Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 5-июнундагы № 367
2004-жылдын 25-февралындагы №103 «Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 509 «Лицензиялоо-уруксат берүү чөйрөсүндө ишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны оптималдаштыруу жөнүндө» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 103 «Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү уруксат берүүчү документтердин наркы белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик менен макулдашылаары;»;
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик уруксат берүүчү документтердин наркынын прейскурантын белгиленген тартипте бекитсин.»;
- аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү уруксат берүүчү документтердин реестринде:
«Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги» деген бөлүмдө:
«Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти» деген бөлүмчөдө:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
1 | Санитардык эрежелерге ылайык келүү жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык корутунду: - продукциянын жаңы түрлөрүн (биринчи жолу иштелип жаткан же киргизилип жаткан) өндүрүштүн жаңы технологиялык процесстерин чыгарууга, колдонууга (пайдалануу), калкка сатууга; - биологиялык заттар, биологиялык жана микробиологиялык организмдер жана алардын токсиндери менен жасалуучу иштерди аткаруунун шарттарына (патогендиктин I-VI топтогу микроорганизмдери менен иштөөгө Республикалык режимдик комиссиянын уруксаты); - иондоштуруучу нурлануунун булактары менен иштөө укугуна. | «Калктын санитардык- эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө» Кыргыз Республикасыын Мыйзамы |
»;
2 жана 3-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- «Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти» деген бөлүмчөнүн 2-5-пункттары күчүн жоготту деп табылсын;
«Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги» деген бөлүмдө:
- «Мамлекеттик үрөн инспекциясы» деген бөлүмчөдө:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
1 | Мамлекеттик стандарттардын талаптарына ылайык келүүчү сорттуу үрөндөрдү үрөндөрдүн кондициялуулугу жөнүндө күбөлөндүрүү (шайкештик сертификаты) (айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн жана көчөт материалынын себүү сапатын лабораториялык аныктоонун натыйжалары боюнча республиканын ичинде берилет). Үрөндөрдүн экспорттолуучу продукциясына берилүүчү Эл-Аралык Саргыч Сертификат (ОISLS) (айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн жана көчөт материалынын себүү сапатын лабораториялык аныктоонун натыйжалары боюнча берилет) | «Үрөн жөнүнүндө» Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамы |
»;
2-пункт күчүн жоготту деп табылсын:
- «Өсүмдүктөрдү химиялаттыруу жана коргоо департаменти» деген бөлүмчө төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
- «Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантиндөө департаменти»
«
1 | Пестициддерди жана (же) агрохимикаттарды мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк | «Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
2 | Фитосанитардык сертификат | «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Кыргыз Рес- публикасынын Мыйзамы |
3 | Импорттук карантин уруксаты | «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Кыргыз Рес- публикасынын Мыйзамы |
4 | Карантиндик кароо жана экспертиза жүргүзүү жөнүндө акт | «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
»;
- «Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча башкы мамлекеттик инспекция» деген бөлүмчө күчүн жоготту деп табылсын:
«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой чарбасы» деген бөлүм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик»
«
1 | Өсүмдүктөр жана айбанаттар дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичинде балыкты (уулоо жыйноо ж.б.) пайдаланууга, илимий максаттарда пайдаланууга уруксат | «Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө», «Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары |
2 | Кыргыз Республикасынын чегине (чегинен) өсүмдүктөр жана айбанаттар дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичинде балыкты жана башка суу организмдерин, Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүнө аларды аклиматташтыруу, көбөйтүү жана кое берүү үчүн ташып келүүгө, ташып кетүүгө уруксат | «Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө», «Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө», «Балык чарбасы жөнүндө» Кыргыз Республикасы- нын мыйзамдары |
3 | Жаратылышты коргоо (булгоочу заттарды төгүү, таштоо жана калдыктарды жайгаштыруу) уруксаты | «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
4 | Мурда колдонулган автомобиль машиналарынын шиналарын таштанды катары алып келүүгө уруксат | «Коркунучтуу калдыктарды чек аралар аркылуу ташып өтүүнү жана жок кылууну контролдоо жөнүндө» Базель конвенциясы |
»;
«Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги» деген бөлүмдө:
- бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги»;
- 1-4-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- «Мамлекеттик өрткө каршы кызмат башкармалыгы» деген бөлүмчө төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
- «Мамлекеттик өрт өчүрүү-куткаруу кызматы»;
«Өнөр жайдагы коопсуздукту көзөмөлдөө жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекция (Мамкентехкөзөмөл)» деген бөлүмчөнүн 3 жана 6-пункттары күчүн жоготту деп табылсын;
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссия» деген бөлүмдө:
- бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик»;
- 2-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- «Облустук, шаардык, райондук архитектура жана курулуш органдары» деген бөлүмчөдө:
бөлүмчөнүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Бишкек, Ош шаарларынын жана Ысык-Көл курорттук-рекреациялык зонасынын ГАСУ жана ГАСН аймактык органдары»;
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
1 | Курулушка (реконструкциялоого, көлөмдүк-пландык жана конструктивдик чечилиштерди өзгөртүү менен объектти кайрадан профилдөөгө жана кайрадан пландоого) уруксат | «Кыргыз Республикасынын шаар курулушу жана архитектурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
»;
2 жана 3-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- «Мамлекеттик архитектура-курулуш контролу» жана «Курулуштагы стандартташтыруу, сертификациялоо жана лицензиялоо мамлекеттик борбору» деген бөлүмчөлөр күчүн жоготту деп табылсын;
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия» деген бөлүмдө:
- бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги»;
«Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги», «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агентство», «Каржылык отчеттуулуктун стандарттары жана аудит боюнча мамлекеттик комиссия» деген бөлүмдөр күчүн жоготту деп табылсын;
«Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги» деген бөлүмдүн 1 жана 2- пункттары күчүн жоготту деп табылсын;
«Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги» деген бөлүмдө:
- «Мамлекеттик автомобилдик инспекция башкармасы» деген бөлүмчөдө:
бөлүмчөнүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгы»;
1-3-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- «Коомдук коопсуздук башкармалыгы» деген бөлүмчөдө:
бөлүмчөнүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгы»;
«Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги» деген бөлүм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети | ||
1 | Чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана пайдаланууга уруксат | «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
2 | Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга иштөөгө уруксат | «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
3 | Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде жумушка орноштурууга байланыштуу иш укугуна уруксат | «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
»;
«Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги» деген бөлүмдө:
- «Кыргыз транспорт инспекциясы» деген бөлүмчөдө:
бөлүмчөнүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Мамлекеттик транспорт инспекциясы»;
1-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- «Жарандык авиация департаменти» деген бөлүмчөнүн 4-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
- «Эл аралык автомобиль менен жүк ташуу башкармасы» деген бөлүмчөдө:
бөлүмчөнүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргызинтранс» эл аралык автомобилдик ташуулар департаменти»;
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
1 | Эл аралык автомобилдик катнашта автотранспорт каражатынын өтүүсүнө уруксат | «Транспорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
«;
«Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети» деген бөлүмдө:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
1 | Жеке ишкер иретинде юридикалык жакты түзбөстөн жеке ишкердик жүргүзүүчү жаранды мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк | Кыргыз Рес публикасынын Граждандык кодекси |
»;
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик комиссия» деген бөлүмдө:
бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы»;
Төмөнкүдөй мазмундагы 5-6-пункттар менен толукталсын:
«
5 | Лотерея өткөрүү укугуна күбөлүк | Кыргыз Республикасынын Граждаңдык кодекси |
6 | Аудитордун квалификациялык сертификаты | «Аудитордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
»;
«Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигине караштуу Монополияга каршы саясат боюнча департамент» деген бөлүмдө:
- бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик»;
- 1 жана 2-пункттарда «түзүү» деген сөз алып салынсын;
«Кыргыз Республикасынын Улуттук стандарттар жана метрология институту жана «Кыргыз сыноолор жана сертификациялоо борбору» мамлекеттик ишканасы» деген бөлүмдө:
- бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институту»;
- 1 жана 3-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик байланыш агентствосу» деген бөлүмдө:
- бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги»;
- 1-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика боюнча мамлекеттик агентство» деген бөлүмдө:
- бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |