Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-апрели № 2973-VI
2019-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Баткен областынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болуп өткөн инцидент боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө
2019-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Баткен областынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болуп өткөн инцидент боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 13-мартында Баткен областынын Ак-Сай айылынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы инцидент жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы эске алынсын.
2. "Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 145 Мыйзамын жана "Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186 токтомун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлгөн иштин жетишсиздиги белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоо максатында чектеш мамлекеттер менен делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдүү жана ырааттуу жүргүзсүн;
- кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин макулдашылбаган участоктор боюнча чечимдерди кабыл алуу менен Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын ортосунда түзүлгөн эл аралык макулдашууларга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына катуу ылайыктуулукта жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун 2019-жылды региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү сан ариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгын аткаруу максатында чек ара райондорунун калкынын экономикалык жана социалдык абалынын деңгээлин реалдуу жогорулатууга жана коомдун күндөлүк турмушуна жаңы технологияларды киргизүүгө жетишсин;
- төмөнкүлөрдүн аткарылышына талдоо жүргүзсүн:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун жана чечимдеринин жана башка ченемдик укуктук актылардын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-январындагы № 19-р буйругу менен бекитилген Баткен областынын Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Божой, Ак-Сай айыл аймагынын Таш-Тумшук, Кыш-Туут айыл аймагынын Чарбак, Таян, Сай айылдарынын социалдык-экономикалык инфраструктурасын жакшыртуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 5 токтому менен бекитилген 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашырууга карата 2018-2020-жылдарга иш-чаралардын планын жана тиешелүү министрликтерди жана ведомстволорду, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, айылдык кеңештерди, өкмөттүк эмес уюмдарды (аксакалдар кеңештерин, аялдар кеңештерин, жаштар уюмдарын жана башкаларды) тартуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын сунуштарын жана сын-пикирлерин эске алуу менен (тиркелет) өзгөчө статусу бар Баткен областынын айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планынын долбоорун бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бекитүүсүнө киргизсин;
- жеке турак жай куруу жана чарбалык иштерди жүргүзүү үчүн Баткен районунун Ак-Сай, Божой, Таш-Тумшук, Чарбак, Таян, Сай, Төрт-Көчө, Орто-Боз, Карабак, Капчыгай, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Ак-Татыр айылдарынын жашоочуларынын жер участокторун трансформациялоону жөнөкөйлөтүү боюнча маселени чечсин;
- Ак-Сай - Тамдык жана Ак-Сай - Рават автомобиль жолдорунун курулушун бүткөрүү үчүн каражаттарды кыска мөөнөттө издеп тапсын, ошондой эле аларды биринчи кезекте каржылоону камсыз кылсын;
- чек ара райондорунда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын жана алардын мүлкүн чет элдик жарандардын кол салуусунан сактоо боюнча чараларды көрсүн, ал эми агрессия учурунда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык адекваттуу чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын ишенимдүү кайтарууну жана коргоону кыргыз-тажик участогунда аны коргоонун жыштыгын көбөйтүүнүн, чек ара ыйгарым укуктуулары катары чек ара райондорунун жашоочуларын активдүү тартуунун; макулдашылган участоктордо инженердик курулмаларды орнотууну тездетүүнүн, Кыргыз Республикасынын чек араларын коргоонун жаңы ыкмаларын активдүү киргизүүнүн эсебинен камсыз кылсын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга акча каражаттарын кошумча бөлүп берүү жөнүндө маселени чечсин;
- чек ара аймактарында жайгашкан жерлерди жана кыймылсыз мүлктөрдү чет элдик жарандардын пайдасына ээликтен ажыратууну болтурбоо боюнча иштерди активдүү жүргүзүүнү улантсын;
- чек ара инциденттеринин жүрүшүндө жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык, социалдык жана башка жардамдарды көрсөтсүн;
- Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарында кызмат өтөп жаткан жана иштеген аскер кызматчыларынын, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин саламаттык сактоонун жана социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин штаттык санын кайра карасын, чек ара айылдарынын башталгыч жана орто мектептерин талап кылынган предметтердин мугалимдери менен камсыз кылсын;
- чек ара айылдарынын фельдшердик-акушердик пункттарын зарыл жабдуулар менен комплектесин жана транспорт менен камсыз кылсын;
- чек ара аймактарынын бийик тоолуу жана алыскы айылдарынын окуучуларын жашаган жеринен окуган жерине чейин жана кайра мектеп автобустары менен ташууну уюштурсун;
- чек ара айылдарынын жаштарынын жогорку окуу жайларына өтүүсү үчүн жеңилдиктерди берүү жөнүндө маселени чечсин;
- мыйзамдын чегинде жерлерди трансформациялоо бөлүгүндө сунуштарды киргизүү боюнча тиешелүү чараларды көрбөгөн айылдык, райондук жана областтык деңгээлдердеги кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартсын;
- аткарылган иш-чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине квартал сайын маалымат берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети "Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 145 Мыйзамынын талаптагыдай аткарылышын камсыз кылбаган кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы 2009-жылдын 3-мартындагы № 5 протоколго кол койгон Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин Катчысынын аракеттерине укуктук баа берсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо аларды тескөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттерине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |