Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №114 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-февралы №95
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 733 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июнундагы №211 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканаларды түзүү маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык, ишкердик жүргүзүүнүн натыйжалуу колдоо жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө жардам көрсөтүү, ошондой эле кайтарылган кредиттик каражаттардын эсебинен бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоону камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 733 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-пункту төмөндөгүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин башкаруу схемасы төмөнкүдөй позиция менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жободо:
5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик карыз каражаттарды эсепке алуу, талдоо жана кайрылышын камсыз кылуу.";
- 8-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду;".
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондун реформалоо жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 733 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Фонддун милдеттери жана функциялары
3. Фонддун укуктары
4. Фонддун структурасы жана башкаруу органдары
5. Фонддун каражаттарын түзүү булактары
6. Корутунду жоболор
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун (мындан ары - Фонд) ишинин укуктук жана уюштуруу негиздерин аныктайт.
2. Фонд Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бюджеттик ссудалар, чет өлкөлүк кредиттер жана башка кредиттер боюнча мамлекеттик заемдук каражаттарды эсепке алууга, талдоого жана кайтарууну камсыз кылууга өзгөчө укугу болгон жана өзүнүн негизги ишинен пайда табуу максатын көздөбөгөн бөлүгү болот.
3. Республиканын областтык жана райондук борборлорунда Фонддун өзүнүн аймактык бөлүмдөрү болот. Фонддун областтык жана райондук аймактык бөлүмдөрү Кыргыз Республикасынын финансы министри бекиткен жоболордун негизинде иштешет жана өздөрүнүн ишин Фонддун атынан жүргүзүшөт.
4. Фонд өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, башка нормативдик укуктук актыларга, ошондой эле ушул Жобого таянат.
5. Фонд өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, финансылык-кредиттик жана камсыздандыруу мекемелери жана Кыргыз Республикасынын ишкердик жүргүзүүчү субъекттери менен өз ара байланышта иштөө менен уюштурат.
6. Фонд юридикалык жак болот, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, ошондой эле банкта улуттук жана чет өлкөлүк валютада өзүнчө эсеби болот.
7. Фонддун карамагында турган мүлк Кыргыз Республикасынын менчиги болуп эсептелет жана Фонддун ушул Жободо караштырылган максаттарын жана милдеттерин камсыз кылуу үчүн гана колдонулат.
2. Фонддун милдеттери жана функциялары
8. Фонддун негизги милдеттери төмөнкүлөр:
- бюджеттик ссудалар, чет өлкөлүк кредиттер, башка булактардын эсебинен берилген кредиттер боюнча мамлекеттик заемдук каражаттарды эсепке алуу, талдоо жана аларды кайтарууну камсыздоо (анын ичинде келишимдик негизде);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атынан чарбалык субъекттер менен кредиттик документтерди тариздөө.
9. Фонддун негизги функциялары төмөнкүдөй:
- заемчунун ведомстволук таандыгына жана менчигинин түрүнө карабастан бюджеттик ссудалар, чет өлкөлүк кредиттер, башка булактардын эсебинен берилген кредиттер боюнча мамлекеттик заемдук каражаттардын эсебин жүргүзүү, талдоо жана алардын кайрылышын камсыздоо;
- бюджеттик ссудалар, чет өлкөлүк кредиттер жана башка булактардын эсебинен берилген кредиттер түрүндө чарбакер субъекттерге берилген мамлекеттик заем каражаттардын максаттуу жана майнаптуу пайдаланылышын контролдоо;
- заемчунун милдеттенмелерин күрөө менен камсыз кылуу боюнча келишимдик мамилелерди тариздөө;
- рыноктук конъюнктуранын өзгөрүшүнө, суроо-талаптын жана баалардын төмөндөшү менен байланыштуу болгон жоготуу, бузулуу, зыян тартуу тобокелдеринен же башка тобокелдерден коопсуздукту камсыз кылуу үчүн күрөөгө алынган мүлктү эсепке алуу жана контролдоо;
- заемчунун тийиштүү милдеттенмелерин канааттандыруу үчүн күрөөнүн наркынын жетиштүүлүгүн аныктоо;
- күрөөгө коюлган мүлктү сатуу үчүн рыноктун бааларын изилдөө;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өз ишинин чөйрөсүндө нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизүү;
- заемчулар өздөрүнүн келишимдик милдеттенмелерин өз убагында аткарышын контролдоо;
- ссудалык карызды төлөөнү салыштырып текшерүүнүн актыларын заемчулар менен бирдикте даярдоо жана тариздөө;
- келишимдик милдеттенмелерди инвентаризациялоо, карыздарды алардын кайтарылышы боюнча бөлүштүрүү жана карыздарды реструктуралоо боюнча сунуштарды киргизүү;
- өз ишинин маселелери боюнча информациялык системаны киргизүү жана маалыматтар базасын түзүү;
- айыл чарбалык өндүрүүчүнүн өнөр жай ишканасына карызы боюнча, же башка айыл чарбалык өндүрүүчүнүн товардык кредит катары карызына чегерүү иретинде айыл чарбалык өндүрүүчүнүн айыл чарбалык продукциясын өнөр жайлык ишканага же башка айыл чарбалык өндүрүүчүгө өткөрүп берүүнү айыл чарбалык өндүрүүчүлөр жана өнөр жайлык ишканалар менен бирдикте камсыз кылууга жардам көрсөтүү.
3. Фонддун укуктары
10. Фонд төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- карыз каражаттарды төлөтүү боюнча тийиштүү чараларды көрүү максатында заемчулардын экономикалык жана финансылык ишине мониторинг жана талдоо жүргүзүү;
- чарбакер субъекттерге бөлүнгөн каражаттардын максатка ылайык пайдаланылып жаткандыгы тууралуу маалыматты суроо;
- талдоонун негизинде андан ары каржылоону токтотуу жөнүндө же заемчунун милдеттенмелерди мөөнөтүнөн мурда аткарышы тууралуу сунуштарды белгиленген тартипте киргизүү;
- карызды төлөөнүн бекитилген графиги бузулган учурда, заемчудан өздөрүнүн төлөөгө жарамдуулугун ырастаган отчетторду, баланстарды, документтерди талап кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдиги боюнча, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги түзгөн кредиттик келишимдер боюнча алынган бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча карыздарды заемчулардан өндүрүп алуу жөнүндө доо коюу жана төлөө мөөнөтү өткөн карызы бар заемчуларга карата башка мыйзамдуу аракеттерди жасоо;
- заемчулардын күрөөгө коюлган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн мыйзамда белгиленген төлөтүүгө чегерүү;
- бересечини банкрот деп эсептөө тууралуу сотко арыз менен кайрылуу;
- бюджеттик ссудалар, чет өлкөлүк жана товардык кредиттер, ошондой эле чет мамлекеттердин гранттарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун каражаттарынын эсебинен берилген кредиттер боюнча мамлекеттик карыз каражаттарды кайра төлөтүү эсебинде өндүрүлгөн мүлктү сатуу боюнча тооруктарды жана аукциондорду өткөрүү;
- бересечилерден, соттук аткаруучулар кызматы бөлүмүнүн сот аткаруучуларынан, чарбакер субъекттердин банкроттук процессинде администраторлордон жана башка жактардан күрөөгө коюлган жана башка мүлктү карызды тындыруунун эсебине, аларды кийин мыйзамда каралган тартипте башкаларга ээликке берүү укугу менен кабыл алуу;
- чарбакер субъекттердин карыздарын төлөтүү жана нормативдик укуктук актылардын жана келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча өзгөчө маанилүү маселелерди кароодо, эксперттерди, мамлекеттик органдардын, илимий мекемелердин адистерин жана өкүлдөрүн кызматтарына тиешелүү акы төлөө менен белгиленген тартипте ишке тартуу;
- Фонддун ишине байланыштуу маселелер боюнча адистерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн курстарга жиберүү;
- өзүнүн компетенциясынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү;
- Фонддун компетенциясына кирген маселелер боюнча кеңешмелерди жана семинарларды өткөрүүнү уюштуруу;
- Фонддун компетенциясына кирген маселелер боюнча министрликтердин, ведомстволордун жана башка чарбалык органдардын коллегияларынын ишине катышуу;
- белгиленген тартипте келишимдерди түзүү, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алуу жана ижарага алуу, юридикалык жана жеке жактар менен башка граждандык-укуктук мамилелерге кирүү;
- өзүнүн компетенциясынын чектеринде эл аралык уюмдар жана чет өлкөлүк юридикалык жактар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө;
- Фонддун максаттарына жана милдеттерине карама-каршы келбеген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка иштерди жүргүзүү.
4. Фонддун структурасы жана башкаруу органдары
11. Фонддун башкарууну Фонддун коллегиясы, Фонддун директору жана ал дайындачу адамдар ишке ашырышат.
12. Фонддун структурасы борбордук аппараттан жана аймактык органдардан турат.
13. Фонддун коллегиясы директордон (коллегиянын төрагасы), анын кызмат боюнча орун басарларынан жана Фонддун жооптуу кызматкерлеринен түзүлөт.
Коллегиянын саны жана персоналдык курамы (анын курамына кызмат орду боюнча киргенден башкалары) Кыргыз Республикасынын финансы министри тарабынан бекитилет.
Фонддун коллегиясынын чечими добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат жана Фонддун директору кол койгон токтом менен таризделет. Фонддун коллегиясынын жыйыны ага анын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышканда ыйгарым укуктуу болот. Добуштар тең бөлүнгөндө төрагалык кылуучу добуш берген чечим бекитилет.
14. Фондду директор башкарат. Директор Кыргыз Республикасынын финансы министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
15. Фонддун коллегиясы:
- Фонддун ички документтерин, структуралык бөлүктөр жөнүндө жобону, методикалык иштеп чыгууларды жана сунуштарды бекитет;
- Фонддун ишин камсыздоо үчүн зарыл болгон нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кароосуна берет;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кароосуна жасалган иш жөнүндө отчет (финансылык отчетторду дагы) берет;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин кароосуна Фонддун аймактык бөлүктөрүн, Фонддун филиалдарын, өкүлчүлүктөрүн, башка ишканаларын жана уюмдарын түзүү, өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө сунуштарды берет;
- Фонддун аймактык органдарынын жетекчилеринин отчетторун угат жана кабыл алат;
- Фонддун ишине ревизиялардын натыйжаларын карайт;
- Фонд үчүн өзгөчө мааниси бар ар кандай башка маселелерди карайт;
- Фонддун иши үчүн жооп берет.
16. Фонддун күнүмдүк жетекчилигин Фонддун директору жүзөгө ашырат.
17. Фонддун директору:
- Фонддун ишин уюштурат жана Фондго жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жооп берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык штаттык сандын жана эмгек акы фондунун белгиленген чектеринде Фонддун штаттык расписаниесин, структурасын жана иш тартибин Кыргыз Республикасынын финансы министрине бекитүүгө берет;
- кызматкерлерди кызматка кабыл алат жана кызматтан бошотот;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, коомдук жана эл аралык уюмдар, чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары менен өз ара мамиледе Фонддун укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына өкүлчүлүк кылат;
- Фонддун атынан ишеним катсыз бүтүмдөрдү түзөт;
- Фонддун кызматкерлерине сыйлык берүү, социалдык мүнөздөгү төлөөлөр жана материалдык кызыктыруу жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын финансы министрине бекитүүгө берет;
- Фонддун кызматтык милдеттерин жана башка ички документтерин бекитет;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде Фонддун акча каражаттарын, анын ичинде мүлкүн да башкарат;
- Фонддун кызматкерлери жана анын аймактык органдары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат;
- Фонддун аймактык органдарынын жетекчилеринин өз ыйгарым укуктарынын чегинен чыккан же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ушул Жобону жана Фонддун аймактык органы жөнүндө жобону бузуу менен чыгарылган актыларын жокко чыгарууга укуктуу;
- белгиленген тапшырмаларды, иш-чараларды жана кызматтык милдеттерин өз учурунда жана сапаттуу аткарганы үчүн, өзгөчө маанилүү жана татаалдыктагы атайын тапшырмаларды ак ниет аткарганы үчүн, иштин негизги, сапаттык натыйжалары үчүн, Фонддун отчеттук мезгилдеги ишинин жыйынтыгы боюнча жалпы натыйжалар үчүн персоналды сыйлайт. Сыйлыктар Фонддун каражаттарынын эсебинен, Кыргыз Республикасынын Финансы министри бекиткен кирешелердин жана сарптоолордун сметасынын чегинде берилет;
- ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди чыгарат.
5. Фонддун каражаттарын түзүү булактары
18. Фонддун каражаттарын түзүүнүн булактары төмөнкүлөр болот:
- мурда берилген бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча республикалык бюджетке кайтарылган, казыналык системасы жана банк мекемелери аркылуу өткөрүлгөн акча каражаттан жети процент өлчөмдөгү чегерүүлөр, алар атайын каражат болуп эсептелбейт жана атайын каражаттарга салынчу салык салынбайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эл аралык уюмдар тарабынан жана башка чет өлкөлүк булактардан каржылоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактары.
Фонддун каражаттары Фонддун операциялык жана башка чыгымдарын жабууга, эмгек акыга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каралган башка төлөөлөрдү берүүгө, Фонддун материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана өнүктүрүүгө, Фонддун кызматкерлеринин социалдык жана турак жайга болгон муктаждыктарына, кызматкерлерди материалдык көтөрмөлөөгө жана Фонддун иши менен байланыштуу болгон башка максаттарга пайдаланылат.
19. Фонд депозиттер түрүндө ресурстарды тартууга укугу жок.
6. Корутунду жоболор
20. Фонддун өзүнүн иши боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине отчет берет.
21. Фонддун иштеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каралган башка учурларда токтотулат.