Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 4-февралы № 4388-VI
Кыргыз Республикасында жашыл экономика принциптерин киргизүү боюнча жүргүзүлгөн иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук кеңештин төрагасы Э.Ж.Байбакпаевдин отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 2532-VI токтому ылайык "Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү" концепциясын бекитүү жана Кыргыз Республикасында жашыл экономика принциптерин киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук кеңештин төрагасы Э.Ж.Байбакпаевдин Кыргыз Республикасында жашыл экономика принциптерин киргизүү боюнча жүргүзүлгөн иш жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында жашыл экономика принциптерин киргизүү боюнча жүргүзүлгөн иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук кеңештин төрагасы Э.Ж.Байбакпаевдин отчету жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 2532-VI токтому менен бекитилген "Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү" концепциясына ылайык Кыргыз Республикасында жашыл экономика принциптерин киргизүү боюнча чараларды ишке ашырууну улантсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
А.Касымалиева |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 4-февралындагы № 4388-VI токтому менен бекитилген |
2020-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жашыл экономикага өтүү боюнча коомдук кеңешинин ОТЧЕТУ
Жашыл экономиканын пайда болушу
2011-жылы БУУнун Курчап турган чөйрө боюнча программасы (ЮНЕП) өзүнүн "Жашыл экономикага карай: туруктуу өнүгүүгө жана жакырчылыкты жоюуга жол" аталышындагы баяндамасында жашыл экономиканы адамдардын бакубатчылыгын жогорулаткан жана социалдык адилеттикти камсыз кылган, ошондой эле курчап турган чөйрө жана анын жакырланышы үчүн тобокелдиктерди олуттуу төмөндөткөн экономика катары мүнөздөгөн. 2012-жылы Бразилияда өткөн БУУнун Туруктуу өнүгүү боюнча конференциясында (РИО+20) бардык өлкөлөргө туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуунун маанилүү инструменттеринин бири катары өзүлөрүнүн жашыл экономикасынын улуттук концепциясын иштеп чыгуу жана кабыл алуу сунушталган.
БУУнун Туруктуу өнүгүү боюнча "РИО+20" конференциясында Кыргызстан "жашыл экономиканын" артыкчылыктарын алгалатуу аркылуу туруктуу өнүгүүнү жактаарын билдирген. Кыргыз Республикасы үчүн мындайга өтүү өтө зарыл муктаждык болуп саналат, себеби өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү жаратылыш ресурстарын пайдаланууга олуттуу деңгээлде негизделген.
Жашыл экономикага өтүү боюнча концепция
2018-жылдын башында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын демилгеси менен Жашыл экономиканын концепциясын иштеп чыгуу жана аны Кыргызстанда киргизүү боюнча Парламенттин депутаттык жумушчу тобу түзүлгөн. Жумушчу топ тарабынан кыска мөөнөттүн ичинде "Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү" бренди менен Кыргыз Республикасында жашыл экономикага өтүү боюнча концепция иштелип чыгып, республиканын Парламентинин кароосуна киргизилген. 2018-жылдын июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзүнүн токтому менен бул Концепцияны бекиткен.
Кабыл алынган Кыргыз Республикасында жашыл экономикага өтүү боюнча концепцияда мамлекеттерди өнүктүрүүнүн экономикалык эски модели натыйжасыз иштеп жаткандыгы, себеби ал эски концепция Дүйнөдө планетанын жаратылыш ресурстарын ысырап пайдаланууга жана калктын суроо талабын керектөөдөн ашыкча стимулдаштырууга негизделгендиги белгиленген.
Кыргыз Республикасы глобалдуу коомчулуктун бөлүгү болуп туруп, адам баласынын ишинин терс таасирин сезип турат, Концепцияда алардын негизгилеринен төмөнкүлөр белгиленген:
- Жер жүзүндө аба-ырайынын глобалдык ысып кетүүсүнөн улам, республиканын аймагынын 4 пайызына жакынын ээлеп турган мөңгүлөр акыркы жыйырма жыл ичинде 30 пайызга кыскарды;
- Булгоонун стационардык жана көчмө булактарынан зыяндуу заттардын абага чыгарылуусу жыл сайын көбөйүп бара жатат;
- Айыл чарба багытындагы жерлер жана жайыттар аларды интенсивдүү жана туура эмес пайдалануунун айынан бузулууга жана антропогендик эрозияга дуушарланууда;
- Сугат үчүн суулар өтө натыйжасыз пайдаланылып жаткандыктан, айыл чарбасында жер үстүндөгү сууларды пайдалануунун өнүмдүүлүгү өтө төмөн;
- Экономиканын реалдуу секторунун да, үй чарбасынын да калдыктарды өндүрүүсүнүн жана керектөөсүнүн көлөмү жыл сайын өсүп бара жатат, аны менен бирге уулуу калдыктардын көлөмү да өсүүдө;
- Табигый экотутумдун саны өтө тез кыскарып, тоо этегиндеги гана эмес, бөксө тоолуу жана бийик тоолуу тутумдар - альпы талаалары бузулуп жатат;
- Табигый экотутум кыскарганына байланыштуу, өсүмдүктөрдүн да, жаныбарлар дүйнөсүнүн да биологиялык түрдүүлүгү жигердүү жок болуп бара жатат;
- Өлкөдөгү айлана-чөйрөнүн начар абалынын таанылган индикатору болгон калктын саламаттыгынын начарлап бара жатканын статистика айгинелеп турат.
Жашыл экономикага өтүү боюнча концепцияда Кыргызстандын курчап турган чөйрөсүнүн көйгөйү өлкөнүн келечекте туруктуу өнүгүүсү үчүн коркунуч туудурары белгиленген, ал коркунучтардын негизгилери болуп төмөнкүлөр саналат: натыйжалуу альтернативаларды түзбөстөн жаратылыш ресурстарын түгөтүү, негизги табигый экотутумдарды жоготуу жана адамдык капиталдын стагнациясы.
Жашыл экономикага өтүү боюнча Коомдук кеңеш
Концепцияны ишке ашыруу үчүн депутат Э.Дж.Байбакпаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасында жашыл экономикага өтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коомдук кеңеши түзүлгөн (мындан ары - Коомдук кеңеш). Коомдук кеңеш Кыргыз Республикасында жашыл экономиканын концепциясынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү, баалоо жана координациялоо, мониторингдин жана баалоонун базасында тиешелүү сунуштоолорду иштеп чыгуу, жашыл жана туруктуу өнүгүүнүн принциптеринде экономиканы модернизациялоону камсыз кылган Концепцияны ишке ашыруунун стратегиясын, тактикасын жана механизмдерин аныктоо максатында уюшулган. Коомдук кеңештин маанилүү функцияларынын бири Концепциянын артыкчылыктарына жана принциптерине ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана кароо саналат.
2018-2019-жылдар аралыгында Коомдук кеңеш тарабынан республикада жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ченемдик укуктук базасын түзүү боюнча олуттуу иштер жүргүзүлдү, ошондой эле бир топ тиешелүү иш-чаралар жана калкка маалымат жеткирүү боюнча иштер жүргүзүлдү. Кеңештин зор ийгилиги катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын ортосунда "Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышын эсептөөгө болот. Бул мыйзам кайра жаралуучу булактар чөйрөсүндөгү иштин эрежелеринин алкагын пайда кылды жана энергетика жаатында, өзгөчө өлкөдөгү чакан гидро энергетиканы өнүктүрүүгө инвестициялык иш үчүн жагымдуу шарттарды түздү.
Коомдук кеңештин Катчылыгынын иши
2020-жылдын мартында Коомдук кеңештин алдында Коомдук кеңештин Катчылыгы (мындан ары - Катчылык) түзүлгөн. Катчылыктын курамына республикада жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн ченемдик-укуктук маселелеринин түрдүү багыттары боюнча эксперттер тобу кирген.
Таажы вирусу (COVID-19) пандемиясынын жайылышынан улам объективдүү көйгөйлөргө жана ага байланыштуу ишкердиктин чектелгенине карабай, Катчылык тарабынан өлкөнүн жашыл экономикага өтүшү үчүн шарттарды түзүүгө укуктук базаны иштеп чыгуу боюнча олуттуу иштер аткарылды.
Кыргызстандын биотүрдүүлүгүн, экотутумун, туристтик дараметин сактап калуу жана ак илбирсти коргоо максатында Коомдук кеңеш тарабынан 2018-жылы "Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыккан, анда ак илбирстин тоют базасын түзгөн айрым ача туяктуу жаныбарларга аңчылык кылууга мораторий киргизүү каралган. Тилекке каршы, 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бул мыйзам долбоорун кароодо депутаттардын көпчүлүгүнүн добушу менен четке каккан. 2020-жылдын майында Катчылыктын эксперттери тарабынан "Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзам долбоору иштелип чыккан жана парламенттик угуулар өткөрүлгөн. Угууларда катышуучулар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биотүрдүүлүктүн сакталышын камсыз кылуу боюнча ишинин алсыздыгы жатта жаратылышты коргоо секторун каржылоонун жетишсиздиги белгиленген. Республикада жеринде жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин пайдалануунун аңчылык кылууга альтернативдик түрүн - фаунага байкоо жүргүзүүнү жана фото аңчылыкты өнүктүрүү зарылдыгы билдирилген. Жаратылыш дүйнөсүнүн объектилеринин санынын эсебин дайыма жана өз учурунда жүргүзүп туруунун маанилүүлүгү баса белгиленген. Прокуратуранын түзүмүндө экологиялык көзөмөл функциясы менен бөлүмчөнү калыбына келтирүү боюнча демилге сунушталган. Парламенттик угуулардын катышуучулары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине "Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзам долбоорун колдоп берүүнү сунушташкан.
Жаратылыш дүйнөсүнүн объектилерин жана алар жашаган чөйрөнү сактоо жана кайра өндүрүү максатында Катчылык тарабынан "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзам долбоору (жаратылыш дүйнөсүнүн объектилерин пайдаланууга чектөөлөрдү жана тыюу салууларды коюу (жокко чыгаруу) маселелери боюнча) иштелип чыккан. Мыйзам долбоорунда жеке жана юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин пайдаланууга чектөөлөрдү жана тыюуларды белгилөө (жокко чыгаруу) жөнүндө сунуштарды киргизүү укугун берүү сунушталган. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин пайдаланууга тыюулардын жана чектөөлөрдүн эрежелери жана жол-жоболору, ошондой эле аларды белгилөөнүн учурлары регламенттешкен. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин пайдаланууга тыюуларды жана чектөөлөрдү белгилөө укугуна ээ болгон субъекти катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныкталат.
Экологияны башкарууга катышууга коомчулукту жана жергиликтүү коомдоштуктарды тартуу үчүн Катчылык тарабынан "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Экологиялык экспертиза жөнүндө", "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбоору иштелип чыккан. Бул мыйзамдардын демилгелери боштуктарды жана коррупциялык ченемдерди жоюу жолу менен экологиялык экспертиза жөнүндөгү мыйзамдарды жакшыртууга багытталган. Экологиялык экспертизанын коомдук маанилүү объектилерин атайын бекитилген тизмеге кошуу сунушталууда. Чарбачыл иштин демилгечисинин коомдук экологиялык экспертизанын алкагында кызматташуудан баш тартканы үчүн жоопкерчилиги каралууда. Ошондой эле калктын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандардын экология үчүн зыяндуу ишти жүргүзүүгө каршы аракеттенүү боюнча укуктук мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилүүдө.
Республикада экологиялык аудит жүргүзүү маселесин жакшыртуу үчүн Катчылык тарабынан "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзам долбоору иштелип чыккан. Ал үчүн боштуктарды жана шайкеш келбестиктерди жоюу боюнча кошумчалар киргизилип жатат. Экологиялык аудит көз карандысыз аудиторлор жана аудитордук уюмдар тарабынан жүргүзүлөрү каралууда. Экологиялык аудиттин түрдүү формалары - демилгелик аудит жана милдеттүү аудит - киргизилүүдө. Экологиялык аудитти жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталары белгиленип жатат.
Ысык-Көл облусунун аймагында тиричилик таштандылары жана каналдан агындылар менен болгон жагымсыз экологиялык жагдайды жакшыртуу жана Ысык-Көлдүн акваториясынын булгануу фактыларын алдын алуу үчүн Коомдук кеңеш тарабынан Катчылыктын колдоосу менен "Ысык-Көл" биосфера аймагынын сууларын агызып чыгаруу жана тазалоочу курулмалары жөнүндө" жана "Ысык-Көл" биосфера аймагын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлору иштелип чыкты. Мыйзам долбоорлорунун максаттары Ысык-Көлдө суу кетирүү тутумун жана тазалоочу жабдууларды каржылоо үчүн мыйзамдардын негизин түзүү болуп саналат, ошондой эле мыйзам долбоорлору экологиялык талаптарды жана чектөөчү ченемдерди катуулатуу үчүн иштеп турган мыйзамдардагы ченемдерди жана жоболорду толуктап, тактап турат, ошондой эле бул чөйрөдөгү кызмат адамдарынын жоопкерчилик ченемин толуктайт. Коомдук кеңештин жана Катчылыктын жигердүү иштешинин натыйжасында "Ысык-Көл" биосфера аймагынын сууларын агызып чыгаруу жана тазалоочу курулмалары жөнүндө" жана "Ысык-Көл" биосфера аймагын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлору 2020-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынып, 2020-жылдын 17-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кол коюлган.
Айлана-чөйрөнү полиэтилен баштыктарынын жана пластик идиштеринин зыяндуу таасиринен коргоо максатында Катчылык тарабынан "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбоору иштелип чыккан. Мыйзам долбоору менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жергиликтүү коомчулуктарга пластик буюмдарын жана баштыктарын пайдалануу жана жүгүртүү эрежелерин өз алдынча киргизүү укугуна жана мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болууга мүмкүндүк берген мыйзам ченемдерин киргизүү каралган. Баштыктарды колдонгондугу үчүн төлөөнү же жергиликтүү чогултууларды киргизүүнүн эсебинен пластик таңгактарынын жүгүрүүсүн чектөөнүн экономикалык инструментин киргизүү Катчылык тарабынан сунушталууда. Бул пластик таңгактарды жана идиштерди калктын пайдалануусун кыскартууга, муниципалитеттин бюджетине кирешенин түшүүсүнүн өсүшүнө, көп жолку пайдаланылуучу баштыктарды жана сумкаларды өндүрүү үчүн кол өнөрчүлүктүн өнүгүүсүнө алып келиши керек, ошондой эле Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийликти борборлоштурууну азайтууну тереңдетүүгө алып келет. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жергиликтүү бийликтерге экология жана соода чөйрөсүндөгү чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берген тиешелүү механизмди кароо сунушталат.
Абаны булгоочу, өзгөчө Бишкек шаарындагы көйгөйдү чечүү үчүн Катчылык тарабынан "Айрым мыйзам актыларына ("Атмосфералык аба жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбоору иштелип жатат. Мыйзам долбоорунда абаны кирдетүүгө каршы аракеттенүү боюнча жарандардын жана коомчулуктун мүмкүнчүлүктөрүн тереңдетүүгө мүмкүндүк берген ченемдер киргизилип жатат. Алсак, атмосфера абасынын сапатына коомчулуктун өзү тарабынан жүргүзүлгөн мониторинг тууралуу маалыматтын жыйынтыктарын мыйзамдаштыруу сунушталып жатат. Тиричилик жылуулугу менен жабдуунун жана энергияны үнөмдөөчү технологиялардын салыштырмалуу таза ыкмаларын киргизүү үчүн укуктук ченемдерди киргизүү, ошондой эле автомобилдерди мамлекеттик техникалык кароодон өткөрүү боюнча ченемдерди кайтарып келүү пландалып жатат. Ошондой эле мыйзам долбоору жылуулукту генерирлөөчү жабдууларды пайдаланган уюмдардын, автомобилдерди техникалык кароодон өткөргөн жайлардын жана унаа каражаттарынын ээлеринин экологиялык эрежелерди бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти жогорулатууну карап жатат.
Катчылык айыл чарбасында агрохимикаттардын (пестициддердин) жүгүртүлүшүн жөнгө салууну жакшыртуу боюнча ири ишти жүргүздү. Бул тармакта "Агрохимикаттарды жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын (пестициддерди) жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты. Пестициддердин көпчүлүгү өтө уулуу болгондуктан, көпчүлүк өлкөлөрдө алар мамлекеттин катуу көзөмөлүндө турат. Кыргызстанда бүгүнкү күнү пестициддер чек арадан өтөөрү менен, мамлекет пестициддерди пайдалануу боюнча контролун жоготуп бара жатат. Пестициддерди чекене саткан жайларга коопсуздук жана аларды колдонуу боюнча мамлекеттик тилдеги нускамалар боюнча талаптарды киргизүү, жана пестициддерди сактоо боюнча контролду күчөтүү сунушталууда. Минералдык жер семирткичтерди жана пестициддерди импорттук жеткирүүгө кошумча наркка салык киргизүүнүн эсебинен фермерлерди органикалык жер семирткичтердин жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын (био-жер семирткичтер жана био-пестициддер) ага караганда уусу азыраак жана экологиялык жактан тазараак түрлөрүн пайдаланууга түртүү да каралууда.
Республикада фермерлердин органикалык айыл-чарба өндүрүмүн стимулдаштыруу үчүн Катчылык тарабынан Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана БУУнун айыл-чарба уюму менен биргеликте "Кыргыз Республикасында органикалык өндүрүш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жаңы редакцияда иштелип баштады. Мыйзам долбоору өлкөдө органикалык айыл-чарбасынын туруктуу өнүгүүсүн фермерлер жана ишканалар тарабынан экологиялык жактан таза тамак аштарды өндүрүүсү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. Органикалык өндүрүмдөрдү өндүрүү, сактоо, транспорттоо, маркирлөө жана сатуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуу боюнча укуктук ченемдерди киргизүү каралып жатат. Органикалык өндүрүмдү сертификаттоо чакан фермерлер үчүн кымбат же түйшүктүү болгондуктан, мыйзам долбоорунда топтук сертификаттоо же биргелешкен кепилдиктердин тутуму боюнча сертификаттоо (PGS - Participatory Guarantee System) үчүн мүмкүнчүлүктү киргизүү сунушталууда.
2020-жылдын ортосунда Коомдук кеңешке Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын (мындан ары - КР УИА) Биотехнология Институту Кыргызстандын генетикалык ресурстарын сактоо жана республиканын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн генетикалык ресурстарынын банкын түзүү боюнча демилгеси менен кайрылган. КР УИАсынын Биотехнология институту генетикалык ресурстар мамлекеттин маанилүү активдеринин бири экендигин белгилейт. Генетикалык ресурстарды сактоо үчүн азыркы учурда генетикалык ресурстарды жөнгө салуу жана сактоо боюнча укуктук база жок, ошондуктан жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана микроорганизмдердин генетикалык ресурстары боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу керек. Ушуга байланыштуу Катчылык КР УИАсынын Биотехнология институту менен биргеликте "Кыргыз Республикасынын жаныбарларынын, өсүмдүктөрүнүн жана микроорганизмдеринин генетикалык ресурстары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыгууну баштады.
2021-жылы Коомдук кеңеш жана Катчылык республикада жашыл экономиканы өнүктүрүүгө түрткү берүүчү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана жылдыруу боюнча өз ишин улантууну көздөп жатат. Катчылык тарабынан 2021-2023-жылдар аралыгына Коомдук кеңештин республикада жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча мыйзам долбоорлорду иштеп чыга турган иштеринин планы иштелип чыгат. Ошондой эле Кыргыз Республикасында жашыл экономикага өтүү боюнча Парламенттин Концепциясын жакшыртууга эксперттердин көңүлү бурулат. Covid-19дун жайылтылышына жана киргизилген чектөөлөргө байланыштуу Катчылык калкка маалымат жеткирүү жана жашыл экономика маселелери боюнча билим берүү долбоорлоруна көбүрөөк көңүл бурат.
Коомдук кеңештин Төрагасы | Э.Байбакпаев |