Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 16-февралындагы N 100 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 735 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу салык кызматы жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы №24 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу салык кызматынын негизги милдеттери
III. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу салык кызматынын функциялары
IV. МСКнын укуктары
V. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын милдеттери жана жоопкерчилиги
VI. МСКнын иштеринин уюштурулушу
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы (мындан ары - МСК) аткаруу бийлигинин салыктардын, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү жыйноону жүргүзүү жана алардын толук жана өз учурунда төлөнүшү үчүн көзөмөл жүргүзүүчү мамлекеттик органы болуп эсептелинет.
2. МСК өзүнүн ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Салык кодексин, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу" Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. МСК жана анын караштуу жана аймактык органдары юридикалык жак болуп саналышат, алардын чыгымдар боюнча өз алдынча сметасы, Казыначылык системасында эсеби, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдеги өздөрүнүн аталыштары жазылган мөөрү, фирмалык бланктары, бурчтук штамптары болот.
МСКнын туусу, символика белгилери жана атайын кийим формалары бар.
4. МСК жана анын караштуу жана аймактык органдары мамлекеттик бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен каржыланат.
5. МСКнын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- салык, камсыздандыруу төгүмү жана башка төлөмдөрдүн толук жана өз убагында түшүүсүн камсыздоо;
- салык төлөөчүлөргө сапаттуу салыктык тейлөө көрсөтүү;
- салык органдарынын ишмердүүлүгүн уюштурууну жакшыртуу;
- бекитилген мыйзам тартибинде салык мыйзамдуулугун жана социалдык камсыздоо боюнча мыйзамдуулукту өнүктүрүү.
6. МСКга жүктөлгөн милдеттерге ылайык:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген укуктук чекте жыйымдардын, салыктардын, камсыздандыруу төгүмдүн жана башка милдеттүү төлөмдөрдүн түшүүсү үчүн көзөмөлдү, салык жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөөсүн уюштурат;
- караштуу жана аймактык уюмдардын иштерин уюштурат, жүргүзөт, жана көзөмөлдөйт;
- салык төлөөчүлөр тарабынан бухгалтердик отчетторду жана баланстарды, салыктык эсептөөлөрдү, бюджетке төлөмдөрдү эсептөөгө байланыштуу отчетторду, декларацияларды жана башка документтерди өз учурунда беришин көзөмөлдөйт, ошондой эле түшкөн пайданы, кирешени жана салык салуу объекттерин аныктоонун, салыктарды, камсыздандыруу төгүмүн жана башка төлөмдөрдү мамлекеттик бюджетке жана Социалдык фонд бюджетине эсептөөнүн туура экендиги жагынан ушул документтердин аныктыгын текшерет;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздоо мыйзамдарынын сакталыш маселеси боюнча юридикалык жана физикалык жактарга салык текшерүүлөрүн жүргүзөт;
- калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө контролдук-кассалык машиналарды колдонуусун, товарлардын жана акча каражаттардын жүргүзүлүшүн толук эсепке алуу максатында рейддик салыктык көзөмөлдөө, хронометраждык изилдөө жана салык постторун коюу жана алардын салык мыйзамын, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык каттоодон өткөндүгүн, киреше эсебин, керектүү бухгалтердик жана салык документтеринин жүргүзүүсүн, маркировка кылынуучу акциздик товарларга акциздик маркаларды туура колдонуусун, алардын колдо бардыгын көзөмөлдөйт;
- министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде, администрациялык ведомстволордо, аткаруу бийлигинин башка органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, менчигинин формасына жана ведомстволук тиешесине карабастан мекемелерде, ишканаларда жана уюмдарда, анын ичинде өзгөчө режимдеги мекемелерде жана уюмдарда, биргелешкен жана чет өлкөлүк ишканаларда, банктарда жана башка финансылык-кредиттик мекемелерде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарында, чет өлкөлүк жарандарда жана жарандыгы жок адамдарда салыктардын, камсыздандыруу төгүмүн жана башка төлөмөдөрдүн мамлекеттик бюджетке, Социалдык бюджетке же бюджеттен тышкары бөлөк фонддорго эсептелишине жана төлөнүшүнө байланыштуу документтерин, бухгалтердик китептерин, отчетторун, пландарын, сметаларын, декларацияларын жана башка документтерин текшерет, ошондой эле керектүү түшүндүрмөлөрдү алышат;
- юридикалык жана жеке жактардан, республиканын финансы органдарынан, банк мекемелеринен, ошондой эле жарандардан мамлекеттик бюджетке, Социалдык фонддун бюджетине же бюджеттен тышкаркы фонддорго төлөнүүгө тийиш болгон төлөмдөрдөн жана иш жүзүндө түшкөн салыктардын суммасын, камсыздандыруу төгүмүн, ошондой эле финансылык санкциялар менен администрациялык айыптардын суммасын алар жүргүзгөн оперативдик-бухгалтердик эсептин (ар бир төлөөчү жана төлөмдөрдүн түрү боюнча) негизинде документтерди алат;
- мекемелерди жана уюмдарды мамлекеттик пошлина төлөөдө алынган акча каражаттарды алуунун тууралыгы жана сакталышын камсыздоо маселеси боюнча текшерүүгө, жергиликтүү бийлик органдарын (айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңештер ж.б.) калктан салыктарды, камсыздандыруу төгүмүн жана төлөмдөрдү төлөөнүн эсебине алынган акча каражаттарды кабыл алууда аныкталган талаптарды сактоо маселеси боюнча текшерүүгө;
- эсептик, валюталык жана банктын бөлөк счетторунун ачылышы жөнүндө жана ал счеттордогу эсептер боюнча операциялардын көрсөтүлүшү тууралуу чарба жүргүзүүчү субъектилердин жана банктардын маалыматтардын толук жана туура берүү иштери боюнча көзөмөл жүргүзөт;
- мамлекеттик бюджеттин кирешелер бөлүгүнүн жана социалдык фонддун бюджетинин божомолун түзүүгө катышат;
- салыктар боюнча республикалык бюджеттин кирешелер бөлүгүнө, Социалдык фонддун бюджетине камсыздандыруу төгүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу төгүмүн өз учурунда жана толук көлөмдө өткөрүп берүүнү жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна ишмердүүлүк жана айлык акы жөнүндө билдирүүсүн электрондук көчүрмөдө берет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө салыктарды, камсыздандыруу төгүмүн жана бөлөк милдеттүү төгүмдөрдү мамлекеттик бюджетке жана Социалдык фонддун бюджетине эсептөөгө жана төлөөгө байланыштуу салык эсептеринин, отчетторунун, декларацияларынын жана бөлөк документтеринин формаларын бекитүү боюнча сунуш киргизет;
- салыктардын башка түрлөрү боюнча салык төлөөчүнүн милдеттеринин эсебине төлөнгөн салыктын ашып кеткен суммасын киргизет, салык төлөөчүнүн макулдугу менен акча каражаттарынын суммасынын калган бардык бөлүгүн алдыдагы төлөмдөр боюнча салык төлөөчүнүн милдеттеринин эсебине кошот;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетке жана Социалдык фонддун бюджетине карай милдеттенмелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган финансылык санкцияларды, проценттерди жана үстөктөрдү ошондой эле ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кызмат адамдары жана жарандар тарабынан жол берилген ушундай тартип бузуулар үчүн администрациялык айыптарды өз учурунда өндүрүүнүн жана аны колдонуунун тууралыгын камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган салык жана камсыздандыруу төгүмүнүн төлөө мөөнөтүн өзгөртүү жөнүндө чечимин өзүнүн ыйгарым укугунун чегинде салык төлөөчүлөрдүн кат аркылуу кайрылуусу боюнча аткарат;
- салынган салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү, салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарын төлөө жөнүндө жана дагы үчүнчү тараптан салык төлөөчүгө тийиштүү болгон төлөтүү жана өндүрүү суммасы жөнүндө билдирүү жөнөтүлөт;
- үчүнчү тараптан салык төлөөчүгө тийиштүү болгон сумма төлөтүлөт жана өндүрүлөт, ошондой эле төлөтүүнү жана өндүрүүнү чет элдик валюталар эсебинен жүргүзүүгө да болот;
- юридикалык жана жеке жактарга жана дагы жарандарга өз учурунда төлөнбөгөн салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү, айыптарды, пайыздарды, туумдарды жана бөлөк санкцияларды бюджеттин кирешелерине төлөтүү жөнүндө сотторго доо коюлат;
- чарба жүргүзүүчү субъекттердин кайрылуусу боюнча атайын салык режимдерин колдонот;
- өздөрүнө караштуу жана аймактык уюмдарына, алардын жооптуу адамдарынын чечимдерин жокко чыгарат (иш-аракетин токтотот);
- бийликтин жергиликтүү, укук коргоо, каржылоо жана көзөмөлдөөчү бөлөк органдары менен өзүнүн көзөмөлдөө жумуштарын биргиликтүү жүргүзөт;
- чет элдик салык жана компетенттүү уюмдар менен эки тараптуу жана көп тараптуу келишимде көрсөтүлгөн чекте кызматташтык жана бирге иш алып барууну жүргүзөт;
- салык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу мыйзамы жөнүндө киргизилген оңдоолордун долбоорлоруна эксперттик баа берүүгө катышат;
- өз компетенциясынын чегинде министрликтердин жана бөлөк Кыргыз Республикасынын аткаруу бийликтеринин уюмдары даярдаган Өкмөт аралык экономикалык келишимдердин долбоорлоруна эксперттик баалоого катышат;
- укук коргоо органдарынын жана жогорку мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийликтеринин уюмдарынын демилгелери боюнча түзүлгөн комиссиялардын жана топтордун жумуштарына салык эксперттери сапатында катышат;
- салык органдарынын иштеринин жүргүзүлүүсү жөнүндө отчеттордун формасын бекитет, төлөмдөрдү бюджетке жыйноо боюнча караштуу жана аймактык уюмдардын аткарылган иштери боюнча маалыматты алат, топтойт, тастыктайт жана аларды өнүктүрүү боюнча сунуш киргизилет;
- жогорку органдарга салыктардын, камсыздандыруу төгүмүнүн жана бөлөк төлөмдөрдүн мамлекеттик бюджетке жана Социалдык фонддун бюджетине жыйымы боюнча салык органдарынын жасаган иштери жөнүндө отчетторду маалымкаттарды жана маалыматтарды берет;
- салыктар, камсыздандыруу төгүмдөрү жана башка бюджетке милдеттүү төгүмдөр боюнча салык төлөөчүлөр жана караштуу, аймактык уюмдар арасында ченемдик укуктук актылардын колдонуу тартиби боюнча түшүндүрүү иштерин уюштурат;
- юридикалык жактарды, алардын филиалдарын, өкүлчүлүктөрүн жана физикалык жактарды - салык, камсыздандыруу төгүмү жана башка төлөөлөрдү төлөөчүлөрдү, аларга бирдиктүү идентификацияланган салык номерлерин ыйгаруу менен мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракеттеринин токтоосун каттоону Кыргыз Республикасынын Мыйзамында көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүсүн уюштурат жана көзөмөлдөйт;
- Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга жатуучу контролдук-кассалык машинанын тийиштүү салык органдарында катталышы жана эсепке алынышы боюнча иштерди жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде бекитилген таптипте, Кыргыз Республикасынын улуттук банкынын эсеп өлчөмү боюнча пайыздардын эсептелиниши менен кайтарып берүүгө жатуучу салыктардын ашыкча төлөөлөр суммасы боюнча салык төлөөчүгө корутунду жазылып берилет;
- салык салуу, камсыздандыруу төгүмүн төлөө жана салык уюмдарынын кызмат адамдарынын укукка жооп бербеген иш-аракеттери боюнча маселелери боюнча жарандардын, юридикалык жана физикалык жактардын кайрылуусун, сунуштарын жана арыздарын белгиленген тартипте карайт;
- Кыргыз Республикасынын салык органдарында бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системаны түзүүсүн, аткарылышын жана өнүктүрүүсүн камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык бардык деңгээлдеги салык органдарынын ишине ички аудитордук текшерүү жүргүзөт жана баалоонун натыйжалары боюнча МСКнын компетенциясынын чегинде сунуштарды иштеп чыгат;
- бардык деңгээлдеги салык подразделениелеринин иштеринин уюштуруусуна текшерүү (анын ичинде комплекстүү) жүргүзөт, анын жыйынтыктары боюнча аныкталган кемчиликтерди жана тартип бузууларды четтетүү чараларын көрөт, ушул иштердеги дурус тажрыйбаны изилдейт жана аны салык кызматынын системасына жайылтат;
- МСКнын системасында кадрларды тандоону жана жайгаштырууну ишке ашырат, квалификациялык кадрларга керектөөнү аныктайт, адистерди даярдоону уюштурат, ошондой эле кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык саясатын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу саясатын ишке ашырат;
- салык мыйзамын жана камсыздандыруу төгүмүн иштеп чыгууга жана ченемдик укуктук актыларынын өнүктүрүүсүнө катышат;
- Кыргыз Республикасынын салык кызматын өнүктүрүү боюнча иш-чараларын каржылоосун жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бөлөк функцияларды аткарат.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы №24 токтомунун редакциясына ылайык)
7. МСК төмөндөгүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдардан жана башка менчик формаларына көз карандысыз юридикалык, физикалык жактардан өздөрүнүн функцияларын аткаруу үчүн керектүү маалыматтарды бекитилген тартипте суроого жана алууга;
- өз алдынча же башка мамлекеттик башкаруу органдары менен биргеликте МСКнын компетенциясына кирүүчү буйрук чыгарууга;
- бекитилген тартипте ММКны түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык товарларды сатып алууга, кызмат көрсөтүүлөрдү жана жумуштарды, тендерлерди өткөрүүгө;
- МСКнын кызматкерлерин өнүктүрүү жана материалдык колдоо фондун түзүүгө жана пайдаланууга;
- зарыл маалыматтык-презентациялык материалдардын, видеофильмдердин, картографиялык иштердин жана маалымдама адабияттардын, илимий изилдөө иштеп чыгууларынын заказчысы катары чыгууга;
- ички аудитти өткөрүүгө керектүү болгон бардык документацияларды (анын ичинде электрондук форматта), ички аудитке тиешелүү болгон кызматкерлерден керектүү документтердин экинчи нускаларын жана ички аудитке керектүү түшүндүрмөлөрдү алууга;
- салык салуу предметине тиешелүү документтерди алууга, ошондой эле көчүрмөсүн жасатууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамында көрсөтүлгөн учурда, имаратты, оборудованияларды, документтерди жана башка предметтерди мөөр жана пломба коюп бекитүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамында көрсөтүлгөн өзүнүн компетенциялык чегинде административдик укук бузууларды кароого;
- банктардан жана башка финансылык-кредиттик мекемелерден салык төлөөчүлөрдөн алыш-бериш, ссудалык, валюталык жана башка эсептери ачылганы, өзгөртүлгөнү, жабылганы, тийиштүү убакыттын ичинде коммерциялык жана башка эсептер менен болгон операциялар бар экени жөнүндө маалыматты, ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн эсептеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каражаттардын бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты суроого жана алууга;
- салык төлөөчүдөн салыкты, камсыздандыруу төгүмүн бөлүп төлөөнүн графигин тапшырууну же салыктын, камсыздандыруу төгүмүнүн төлөнүшүн камсыздоочу башка чара көрүүнү талап кылууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте салык төлөөчүлөргө алдын ала салык салуу салык милдеттерин камсыздандыруу төгүмү боюнча милдеттерин кыйыр методдордун негизинде баалоо жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзамында көрсөтүлгөн башка финансылык санкцияларды колдонууга;
- бюджетке бересеси бар салык төлөөчүнүн, ошондой эле салык төлөөчүгө бересеси бар үчүнчү жактардын банктык, анын ичинде валюталык эсептерине төлөмдүк талаптарды коюуга;
- мыйзамда көрсөтүлгүн тартипте, камсыздандыруу төгүмүн төлөөсү боюнча ачылган иш бузууларга коюлган талаптардын аткарылбашы, камсыздандыруу төгүмүнүн келип чыгышына байланыштуу документтерди камсыз кылуучу МСКнын кызмат адамына бербеген учурда, камсыздоочунун банк мекемесиндеги жана башка финансы-кредиттик мекемелериндеги төлөөчүлөрдүн камсыздандыруу төгүм эсеби боюнча операцияларды токтотуп коюуга;
- салык жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарында каралган төлөтүү талабын коюу жолу менен, мамлекеттик бюджетке жана Социалдык фонддун бюджетине өз учурунда төлөнбөгөн салыктар, камсыздандыруу төгүмү жана башка төлөөлөр, капитализация боюнча карыздары, жана дагы финансылык санкциялар, пайыздар жана туумдарды өндүрүүгө, жана дагы өндүрүүнү юридикалык жана жеке жактардын мүлкүнө мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте айландырууга;
- салык төлөөчүлөрдү каттоочу органдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мажбурлап жоюу жөнүндө кайрылууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча сотторго доолорду, анын ичинде уюмду жоюу жөнүндө дооматтарды коюуга;
- салыктык текшерүүнүн жыйынтыгына кызыкдар эмес эксперттерди атайын билимди жана көндүмдү талап кылган айрым маселелер боюнча изилдөө жүргүзүү жана консультация алуу үчүн ишке тартууга;
- башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан салык салуу объекттерине жана салыктык милдеттенмени, камсыздандыруу төгүмү боюнча милдеттенмелерин эсептөөгө байланышкан маалыматтарды суроого жана алууга;
- өз ишмердигин жүргүзүүдө салык органдарынын кызмат адамдары мыйзамдуулукту сакташына көзөмөлдүк жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптардын салык кызматкерлери тарабынан бузуу фактыларынын алдын алуу жана четтетүү боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык бөлөк укуктарга.
8. МСКнын бардык деңгээлиндеги органдарынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери, ошондой эле кызмат адамдарынын аракеттеринин үстүнөн даттануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
9. МСКнын кызмат адамдары төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, юридикалык жактардын жана жеке адамдардын мыйзам менен корголуучу укуктарын жана кызыкчылыктарын катуу сактоого, ошондой эле конкреттүү салык төлөөчү жөнүндө кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда алынган маалыматты кызматтык максатта гана пайдаланууга, салык төлөөчү жөнүндө мыйзамда аныкталган салыктык сырды сактоого.
10. МСК бюджеттик-финансылык жана пенсиялык саясатты талдоо жана иштеп чыгуу үчүн керектүү отчетторду Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мыйзамда белгиленген салыктык сыр сакталуучу шартта өз убагында берүүгө милдеттүү.
11. МСК жана анын ведомстволук жана аймактык подразделениелери салык органынын кызмат адамы салыкты эсептегенине же башка чечимине канааттанбаган салык төлөөчүлөрдүн жана камсыздандыруу төгүмүн төлөөчүлөрдүн жазуу жүзүндөгү даттанууларын кароого жана алар боюнча чечим чыгарууга жана өзүнүн чечими жөнүндө себебин көрсөтүп, жазуу жүзүндөгү билдирүү менен кабарлоого милдеттүү.
12. МСКнын кызмат адамдары өз милдеттерин аткарбаганы же тийиштүү түрдө аткарбаганы, салык төлөөчү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген салыктык сырды жана камсыздандырылган адамдардын өздүк камсыздандыруу эсебинде камтылган конфиденциялык маалыматтарды сактабаганы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, администрациялык, мүлктүк жана кылмыштык жазага тартылышат.
13. Салык органдары жана алардын кызматкерлери өз милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыктан салык төлөөчүгө келтирилген тике зыяндар (алынбай калган пайда дагы кошо камтылган чыгымдар) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте орду толтурулууга тийиш.
14. МСКны төрага башкарат, ал кызматка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат жана бошотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы №24 токтомунун редакциясына ылайык)
15. МСКнын төрагасынын статс-катчысы жана орун басарлары болот.
Статс-катчыны кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу тартиби, функциялары жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат.
МСКнын төрагасынын орун басарларын МСКнын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот. МСКнын төрагасы жок болгон учурда анын милдеттерин аткаруу анын орун басарларынын бирине жүктөлөт
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы №24 токтомунун редакциясына ылайык)
16. МСКнын төрагасы:
- МСКнын жана ведомствого жана аймактык подразделениелерге таандык салык органдарынын ишин жетектейт, МСКга жүктөлгөн маселелердин жана милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот;
- МСКнын атынан чыгат жана анын Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен өз ара байланышта иштешүүсүн камсыздайт;
- төраганын орун басарларынын арасында функциялык милдеттерди бөлүштүрөт;
- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча статс-катчыга МСКнын компетенциясына кирген айрым функционалдык милдеттерди аткарууну жүктөйт;
- борбордук аппараттын түзүмүн жана штаттык санын, ага караштуу жана аймактык органдары жөнүндө жоболорун, түзүмүн жана штаттык сандарын бекитет;
- эмгек тартиби сакталышын көзөмөлдөйт жана эмгек шарттарын андан ары жакшыртуу боюнча иш-чаралардын жүргүзүлүшүн камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык органдарынын кызмат адамдарын иштеги кетирген иш бузуулары жана кемчиликтери үчүн, эгерде бул иш бузууларга кылмыш жоопкерчилиги каралбаса, анда тартиптик жоопкерчиликке тартат;
- аныкталган тартипте ведомстволук сыйлыктарды уюштурат жана МСКнын кызматкерлерин сыйлыктар менен сыйлайт;
- биринчи кол укугу менен акча каражаттарын башкы бөлүштүрүүчүсү болуп эсептелинет;
- МСКнын кызматкерлерине атайын наамдарды белгиленген тартипте ыйгарат, ошондой эле атайын жогорку наамдарды ыйгаруу жөнүндө сунуштарды мыйзамдарда белгиленген тартипте киргизет;
- МСКнын кызматкерлерин, МСКнын милдеттерин аткарууга көмөк көрсөткөн жарандарды сыйлоо үчүн төш белгилерди (сыйлыктарды) белгиленген тартипте бекитет, ушул төш белгилери (сыйлыктар) жөнүндө жоболорду жана алардын сүрөттөлүшүн белгиленген тартипте бекитет, аталган адамдарды төш белгилер (сыйлыктар), МСКнын грамоталары менен сыйлайт жана аларга мыйзамдарда каралган сыйлыктардын башка түрлөрүн берет;
- МСКнын, ошондой эле ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн мыйзамдарга каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
- МСКга коюлган маселелерди чечүү үчүн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы №24 токтомунун редакциясына ылайык)
17. МСКда курамына МСКнын төрагасы (коллегиянын төрагасы), статс-катчы, төраганын орун басарлары, негизги башкармалыктардын жетекчилери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин өкүлдөрү кирген 9 кишиден турган коллегия түзүлөт. Коллегиянын курамын Премьер-министр бекитет.
18. МСКнын коллегиясынын жыйынын уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби МСКнын төрагасы тарабынан бекитилген Коллегия жөнүндө жобосу менен жөндөлөт.
19. Статс-катчы МСКнын кызматкерлерин администрациялык мамлекеттик кызматтарга дайындайт жана аларды кызматтан бошотот, МСКнын төрагасынын макулдугу боюнча аларды кызмат орундарына которот жана ротациялайт.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы №24 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Коомчулук менен макулдашып эриш-аркак иштөө максатында МСКда Коомдук байкоочу кеңеш түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы №24 токтомунун редакциясына ылайык)
|
|