Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 21-апрели № 4498-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 21-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 21-апрелиндеги жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
“Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Курал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
“Жалал-Абад областынын Чаткал районундагы “Вертекс Голд Компани” ЖЧК ишин, анын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин жана тоо-кен өнөр жайы жаатындагы мыйзамдардын талаптарынын сакталышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 24-февралындагы № 4421-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
2020-жылда Кыргыз Республикасындагы мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчету жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Токтомамбетов Аманкул Жапаровичтин анты.
Төрага | Т.Т. Мамытов |