Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-октябры № 2675-VI
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2018/2019-жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2018/2019-жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри К.А.Бороновдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт.
2018/2019-жылдын жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2018/2019-жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдоо жөнүндө" 2018-жылдын 22-майындагы № 249 жана "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2018/2019-жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдоонун жүрүшү жөнүндө" 2018-жылдын 8-октябрындагы № 463 токтомдору кабыл алынып, анда отун-энергетикалык комплексинин ишканаларына, ошондой эле министрликтерге, ведомстволорго, мамлекеттик администрацияларга жана экономиканын башка тармактарына электростанциялардын жана буу казандарынын иштөө режими жана оңдоо иштери, электр энергиясын жана кубаттуулугун керектөө лимиттери, отун даярдоо (2,329 млн. тонна көмүр, 49,508 миң тонна жагылуучу мазут) боюнча иш чаралар планы аныкталган.
2018-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча 641,1 миң тонна көмүр, анын ичинен калк тарабынан - 521,2 миң тонна (жылдык пландан 48,1%), бюджеттик мекемелер тарабынан - 119,9 миң тонна (жылдык пландан 48,6%) даярдалган.
Бишкек шаарынын ЖЭБине 2018/2019-жылдын күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн отун даярдоого (1,0 млн. тонна көмүр, анын ичинде импорттук - 400,0 миң тонна, ата-мекендик - 600,0 миң тонна, жагылуучу мазут - 4,0 миң тонна) зарыл. 2018-жылдын 9-октябрына карата 292,2 миң тонна (Кара-Кечеден - 191,8 миң тонна, Таш-Көмүрдөн - 1,7 миң тонна, Казакстандан - 98,7 миң тонна) көмүр жеткирилген.
Өз кезегинде Бишкек шаарынын ЖЭБинде жергиликтүү кесиндилерден бүкүлү отунду пайдалануу көлөмдөрүн көбөйтүү боюнча чара көрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "2010-жылдын 16-июнундагы № 88 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2010/2011-жылы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жана Токтогул суу сактагычындагы сууну зарыл болгон көлөмдө топтоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу" 2011-жылдын 13-январындагы № 98-V жана "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2017/2018-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө" 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 1961-VI токтомдорунун аткарылбай жаткандыгын белгилей кетүү зарыл. Бирок 2018/2019-жылдын жылытуу мезгилине карата Казакстандан тоннасына 3550 сом баасы боюнча 400,0 миң тонна көлөмүндө "Д" маркасындагы сорттук көмүр жеткирилген. Натыйжада, импорттук көмүрдү кошо пайдалануу орун алган.
2018/2019-жылдын күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн Ош шаарынын ЖЭБине 18,0 миң тонна жагылуучу мазут зарыл, 2018-жылдын 1-октябрына карата 2,9 миң калдык бар.
Ошондой эле айрым ведомстволор бүкүлү отун даярдоонун жылдык планынан артта калып жаткандыгына (Билим берүү министрлиги - 50,8 миң тонна (45,4%), Өзгөчө кырдаалдар министрлиги - 763,0 тонна (35,3%), Маданият, маалымат жана туризм министрлиги - 329,0 тонна (39,5%), "Кыргызжылуулукэнерго" МИси - 28,8 миң тонна (43%), "Бишкекжылуулукэнерго" КИси - 1,9 миң тонна (32,6%), "Ош шаарынын "Жылуулук менен камсыздоо" МИси - 5,2 миң тонна (43%) көңүл буруу зарыл.
"Кыргызжылуулукэнерго" МИси 2018-жылдын 1-октябрына карата 28,76 миң тонна (жылдык пландан 43%) жана 7,67 миң тонна жагылуучу мазут даярдаган. Оңдоо иштери 99,934 млн. сомго (72,1 млн. сомго буу казандарынын жабдууларынын, 24,8 млн. сомго жылуулук тармактарынын оңдоолору) жүргүзүлгөн.
2018-жылдын 8 айында "Бишкекжылуулуктармагы" ААКсынын тармактарына 1,245 млрд. сом суммасына 1,072 млн. Гкал жылуулук энергиясы жеткирилген. 2018-жылдын 1-сентябрына карата жылуулук энергиясын керектөөчүлөрдүн дебитордук карызы 181,6 млн. сомду түзүп, оңдоо иштери 86,9 млн. сомго (96%) аткарылган.
2018-жылдын 1-октябрына карата "Бишкекжылуулукэнерго" КИсинде 1,954 миң тонна көмүр (жылдык пландан 32,6%) даярдалып, 118,39 миң Гкал жылуулук энергиясы иштелип чыгылган, 301,65 млн. сом төлөнгөн, кетирилген чыгымдар 23,8 млн. сомду түзгөн. Жылуулук энергиясынын жоготуулары 22,16 миң Гкал (18,7%), дебитордук карыз 33,922 млн. сомду түзгөн.
"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы 2018-жылдын 9 айында республикага 175,0 млн. куб метр газ жеткирген. "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын 2018-жылга инвестициялык программасы 2,755 млрд. сом көлөмүндө (долбоордук - изилдөө иштери - 279,33 млн. сом, курулуш-жөндөө иштери - 2,378 млрд. сом, материалдык-техникалык ресурстарды сатып алуу - 98,20 млн. сом жана башка чыгымдар) бекитилген.
"Кыргызкөмүр" МИси тарабынан 2018-жылдын 8 айында 1,102 млрд. сомго (117,46%) 889,43 миң тонна көмүр (түндүк регион - 285,43 миң тонна, түштүк регион - 604,0 миң тонна) казылып алынган. 2018-жылдын 1-октябрына карата түштүк регионунун кампаларында жөнөтүүгө - 175,3 миң тонна, түндүк регионунун кампаларында - 125,2 миң тонна көмүр бар.
2018-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча Токтогул суу сактагычынын көлөмү 19,3 млрд. куб метрди түзгөн.
2018-жылдын 9 айында 10,803 млрд. кВт саат электр энергиясы (ГЭС - 9,997 млрд. кВт саат, ЖЭБ - 804,4 млн. кВт саат), 1,273 млн. Гкал жылуулук энергиясы иштелип чыгылган. 2018-жылдын январь-сентябрь айларында "Чакан ГЭС" ААКсы тарабынан 135,6 млн. кВт саат электр энергиясы иштелип чыгылган.
Үстүбүздөгү жылдын 8 айында 753,8 млн. кВт саат электр энергиясы экспорттолгон (Өзбекстанга), бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялардын (БЭК) тармактарына 7,628 млрд. кВт саат келип түшкөн, анын 6,669 млрд. кВт сааты керектелген, товардык продукция 9,106 млрд. сомду түзгөн.
2018-жылдын январь-август айларында электр энергиясынын БЭК тармактарындагы жоготуулары - 913,8 млн. кВт саатты (12%), "Кыргызстандын Улуттук электр тармактары" ААКсында - 515,80 млн. кВт саатты (техникалык жоготуулар 5,3%) түзгөн.
2018-жылдын 1-сентябрына карата керектөөчүлөрдүн БЭКтин алдындагы дебитордук карызы 1,123 млрд. сомду (калктыкы - 496,9 млн. сом, бюджеттик уюмдардыкы - 182,2 млн. сом, алардын ичинен Талас областыныкы - 28,8 млн. сом, Жалал-Абад областыныкы - 28,6 млн. сом, Чүй областыныкы - 27,9 млн. сом) түзгөн.
2018-жылдын январь-август айларында БЭК боюнча 3635 өчүрүүлөр (6-10 кВ тармактар), "Электрстанциялары" ААКсы боюнча - жабдуулардын ишиндеги 16 бузулуу (Бишкек ЖЭБинде жылуулук жана электр менен жабдуу режими бузулган), I деңгээлдеги 6 иштен чыгуу жана II деңгээлдеги 9 иштен чыгуу, "Кыргызстандын УЭТ" ААКсында - электр жабдууларынын жана 110-500 кВ электр өткөргүчтөрүнүн аба чубалгыларынын 189 авариялык өчүрүүлөрү болгон. 2018-жылдын 8 айында 92,197 миң кВт саат электр энергиясы берилбей калган.
Бишкек ЖЭБинин иш режиминин бузулуу себебинин бири (2018-жылдын 26-январы) тосмо конструкцияларынын олуттуу бузулушу, буу казандары жана турбина цехинин башкы корпусунун терезелеринин жоктугу, чатырдын абалынын канааттандыраарлык эместиги болгон. Бирок көрсөтүлгөн көйгөйлөр боюнча иштер бекитилген иш-чаралар планынан артта калган, тендерлер 2018-жылдын 27-июнунда, 2018-жылдын 15-августунда өткөрүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудити жөнүндө отчетко ылайык энергосектор боюнча иш жүзүндөгү чыгымдардын кыйла көп көлөмү "Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо" долбооруна (5092,6 млн. сом) жана 1 жана 2-Фазадагы "Энергетика секторун реабилитациялоо" долбооруна (883,9 млн. сом) туура келген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан энергетикалык компанияларда пландаштыруунун, башкаруунун автоматташтырылган тутумун түзүү жана жабдууларды оңдоо иштерин аткаруунун өз мезгилдүүлүгүн контролдоо жаатында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2014-жылдын 5-мартындагы коррупцияга каршы иш-чаралары аткарылбай жатат.
Мындан тышкары, 2014/2017-жылдары электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын аякталгандыгын белгилей кетүү керек, бирок 2018-жылга акыркы керектөөчүлөр үчүн тариф Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бүгүнкү күнгө чейин бекитилбей келет.
Чегаралары чектеш мамлекеттердин ортосунда суу-энергетикалык режимдерди өз ара алмашуунун бузулгандыгына карабастан республика коңшу өлкөлөрдөн Кыргызстанга берилүүчү энергоресурстарга баалар жыл сайын жогорулап жаткан мезгилде өз суу сактагычтарында сууну топтоону улантып жатат. Азыркы учурда Кыргызстан коңшу мамлекеттер менен болгон мамилелердин алкагында суу ресурстарын топтоо жана сактоо боюнча кызмат көрсөткөндүгү үчүн адекваттуу экономикалык компенсацияларды албай жатат, буга жараша Борбордук Азияда суу-энергетикалык мамилелер маселеси өзүнчө көңүл бурууга арзыйт.
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2018/2019-жылдын күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматын эске алып, ошондой эле республиканын отун-энергетикалык комплексин ишенимдүү иштетүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2018/2019-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер- министринин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- министрликтер, ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан отун даярдоо графигинин аткарылышын, электр энергиясын жана кубаттуулугун керектөөнүн белгиленген лимиттеринин сакталышын, керектелген электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы үчүн карыздардын ордунун өз мезгилинде жабылышын камсыздоо боюнча чараларды көрсүн;
- Борбордук Азиянын бириктирилген энергетикалык тутумунун курамында республиканын энерготутумунун туруктуу параллелдүү иштөөсүн камсыз кылсын;
- "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында ресурстардын, кирешелердин жана бюджеттик чыгымдардын ар ай сайын финансылык планына ылайык коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө каралган финансылык каражаттарды бөлүүнү толук көлөмүндө жүзөгө ашырсын;
- энергетикалык компанияларда пландаштыруунун, башкаруунун автоматташтырылган тутумун түзүү жана жабдууларды оңдоо иштерин аткаруунун өз мезгилдүүлүгүн контролдоо жаатында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2014-жылдын 5-мартындагы коррупцияга каршы иш-чараларын аткаруу боюнча маалымат берсин;
- жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү, Жогорку-Нарын ГЭС каскадын (Ак-Булуң (87,4 МВт), Нарын ГЭС-1 (47,7 МВт), Нарын ГЭС-2 (47,6 МВт), Нарын ГЭС-3 (55 МВт); Кара-Кече ЖЭСи (600-1200 МВт) куруу боюнча белгиленген иш-чараларды тездетсин;
- 2018-жылга электр энергетикалык компаниялардын бюджеттерин бекитүү жол-жобосун ылдамдатсын;
- коңшу мамлекеттер менен суу-энергетикалык ресурстарды комплекстүү пайдалануу боюнча сунуштарды үч айлык мөөнөттө киргизсин;
- 2018-2019-жылдын күз-кыш мезгилинде энерготутумдун туруктуу иштөөсүн жана республиканын экономикасын жана калкын электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыздалышын камсыз кылсын;
- керектелген электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы үчүн бюджеттик мекемелердин дебитордук карыздарын өз мезгилинде жабууну камсыздасын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 249 токтомуна ылайык отун жеткирүү боюнча чараларды көрсүн;
- Бишкек шаарынын ЖЭБинде ата мекендик көмүрдү пайдаланууну 70-80 миң тоннага чейин (Таш-Көмүр, Кара-Кече көмүр кесиндилери) көбөйтсүн;
- Бишкек ЖЭБинин буу казандар жана турбина цехтеринин башкы корпусунун конструкцияларын тосмолоо жана айнектөө боюнча оңдоо иштерин үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө аяктасын;
- электр энергиясынын жоготууларын азайтуу боюнча чараларды иштеп чыксын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |