Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 13-июнундагы № 305 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 7-февралы №85
"Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-июлундагы № 376 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 8-январындагы №2 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-июлундагы № 376 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктта:
"569" деген цифралар "527" деген цифраларга алмаштырылсын, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетин - 42 бирдикке" деген сөздөр алып салынсын;
- 3-пунктта "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети" деген сөздөр алып салынсын;
- 4-пунктта "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинен" деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу жана Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын борбордук аппаратынын, ошондой эле аймактык подразделениелеринин түзүмдөрүнө жана штаттык расписаниелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кароочу тиешелүү чечимдерди кабыл алсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |