ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2018-жылдын 17-майындагы ПЖ № 123 «Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» жарлыгы

Редакция17,05,2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2018-жылдын 17-майы ПЖ № 123

Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин мурда кабыл алынган чечимдерин инвентаризациялоонун алкагында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 31-июлундагы № 236 "Кыргыз Республикасында нефтини жана жаратылыш газын казып алууну арттыруу жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 10-январындагы № 7 "Ысыккөл, Соңкөл көлдөрүндө жана Кыргыз Республикасынын башка көлмөлөрүндө балык запастарын сактоо жана көбөйтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 24-декабрындагы № 460 "Капиталды жана мүлктөрдү мыйзамдаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгы.

2. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Президент

 

С. Жээнбеков