Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ №408 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2018-жылдын 2-августу ПЖ № 162
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Президентинин 2019-жылдын 3-июнундагы ПЖ № 78 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы № 39 "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) (КР Президентинин 2019-жылдын 3-июнундагы ПЖ № 78 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө жободо:
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"12. Комиссия Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн аппараттарынын, мамлекеттик органдардын жана 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарынын коомдук бирикмелеринин өкүлдөрүнөн түзүлөт.
Комиссиянын ишин уюштурууну Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын көмөк көрсөтүүсү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты камсыз кылат";
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"13. Комиссия өз ишин жыйналыштарды өткөрүү жолу менен уюштурат, алар зарылчылыгына жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Комиссиянын жыйналышы, эгерде ага анын мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экиси катышса укуктуу деп эсептелет. Комиссиянын катышпаган мүчөлөрү үчүн добуш берүүгө жол берилбейт.
Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда төрагалык кылуучунун милдеттерин Комиссиянын төрагасынын биринчи орун басары аткарат.";
- 14-пункттагы "анын төрагасынын" деген сөздөр "төрагалык кылуучунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 15-пункттагы "эки" деген сөз "бир" деген сөз менен алмаштырылсын.
(КР Президентинин 2019-жылдын 3-июнундагы ПЖ № 78 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 19-январындагы № 6 Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент |
| С. Жээнбеков |
Тиркеме
2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын КУРАМЫ
Боронов К.А. | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы; |
Азыранкулов А.Дж. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Комиссиянын төрагасынын биринчи орун басары; |
Бусурманкулов Э.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин орун басары, уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Молдобекова Г.С. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Супаналиев Б.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Шадыханов К.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы; |
Каденова З.А. | - | Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары; |
Амандыков М.Л. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директорунун орун басары; |
Айылчиев Т.Р. | - | "Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Сырдыбаева А.А. | - | "Эр Теги" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Мамбетов М.К. | - | "Апрель Баатырлары" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Исаков Ж.Б. | - | "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Сатылганов Э.К. | - | "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Очокеев Т.К. | - | "Апрель. Элим. Кыргызстан" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Алымкулов А.Т. | - | "Айкөл Таза Коом" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Алиев З.Т. | - | "Апрель. Баатырлар Биримдиги" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча). |