Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 1-февралындагы ПЖ № 11 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2018-жылдын 2-марты ПЖ № 46
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы № 227 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 5-пункттагы "социалдык өнүктүрүү, тарых жана маданият маселелери боюнча" деген сөздөр "жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Билим берүү маселелери боюнча комиссиянын курамы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Билим берүү маселелери боюнча комиссиянын КУРАМЫ
Карыбаева Мира Аскеровна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын төрагасы; |
Кудайбердиева Гульмира Каримовна | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссия мүчөлөрү: | ||
Молдобекова Гулкан Сакиновна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Султанбаева Айнура Жолдошбековна | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; |
Кармышаков Улукбек Тойчуевич | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Рыскелдиева Асель Жекшенбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн эксперти, Комиссиянын жооптуу катчысы."; |
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө жобонун 6-пунктундагы "социалдык өнүктүрүү, тарых жана маданият маселелери боюнча" деген сөздөр "жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С. Жээнбеков |