Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 104 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 3-июну № 339
Кыргыз Республикасынын аймагына өзгөчө (форс-мажордук) жагдайларда медициналык арналыштагы гуманитардык жардамды ташып кирүүнү жөнгө салуу боюнча өкмөттүк комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-октябрындагы 459 "Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагына өзгөчө (форс-мажордук) жагдайларда медициналык арналыштагы гуманитардык жардамды ташып кирүүнү жөнгө салуу боюнча өкмөттүк комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлсүн.
2. Комиссиянын иши жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |