Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 15-августу № 534
Кыргыз Республикасынын токой секторунда укук колдонууну жана башкарууну күчөтүү боюнча чаралар планын бекитүү жөнүндө
«2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 16-майындагы Жарлыгы менен бекитилген 2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясына, «2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын токой чарбасын өнүктүрүү иш-аракеттеринин улуттук планын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы № 693 токтому менен бекитилген 2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын токой чарбасын өнүктүрүү иш-аракеттеринин улуттук планына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын токой секторунда укук колдонууну жана башкарууну күчөтүү боюнча чаралардын тиркелген планы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын токой секторунда укук колдонууну жана башкарууну күчөтүү боюнча чаралар планында каралган ишчараларды аткаруу боюнча чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-августундагы № 534 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү сыяктуу мыйзамсыз жыгач даярдоо иштеринин, мыйзамсыз жол аркылуу алынган токой продуктулары менен соода жүргүзүүнүн жана токой секторундагы коррупциянын натыйжасында келип чыккан проблемалардын жана кесепеттердин олуттуулугун толук түшүнүүдө. Бул проблемаларды чечүүнүн бирден бир жолу мыйзамдардын базасын жана токой башкаруу, токой пайдалануу жана токойдун жыгач жана жыгач эмес продуктулары менен соода жүргүзүү системасындагы укук пайдалануу практикасын өркүндөтүү болуп саналат.
Улуттук мыйзамдардын базасын өркүндөтүү жана мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү үчүн механизмдердин бири «Fоrest Law Enforcement, Government (FLEG)» эл аралык кыймылы болуп калган, ал укук пайдалануу жана токой башкаруу процессин бекемдөө боюнча бир катар өлкөлөрдүн саясий демилгесин билдирет. FLEG кыймылын түзүү жана демилге кылуу үчүн негиз болуп мыйзамсыз алынган жыгачтын дүйнөлүк токой соодасына өтүүсү менен байланышкан коррупциянын жана криминалдын кыйла өсүшү саналат. Бул кыймылдын катышуучулары улуттук жана региондук деңгээлде жарандык коомдун жана бизнестин негизги кызыкдар аракеттеги күчтөрү менен бирдикте аталган проблемалар комплексин чечүү боюнча күчтөрдү координациялоого өбөлгө түзүүчү саясий мейкиндикти түзүүгө умтулушат.
2004-жылдын башталышына карата алгач Евросоюз тарабынан демилге кылынган кыймылдын бир нече региондук бутактары болгон алар: Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн FLEG кыймылы, Африка өлкөлөрүнүн FLEG кыймылы, Амазонка бассейни өлкөлөрүнүн FLEG кыймылы жана Европа союзу өлкөлөрүнүн FLEG кыймылы. 2004-жылдын майында БУУнун Токой форумунун 4-сессиясында токой баалуулуктарын сактоо үчүн глобалдуу жоопкерчиликти моюнга алуу менен Европа жана Түндүк Азияда (ЕТА) өкмөттөр аралык процессти демилге кылуу кызыкчылыгы жөнүндө Россия билдирүү жасаган.
2005-жылдын июнунда Москвада Европа жана Түндүк Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өткөн, ал токой секторундагы укук пайдалануу жана башкаруу проблемалары боюнча европалык-түндүк-азиялык министрлердин сүйлөшүү процессин (ЕТА FLEG) ишке ашыруунун расмий башталышына өбөлгө түзгөн. Бул иш-чарага катышкан өлкөлөрдүн мамлекеттик бийлик өкүлдөрү жарандык коом өкүлдөрү менен бирдикте өз өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн токой секторундагы мыйзамсыз иштерге каршы күрөшүүнү күчөтүү ниетин ырасташкан.
2005-жылы Санкт-Петербург шаарында 2005-жылдын 21-25-ноябрында болуп өткөн Эл аралык министрлер конференциясында ЕТА FLEG процессине Кыргызстан кошулган. Анын ишинде 45 өлкөнүн расмий делегациялары катышкан. Анын жыйынтыгы боюнча жогорку саясий деңгээлдеги эл аралык келишимдерди чагылдыруучу расмий документтер катары эки Эл аралык документ - Министрлердин декларациясы жана Иш-аракеттердин индикативдүү планы кабыл алынган. Бул документтердин негизинде катышуучу мамлекеттер токой секторундагы тартип бузууларга каршы күрөшүү боюнча өзүнүн системасын иштеп чыгышы керек. Эки документке кол коюу менен Кыргызстан бул багытта иш жүргүзүү боюнча өзүнө милдеттенме алган жана токой секторунда укук пайдалануу жана башкарууну күчөтүү боюнча өзүнүн чаралардын улуттук планын кабыл алышы керек.
Кыргыз Республикасынын токой секторундагы укук пайдаланууну жана башкарууну күчөтүү боюнча чаралардын улуттук планы ЕТА FLEG процессинин, 2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын, 2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын токой чарбасын өнүктүрүү иш-аракеттеринин улуттук планынын жана Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүүнүн мамлекеттик стратегиясынын алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан эл аралык милдеттенмелерди ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин, ӨЭУнун, көз карандысыз юристтердин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан.
Чаралар планы өлкөнүн ар түрдүү региондорунан бардык кызыкдар жактардан алынган токой чөйрөсүндөгү тартип бузуулардын себептери жана аларды чечүүнүн мүмкүн болуучу жолдору боюнча талдоонун жана пикирлерди баалоонун негизинде даярдалган, комплекстүү жана системалуу мүнөзгө ээ, токой секторундагы мыйзамсыз иш-аракеттерге каршы күрөшүү боюнча негизги максаттарды, милдеттерди жана күтүлүүчү натыйжаларды аныктайт. Ар бир натыйжа боюнча иш-чаралар, аларды өткөрүүнүн мөөнөттөрү, жооптуу аткаруучулар, өнөктөр белгиленген, бул болсо системалуу түрдө ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Чаралар планы дайыма жаңыланып туруучу документ болуп эсептелет, анын мазмуну иш-чараларды жүзөгө ашырууга жана кырдаалдын андан ары өнүгүшүнө жараша өзгөртүлөт жана толукталат.
Чаралар планын ийгиликтүү аткаруу процесстин толук ачыктыгында, чечимдерди иштеп чыгууга катышуу жана бардык кызыкдар жактар тарабынан чечимдердин аткарылышын контролдоо мүмкүнчүлүгүндө гана мүмкүн болуп эсептелет.
Токой экосистемалары жаратылыш системаларын сактоонун экологиялык коопсуздук жана өлкөнү туруктуу өнүктүрүүдө айлана-чөйрөнүн сапатын тийиштүү деңгээлде кармап туруу компонеттеринин бири болуп эсептелет. Токой экосистемаларынын өнүгүшүнүн талдоосу акыркы учурларда токойлордун жок болуу, начарлоо, жапай айбандардын жашаган жана өсүмдүк өскөн жерлердин бузулуу, токой биотүрдүүлүгүнүн кыскаруу процесси байкалып турат. Буга негизинен токой секторундагы мыйзамсыз иштер себеп болууда.
Токой секторундагы мыйзамсыз иштер токой экосистемаларына жана токой биотүрдүүлүгүнө карата мыйзамсыз иштерде камтылат. Тартип бузуулардын диапазону кыйла кеңири: токойду мыйзамсыз кыюу, мыйзамсыз жол аркылуу алынган токой продукциясы жана өзгөчө баалуу жыгач породасы менен соода жүргүзүү, токой жерлерин мыйзамсыз ээлөө (басып алуу), өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүндөгү мыйзамсыз аңчылык, чарбалык жана башка иштерди жүргүзүүдө жаратылыш коргоо мыйзамдарынын талаптарынын сакталбашы ж.б.
Токой секторундагы тартип бузуулардын негизги себептери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- мыйзамсыз бизнес үчүн жыгач даярдоонун жагымдуулугу, анткени мындай иштер кылмыш жоопкерчилигин тартууга алып келбейт жана минималдуу тобокелдикте жогорку киреше алып келет;
- мыйзамдардын карама-каршылыгы жана өркүндөтүлбөгөндүгү;
- токой фондун жана айчылык чарбаларды башкаруу системасынын өркүндөтүлбөгөндүгү;
- мыйзамсыз продукция рыногунун бар болушу жана алардын токойдун мыйзамсыз даярдалган жыгач жана жыгач эмес продукциясы үчүн жеңил жетишүүсү;
- токой жана аңчылык ресурстарын пайдалануу натыйжалуу эсепке алуунун, контролдоонун жана коргоонун жоктугу.
Бүгүнкү күндө токойлорго болгон негизги коркунуч экономикалык терс шарттардын жана демографиялык өсүштүн натыйжасында келип чыккан жергиликтүү калктын жаратылыш ресурстарына болгон кысымдан улам жаралууда. Космостон сүрөт тартуунун натыйжасында алынган дистанциялык текшерүүнүн маалыматтары боюнча 1,2 миллионго жакын адам токойдон 5 км аралыкта жашашат жана анын ресурстарын пайдаланышат. 200 миңге жакын адам токойдун ичинде жашашат жана токой ресурстарынан толук көз каранды. Токойдун айланасында жана анын ичинде жайгашкан айыл калкынын отунга жана курулуш жыгачына болгон муктаждыктары жыл сайын өсүүдө.
Токой чарбаны колдоо боюнча Кыргыз-Швейцария Программасынын алкагында социалдык изилдөө жүргүзүлгөн, анын негизинде бир үй-бүлө жылына жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн 5-10 куб метр отун пайдаланары аныкталган
Расмий маалыматтар боюнча жыгач отунунун жылдык орто көлөмү акыркы беш жылдын ичинде 21 миң куб метрди түзгөн. Токой зонасында турган айыл калкы жыгач отунун мамлекеттик токой фондунун (МТФ) аймагынан мыйзамдуу түрдө 5 процентке гана камсыздалат. «Кыргызстан: туруктуу өнүгүү үчүн айлана-чөйрө жана жаратылыш ресурстары» (2007-ж.) басылмасынын маалыматтары боюнча 53 процент жыгач отунунун мыйзамсыз кыйылышынын үлүшүнө туура келүүдө. Калган 42 процент калктуу конуштардын (бак, огород ж.б.) тиешелүү райондорунун мамлекеттик администрацияларынын токой фондунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймагынан алынган жыгач отунунун көлөмүнүн үлүшүнө туура келүүдө.
МТФнын аймагынан алынган жыгачты жылда даярдоонун үлүшүнүн расмий көлөмү 27-45 миң м3 тегерегинде чектелген. Тийиштүү түрдө үлүштүк жыгачтын ушундай көлөмү даярдыктан болжол менен 10 эсеге көбүрөөк болгон өлкөнүн муктаждыгын канааттандыра албайт. Ошондуктан негизинен Россиядан келген импорттун жана токойду мыйзамсыз кыюунун эсебинен камсыздалат.
Акыркы учурларда контрабандалык жол аркылуу өзгөчө баалуу жыгач породасы (арча, грек жаңгагы, жаңгак уюлу) менен соода жүргүзүү учурлары көбөйгөн. Ош, Жалал-Абад облустарында, Бишкек шаарында сатылуучу, ошондой эле Казакстанга, Тажикстанга, Өзбекстанга, Турцияга, Германияга, Италияга жана башка өлкөлөргө чыгарылуучу Жалал-Абад облусунун жана Ош облусунун Өзгөн районунун токойлорунда мыйзамсыз даярдалуучу жаңгак жыгачы өзгөчө талап кылынат. Жаңгак жыгачы негизинен эмерек жасоо жана кымбат баалуу особняктарды жасалгалоо (астана, тепкич, эшик ж.б.) үчүн колдонулат.
Жаңгак мөмөлүү токой өскөн жерлерде жаңгак уюлу мыйзамсыз даярдоо жана чет өлкөгө чыгарылып жатат. Жаңгак уюлу дүйнөлүк рынокто өзгөчө талап кылынат. 2006-жылдын башынан тартып жаңгак уюлун мыйзамсыз даярдоонун 461 учуру аныкталган. Бул расмий маалыматтар боюнча гана, ал эми иш жүзүндөгү көлөмдөр бул сандан ашат.
Акыркы жылдары өлкөдө экономикалык өсүш байкалууда. Бул оң тенденция масштабдуу гидромелиоративдик иштерди жүргүзүүдө, жолдорду курууда жана эксплуатациялоодо, пайдалуу кендерди чалгындоо жана иштетүүдө, кен казуу ишканаларын курууда, аймактарды урбанизацияны кеңейтүүдө жана мурда өздөштүрүлбөгөн жерлерде жаңы конуштарды түзүүдө, турак жай жана туризмдин инфраструктура объекттерин курууда, жогорку вольттуу электр өткөрүү линияларын, газ түтүктөрүн ж.б. курууда чарбалык жана башка иштерин жүргүзүү менен байланышкан токой секторундагы укук бузуулардын өсүшүнө алып келди. Чарбакер субъекттер экономикалык ишмердикти жүргүзүп жатып жаратылыш коргоо мыйзамдарын сактабай жатышат, экологиялык экспертиза жүргүзбөстөн жана жаратылыш пайдаланууга тийиштүү уруксат берүүчү документтерисиз жумуштарды жүргүзүп жатышат. Мында токой өсүмдүктөрүнүн кыйла ири аянттары кыйылып жатат.
Токой секторундагы жогоруда аталган мыйзамсыз иштер МТФнын эксплуатациялык зонасындагы токой запастарынын дээрлик түгөнүп жок болушуна алып келди жана алар негизинен эксплуатациялык эмес зоналарында бар.
МТФнын аймагында токой эксплуатациялоо зонасындагы токой баскан аянттарда жалпы жылдык өсүш 230 миң м3, эксплуатациялык эмес зонасында - 456 миң м3 түзүүдө, анын ичинде ийне жалбырактуу породаларынын жылдык өсүшү 445 миң м3, мунун ичинен жеткиликтүү жерлерде 133 миң м3 жайгашкан, жетүүгө мүмкүн эмес жерлерде - 312 миң м3 түзүүдө (токой жайгаштыруунун материалдары боюнча).
Токой жайгаштыруунун материалдарынын негизинде расмий түрдө жыл сайын орточо 25 миң м3 токой кыюуга уруксат берилип жана Дүйнөлүк банктын изилдөөлөрү (2004-ж.) боюнча мыйзамсыз кыюулардын үлүшүнө 100 миң м3 ашууну туура келээрин эске алуу менен эксплуатациялык зонадагы ийне жалбырактуулардын запастары боюнча кыюулар өтө көп болуп жаткандыгын болжолдосок болот.
Жалбырактуу породалардын жылдын өсүшү 241 миң м түзүүдө, анын ичинен жеткиликтүү жерлерде 97 миң м3, ал эми алыскы жерлерде 144 миң м3 (токой жайгаштыруунун материалдары боюнча). Жалбырактуу породаларынын мыйзамдуу түрдө кыйылган көлөмү орточо эсеп менен 20 миң м3 түзүүдө, Дүйнөлүк банктын изилдөөлөрү (2004-ж.) боюнча мыйзамсыз кыюулардын үлүшүнө 70 миң м3 ашууну туура келүүдө. Бул учурда эксплуатациялык зонадагы жалбырактуу породаларынын запастары өсүштүн бүтүндөй колдонуу чектеринде тургандыгын болжолдосок болот.
Токой секторундагы бардык тартип бузуулардын катарында жашаган жерлеринин бузулушунан жана санынын азайышынан жана санын жөнгө салуунун табигый механизмдеринен улам браконьерлик жана аңчылык чарбаны натыйжалуу эмес жүргүзүүдөн улам келип чыккан бузуулар сыяктуу тартип бузуулар жаныбарлардын, балыктардын жана өсүмдүктөрдүн баалуу түрлөрүнүн кескин түрдө кыскарышына алып келген.
2005-2007-жылдары өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүндөгү браконьерликке каршы күрөшүүнү күчөтүү боюнча браконьерлик боюнча төмөнкүдөй администрациялык айыптар берилген:
- жаныбарлар боюнча- 1463 айып, 1431 арыз;
- өсүмдүктөр боюнча - 1926 айып, 2012 арыз;
- балыктар боюнча - 292 айып, 210 арыз.
Токой секторундагы мыйзамсыз иш-аракеттер олутту масштабга ээ болуп токой фондун жана аңчылык ресурстарын туруктуу башкарууга жетишүү, жакырчылыкты кыскартуу, адилеттүүлүккө жетишүү жана айлана чөйрөнүн жалпы сапатын жакшыртуу боюнча күч-аракеттерди төмөндөтүүчү улуттук деңгээлдеги олуттуу проблема гана эмес өлкөнүн жалпы туруктуу өнүгүшүнүн маселеси болуп калды.
Максат - Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүшүн камсыздоо, биологиялык түрдүүлүктү сактоо жана токой секторундагы мыйзамсыз иштерди аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу, бийликтин бардык бутактарынын, жарандык жана эл аралык жамааттардын кызматташуусунда жана өз ара аракеттенүүсүндө токой башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча уюштуруу, укуктук жана башка чараларды түзүү аркылуу токой секторундагы коррупцияны түп тамырынан жок кылуу.
Милдеттер:
1-милдет. Жаратылыш коргоо жана башка мыйзамдарды күчөтүү.
2-милдет. Токой башкаруу системасын күчөтүү.
3-милдет. Каттоо иштер системасын өркүндөтүү.
4-милдет. Мониторинг жүргүзүү системасын өркүндөтүү.
5-милдет. Токой зонасында турган калк үчүн жашоо-тиричилик каражаттарынын альтернативдүү булактарын өнүктүрүүгө көмөктөшүү.
6-милдет. Коомчулуктун жана кызыгдар тараптардын маалыматка ээ болуу деңгээлин жогорулатуу.
7-милдет. Эл аралык кызматташууну өнүктүрүү.
8-милдет. Чаралар планына натыйжалуу мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү камсыздоо.
1-милдет. Жаратылыш коргоо жана башка мыйзамдарды күчөтүү
Кыргыз Республикасынын жаратылыш коргоо жана башка мыйзамдарынын укук пайдалануу практикасы колдонуудагы жаратылыш коргоо, кылмыш, администрациялык, бажы, салык мыйзамдарынын карама-каршылыгын жана өркүндөтүлбөгөндүгүн ачык көрсөттү, аларды өлкөнүн токой секторунда укук колдонуунун күчтүү системасын түзүү үчүн улуттук жана эл аралык талаптарды эске алуу менен туруктуу өнүгүүнүн, рыноктук өнүгүүнүн, демократиялык башкаруунун, адам укуктарын сактоонун принциптерине ылайык актуалдаштыруу зарыл.
Күтүлүүчү натыйжалар:
Натыйжалар
| Көрсөткүчтөр
| Көрсөткүчтөрдүн булагы | Тобокелдиктер
|
1.1-милдет. Жаратылыш коргоо мыйзамдарын кайра кароо жана актуалдаштыруу | |||
1.1-натыйжа. Жаратылыш коргоо мыйзамдары өркүндөтүлгөн
| Жаратылыш коргоо мыйзамдарынын нормативдик укуктук актыларына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор | Бекитилген нормативдик укуктук актылар
| Квалификациялуу кадрлардын жана укук колдонуу механизминин жоктугу |
1.2-натыйжа. Башка мыйзамдар өркүндөтүлгөн | Нормативдик укуктук актыларга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор | Бекитилген нормативдик укуктук актылар
| Квалификациялуу кадрлардын жана укук колдонуу механизминин жоктугу |
2-милдет. Токой башкаруу системасын күчөтүү
Токой башкаруу системасын өркүндөтүү Улуттук токой саясатынын артыкчылыктуу милдеттери болуп саналат, аны күчөтүү мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун, жөнгө салуунун, башкаруу түзүмүн децентралдаштыруунун жана оптималдаштыруунун натыйжалуу ыкмаларын түзүүгө жана ишке киргизүүгө, коргоонун жана контролдоонун натыйжалуу механизмдерин түзүүгө, ведомстволор жана секторлор аралык өз ара аракеттенүүнү жана кадрдык потенциалды жогорулатууга багытталган саясий, институттук жана экономикалык реформалар аркылуу жүргүзүлүшү керек.
Күтүлүүчү натыйжалар:
Натыйжалар
| Көрсөткүчтөр
| Көрсөткүчтөрдүн булагы | Тобокелдиктер
|
2.1-милдет. Жаратылыш коргоо боюнча уруксаттарды берүү системасын реформалоо | |||
2.1.1-натыйжа. Жаратылыш коргоо боюнча уруксаттарды берүү системасы реформаланган | Жаратылыш коргоо боюнча уруксаттарды берүү системасын механизми | Бекитилген документ
| Квалификациялуу кадрдык потенциалдын жоктугу
|
2.2-милдет. Токой пайдаланууну уюштуруу, токой фондунун жерлерин ижарага берүү процессинде ачык-айкындуулукту жана атаандаштыкты камсыздоо | |||
2.2.1-натыйжа. Токой пайдаланууну уюштуруу, токой фондунун жерлерин ижарага берүү процессинде ачык айкындуулук жана атаандаштык камсыздалган | 1. Токой фондунун жерлерин ижарага конкурстук негизде берүү механизми; 2. Комиссия
| Бекитилген документтер
| Министрликтердин, ведомстволордун, жергиликтүү жамааттардын колдоосунун жоктугу
|
2.3-милдет. Укук колдонууну күчөтүү жана коррупцияга каршы күрөшүү үчүн ведомстволор жана секторлор аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү | |||
2.3.1-натыйжа. Ведомстволор жана секторлор аралык өз ара аракеттенүү жакшыртылган
| 1. Укук коргоо органдары жана жергиликтүү жамаат менен кызматташуу жөнүндө келишимдер; 2. Байкоочу кеңеш; 3.Кызматташуу механизми, Иш-аракеттер планы; 4. Рейддер, посттор | Документтер, түзүлгөн кеңештердин саны
| Министрликтердин, ведомстволордун, жергиликтүү жамааттардын колдоосунун жоктугу
|
3-милдет. Каттоо иштер системасын өркүндөтүү
Каттоо иштер системасынын потенциалын күчөтүү токой секторунда гана эмес, ведомстволор, секторлор аралык мейкиндикти токой ресурстарын жана токой продуктуларын каттоо, пайдалануу, жүгүртүү жана дистанциялык текшерүү жана геомаалыматтык системаларды пайдалануу менен инвентаризациялоо жана токой жайгаштыруу базасында укук бузуулардын статистикасы боюнча маалыматтык камсыздоонун бирдиктүү системасын түзүү аркылуу жаңы маалыматтык талааны түзүүнү болжолдойт.
Күтүлүүчү натыйжалар:
Милдеттер жана натыйжалар | Көрсөткүчтөр | Көрсөткүчтөрдүн булагы | Тобокелдиктер |
3.1-милдет. Муниципалдык токойлордо каттоо иштерин жүргүзүү | |||
3.1.1-натыйжа. Муниципалдык токойлордо токойлорду каттоо иштери жүргүзүлгөн | Муниципалдык токойлордун токой жайгаштыруусу | Токой чарбалык башкаруу пландары
| Аңчылык жайгаштырууну өз учурунда жүргүзбөө, маалыматтардын, кадрдык персоналдын, финансылык каражаттардын жетишсиздиги |
3.2-милдет. Жаныбарлар дүйнөсү боюнча каттоо иштерин жүргүзүү | |||
3.2.1-натыйжа. Аңчылык жерлерге аңчылык жайгаштыруу иштери жүргүзүлгөн
| Аңчылык жерлердин аңчылык жайгаштыруусу
| Аңчылык чарбалык башкаруу пландары | Аңчылык жайгаштырууну өз учурунда жүргүзбөө, маалыматтардын, кадрдык персоналдын, финансылык каражаттардын жетишсиздиги |
3.3-милдет. Даары өсүмдүктөр боюнча каттоо иштерин жүргүзүү | |||
3.3.1-натыйжа. Даары өсүмдүктөргө инвентаризация жүргүзүү методикасы иштелип чыккан | Даары өсүмдүктөргө инвентаризация жүргүзүү боюнча колдонмо | Бекитилген документ | Квалификациялуу кадрлардын жана финансылык каражаттардын жоктугу |
3.3.2-натыйжа. Даары өсүмдүктөргө инвентаризация жүргүзүлгөн | Даары өсүмдүктөргө инвентаризация жүргүзүү
| Отчет, маалыматтар базасы
| Квалификациялуу кадрлардын жана финансылык каражаттардын жоктугу |
4-милдет. Мониторинг жүргүзүү системасын өркүндөтүү
Мониторинг жүргүзүү башкаруу элементтеринин эң негизгилеринин бири болуп саналат, ал башкаруунун түзүүчүлөрү боюнча маалыматтын болушун жана анын сапатын камсыздайт. Мониторинг жүргүзүү системасын уюштуруу зарылчылыгы токой секторундагы мыйзамсыз иш-аракеттер менен түзүлгөн кырдаалда токойлордун биологиялык түрдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатуу жана экологиялык функцияларын калыбына келтирүүгө муктаждыгы менен шартталган. Бул токойдун туруктуулугунда болуучу өзгөрүүлөргө жана тартип бузууларга текшерүү жана оперативдүү контролдоо жүргүзүүнүн, ошондой эле өз учурунда жана мыйзамдуу, башкаруучулук ж.б. чечимдерди негиздөө жана кабыл алуу үчүн кырдаалды баалоо жана божомолдоону камсыздоочу ошол процесстердин динамикасын текшерүүнүн дайыма иштеп туруучу системасы болушу керек.
Күтүлүүчү натыйжалар:
Милдеттер жана натыйжалар | Көрсөткүчтөр | Көрсөткүчтөрдүн улагы
| Тобокелдиктер |
4.1-милдет. Өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүнө мониторинг жүргүзүү системасын түзүү | |||
4.1.1-натыйжа. Жаныбарлар дүйнөсүнө мониторинг жүргүзүү системасы жана анын генетикалык ресурстары иштелип чыккан(2) | 1. Нускама; 2.Маалыматтар базасы
| 1. Иштелип чыккан документ; 2.Иштиктүү маалыматтар базасы
| Кадрдык потенциалдын, программалык камсыздоонун жоктугу. Мониторингди өз учурунда жүргүзбөө,маалыматтоптоо жана берүү
|
4.1.2-натыйжа. Өсүмдүктөр дүйнөсүнө мониторинг жүргүзүү системасы жана анын генетикалык ресурстары иштелип чыккан(2) | 1. Нускама; 2.Маалыматтар базасы
| 1. Иштелип чыккан документ; 2.Иштиктүү маалыматтар базасы
| Кадрдык потенциалдын, программалык камсыздоонун жоктугу. Мониторингди өз учурунда жүргүзбөө, маалымат топтоо жана берүү
|
4.1.3-натыйжа. Токойду мыйзамсыз кыюу боюнча мониторинг жүргүзүү системасы иштелип чыккан(2) | 1. Буйрук; 2. Нускама; 3.Маалыматтар базасы
| 1. Иштелип чыккан документ; 2.Иштиктүү маалыматтар базасы
| Кадрдык потенциалдын, программалык камсыздоонун жоктугу. Мониторингди өз учурунда жүргүзбөө, маалымат топтоо жана берүү |
(2)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин 06.08.2007-жылдагы №01-13/180 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын токой секторундагы электрондук маалыматтык ресурстарды түзүү боюнча Иш-аракеттер планында жана Стратегияда пландаштырылган иш-аракеттер
5-милдет. Токой зонасында турган калк үчүн жашоо-тиричилик
каражаттарынын альтернативдүү булактарын өнүктүрүүгө көмөктөшүү
Мыйзамсыз токой иштеринин масштабдарын кыскартуу жана тиричилик муктаждыктар үчүн энергиянын альтернативдүү булактарынын жетишсиздигинин жана токойлорду өнүктүрүүнүн жана аларды башкаруунун аныкталбаган багытына алып баруучу калктын жакырдыгынын жалпы проблемасынын натыйжасында пайда болгон токой экосистемасына жүктөмдү азайтуу максатында экономикалык альтернативдүү кең мүмкүнчүлүктөрүн (жумуштуулук, киреше булактары) түзүү жана токой участокторунун аймагында же анын жанында турган калк үчүн энергиянын альтернативдүү булактарын өнүктүрүү зарыл.
Күтүлүүчү натыйжалар:
Милдеттер жана натыйжалар | Көрсөткүчтөр | Көрсөткүчтөрдүн булагы | Тобокелдиктер |
5.1-милдет. Токойдон көз каранды болгон жамааттарга альтернативдүү экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү алдыга жылдыруу | |||
5.1.1-натыйжа. Жергиликтүү калктын киреше алып келүүчү мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилген | 1.Экологиялык туризм; 2. Чакан өндүрүш
| 1. Программа; 2. Жумушчу орундар
| Технологиялардын, финансынын жоктугу
|
5.2-милдет. Энергиянын альтернативдүү булактарын өнүктүрүү | |||
5.2.1-натыйжа. Өнөржай плантациялары түзүлгөн | Өнөржай плантациялары, токой өсүмдүктөрү
| Өнөржай плантацияларын жана токой өсүмдүктөрүн түзүү жөнүндө отчет | Көчөттөрдү отургузуу технологиясынын бузулушу, финансынын жоктугу |
5.2.2-натыйжа. Энергиянын башка альтернативдүү булактары пайдаланылган | Чакан-ГЭС, Күн энергиясы Биогаз ж.б.
| Альтернативдүү энергияны өндүрүү боюнча түзүлүштөрдү орнотуу саны
| Технологиялардын, финансынын жоктугу
|
6-милдет. Коомчулуктун жана кызыкдар тараптардын маалыматка ээ
болуу деңгээлин жогорулатуу
Улуттук токой саясатынын бирден бир стратегиялык багыты - бул ачык айкындуулук, маалыматтардын ишенимдүүлүк принциптеринде маалыматты жайылтуу саясатын ишке ашырууга, токой боюнча маалыматка жетүүгө коомчулукка укук берүүгө жана чечим кабыл алуу процессине катышууга багытталган токой секторун өнүктүрүү жөнүндө маалыматка ээ болууну жогорулатуу болуп саналат. Ушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы №693 токтому менен бекитилген 2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын токой чарбасын өнүктүрүү иш-аракеттеринин улуттук планында коомчулуктун жана кызыкдар тараптардын маалыматка ээ болуу деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чаралар комплекси иштелип чыккан.
7-милдет. Эл аралык кызматташууну өнүктүрүү
Токой секторундагы укук колдонуу жана башкаруу системасын чыңдоо жаатында эл аралык кызматташууну өнүктүрүү мамлекеттер, эл аралык уюмдар, Конвенциялар (КБР, СИТЕС) ортосунда жагымдуу, өз ара пайдалуу, көп тараптуу мамилелерди түзүүгө, өлкөлөр ортосунда маалымат жана тажрыйба менен өз учурунда алмашууну камсыздоого, Европанын жана Түндук Азиянын токой секторундагы укук колдонуу жана башкаруу маселелери боюнча эл аралык сүйлөшүү процессине өлкөнүн катышуусун камсыздоого жана Чаралардын улуттук планын ишке ашыруу, ага мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн эксперттик жана донордук колдоону тартууга өбөлгө түзөт.
Күтүлүүчү натыйжалар:
Милдеттер жана натыйжалар | Көрсөткүчтөр | Көрсөткүчтөрдүн булагы | Тобокелдиктер
|
7.1-милдет. Глобалдык деңгээлде эл аралык кызматташууну өнүктүрүү | |||
7.1.1-натыйжа. Эл аралык уюмдар жана конвенциялар менен кызматташуу өнүктүрүлүүдө | Улуттук доклад | Эл аралык милдеттенмелерди аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат
|
|
7.2-милдет. Региондук деңгээлде эл аралык кызматташууну өнүктүрүү | |||
7.2.1-натыйжа. КМШнын алкагында кызматташуу өнүгүүдө | Мамлекеттер аралык макулдашуу, Макулдашууларгатолуктоолор жана өзгөртүүлөр | Бекитилген документ, милдеттенмелердиаткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат |
|
| Кыргыз Республикасынын токой секторунда укук пайдаланууну жана башкарууну күчөтүү боюнча Чаралардын улуттук планына тиркеме |
4. Чаралардын планын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар системасы
№
| Иш-чаралар
| Мөөнөтү
| Аткаруу чу
| Өнөктөштөр
| Күтулүүчү натыйжала- лар | |||||
1. Токой жана башка мыйзамдарды күчөтүү | ||||||||||
1.1-милдет. Жаратылыш коргоо мыйзамдарын кайра кароо жана актуалдаштыруу | ||||||||||
1.1. Жыйынтык. Жаратылышты коргоо мыйзамдары жакшырды | ||||||||||
1.1.1.
| Жаратылышты коргоо мыйзамдарынын абалына талдоо жүргүзүү | 2009- жыл
| КЧКТМА
| Министрликтер жана ведомстволор, эл аралык долбоорлор, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Отчет жана сунуштар
| |||||
1.1.2.
| Укук бузууларга бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө жаратылышты коргоомыйзамдарына беренени киргизүү | 2009- 2010- жылдар | КЧКТМА
| Министрликтер жана ведомстволор, эл аралык долбоорлор, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Токой кодекси
| |||||
1.1.3.
| Өзгөчө баалуу жарактуу жыгачтардын породаларын кыюнунун 5 жылдык мораторий киргизүүнүн шарттарын өзгөртүү. Мораторий жаңгак уюлуна карата ганасакталышы керек | 2009- жыл
| КЧКТМА
| Министрликтер жана ведомстволор, эл аралык долбоорлор, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Мыйзам
| |||||
1.1.4.
| Токой фондунун аймагында турак жай курулушуна тыюу салуу жөнүндөтокой мыйзамдарынаберенени киргизүү | 2009- 2010- жылдар
| КЧКТМА
| Министрликтер жана ведомстволор, эл аралык долбоорлор, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Токой кодекси
| |||||
1.1.5.
| Муниципалдык жана менчик токой фонддор боюнча нормаларды токой мыйзамдарына киргизүү | 2009- 2010- жылдар
| КЧКТМА
| Министрликтер жана ведомстволор ЖӨБО, эл аралык долбоорлор, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Токой кодекси
| |||||
1.1.6.
| Муниципалдык токойлорго жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчиликтерин белгилөө жөнүндө токой мыйзамдарынаберенени киргизүү | 2009- 2010- жылдыр
| КЧКТМА
| Министрликтер жана ведомстволор, ЖӨБО, эл аралык долбоорлор, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Токой кодекси
| |||||
1.1.7.
| Токой секторунун контролдук жөнгө салуучу жана чарбалык функцияларын бөлүштүрүү боюнча токой мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2009- 2010- жылдар
| КЧКТМА
| Министрликтер жана ведомстволор, эл аралык долбоорлор, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Токой кодекси
| |||||
1.1.8.
| «Токойго контроль жана көзөмөл жүргүзүү тартиби» жөнүндө токтомдун долбоорун КР Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизүү | 2009- 2010- жылдар
| КЧКТМА
| Министрликтер жана ведомстволор, эл аралык долбоорлор, ӨЭУ (макулдашуу боюнча)
| Өкмөттүн токтому
| |||||
1.1.9 .
| «Экологиялык милицияны түзүү жөнүндө» токтомдун долбоорун КР Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизүү | 2009- 2010- жылдар
| КЧКТМА
| ИИМ, Башкы прокуратура, эл аралык долбоорлор, ӨЭУ (макулдашуу боюнча)
| Өкмөттүн токтому
| |||||
1.1.10.
| Уруксат берүү жанатекшерүү жүргүзүү функцияларын бөлүштүрүү; токой секторунун контролдук жөнгө салуучу жана чарбалык функцияларын бөлүштүрүү боюнча КЧКТМАнын жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2009- 2010- жылдар
| КЧКТМА
| Министрликтер жана ведомстволор, эл аралык долбоорлор, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Өкмөттүн токтому
| |||||
1.1.11.
| «Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бекитүүсүнө киргизүү | 2009- жыл
| КЧКТМА
| Министрликтер жана ведомстволор, эл аралык долбоорлор, ӨЭУ (макулдашуу боюнча)
| Мыйзам
| |||||
1.1.12.
| «Аңчылык кылуучуларга Кыргыз Республикасынын аңчылык жерлерин бекитүү тартиби жөнүндө» токтомдун долбоорун КР Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизүү | 2009- жыл
| КЧКТМА
| Министрликтер жана ведомстволор, эл аралык долбоорлор, ӨЭУ (макулдашуу боюнча)
| Өкмөттүн токтому
| |||||
1.1.13
| Токой секторунда бузуулар жөнүндө билдирүүлөрдү сыйлоо жөнүндө «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой коргоо жөнүндө» жобого толуктоолорду жанаөзгөртүүлөрдү киргизүү. Сыйлоо системасын жөнөкөйлөтүү. | 2009- жыл
| КЧКТМА
| Министрликтер жана ведомстволор, эл аралык долбоорлор, ӨЭУ (макулдашуу боюнча)
| Өкмөттүн токтому
| |||||
1.1.14.
| Ордун толтуруу суммасын көбөйтүү боюнча »Токой чарбасына келтирилген зыян үчүн материалдын жоопкерчилик жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | 2009- жыл
| КЧКТМА
| Министрликтер жана ведомстволор, эл аралык долбоорлор, ӨЭУ (макулдашуу боюнча)
| Өкмөттүн токтому
| |||||
1.1.15.
| МТФ жерлеринин жана жайыттарынын ижаралары жөнүндө мыйзамдуу актыларды Токой кодексине ылайык келтирүү | 2009- жыл
| КЧКТМА
| Министрликтер жана ведомстволор, эл аралык долбоорлор, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Өкмөттүн токтому
| |||||
1.2-натыйжа. Башка мыйзамдар өркүндөтүлгөн | ||||||||||
1.2.1.
| Муниципалдык токойлорго жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчиликтерин белгилөө тууралуу «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» КР Мыйзамына толуктоолорду киргизүү | 2009- -2010 жылдар
| ЖӨБУА (макулда шуу боюнча)
| Министрликтер жана ведомстволор, эл аралык долбоорлор, ӨЭУ (макулдашуу боюнча)
| Мыйзам
| |||||
1.2.2.
| Токойчулардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын укуктарын күчөтүү, токой укук бузуучуларына карата санкцияларды катуулоо жөнүндө Кылмыш- жаза жана Администра- циялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | 2009- -2010 жылдар
| КЧКТМА
| Министрликтер жана ведомстволор, эл аралык долбоорлор, ӨЭУ (макулдашуу боюнча)
| Мыйзам
| |||||
1.2.3.
| «Муниципалдык токойлорду башкару системасы жөнүндө жобо» токтомунун долбоорун КР Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизүү
| 2011- жыл
| ЖӨБУА (макулда шуу боюнча)
| Министрликтер жана ведомстволор, эл аралык долбоорлор, ӨЭУ (макулдашуу боюнча)
| Өкмөттүн токтому
| |||||
2. Токой башкаруу системасын күчөтүү | ||||||||||
2.1-милдет. Жаратылыш коргоо боюнча уруксаттарды берүү системасын реформалоо | ||||||||||
2.1.1-натыйжа. Жаратылыш коргоо боюнча уруксаттарды берүү системасы реформаланган | ||||||||||
2.1.1.1.
| Жаратылышты коргоо уруксатты берүү системасынын механизмин иштеп чыгуу | 2009- 2010
| КЧКТМА
| Министрликтер жана ведомстволор, эл аралык долбоорлор, ӨЭУ | Өкмөттүн токтому
| |||||
2.2-милдет. Токой пайдаланууну уюштуруу, токой фондунун жерлерин ижарага берүү процессинде ачык-айкындуулукту жана атаандаштыкты камсыздоо | ||||||||||
2.2.1-натыйжа. Токой пайдаланууну уюштуруу, токой фондунун жерлерин ижарага берүү процессинде ачык айкындуулук жана атаандаштык камсыздалган | ||||||||||
2.2.1.1.
| Сынактык негизде ижарага токой фонддунун жерлерин берүү механизмин иштеп чыгуу
| 2009- 2010- жылдар
| КЧКТМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Министрликтер жана ведомстволор, эл аралык долбоорлор, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Өкмөттүн токтому
| |||||
2.2.1.2.
| Сынактык негизде ижарага токой фонддунун жерлерин берүү боюнча комиссия түзүү
| 2009- 2010- жылдар
| КЧКТМА, ЖӨБО, жергиликтүү жамаат- тар (макулдашуу боюнча) | Министрликтер жана ведомстволор, эл аралык долбоорлор, ӨЭУ (макулдашуу боюнча)
| Комиссия
| |||||
2.3-милдет. Укук колдонууну күчөтүү жана коррупцияга каршы күрөшүү үчүн ведомстволор жана секторлор аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү | ||||||||||
2.3.1-натыйжа, Ведомстволор жана секторлор аралык өз ара аракеттенүү жакшыртылган | ||||||||||
2.3.1.1.
| Укук коргоочу органдар жана жергиликтүү жамааттар менен токой секторунда укук бузуулар менен күрөшүү боюнча кызматташуу жөнүндө келишимдерди түзүү
| 2009- 2010- жылдар
| КЧКТМА, ИИМ, Башкы прокурат ура. Коррупци яны алдын алуу агенттиги, ЖӨБО (макулда шуу боюнча) | ӨЭУ (макулдашуу боюнча)
| Келишимдер
| |||||
2.3.1.2.
| Токой секторунда укук бузуулар менен күрөшүү боюнча ЖӨБ, Коррупцияны алдын алуу агенттиги, ИИМ менен бирдиктүү комиссия түзүү | 2009- 2010- жылдар
| КЧКТМА, (макулдашуу боюнча) | ИИМ, Башкы прокуратура, ӨЭУ (макулдашуу боюнча)
| Комиссия, штаб, ишаракеттер дин бекитилген планы | |||||
2.3.1.3.
| Укук коргоо органдары менен токой коргоочулардын кызматташуу механизмин, бирдиктүү иш-аракеттер планыништеп чыгуу | 2009- 2010- жылдар
| КЧКТМА, ИИМ, Башкы прокурат ура, Коррупци яны алдын алуу агенттиги (макулдашуу боюнча) | ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Иштелип чыккан документ
| |||||
2.3.1.4.
| Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү калк менен бирдиктүү рейддердижана постторду уюштурууну уюштуруу
| 2009- 2010- жылдар
| КЧКТМА, ИИМ, Башкы прокурат ура, Коррутци яны алдын алуу агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ӨЭУ (макулдашуу боюнча)
| Рейддер, посттор
| |||||
2.3.1.5.
| Укук бузуучуларды көрсөтүп сотторду уюштуруу
| 2009- 2010- жылдар | Соттор, КЧКТМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Көрсөтүү сот процесси | |||||
2.3.1.6.
| Жергиликтүү кеңештин депутаттарынан жана аксакалдардан токой секторунда укук колдонуу жана башкаруу боюнча аймактык деңгээлде байкоочу кеңеш түзүү, токой бузулган учурларды жалпы талкуулоо | 2009- 2010
| КЧКТМА, жергилик түү кеңештер, аксакал- дар соттору (макулда шуу боюнча) | ӨЭУ (макулдашуу боюнча)
| Комиссия, жалпы талкуулоо
| |||||
3. Каттоо иштер системасын өркүндөтүү | ||||||||||
3.1-милдет. Муниципалдык токойлордо каттоо иштерин жүргүзүү | ||||||||||
3.1.1-натыйжа. Муниципалдык токойлордо токойлорду каттоо иштери жүргүзүлгөн | ||||||||||
3.1.1.1.
| Муниципалдык токойлордо токой жайгаштыруу иштерин жүргүзүү
| 2011 | КЧКТМА | ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Токойду жайгаштыр уучу материалдар | |||||
3.2-милдет. Жаныбарлар дүйнөсү боюнча каттоо иштерин жүргүзүү | ||||||||||
3.2.1-натыйжа. Аңчылык жерлерге аңчылык жайгаштыруу иштери жүргүзулгөн | ||||||||||
3.2.1.1.
| 2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын токой чарбасын өнүктүрүү иш-аракеттеринин улуттук планына ылайык мамлекеттик аңчылык чарбаларына аңчылыкты жайгаштыруу иштерин жүргүзүү * | 2009- 2010- жылдар
| КЧКТМА
| Мамлекеттик аңчылык чарбасы
| Аңчылыкты жайгаштыр уучу материалдар
| |||||
3.2.1.1.
| 2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын токой чарбасын өнүктүрүү иш-аракеттеринин улуттук планына ылайык менчик аңчылык чарбаларына анчылыкты жайгаштыруу иштерин жүргүзүү * | 2009- 2010- жылдар
| КЧКТМА
| Менчик аңчылык чарбасы
| Аңчылыкты жайгаштыр уучу материалдар
| |||||
3.3-милдет. Даары өсүмдүктөр боюнча каттоо иштерин жүргүзүү | ||||||||||
3.3.1-натыйжа. Даары өсүмдүктөргө инвентаризация жүргүзүү методикасы иштелип чыккан | ||||||||||
3.4
| Токой экосистемасынын даары өсүмдүктөрүнө инвентаризация жүргүзүү
| 2009- 2010- жылдар
| КРУИА (макулдашуу боюнча) | КЧКТМА
| Маалыматтар базасын инвентари зациялоонун жыйынтыгы | |||||
4. Мониторингдөө системасын өркүндөтүү | ||||||||||
4.1-милдет. Өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүнө мониторинг жүргүзүү системасын түзүү | ||||||||||
4.1.1-натыйжа. Жаныбарлар дүйнөсүнө мониторинг жүргүзүү системасы жана анын генетикалык ресурстары иштелип чыккан | ||||||||||
4.1.1.1.
| Жаныбарлар дүйнөсүнө жана анын генетикалык ресурстарына мониторинг жүргүзүүнүн нускамасын иштеп чыгуу жана бекитүү |
| КЧКТМА, КРУИА
| Эл аралык долбоорлор (макулдашуу боюнча)
| Жобо
| |||||
4.1.1.2.
| Жаныбарлар дүйнөсү жана анын генетикалык ресурстары боюнча маалыматтар ресурсун түзүү |
| КЧКТМА
| Эл аралык долбоорлор (макулдашуу боюнча)
| Маалыматтар базасы
| |||||
4.1.2-натыйжа. Өсүмдүктөр дүйнөсүнө мониторинг жүргүзүү системасы жана анын генетикалык ресурстары иштелип чыккан | ||||||||||
4.1.2.1.
| Өсүмдүктөр дүйнөсүнө жана анын генетикалык ресурстарына мониторинг жүргүзүүнүн нускамасын иштеп чыгуу жана бекитүү |
| КЧКТМА, КРУИА
| Эл аралык долбоорлор (макулдашуу боюнча)
| Жобо
| |||||
4.1.2.2.
| Өсүмдүктөр дүйнөсү жана анын генетикалык ресурстары боюнча маалыматтар ресурсун түзүү |
| КЧКТМА
| Эл аралык долбоорлор (макулдашуу боюнча)
| Маалыматтар базасы
| |||||
4.1.3-натыйжа. Токойду мыйзамсыз кыюу боюнча мониторинг жүргүзүү системасы иштелип чыккан | ||||||||||
4.1.3.1.
| МТФнын токойлорду пайдалануу зоналарында ийне жалбырактуу жана жалбырактуу породаларды кыюу нормаларын кайрадан кароо | 2009- жыл
| КЧКТМА
| КР УИА, эл аралык долбоорлор (макулдашуу боюнча) | КЧКТМАнын буйругу | |||||
4.1.3.2.
| Токойлорду мыйзамсыз кыюу боюнча мониторинг жүргүзүүнүн нускамасын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2009- 2010- жылдар
| КЧКТМА, КРУИА
| КР УИА, эл аралык долбоорлор (макулдашуу боюнча) | Жобо
| |||||
4.1.3.3.
| Токойлорду мыйзамсыз кыюу боюнча маалыматтар ресурсун түзүү | 2009- 2010- жылдар | КЧКТМА
| Эл аралык долбоорлор (макулдашуу боюнча) | Маалыматтар базасы | |||||
5. Токой зоналарынын калкы үчүн тиричилик кылуу каражаттарынын альтернативдүү булактарынын өнүгүшүнө көмөктөшүү | ||||||||||
5.1-милдет. Токойдон көз каранды болгон жамааттарга альтернативдүү экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү алдыга жылдыруу | ||||||||||
5.1.1-натыйжа. Жергиликтүү калктын киреше алып келүүчү мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилген | ||||||||||
5.1.1.1.
| Экологиялык жана жамаатттык туризмди өнүктүрүү
| 2009- 2010- жылдар
| Туризм агентти- ги, ЖӨБО (макулда шуу боюнча)
| КЧКТМА, эл аралык долбоорлор, ӨЭУ, жеке сектор (макулдашуу боюнча) | Экологиялык туризмди өнүктүрүү программасы
| |||||
5.1.1.2.
| Жыгач жана жыгач эмес токой продукцияларын кайра иштеп чыгуу боюнча чакан өндүрүштөрдү түзүүнү өнүктүрүү
| 2009- 2010- жылдар
| ЖӨБО
| КЧКТМА, АЧМ, Экономсоодамин
| Ишканалардын саны, жаңы жумуш орундар, токойдун жүктөмүн азайтуу | |||||
5.2-м лдет. Энергиянын альтернативдүү булактарын өнүктүрүү | ||||||||||
5.2.1 натыйжа. Өнөржай плантациялары түзүлгөн | ||||||||||
5.2.1.1.
| МТФнын аймагынын бат өсүүчү породаларынан өнөр жайлык плантацияларды түзүү * | 2009- 2010- жылдар
| КЧКТМА
| КР УИА, эл аралык долбоорлор, жеке сектор (макулдашуу боюнча) | Өнөржай плантация лары, токой өсүмдүктөрү | |||||
5.2.1.2.
| МТФнын аймагынан тышкары токой өсүмдүктөрүн отургузууну жүргүзүү * | 2009- 2010- жылдар | ЖӨБО (макулда шуу боюнча)
| КЧКТМА, КР УИА, эл аралык долбоорлор, жеке сектор (макулдашуу боюнча) | Өнөржай плантация лары, токой өсүмдүктөрү | |||||
5.2.2-натыйжа. Энергиянын башка альтернативдүү булактары пайдаланылган | ||||||||||
5.2.2.1.
| Токой зоналарынын калктуу конуштары үчүн электр энергия тарифтерин кайра кароону демилге кылуу | 2009- 2010- жылдар
| КЧКТМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Облустук жана райондук мамлекеттик администрациялар (макулдашуубоюнча) |
| |||||
5.2.2.2.
| Энергиянын альтернативдүү булактарын (чакан-ГЕС, күн энергиясы, биогаз, шамал ж.у.с.)пайдалануунукиргизүү | 2009- 2010- жылдар
| Өнөржайэнермин, ЖӨБО (макулда шуу боюнча)
| КЧКТМА, эл аралык долбоор, ӨЭУ, жеке сектор
| Альтернативдүү энергияныөндүрүү боюнча түзүлүштө рдүн саны | |||||
6. Коомчулуктун жана кызыкдар тараптардын маалыматка ээ болуу денгээлин жогорулатуу* | ||||||||||
7. Токой секторунда укук бузууларга бөгөт коюу жаатында эл аралык кызматташууну өнүктүрүү | ||||||||||
7.1-милдет. Глобалдык деңгээлде эл аралык кызматташууну өнүктүрүү | ||||||||||
7.1.1-натыйжа. Эл аралык уюмдар жана конвенциялар менен кызматташуу өнүктүрүлүүдө | ||||||||||
7.1.1.1.
| СИТЕС, КБР конвенцияларынын алкагында кызматташууну өнүктүрүү
| 2009- 2011- жылдар
| КЧКТМА
| Министрликтер жана ведомстволор, эл аралык уюмдар, ӨЭУ (макулдашуу боюнча)
| Эл аралык милдеттенмелерди аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат, улуттук докладдар | |||||
7.1.1.2.
| Чаралардын улуттук планын мониторингдөөнү жана баалоону ишке ашыруу боюнча ЕТА ФЛЕГ процессине катышуучу мамлекеттер менен кызматташууну өнүктүрүү | 2009- 2011- жылдар
| КЧКТМА
| Министрликтер жана ведомстволор, эл аралык уюмдар, ӨЭУ (макулдашуу боюнча)
| Тажрыйба алмашуу боюнча маалымат
| |||||
7.1.1.3.
| ЕТА ФЛЕГ эл аралык процессине Кыргызстандын катышуусун камсыздоо | 2009- 2011- жылдар
| КЧКТМА
| ӨЭУ (макулдашуу боюнча)
|
| |||||
7.2-милдет. Региондук деңгээлде эл аралык кызматташууну өнүктүрүү | ||||||||||
7.2.1-натыйжа. КМШнын алкагында кызматташуу өнүгүүдө | ||||||||||
7.2.1.1.
| Токойдун жыгач жанажыгач эмес продукцияларын мыйзамсыз алып чыгуусуна карата транс чек аралык жоопкерчилик жөнүндө мамлекеттераралык макулдашууну түзүү | 2009- 2010- жылдар
| КЧКТМА, БАны туруктуу өнүктү- рүү боюнча мамлекет тер аралык комиссия | Министрликтер жана ведомстволор
| Мамлекеттер аралык макулдашуу
| |||||
7.2.1.2.
| Токой өнөр жай комплекси жана токой чарбасы боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунуишке ашыруу боюнча кызматташууну өнүктүрүү | 2009- 2011- жылдар
| КЧКТМА
| Министрликтер жана ведомстволор, эл аралык уюмдар, ӨЭУ
| Милдеттерди аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат | |||||
7.2.1.3.
| Биотүрдүүлүктү сактоо боюнча өкмөттөр аралык (Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан) макулдашууну ишке ашыруу боюнча кызматташууну өнүктүрүү | 2009- 2011- жылдар
| КЧКТМА
| Министрликтер жана ведомстволор, эл аралык уюмдар, ӨЭУ (макулдашуу боюнча)
| Милдеттерди аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат
| |||||
8. Чаралар планына натыйжалуу мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү камсыздоо | ||||||||||
8.1-милдет. Отчеттуулук процессине натыйжалуу мониторинг жүргүзүүнү, баалоону жана ачык айкындуулугун камсыздоо | ||||||||||
8.1.1-натыйжа. Отчеттуулук процессине натыйжалуу мониторинг жүргүзүүнү, баалоону жана ачык айкындуулугу камсыз кылынган | ||||||||||
8.1.1 | Бардык кызыкдар тараптар менен ЧУПны ишке ашыруунумониторинг жана баалоо боюнча жумушчу топ түзүү | 2009- жыл
| КЧКТМА, эл аралык уюмдар, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтер жана ведомстволор, ЖӨБО | Жумушчу топ
| |||||
8.1.2.
| ЧУПны ишке ашыруу жана бардык топтордун катышуу процесстерине мониторинг жана баалоо жүргүзүү | 2009- 2010- жылдар
| КЧКТМА
| ӨЭУ, эл аралык долбоорлор, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Отчет
| |||||
8.1.3.
| Финансылык каражаттарды бөлүштүрүүсүнө жаначыгымдалышына мониторингин жүргүзүү | 2009- 2011- жылдар
| Эсеп палатасы Финмин
| КЧКТМА, ӨЭУ (макулдашуу боюнча)
| Текшерүү актылары
| |||||
* Кар. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-ж., 27-сентябрындагы № 693 токтому менен бекитилген 2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын токой чарбасын өнүктүрүү иш-аракеттеринин улуттук планы | ||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|