ЖарлыкКүчүн жоготту

КР Президентинин 2017-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 134 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 6-мартындагы»Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө«Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Президентинин 2018-жылдын 11-майындагы ПЖ № 118 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2017-жылдын 25-июлу ПЖ № 134

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 6-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Республиканын мамлекеттик органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 6-мартындагы № 42 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамында:

Комиссиянын курамынан А.Э.Усенов, У.Т.Дооталиев, К.С.Акишев чыгарылсын;

Омокеев Айбек Талгатбекович - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы, Сарымсаков Манас Болотович - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, Догоев Дастан Давлетович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы киргизилсин.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Президент

 

А. Атамбаев