Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 3-марты № 317-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 3-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 3-мартындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
I. Кароого киргизилген маселелер:
Ар түрдүү;
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамына жаңы мүчөнү бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.
II. 25-февралда каралган, 2016-жылдын 2-мартында добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө", "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
"Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө", "Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
"Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
"Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
"Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
"Бишкек шаарында 2015-жылдын 6-июлунда кол коюлган "Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгеси - жолдоочу статусун алгандан кийинки фаза II" долбоорун ишке ашыруу максатында № TF017411 Грантын берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
"Бишкек шаарында 2015-жылдын 12-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик тармактагы кызматташтык жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
"Ишкердик субъектилерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
"Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш-аракет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
"Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.
Төрага | А. Жээнбеков |