистралдык була-оптикалык байланыш линияларын куруу жана заманбап жабдууларды орнотуу бөлүгүндө санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү зарыл, бул өлкөнүн бардык региондорун кең тилкелүү телекоммуникациялык транспорттук тармак менен байланыштырууга мүмкүндүк берет, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык органдардын социалдык объекттеринин Интернет тармагына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.
Мындан тышкары калкты сапаттуу жана жеткиликтүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу максатында республикада жетиштүү санда калкты тейлөө борборлорун ачуу менен байланышкан маселени чечүү үчүн бардык аракеттер көрүлөт.
Соодадагы техникалык тоскоолдуктарды азайтуу максатында ЕАЭБдин техникалык регламенттеринде бирдиктүү милдеттүү талаптарды белгилөө, ЕАЭБдин техникалык регламенттерин Кыргыз Республикасында алып салууларсыз колдонуу жана аткаруу, ЕАЭБдин алкагындагы техникалык жөнгө салууну экономикалык жана илимий-техникалык өнүктүрүү деңгээлине шайкештиги боюнча иштер улантылат.
2022-жылы тышкы экономикалык иш 2019-2022-жылдарда Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасына ылайык мындан ары ишке ашырылат (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 596 токтому) жана республиканын экспорттук потенциалынын өсүшү жана өнүгүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, орун алган тоскоолдуктарды аныктоого жана этап-этабы менен жоюуга багытталат, аны ишке ашыруу үчүн иш-чаралар планы иштелип чыккан, анда экспортко багытталган ишканалар үчүн инфратүзүмдү түзүү (транспорттук-логистикалык инфратүзүмдү, сапат инфратүзүмүн) жана алардын финансы ресурстарына жетүүсүн жөнөкөйлөтүү боюнча чаралар каралган. Иштин негизги багыттары төмөнкүдөй: ата мекендик продукцияны максаттуу рынокторго чыгаруу боюнча иштерди активдештирүү, өлкөнүн соода-экономикалык кызыкчылыктарын илгерилетүү үчүн экономикалык дипломатиянын инструменттерин активдештирүү, ВСП+ бенефициар статусун алуу артыкчылыктарын пайдалануу боюнча чараларды ишке ашыруу аркылуу экспорттук рынокторду андан ары кеңейтүү.
2018-2022-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194 токтому) ишке ашыруунун алкагында 2022-жылы жагымдуу бизнес-чөйрө түзүү боюнча иштер улантылат.
Ар бир облуста бизнес түзүмдөрү, тармактык мамлекеттик органдар менен өнөктөштүктө адистештирүүнүн негизинде кластердик экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгуу, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү боюнча иштер жүргүзүлөт.
Инфратүзүмдү өнүктүрүү максатында калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын өнүктүрүү программаларын, ирригацияны, өлкөнүн чек арага чектеш аймактарына өзгөчө басым жасоо менен жергиликтүү маанидеги автомобилдик жолдорду реконструкциялоо жана оңдоо долбоорлорун толук ишке ашыруу үчүн ресурстарды тартуу боюнча иш активдештирилет.
Администрациялык-аймактык түзүлүштүн концепциясы иштелип чыгат жана райондун бюджетинин негизинде региондорду өнүктүрүүнү каржылоонун жаңы системасын киргизүүнүн негизинде аймактарды комплекстүү өнүктүрүүгө өтүү ишке ашырылат.
2022-жылы салыктык-бюджеттик саясаттын максаты болуп туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу жана мамлекеттик бюджеттин туруктуулугун сактоо саналат, бул өз кезегинде экономикалык өсүштүн, карыздык кырдаалдын туруктуулугун жана социалдык максаттардын ортосундагы баланска жетишүүнү билдирет.
Салык саясатынын негизги милдеттери салык мыйзамдарын өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясында белгиленген негизги принциптерди мамлекеттик башкаруунун күнүмдүк практикасында болушунча ишке ашыруу болуп калат, ал ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого, ата мекендик продукцияны чет өлкөлүк рынокторго чыгаруунун натыйжалуу инструменттерин түзүүгө жана ак ниет бизнести коргоого жана экономиканы көмүскөдөн чыгарууга багытталат.
Салык мыйзамдарын өркүндөтүү Кыргыз Республикасынын жоопкерчиликтүү жана ак ниет салык төлөөчүлөрүн жана жарандарын коргоого багытталган электрондук эсеп-фактураларды, электрондук товардык-транспорттук жол баракчаларын, контролдук-кассалык онлайн машиналарды жана идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркалоону толук масштабдуу ишке киргизүү, салык төлөөчүлөрдү сыйлоо системасын, кассалык чектерди берүүдө кэшбек системасын киргизүү жолу менен республиканын аймагында жаңы маалыматтык технологияларды ишке киргизүү жана салык жол-жоболорун санариптештирүү аркылуу ишке ашырылат.
Салык саясатынын багыттарынын бири болуп товарларга байкоо жүргүзүү жана жүгүртүү системасы үчүн улуттук компонентти түзүү, ошондой эле "Салык салуу" көрсөткүчү боюнча дүйнөлүк аренада Кыргыз Республикасынын рейтингин жогорулатуу боюнча иштер саналат.
Мамлекеттик карызды башкаруу бөлүгүндөгү саясат карыздын жүгүн акырындап азайтуу, анын ичинде тышкы карыз боюнча төлөмдөрдүн белгиленген графигин сактоо менен тышкы карыз алууну кыскартуу багытында жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун 2020-2023-жылдарга карата стратегиясынын алкагында жана мамлекеттик карыздын туруктуу деңгээлине жетишүү, анын түзүмүн оптималдаштыруу жана мамлекеттик карызды натыйжалуу башкаруу үчүн негиз түзүү максатында төмөнкүлөр болжолдонууда:
- мамлекеттик карызды өз убагында тейлөө;
- тышкы карызды андан ары реструктуризациялоо мүмкүнчүлүгүн кароо;
- эки тараптуу кредиторлор менен конверсиялык операцияларды жүргүзүү;
- артыкчылыктарга ылайык натыйжалуу жана экономикалык жактан негизделген долбоорлорго 35% кем эмес грант-элементи менен жеңилдетилген тышкы кредиттерди тартуу;
- мамлекеттик баалуу кагаздардын биринчилик жана экинчилик рынокторун өнүктүрүү аркылуу мамлекеттик баалуу кагаздарды кармоочулардын чөйрөсүн кеңейтүү;
- мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу аркылуу ички карыз алуулардын көлөмүн көбөйтүү;
- мамлекеттик баалуу кагаздардын портфелин диверсификациялоо.
ЕАЭБге интеграциялануу боюнча иштер улантылат. Өлкө үчүн ЕАЭБге интеграциялануу шартында экономикалык саясаттын эң маанилүү багыты болуп соода-экономикалык кызматташуу үчүн жаңы өнөктөштөрдү издеп табуу болуп саналат.
2. Тиешелүү акча-кредит саясатын жүргүзүү аркылуу баалардын туруктуулугун камсыз кылуу
2022-жылы товарларга болгон дүйнөлүк суроо-талап менен сунуштун ортосундагы дисбаланстын күтүлүп жаткан төмөндөшүнө карабастан, глобалдуу суроо-талаптын андан ары калыбына келиши 2022-жылдын биринчи жарымында азык-түлүк товарларына дүйнөлүк баалардын өсүшүнүн уланышына алып келет, бул Кыргыз Республикасында жалпы баалардын өсүшүнүн негизги факторлорунун бири болуп саналат. 2022-жылдын биринчи кварталында тамеки жана алкоголдук продукцияга акциздерди пландуу жогорулатуу жыл аралыгында баалардын жалпы деңгээлинин өсүү динамикасын бекемдөөчү фактор боло алат. Мындан тышкары, 2022-жылдын экинчи жарымында кошумча инфляциялык тобокелдик болуп мамлекет тарабынан жөнгө салына турган кызмат көрсөтүүлөргө жана товарларга баалардын күтүлүүчү өсүшү эсептелет.
2022-жылы инфляциялык процесстерди тездетүүнүн дагы бир маанилүү тобокелдик фактору болуп Борбор Азиядагы ушул мезгилде суунун аздыгы саналат: жаз-жай мезгилиндеги жогорку температура жана вегетация мезгилинде сугат суунун жетишсиздиги 2022-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө жана кошумча инфляцияга алып келиши мүмкүн.
2022-жылы Улуттук банк баалардын туруктуулугун камсыздоого багытталган акча-кредит саясатын жүргүзүүнү улантат. 2022-жылга карата акча-кредит саясатынын максаттуу багыты катары инфляциянын орточо деңгээлин 12% чейин кармап туруу болот. Белгиленген максаттуу деңгээлге жетүү үчүн Улуттук банк монетардык саясаттын бардык инструменттерин колдонот.
Алдыга коюлган максатка жетүү үчүн акча-кредит саясаты өнүктүрүүнүн жарыяланган багыттарын эске алуу менен акча-кредит саясатынын инструменттерин өркүндөтүүгө, чечимдерди кабыл алуу процессин жана акча-кредит саясатынын коммуникациялык компонентин өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Баалардын туруктуу деңгээлин кармап туруу, жагымдуу инфляциялык чөйрөнү түзүү, банк жана төлөм системаларынын туруктуулугун камсыз кылуу, финансылык ортомчулуктун деңгээлин мындан ары жогорулатуу, ошондой эле жаңы финансы технологияларын өнүктүрүүгө көмөктөшүү узак мөөнөткө Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүүсүнүн, анын натыйжасында калктын жыргалчылыкта жашоо абалын жогорулатуунун маанилүү шарттары болуп саналат.
Орто мөөнөттүү келечекте инфляциялык таргеттөө режимине акырындап өтүүнүн алкагында Улуттук банктын аракеттери төмөнкүлөргө багытталат:
- акча-кредиттик трансмиссиянын пайыздык каналынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана банктар аралык акча рыногун өнүктүрүү аркылуу акча-кредит саясатынын чараларынын экономикага тийгизген таасирин берүү механизмин өркүндөтүү;
- акча-кредит саясатынын инструменттеринин натыйжалуулугун жана ийкемдүүлүгүн жогорулатуу;
- банк системасында ликвиддүүлүк балансын камсыз кылуу;
- акча-кредит саясатынын коммуникациялык курамын чыңдоо.
2022-жылы акча-кредит саясатынын тактикалык кадамдары банк системасындагы ликвиддүүлүккө байланыштуу кырдаалды, ички акча жана валюта рынокторун өнүктүрүү келечегин эске алуу менен, ошондой эле негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн динамикасына жараша түзүлөт.
Инфляциялык басымды чектөө максатында Улуттук банк ачык рынокто операцияларды жүргүзүү жана коммерциялык банктардын бош ресурстарын Улуттук банктагы "овернайт" депозиттерине жайгаштыруу жолу менен банк системасындагы ашыкча ликвиддүүлүк деңгээлин жөнгө салууну улантат.
Зарыл болгон учурда, анын ичинде банк системасынын муктаждыктарын эске алуу менен банктардын ликвиддүүлүгүн колдоо жана банктар тарабынан экономиканын артыкчылыктуу тармактарын андан ары кредиттөө үчүн Улуттук банк кайра каржылоо инструменттери аркылуу улуттук валютада узак мөөнөттүү ликвиддүүлүктү камсыз кылуу боюнча операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн карайт.
Өлкөдө ийгиликтүү макроэкономикалык саясатты жүргүзүү Министрлер Кабинетинин, Улуттук банктын жана башка мамлекеттик органдардын, анын ичинде өлкөнүн бюджеттик-салыктык жана акча-кредит саясатын ишке ашыруунун алкагында сапаттуу өз ара аракеттенүүсүнө көбүнесе көз каранды. Акча-кредиттик жана бюджеттик-салыктык саясаттын кыска мөөнөттүү чараларын макулдашуу жана координациялоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Улуттук банктын иштеп жаткан Ведомстволор аралык координациялык кеңешинин алкагында ишке ашырылат.
Монетардык саясаттын экономикага болгон натыйжалуу таасиринин ажыратылгыс шарты болуп өзгөрүлмө алмашуу курсу саналат. Бул багытта Улуттук банк Кыргыз Республикасы тарабынан кабыл алынган, ички валюта рыногунда чет өлкө валютасына суроо-талап менен сунуштун катышы менен аныкталуучу өзгөрүлмө алмашуу курсунун режимин улантат.
Улуттук банктын валюта рыногундагы иш-аракеттери өзгөрмөлүүлүккө жараша жана тренддерди эске алуу менен алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн жумшартууга багытталат.
2022-жылы Улуттук банктын иши банк сектору жана микрокаржылоо сектору менен бирдикте 2022-2025-жылдардын мезгилине аныкталган микрофинансы жана банк секторун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, аларды бекиткенден кийин ишке ашырууга багытталат.
2022-жылы банк системасында туруктуулукту сактоо максатында банк ишине мүнөздүү болгон тобокелдиктерди аныктоого жана кыскартууга, коммерциялык банктардагы тобокелдиктерди башкаруу системасын чыңдоого, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүүнүн улуттук системасын өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Өлкөдө COVID-19 коронавирустук инфекциянын пандемиясынан улам келип чыккан учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кредиттердин, анын ичинде реструктуризацияланган кредиттердин сапатына талдоо жүргүзүү, ошондой эле коммерциялык банктар тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча иш-чаралардын аткарылышын контролдоо боюнча иштер улантылат.
Улуттук банк керектөөчүлөрдүн кеңири чөйрөсүнө банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында санариптик төлөм технологияларын жана инструменттерин өнүктүрүүгө, ошондой эле банктык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүгө мындан ары да көмөктөшүүгө ниеттенүүдө. Виртуалдык активдерди жөнгө салууну андан ары киргизүү жана санариптик валюталарга карата ыкмаларды иштеп чыгуу боюнча иштер улантылат.
3. Натыйжалуу социалдык саясатты жүргүзүү
Социалдык өнүгүү саясаты мурдагыдай эле мамлекеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен биринчи кезекте мамлекеттин кепилденген социалдык милдеттенмелерин толук көлөмдө аткарууга, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларынын (турмуштук оор кырдаалда турган балдардын жана үй-бүлөлөрдүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын, улгайган жарандардын) абалын жакшыртууга багытталат.
Иштин негизги артыкчылыктуу багыттары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында, ошондой эле эмгек, калкты иш менен камсыз кылууга жана социалдык жактан коргоого көмөктөшүү, калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү тармактык программалык документтерде аныкталган.
Учурдагы кырдаалда саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү милдеттер биринчи кезектеги милдет болуп саналат. Министрлер Кабинети бул чөйрөдө өз милдеттенмелерин аткарууну кепилге алат. Ден соолук үчүн тобокелдиктерди башкаруунун жана баалоонун бирдиктүү санариптик улуттук системасы иштелип чыгат.
Эмгектик мамилелерди санариптештирүү маселелерине жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү системасына өзгөчө көңүл бурулат.
Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндө артыкчылыктуу багыттарды аныктоо, калктын иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү жана жумушсуз жарандарды жана жумуш издеп жүргөн жарандарды кесиптик даярдоонун, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун жаңы моделин түзүү максатында татыктуу эмгекти (татыктуу эмгек акыны, татыктуу иш менен камсыз кылууну, социалдык өнөктөштүктү) камсыз кылуу боюнча комплекстүү программанын долбоорун иштеп чыгуу пландаштырылууда. Жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандарттары иштелип чыгат, билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде киши башына карата каржылоо принциптери киргизилет.
Үй-бүлө, эне, ата жана бала институтун чыңдоо жана өнүктүрүү, ошондой эле мамлекет тарабынан кепилденген социалдык коргоонун минимумдук базалык деңгээлин камсыз кылуу маселелерине негизинен көңүл бурулат. Автоматташтырылган маалыматтардын негизинде муктаж үй-бүлөлөргө максаттуу социалдык жардам көрсөтүү инструментин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү пландаштырылууда.
Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдардын үй-бүлөлүк чөйрөдө жашоосу үчүн шарттарды түзүү, балдарга карата ырайымсыздыктын жана зомбулуктун алдын алуу, балалуу үй-бүлөлөргө даректүү жана өз убагында жардам көрсөтүү, эмгекке жарамдуу калктын экономикалык активдүүлүгүнө дем берүү жана турмуштук оор кырдаалдардан чыгууга жардам берүү боюнча чаралар көрүлөт.
Эл аралык стандарттарга жана ченемдерге ылайык майыптыктын көйгөйлөрүн аныктоого жана чечүүгө болгон мамилени этап-этабы менен өзгөртүү боюнча иштер улантылат.
Чаралар ошондой эле улгайган адамдардын укуктарын коргоого жана жашоо сапатын жакшыртууга багытталат. Жаңы механизмдерди киргизүү аркылуу социалдык кызмат көрсөтүү рыногун өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча чаралар көрүлөт.
Калктын кирешелеринин туруктуулугун камсыз кылуунун негизги фактору болуп социалдык колдоону күчөтүү жана иш менен камсыз болууну сактоо саналат.
Ай сайын социалдык жөлөкпул алган балдардын жана бала чагынан тартып ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын социалдык колдоосун күчөтүү максатында 2022-жылдын 1-январынан тартып ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү 2021-жылдын 1-октябрына чейин эсептелген ай сайынкы социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүнө карата 100%га көбөйтүлдү, ошондой эле 2022-жылдын 1-январынан тартып ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү 2021-жылдын 1-октябрына чейин эсептелген социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүнө карата 200%га көбөйтүлдү.
2022-жылдын 1-январынан тартып социалдык маанилүү товарларга баалардын өсүшү шартында даректүү социалдык колдоо максатында 16 жашка чейинки балдары бар муктаж, "үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик жөлөкпул алуучу жарандарга (үй-бүлөлөргө) электр энергиясына тариф төмөндөтүлүп, айына 700 кВт саатка чейин керектөөдө 1 кВт/саат үчүн 50,0 тыйын өлчөмүндө белгиленди.
Ата-энесинен ажыраган балдардын жана социалдык чөйрөнүн мекемелеринде жашаган улгайган адамдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын тамактануу сапатын жогорулатуу максатында 2022-жылдын 1-январынан тартып тамактанууга акчалай ченеми 100%га жогорулатылды. 2022-жылга бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жана пенсияларын этап-этабы менен жогорулатуу пландалууда:
- 2022-жылдын 1-апрелинен тартып социалдык чөйрөнүн кызматкерлерине - 50%га;
- 2022-жылдын 1-августунан тартып - аскер кызматчыларын кошпогондо, бюджеттик чөйрөнүн башка кызматкерлерине 50%дан кем эмес;
- бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жыл сайын 20%га жогорулатуу;
- 2022-жылдын 1-октябрынан тартып - пенсияларды.
Ошентип, 2022-жылы Министрлер Кабинети менен Улуттук банктын биргелешкен экономикалык саясаты өлкөдөгү макроэкономикалык жана финансылык туруктуулукту камсыз кылууга өбөлгө түзөт. Бул үчүн күч-аракет пандемия учурунда жоготкон көлөмдөрдү калыбына келтирүү жана экономикалык өсүш үчүн зарыл шарттарды түзүү үчүн программалык документтерде белгиленген бардык чараларды/иш-чараларды аткарууга багытталат.
Кыргыз Республикасынын экономикасына тышкы факторлор да (дүйнөлүк экономиканын жана негизги соода өнөктөш өлкөлөрдөгү экономиканын өсүшүн калыбына келтирүү; сырьелук товарларга, анын ичинде мунайга болгон дүйнөлүк баанын өзгөрүлмөлүүлүгү; финансы рынокторунда туруксуздуктун сакталышы ж.б.) жана ички факторлор да (мүмкүн болгон жагымсыз табигый-климаттык шарттардын коркунучу, чек ара жана тышкы соодада тоскоолдуктардан өтө жай өтүү, акча которуулардын орточо өсүшү, керектөөчүлүк суроо- талабынын акырындык менен калыбына келиши ж.б.) таасирин тийгизет.
Жарыяланган чараларды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн Министрлер Кабинети жана Улуттук банк өлкөдөгү экономикалык кырдаалга жана дүйнөлүк экономиканын өнүгүү тенденцияларына дайыма мониторинг жүргүзүп турат. Дүйнөлүк экономикада жана тышкы экономикалык чөйрөдө ата мекендик экономикага терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон кошумча дисбаланс/тобокелдиктер пайда болгон учурда 2022-жылга карата кабыл алынган Кыргыз Республикасынын экономикалык саясатына тиешелүү түзөтүүлөр киргизилет жана зарыл чаралар көрүлөт.
Өз кезегинде Министрлер Кабинети жана Улуттук банк Биргелешкен билдирүүдө жана программалык документтерде каралган негизги багыттарды ишке ашырууда мамлекеттик бийликтин жана бүт ишкерлер коомчулугунун колдоосуна таянат.