Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 31-майы № 1195-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 31-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 31-майындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки тараптуу инвестициялык келишимди ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2022-жылдын 7-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (жеңилдетилген шарттардагы кадимки операциялар) (Саламаттык сактоо жаатындагы региондук коопсуздукту чыңдоо боюнча долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (атайын операциялар) (Саламаттык сактоо жаатындагы региондук коопсуздукту чыңдоо боюнча долбоор) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2023-жылдын 3-мартында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо" долбоору) жана Кыргыз Республикасы, "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ("Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо" долбоору) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштурууну жакшыртуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 382-VII токтомунун аткарылышы тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Эшимов Акылбек Жусуповичти ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан шайланган судьянын талапкерлиги жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Мадумаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссияны түзүү тууралуу.
Төрага | Н.Т. Шакиев |