Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №116 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 26-ноябры № 721
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-сентябрындагы №215 токтомунун редакциясына ылайык
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 11 жана 12-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу" Жарлыгын ишке ашырууну камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин башкаруу схемасы.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин энергетика жаатындагы функцияларынын укук мураскери болуп белгиленсин.
3. Төмөнкүлөр кайра уюштурулсун:
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциясына;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департамент Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментине;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Энергетика боюнча Кыргыз илимий-техникалык борбор Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика боюнча Кыргыз илимий-техникалык борборуна;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу "Энергодолбоор" Кыргыз мамлекеттик илимий-изилдөө жана долбоорлоо-изилдөө институту Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Энергодолбоор" Кыргыз мамлекеттик илимий-изилдөө жана долбоорлоо-изилдөө институтуна.
4. (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-сентябрындагы №215 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-мартындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-майындагы № 326 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 12-февралындагы № 50 "Көмүр" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому.
6. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги бир айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн жоболорунун долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 721 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-сентябрындагы №215 токтомунун редакциясына ылайык
+------------------------------+
| Кыргыз Республикасынын |
| Энергетика министрлиги |
+------------------------------+
+-----------------------+ +-----------------+
| Борбордук аппарат +-----| Коллегия |
+-----------------------+ +-----------------+
+-------------------------------+ | +-----------------------+
| Кыргыз Республикасынын | | | Чарбалык субъектилер |
| Энергетика министрлигине +--| +-----------------------+
| караштуу отун-энергетикалык | | +-----------------------+
| комплексти жөнгө салуу боюнча | | | «Электр станциялары» |
| мамлекеттик департамент | | | ААК |
+-------------------------------+ | +-----------------------+
+-------------------------------+ | +-----------------------+
| Кыргыз Республикасынын | | |»Кыргызстандын улуттук |
| Энергетика министрлигине +--| | электр тармагы» ААК |
| караштуу энергетика жана газ | | +-----------------------+
| боюнча мамлекеттик инспекция | | +-----------------------+
+-------------------------------+ | | «Түндүкэлектр» ААК |
+-------------------------------+ | +-----------------------+
| Кыргыз Республикасынын | | +-----------------------+
| Энергетика министрлигине | | | «Чыгышэлектр» ААК |
| караштуу +--| +-----------------------+
| «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» | | +-----------------------+
| мамлекеттик ишкана | | |»Жалал-Абадэлектр» ААК |
+-------------------------------+ | +-----------------------+
+-------------------------------+ | +-----------------------+
| Кыргыз Республикасынын | | | «Ошэлектр» ААК |
| Энергетика министрлигине +--| +-----------------------+
| караштуу энергетика боюнча | | +-----------------------+
| Кыргыз илимий-техникалык | | | «Кыргызгаз» ААК |
+-------------------------------+ | +-----------------------+
+-------------------------------+ | +-----------------------+
| Кыргыз Республикасынын | | |»Бишкекжылуулуктармагы»|
| Энергетика министрлигине +--+ | ААК |
| караштуу энергетика боюнча | +-----------------------+
|Кыргыз илимий-техникалык борбор| +-----------------------+
+-------------------------------+ |»Бишкекжылуулукэнерго» |
| КИ |
+-------------------------------+ +-----------------------+
| Кыргыз Республикасынын | +-----------------------+
| Энергетика министрлигинин | | Чакан сууэлектр |
| алдындагы "Көмүр" боюнча | | чордондору |
| Мамлекеттик ишканасы | +-----------------------+
+-------------------------------+ +-----------------------+
| Көмүр жана мунайгаз |
| ишканалары(*) |
+-----------------------+
(*) Отун-энергетикалык балансты жакшыртуу жана күз-кыш мезгилин өткөрүүнүн максимуму жаатында