Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 305 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
|
|
2009-жылдын 3-июну № 333
"Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-июлундагы № 376 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 15-апрелиндеги № 201 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-июлундагы № 376 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 10-пункттун экинчи абзацында "эки" деген сөз "үч" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |