Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-апрели № 3020-VI
"Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясаты жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 31-мартындагы № 412-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу
"Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясаты жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 31-мартындагы № 412-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри З.М.Аскаровдун маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) 2016-жылдын 31-мартындагы № 412 токтомун аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) иши төмөнкүдөй тиешелүү чечимдерди кабыл алуу менен Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйналыштарында угулган:
- 2017-жылдын 10-январында - Өкмөттүн иши жетишсиз деп таанылган жана иштерди улантуу тапшырылган;
- 2017-жылдын 6-июнунда - Өкмөткө жогоруда аталган токтомду аткаруу боюнча иштерди улантуу, региондорго инвестицияларды тартуу, белгиленген стандарттык жана техникалык регламенттерге жооп берген мунайзат продуктыларын өндүрүү, курулуш чөйрөсүндө параллелдүү долбоорлоо, Кыргызстан үчүн кабыл алынган унификацияланган тарифтерди Тажикстандын ишкерлери тарабынан колдонуу фактыларына бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-июлундагы чечимин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 378 тескемесине ылайык түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын чечимин (мындан ары - Конституциялык палатанын 2014-жылдын 11-июлундагы чечими жана ведомстволор аралык комиссиянын чечими) аткарбаган кызмат адамдарынын жекече жоопкерчилигин, инвестицияларды тартуу жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясын кароо, Өнөр жайды өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу жана кабыл алуу, үлүштүк курулуш жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жаатында кошумча тапшырмалар берилген;
- 2017-жылдын 31-октябрында - Өкмөттүн иши жетишсиз деп таанылган;
- 2018-жылдын 9-январында - Өкмөттүн иши жетишсиз деп таанылган;
- 2018-жылдын 27-мартында - Өкмөттүн маалыматы эске алынган, аткарылбаган пункттар боюнча маалыматты бир айдан кийин угуу чечилген;
- 2018-жылдын 5-июнунда - Комитетке мүчө-депутаттардын сын-пикирлерин жана тапшырмаларын эске алуу менен маселени кароо 2 жумага калтырылган;
- 2018-жылдын 26-июнунда - Өкмөттүн иши жетишсиз деп таанылган, Конституциялык палатанын 2014-жылдын 11-июлундагы чечимин жана ведомстволор аралык комиссиянын чечимин аткаруу маселеси боюнча жумушчу топ түзүлгөн;
- 2018-жылдын 2-октябрында - Өкмөт тарабынан тиешелүү маалыматтын берилбегендигине байланыштуу Конституциялык палатанын 2014-жылдын 11-июлундагы чечимин жана ведомстволор аралык комиссиянын чечимин аткаруу боюнча маалыматты угуу бир айга калтыруу чечилген;
- 2018-жылдын 27-январында - Өкмөттүн маалыматы эске алынган, Конституциялык палатанын 2014-жылдын 11-июлундагы чечимин аткаруу жана үлүштүк курулуш жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жөнүндөгү маалыматты угуу чечилген;
- 2019-жылдын 22-январында - Өкмөттүн маалыматы эске алынган, маселени Жогорку Кеңештин жыйналышына киргизүү чечилген.
Комитет ошондой эле Жогорку Кеңештин аталган токтомун аткаруу боюнча Өкмөт кабыл алып жаткан чараларга карабастан тапшырмалардын көпчүлүгү меморандумдарга, макулдашууларга, тескемелерге кол коюу, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен гана чектелип, андан аркы ырааттуу аракеттердин байкалбай жаткандыгын белгилейт.
Улуттук банкка берилген тапшырмалар боюнча - кредиттик тобокелдиктерди башкаруу маселелери боюнча Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр бекитилген. Көрсөтүлгөн түзөтүүлөр менен зайымчынын бизнес-планын берүү, гаранттын финансылык отчеттуулугу жана кардарлардын эмгек акысы жөнүндө маалымкат жаатында кредиттерди алуу үчүн зайымчылар тарабынан коммерциялык банктарга берилүүчү документтерге карата талаптар жеңилдетилген. Мындан тышкары, банктар тарабынан күрөө мониторингин мезгил-мезгили менен өткөрүүгө, банктардын кредиттерин реструктуризациялоого жана жоюуга, банктардын зайымчыларынын кредиттик таржымалын калыптандырууга талаптар начарлатылган.
Башкы прокуратурага берилген тапшырмалар боюнча:
ЭККМКнын жана МСКнын кызмат адамдарынын аракеттеринин мыйзамдуулугу жөнүндө - Башкы прокуратура тарабынан 2016-жылдын 6-июлунда жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча ЭККМКнын жана МСКнын кызматкерлерине карата алардын аракетинде кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган;
мамлекеттик жана муниципалдык органдар тарабынан кичи жана орто ишкердиктин субъектилерин пландан тышкары текшерүүлөрдү жүргүзүүдө мыйзамдардын аткарылышын, ошондой эле аларды жүргүзүүнүн мөөнөттөрүн жана негиздүүлүгүн көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу тууралуу - Өкмөттүн 2016-жылдын 27-июлундагы № 417 токтому менен укук коргоо жана салык органдары тарабынан ишкердиктин субъектилерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата жүргүзүлгөн текшерүүлөрдү каттоонун Убактылуу эрежеси бекитилген. Аларга ылайык укук коргоо жана салык органдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу бардык текшерүүлөр прокуратура органдарында каттоодон өтүшөт. Башкы прокуратуранын кызматкерлери тарабынан республиканын бардык региондорунда ишкердиктин субъектилеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн;
"Зет цемент" ЖЧКсын курууга уруксат документтерин берген жана Кемин районунун аймагында цемент заводунун курулушун токтото туруу боюнча маморгандардын кызмат адамдарынын аракеттери жөнүндө - Башкы прокуратура тарабынан 2015-жылдын 27-августунда Чүй областынын Кемин районунун мамадминистрациясынын кызмат адамдары тарабынан өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын ашыра аткаруу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын аймактык башкармалыгынын (мындан ары - Мамэкотехинспекциянын АБсы) кызмат адамдары тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, ошондой эле "Шанфен Зет Цемент" ЖЧКсынын жетекчилигинин өзүм билемдик фактылары боюнча жазык иши козголгон. 2016-жылдын 30-январында айыпталуучу катары тартууга жаткан адамдын белгисиз болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын ЖПКсынын 221-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун негизинде тергөө мөөнөтү токтотулуп турулган.
Цемент заводунун курулушун токтото туруунун мыйзамдуулугу боюнча:
2015-жылдын 8-июлунда Мамэкотехинспекциянын аймактык башкармалыгынын "Шанфен Зет Цемент" ЖЧКсы тарабынан "Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарынын бузулушу жөнүндө жазма буйругу белгиленген мөөнөттө аткарылган эмес;
- Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 454-беренеси боюнча административдик ишти кароо (2015-жылдын 15-июлундагы протокол) Кемин райондук соту тарабынан "Шанфен Зет Цемент" ЖЧКсынын директоруна карата жазык ишинин козголгондугуна байланыштуу токтотулган;
- 2015-жылдын 21-июлунда Мамэкотехинспекциянын аймактык башкармалыгы "Шанфен Зет Цемент" ЖЧКсынын өкүлдөрү, Кемин районунун Кызыл Октябрь айыл өкмөтүнүн кызматчылары жана Кемин районунун ИББсынын кызматкерлери менен бирдикте аталган объектиде жүрүп жаткан курулуш-жөндөө иштерин токтото туруу жөнүндө акт түзүлүп, ал көрсөтүлгөн ЖЧК тарабынан даттанылган эмес;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги 2015-жылдын 21-августунда Өкмөттүн Аппаратына цемент заводун курууну башка жерге көчүрүү жөнүндө сунуш киргизген;
- Кемин районунун Архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан 2016-жылдын 11-июлундагы № 44-07-16 уруксаты менен "Шанфен Зет Цемент" ЖЧКсына "Жел-Арык" капчыгайындагы цемент заводун, Кызыл Октябрь айыл өкмөтүнүн аймагындагы "Прогон" участогун, тосмолоого уруксат берилген. Тосмолоону орнотууну курулуш-жөндөө иштерин жүргүзүүгө укук берген лицензиясы бар "Таатан-курулуш" ЖЧКсы жүзөгө ашырып жатат.
Жогоруда баяндалганды эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 31-мартындагы № 412-VI токтомунун аткарылышы жөнүндө Өкмөттүн маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) кошумча чараларды кабыл алуу талап кылынган Жогорку Кеңештин жогоруда көрсөтүлгөн токтомунун пункттарын аткаруу боюнча иштерди улантсын, атап айтканда:
- инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программаны иштеп чыгуу боюнча;
- Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен биргеликте Фонддун үлүштүк катышуусу түрүндө же инвесторлор жана долбоорлордун демилгечилери менен өз ара мамилелердин башка формасында Фонддун каражаттарын пайдалануу менен инвестицияларды тартууга дем берүү механизмин иштеп чыгуу боюнча;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча;
- инвесторлордун жергиликтүү бийлик органдары менен өз ара аракеттеринин конкреттүү тартибин, алар тарабынан электр энергиясын сатып алуу жана аларга жер үлүштөрүн жана башкаларды бөлүү механизмдерин иштеп чыгуу боюнча;
- инвесторлорго мамлекеттик, муниципалдык жана жеке жер участокторун, өндүрүштүк башпааналарды жана бардык региондордо токтоп турган ишканаларды эксплуатацияга берүүнүн тартибин жана шарттарын аныктоо боюнча;
- "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча;
- Конституциялык палатанын 2014-жылдын 11-июлундагы чечимин жана ведомстволор аралык комиссиянын чечимин толук көлөмүндө аткаруу боюнча;
- "Кыргыз Республикасынын Индустриалдык-инновациялык өнүгүүсүнүн мамлекеттик программасын иштеп чыгуу жөнүндө" Жогорку Кеңештин 2014-жылдын 25-июнундагы № 4262-V токтомун аткаруу боюнча;
- "Туризм жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун толуктап иштеп чыгуу боюнча;
- үлүштүк курулуш жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча;
- токтоп турган ишканалардын кыймылсыз мүлкүнө салыкты жогорулатуу боюнча;
2) төмөнкүдөй сунуштарды киргизсин;
- өткөрүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын алкагында инвестициялык климатты жакшыртууга жана инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоого багытталган;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жерлерди өндүрүштүк максаттар үчүн трансформациялоо боюнча ыйгарым укуктарды берүү маселеси боюнча;
- Doing Buziness долбоорундагы "электр энергиясына жеткиликтүүлүк" категориясында Кыргызстандын позициясын жакшыртуу боюнча;
3) ушул токтомдун аткарылышы боюнча маалыматты 2019-жылдын 1-июнуна чейин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| М.Бакиров |