Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-июну № 3901-VI
Жаран Айэркен Саймаитинин инсандыгына байланыштуу жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 3364-VI токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө
Жаран Айэркен Саймаитинин инсандыгына байланыштуу жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 3364-VI токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- көмүскө экономикалык иштин көлөмдөрүн азайтуу, андан алынган кирешелерди легалдаштыруу жана алардын өлкөнүн аймагынан тышкары чыгарылышына бөгөт коюу боюнча чараларды күчөтсүн;
- жеке ишкерлер А.Саймаитинин, Б.Вуфулинин жана "Абдыраз" ЖЧКсынын иштерин текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча табылган 6 млрд. 549 млн. 242 миң сом өлчөмүндөгү салыктарды өндүрүп алуу жана республикалык бюджетке чегерүү боюнча биротоло чараларды көрсүн;
- бажы чөйрөсүндөгү коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу жана коомчулуктун бажы органдарына болгон ишенимин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-июлундагы № 363 токтому менен бекитилген 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралардын планынын аткарылышын камсыз кылсын;
- импорттун көлөмдөрүн контролдоо жана башка өлкөлөрдүн бажы статистикасынын маалыматтары менен болгон олуттуу айырмачылыктарды жоюу боюнча чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- "Азаттык медиа" маалыматтык агенттиги тарабынан, ошондой эле башка жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган фактылар боюнча деталдуу текшерүү жүргүзсүн жана анын натыйжалары боюнча укуктук баа берсин;
- козголгон 5 жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдө мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү камсыз кылсын;
- чет өлкөгө ири өлчөмдөгү шектүү акча которуулардын мыйзамдуулугун кошо алганда, жеке ишкерлер А.Саймаитинин, Б.Вуфулинин жана "Абдыраз" ЖЧКсынын 2011-2017-жылдардагы ишин өз убагында текшерүүнү камсыз кылбаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилеринин иш-аракеттерине укуктук баа берсин;
- Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-февралындагы № 49 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2006-жылдын 5-сентябрында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы жарандык, коммерциялык жана жазык иштери боюнча укуктук жардамдашуу жөнүндө макулдашуунун негизинде Түркия Республикасынын укук коргоо органдары менен бирдикте А.Саймаитинин өлтүрүлүшүнүн бетин ачуу боюнча иш жүргүзсүн;
- күбөлөр Р.Тиллабаевдин, Э.Сопоковдун көрсөтмөлөрүндө айтылган фактылар, анын ичинде "Азаттык медиа" маалыматтык агенттигинин журналисти М.Токтакуновдун А.Саймаитиден ири өлчөмдө акча каражаттарын алгандыгы тууралуу көрсөтмөлөр боюнча ар тараптуу жана объективдүү текшерүү жүргүзсүн жана укуктук баа берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул токтомдун аткарылышы жана козголгон жазык иштеринин алкагында жүргүзүлүп жаткан тергөөнүн натыйжалары тууралуу 2020-жылдын 1-августуна чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |