Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 7-июлу № 4707-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 7-июлундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 7-июлундагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 19-майындагы № 4571-VӀ токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Электрондук соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты тууралуу;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 28-апрелиндеги № 4527-VӀ токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты жөнүндө;
"Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2021-жылдын 11-мартында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2021-жылдын 23-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2016-жылдын 5-октябрында "Ошэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоорунун максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын, "Ошэлектр" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азия үчүн Европа Бирлигинин инвестициялык механизми линиясы боюнча (European Union’s Invvestement Facility for Central Asia, ИФКА) Европа комиссиясынан инвестициялык грант боюнча Гранттык макулдашууга, 2017-жылдын 7-декабрындагы Кыргыз Республикасынын, "Чыгышэлектр" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюштуруучуларынын атайын фондунун каражаттарынын эсебинен "Чыгышэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору үчүн берилүүчү инвестициялык грантка карата Гранттык макулдашууга жана 2016-жылдын 5-октябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга ("Ошэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө макулдашуу-каттарды ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"1973-жылдын 18-майындагы Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана гармонизациялоо жөнүндө эл аралык конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" (Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана гармонизациялоо жөнүндө эл аралык конвенцияга кошулуусу тууралуу 1999-жылдын 26-июнундагы редакциясында)" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Баткен областынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Баткен областына статус берүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын жараны, "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын жоголуу фактысы боюнча мамлекеттик органдардын маалыматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 17-июнундагы № 4664-VI токтомунун аткарылышы тууралуу.
Төрага | Т.Т. Мамытов |