Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №136 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 19-февралы № 108
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Өнөр жай коопсуздугу жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциясы жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №127 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 734 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №127 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 24-августундагы № 560 "Аскердик, атайын жана ведомстволук кийим формаларын кийүүнү тартиптештирүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда айтылган токтом менен бекитилген кызматкерлери аскердик, атайын жана ведомстволук кийим формаларын кийүүгө укуктуу болгон министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка органдарынын убактылуу тизмесиндеги "Ведомстволук кийим формасы" бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өнөр жай коопсуздугу жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциясы" деген позициясы алынып салынсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-сентябрындагы № 688 "Жарылгыч материалдарды колдонууга байланыштуу иштерге адамдарга уруксат берүүнүн тартиби жөнүндө, жардыруу иштеринде жарылгыч материалдарды колдонууда келип чыгуучу талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомунун 3-пунктту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 369 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пунктту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-августундагы № 439 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пунктту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 3-декабрындагы № 751 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өнөр жай коопсуздугу жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлеринин формалык кийими жана айырмалоо белгилери жөнүндө" токтому.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-февралындагы № 108 токтому менен бекитилген |
I. Кен жумуштары, пайдалуу кендерди байытуу иштери, ошондой эле жер астындагы шарттарда башка жумуштар жүргүзүлгөн өндүрүштөр жана объекттер
1. Төмөнкүдөй объектилери менен жумуштары бар кен, кенге жатпаган жана кенди кайтадан иштетүүчү өндүрүштөрдү, көмүр өнөр жайын, шахталарды, шахта куруу объекттерин, карьерлерди, кен казылып алынып жаткан жерлерди, майда кен чыгуучу жерлерди, транспорттук курулуш объектилерин, гидротехникалык жана атайын курулмаларды, кенылгоочу, талкалап-сорттоочу, алтын чыгарып алуучу фабрикаларды, заводдорду (орнотмолорду), ошонун ичине таш иштетүүчү, инерттик материалдарды чыгаруучу фабрикаларды да долбоорлоо, куруу, кеңейтүү, реконструкциялоо, техникалык жактан кайра жабдуу, пайдалануу, консервациялоо же жоюу:
- толук технологиялык цикл боюнча жер астында, жер үстүндө ачык жана атайын жүргүзүлгөн кен жумуштары (жолдорду жана көмөкчү цехтерди кошуп), анын ичине өнөржайлык альпинизмди колдонуу да кирет;
- кен ишканаларында жана объектилеринде колдонулуучу технологиялык унаалар (анын ичине карьерде иштеп жаткан башка ишканалардын унаалары да кирет);
- бургулоо жана геологиялык чалгындоо жумуштары;
- ишканалардын балансында турган (бөлүнгөн чектеги) объектилер жана курулмалар, жер үстүндөгү имараттарда жайгашкан өндүрүштүк-технологиялык комплекстер, механикалык мастерскойлор жана оңдоо кызматтары;
- келишимдик иш аткаруу ыкмалары менен аткарылган оңдоочу жана жөнгө салуучу жумуштар.
2. Чарба объекттерин жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу кендер казылып алынган жерлер жана табигый көңдөйлөр, ошондой эле унаалар өтүүчү тоннелдер, аларды коопсуз иштетүү жагы.
3. Көрсөтүлгөн ишканаларда кен шахталык жана технологиялык жабдууларды, текшерүү жана кыйроодон коргоо приборлорун курап-тургузуу жана жөнгө салуу жана башка атайын жумуштарды аткаруу боюнча адистештирилген уюмдар.
4. Кен өндүрүштөрү менен жумуштарында, геологиялык чалгындоодо колдонулуучу (чет өлкөдө жасалгандар да кошулуп) жабдуулар, механизмдер жана приборлор, жасап-чыгаруучу заводдор жөнөткөн жана оңдоочу ишканалар оңдогон жабдуулар, механизмдер, аппаратуралар жана приборлор коопсуздук эрежелеринин талабына ылайыктуулук жагында.
5. Маркшейдерлик жана геологиялык жумуштарды жүргүзүүнү көзөмөлдөө жагында:
- долбоорлоно турган, курулуп жаткан, иштеп жаткан, реконструкциялана турган пайдалуу кендерди өнүктүрүүчү ишканалар алардын карамагында же өз алдынча иштеген геологиялык чалгындоо уюмдары;
- пайдалуу кендерди чалгындоо жана иштеп чыгуу учурунда жүргүзүлө турган маркшейдерлик жана геологиялык жумуштар, пайдалуу кендерди казып алууга байланышпаган максаттагы жер астында жүргүзүлүүчү маркшейдерлик жана геологиялык жумуштар, анын ичинде кендер казылып алынган жерлердеги жана жер астындагы табигый көңдөйлөрдөгү жумуштар.
6. Мунайгаз чыгаруучу жана мунайгазды кайрадан иштетүүчү өнөр жайды жана геологиялык чалгындоону көзөмөлдөө жагында:
- жер астындагы газ сактоочу жайларды, термалдык сууларды, газды, мунайды чалгындоочу жана пайдалануучу скважиналарды долбоорлоо жана куруу. Бургулоо жумуштарын жүргүзүүчү технологиялык системалардын бардык түрлөрү, жабдуулар жана механизмдер, буларга бургулоочу орнотмолор, жер астында жана жер үстүндө ачык жүргүзүлгөн геологиялык чалгындоо жумуштарында колдонулуучу кен жабдуулар комплекстери да кошулат;
- мунай, газ, газконденсаттары жана геотермалдар чыгуучу жерлерди, жер астындагы газ сактоочу жайларды долбоорлоо, иштөөгө ыңгайлаштыруу жана иштеп чыгуу;
- мунай, газ, конденсат жана суу чыгаруучу объектилерди, жер астындагы газ сактоочу жайларды, мунай менен газ чыгаруучу жана өндүрүштөр аралык ташып-жеткирүүчү объектилерди, кыртыштын басымын сактап туручу объектилерди иштетүү, ошондой эле резервуардык парктарды, компрессордук станцияларды, сордургучтарды, сепарациялык орнотмолорду, скважиналарды оңдоо, консервациялоо жана жоюу;
- жер астында жана жер үстүндө ачык кен жумуштарын жүргүзүүдө, термалдык суу чыккан жерлерде, мунай, газ жана мунайгазконденсаттары жайгашкан жерлерде, аларды жер астында сактоочу жайлардагы скважиналарды (жардыруу жана атып-тешүү жумуштарын жүргүзүү да кирет) өндүрүштүк геофизикалык изилдөөлөр жана талаалык геофизикалык жумуштар.
II. Кара жана түстүү металлдардын, кен тектеринин эритиндилери жана ушул эритиндилердин негизинде алынган эритмелерди өндүрүүчү объектилер жана өндүрүштөр
7. Металлургиялык өндүрүштөрдү көзөмөлдөө жагында:
- долбоорлоно турган, курулуп жаткан, иштеп жаткан, реконструкциялана турган ишканалар, объекттер, цехтер, участоктор жана бөлүмдөр;
- кристаллдык кремнийдин, калайдын, сурьманын жана алардын аралашмаларынын, сымаптын, жарым өткөргүч материалдардын (кремний, германий), кымбат баалуу металлдардын, темир порошокторунун, сейрек учуроочу металлдардын жана алардын кошулмаларынын өндүрүштөрү;
- кара жана түстүү металлдардын, кен тектеринин эритиндилери жана ушул эритиндилердин негизинде алынган эритмелерди өндүрүү;
- куюучу өндүрүш;
- жогорку аталган өндүрүштөрдө пайдаланылуучу аммиактын, хлордун, суутектин, абанын бөлүнүшүнүн продуктыларын өндүрүп алуу, кайра иштетүү, бөлүштүрүү, сактоо жана колдонуу, буга көрсөтүлгөн заттардын заводдор аралык, цехтер аралык жана цехтик коммуникациялары да кошулат;
- экстрациялык, сорбциялык, регенерациялык жана полимерлештирүү жолу менен бөлүштүрүүсү бар гидрометаллургиялык өндүрүштөр;
- өндүрүштүн өзүндө жайгашкан ууландыруучу заттарды жана күйүүчү суюктуктарды сактоочу жайлар;
- ишкананын өндүрүштүк технологиялык объектилеринин курамына кирген заводдор аралык, цехтер аралык жана цехтердеги газ түтүкчөлөрү, газ тазалоочу, чаң тосуучу, аспирациялык жана вентиляциялык системалар.
III. Басымы 0,07 МПадан жогору же суунун ысуу температурасы 115 град. Цельсия жана андан жогору болгон шартта иштөөчү жабдуулар колдонулган объекттер жана өндүрүштөр
8. Газ көзөмөлдөө жагында:
- жер астында, жер бетинде жана жерден көтөрүлүп коюлган газ тармактарын жана магистралдык түтүктөрдү, алардагы курулмаларды, жаратылыш газын автоунааларга куюучу газкомпрессордук станцияларды, автоунааларга куюучу газ толтуруучу станцияларды, анын ичине жылып турма станциялар да кирет, жана суюлтулган газды топтоочу баллондук түзүлүштөрдү; газ менен иштөөчү өндүрүш казандары, металлдарды газ жалыны менен кайрадан иштетүүчү постторду, суюлтулган газдарды куя турган резервуарлардын жана топтолгон баллондордун орнотмолорун; өнөр жайлык, айыл чарбалык, коммуналдык уюмдардын жана шаардык магистралдык түтүктөрдөн, шаардагы жана башка калк жашоочу жерлердеги суюлтулган газ (пропан-бутан) орнотмолорунан газ алуучу башка объектилердин газ жабдууларын жана ички газ түтүктөрүн (үй-тиричилигинде колдонулуучу газ приборлору орнотулган, өндүрүштүк мүнөзгө ээ болбогон калкты тейлөөчү ишканалардагы жана эл жашаган үйлөрдөгү агрегаттар менен газ жабдуулардан, газпайдалануучу жылып-турма орнотмолордон башкасы); баллондорду кычкылтек, көмүр кислотасы, аргон, ацетилен менен толтуруучу станцияларды долбоорлоо, куруу, жөнгө салуу жана иштетүү.
9. Өндүрүш казандарын көзөмөлдөө жагында:
- белгиленген тартипте катталуучу 0,07 МПадан (0,7кгс/кв.см) жогорку басымда иштеген электроддук жана буу казандар, буу өтүүчү түтүктөр жана идиштер, ысуусу 115 град. Цельсиядан жогорку температурада иштеген суу ысытуучу казандар жана ысык суу өтүүчү түтүктөр, ошондой эле бул жабдууларды жасап чыгаруучу ишканалар жана (же) аны долбоорлоочу, курап-тургузуучу, жөнгө салуучу, оңдоочу, техникалык диагностикалоочу жана иштетүүчү ишканалар.
IV. Орнотулган жана көчүп жүрүүчү жүк көтөрүүчү механизмдер, эскалаторлор, асма жолдор, фуникулерлер пайдаланылуучу объекттер жана өндүрүштөр
10. Көтөргүч курулмаларды көзөмөлдөө жагында:
- белгиленген тартипте катталуучу жүк көтөргүч крандар, көтөргүчтөр, лифттер, эскалаторлор, фуникулерлер, жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуучу асма жолдор, ошондой эле бул жабдууларды жасап-чыгаруучу ишканалар жана (же) аны долбоорлоочу, курап-тургузуучу, оңдоочу, техникалык диагностикалоочу жана иштетүүчү ишканалар.
V. От алуучу, күйүүчү, кычкылдандыруучу, жарылуучу, уулуу жана радиоактивдүү заттар алынуучу, пайда болуучу, кайра иштетилүүчү, пайдаланылуучу, жок кылынуучу, сатылуучу объекттер жана өндүрүштөр
11. Жардыруу иштерин көзөмөлдөө жагында:
- жарылгыч материалдарды жасап чыгаруучу жана колдонуучу уюмдар менен объектилер, алардын жарылуучу материалдарды жасап чыгарууда, сыноодо, сактоодо, эсебин алууда жана пайдаланууда эрежелердин сакталышын камсыздоо жагын;
- жөнөкөй жарылуучу заттарды жасоочу жана өнөржайлык жарылуучу заттарды даярдоочу пункттар, ошондой эле жарылуучу заттарды түшүрүүчү жана кабыл алуучу жайлар, аларда жасалыш инструкциялардын, эрежелердин жана коопсуз иштөөнүн талаптарынын сакталыш жагын;
- жөнөкөй жарылуучу заттарды жасоо үчүн колдонулуучу жана жардыруу иштеринде пайдалануучу жабдуулар, приборлор, машиналар жана механизмдер (чет элде жасалган жабдууларды кошуп), аларды оңдоочу ишканалар, алардын коопсуз иштөө жагын;
- илимий-изилдөө, окутуу, тажрыйба жасоо жана башка ушундай максатта жарылуучу материалдарды пайдалануучу илимий-изилдөө институттары жана лабораториялары, аларда жарылуучу материалдардын сакталыш жана эсебин алуу эрежелеринин талаптарын аткаруу жагын.
12. Химиялык, мунайхимиялык, зыяндуу жана башка жарылып өрт чыгуу кооптуулугу бар өндүрүштөрдү көзөмөлдөө жагында:
- потенциалдуу коркунучтуу өндүрүштөрдү долбоорлоодо, монтаждоодо, жөнгө салууда жана пайдаланууда;
- мунайхимиялык жана мунайды кайра иштетүүчү продуктулар;
- мунай продуктуларынын кое берилиши жана сакталышы;
- пластмассалар жана полимердик материалдар;
- аба продуктуларынын бөлүнүшү;
- сууну электролиздөө аркылуу суутек менен кычкылтектин алынышы;
- ууландыруучу заттарды алуу, сактоо жана пайдалануу.
Көрсөтүлгөн өндүрүштөр төмөнкү курамы менен комплекстүү көзөмөлдөн өтүүгө тийиш:
- кыйроо болгон учурунда күйүүчү газдардын (буулардын) чыгышы мүмкүн болгон технологиялык объектилер (блоктор, стадиялар), куюп алуучу жана кое берүүчү станциялардын сактоочу жайлары, тез күйүп кетүүчү суюктуктардын жана күйүүчү суюктуктардын, суюлтулган күйүүчү газдардын ташып-жеткирүү системалары, буга этил спиртин алуу жана кайра иштетүү да кирет;
- кыйроо болгон учурларда аппаратураларда, өндүрүштүк имараттарда жана ачык аянтчаларда жарылуу кооптуулугу бар аралашмаларды, чаң менен абанын аралашмасын пайда кылууга жөндөмдүү болгон, чаңды пайда кылуучу технологиялык объектилер (блоктор, стадиялар), дисперсиялык продуктылар (тамеки чыгаруучу жана кайра иштетүүчү өндүрүштөрдөгү блоктор менен системалар да кирет);
- кыйроо болгон учурларда адамдардын ден соолугуна жана жашоосуна коркунуч алып келүүгө жөндөмдүү болгон (уулануу, химиялык күйүк алуу) зыяндуу заттарды өндүрүүчү, кайра иштетүүчү жана пайдалануучу технологиялык объекттер (блоктор, стадиялар);
- администрациялык-көмөкчү объекттерге, жарандык турак үйлөргө жана дайыма эл көп болгон башка объектилерге жакын жайгашкан суюк хлорду, аммиактар менен башка өтө уулуу заттарды сактоочу жайлар жана кампалар (анын ичине шаардагы жана калктуу конуштардагы таза суу даярдоочу системаларда жана тазалоочу курулмаларда хлорду куюп алуу жана кое берүү пункттары да кирет);
- газ түрүндө оргуштап чыккан заттарды күйгүзүүчү жана кайтадан иштеп чыгуучу жалпы заводдук жана жергиликтүү орнотмолор;
- сордургуч, компрессорлук жана муздаткыч станциялар;
- ишкананын балансында турган жана технологиялык объектилерге кирген технологиялык түтүк өткөргүчтөр жана башка курулмалар;
- жарылгыч касиетке ээ болгон, ошондой эле ички себептердин натыйжасында бузулуп кетүү өзгөчөлүгү бар, суюкфазалык же катуу түрдөгү продуктыларды алууга же кайра иштетүүгө байланышкан өндүрүштөр.
13. Нан азыктар өндүрүшүн көзөмөлдөө жагында:
- долбоорлоо, монтаждоо, жөнгө салуу жана иштетүү;
- элеваторлордо данды кабыл алуу, тазалоо иштерин жүргүзүү, сактоо жана ушул процесстерге технологиялык байланышы бар имараттар, курулмалар жана жабдуулар;
- кошмо тоюттарды, ундарды, акшактарды өндүрүү жана ушул процесстерге технологиялык байланышы бар имараттар, курулмалар жана жабдуулар.
VI. Айлана-чөйрөгө жана адамдардын жашоо тиричилигине коркунуч келтирүүчү заттардан турган, кен-металлургия
өндүрүштөрүнүн калдыктарын көмүү иштери жүргүзүлүүчү объекттер жана өндүрүштөр
14. Кендерди казып алуу өндүрүшүндөгү өндүрүштүк зыяндуу калдыктар жана шламдар менен иштөөчү чарбалар (анын ичине гидрометаллургиялык чарбалар да кирет), кен калдыктар, кампалар жана башка курулмалар, ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуу жана кайра иштетүү менен байланышкан көмөкчү цехтер жана объекттер.
VII. Кыйроолорду жана анын кесепеттерин жоюу
15. Ишканалардагы жана объектилердеги кыйроолорду жоюуга тоодо куткаруу, газдан куткаруу жана фонтанга каршы ишканалардын, башка кыйроодон сактоочу кызматтардын жана өз эрки менен кыйроодон сактоочу түзүлүштөрдүн абалы жана даярдыгы.
VIII. Адистерди даярдоону жана кайрадан даярдоону көзөмөлдөө жагында
16. Өзүнүн көзөмөлүндөгү ишканалар жана объектилер үчүн кесиптик жумушчуларды даярдоочу, ошондой эле жумушчулар менен инженердик-техникалык кызматкерлерди өнөржай коопсуздугу боюнча окутуучу өндүрүштүк-техникалык окуу жайлар, окуу-курстук комбинаттар, курстар, башка окуу жайлар жана борборлор, кооптуу өндүрүштөр үчүн адистерди даярдоочу жогорку окуу жайлар.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-февралындагы № 108 токтому менен бекитилген |
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Өнөр жай коопсуздугу жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекция (мындан ары - Мамкентехкөзөмөл) аткаруучу бийликтин органы болуп саналат, техникалык саясатты жүргүзөт жана өнөр жайында коопсуз иш жүргүзүү чөйрөсүндө атайын уруксат берүү, текшерүү жана көзөмөлдөө боюнча функцияларды иш жүзүнө ашырат.
Мамкентехкөзөмөл өнөр жай коопсуздугуна, мунай азыктары коопсуздугуна жана кенге мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүчү атайын ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.
2. Мамкентехкөзөмөл өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин токтомдорун жана буйруктарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Мамкентехкөзөмөл юридикалык тарап болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин казначылык системасында эсеп жана андан бөлөк счеттору бар.
4. Мамкентехкөзөмөлдү каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардан жүргүзүлөт.
II. Мамкентехкөзөмөлдүн негизги милдеттери
5. Мамкентехкөзөмөлдүн негизги милдеттери:
- Өнөр жай коопсуздугу жаатында бардык министрликтер, ведомстволор, юридикалык жана физикалык тараптар тарабынан өнөр жай коопсуздугунун талаптарын сакталышы боюнча мамлекеттин кызыкчылыгын камсыз кылуу;
аралашмалардын категорияларына жана тобуна, жарылуу кооптуулугу бар зоналардын классына туура келерин текшерет, уюмдардын сунуштары менен газ боюнча кооптуулугу бар шахталардын (кендердин) категорияларын аныктайт, аларды чаңы боюнча, тоо тектердин, кендердин, көмүрдүн жана газдын бүркүлүп чыгуулары боюнча, жер астындагы кыртыштардын урашы боюнча кооптууларга киргизет жана шахталардын (кендердин) бир категориядан экинчисине которулушун бекитет;
- 0,07 МПадан (0,7 кгс/кв.см) жогорку басымда иштеген буу казандарын (электроддук буу казандарды да) жана идиштерди, ысуусу 115 Цельсия град. температурадан өткөн суу ысыткыч казандарын, газдаштырылган казандарын, буу жана ысык суу өтүүчү I, II, III категориядагы түтүктөрдү, мунайпродукттары менен газдарды сактоочу жана кое берүүчү техникалык каражаттар менен жабдууларды, шаарлардагы, шаар типтеги поселкалардагы жана айыл жерлериндеги газ менен камсыздоочу системаларды, ошондой эле аммиак, суюк хлор, табигый жана суюлтулган (пропан-бутан) газдарды (калкты тейлөөчү өндүрүшү жок ишканалардан башкасы) сактоого, ташып-жеткирүүгө жана пайдаланууга байланышы бар объектилерде иш жүргүзүүлөрдү, баллондорду кычкылтек, көмүр кислотасы, аргон, ацетилен менен толтуруучу станцияларды, суутек станцияларын, металлдарды газ жалыны менен иштетүүчү постторду, жүк көтөргүч крандарды, көтөргүчтөрдү, лифттерди (аз жүк көтөрүүчүлөрдөн башкасын), эскалаторду, фуникулерду, жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуучу асма жолдорду долбоорлоодо, жасап чыгарууда, курууда, диагностикалоодо, реконструкциялоодо, монтаждоодо, жөнгө салууда, оңдоодо жана пайдаланууда коопсуздук боюнча талаптардын сакталышына;
- мунай азыктары коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттүү талаптарды сакталышына.
6.2. Текшерүүнү жүзөгө ашырат:
- өнөр жай коопсуздугу боюнча ведомстволук кызматтарды туура уюштурууга (өндүрүштүк текшерүү), ушул кызматтардагы кызматкерлердин квалификациялык талаптарга ылайык келишине, ошондой эле алардын ишти бардык жагынан жетишерлик алып барышына;
- техникалык тартиптерди сактоо жаатына байланыштуу болгон геологиялык чалгындоо, кен жана бургулоо жумуштарынын бардык түрлөрүнүн туура жүргүзүлүшүнө жана жер астындагы казмалардын урап түшүшүн болтурбоо жана коопсуздукту камсыздоо менен байланыштуу болгон атайын калтырылган жер катмарынын бузулбаган бөлүкчөлөрүнүн бардык түрлөрүнүн параметрлерин аныктоого;
- лицензиялардын, уруксат берүүлөрдүн, күбөлүктөрдүн жана макулдашуулардын иштөө шарттарынын аткарылышына;
6.3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, белгиленген тартипте лицензияларды, уруксаттарды, күбөлүктөрдү жана күбөлүк каттарды берет.
6.4. Белгиленген тартипте макулдашат:
- кен жана жер астындагы геологиялык чалгындоо иштеринин өнүгүү пландарын, аларды жүргүзүүдө технологиясында болгон өзгөртүүлөрдү, жумуштарды коопсуз жүргүзүү боюнча техникалык чечимдер жаатында;
- жарылгыч материалдар складдарын коргоонун түрүн жана юридикалык жана физикалык тараптардын чарбалык ишмердигине керек болгон жарылгыч материалдарды өндүрүүнүн жана жардыруу ишинин приборлорунун санын;
- Кыргыз Республикасына өнөр жай багытындагы жарылгыч материалдарды жана күчтүү таасир берген уулу заттарды алып кирүүнү жана алып чыгууну;
- кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздук шарттарын (өнөр жай багытындагы жарылгыч материалдарды жана күчтүү таасир берген уулу заттарды);
- бөлөк уюмдардын складдарында жарылгыч материалдарды сактоону;
- мунай продуктылары сакталуучу жана кое берилүүчү объектеринин жарылуу коркунучунун категорияларын аныктоонун эсебин жана аварияларды жоюунун пландарын;
- кыйроолордун же кырсыктардын кесепетинен элдерге, айлана-чөйрөгө жана материалдык байлыктарга келтирилиши мүмкүн болгон зыяндарды төлөтүп алуу үчүн, кооптуу өндүрүш объекттерин иштетүүчү уюмдардын жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруунун тартибин жана жолдорун;
- кооптуу өндүрүш объекттеринин персоналын өнөр жай коопсуздук маселеси боюнча даярдоонун жана кайра даярдоонун программасын;
6.5. Кооптуу өндүрүш объекттерди пайдаланууга кабыл алуу боюнча түзүлгөн жумушчу жана мамлекеттик кабыл алуу комиссияларынын курамына катышуу үчүн өкүлдөрдү дайындайт, ошондой эле жарылгыч материалдарды өнөр жайлык сыноодон өткөрүү үчүн, коопсуздук боюнча жогорулатылган талаптар коюлган кендик-шахталык жана технологиялык жабдуулардын жана электр-техникалык буюмдардын жаңы үлгүлөрүн кабыл алуу сыноосун өткөрүү үчүн уюшулган комиссиялардын иштерине катышуу үчүн өкүлдөрдү дайындайт.
6.6. Өзүнүн берилген укугунун чегинде административдик укук бузуулар жөнүндө материалдарды карайт, өнөр жай коопсуздугу жаатында ченемдик укуктук актылардын жана техникалык тартиптердин талаптарын бузушкандыгы үчүн юридикалык жана физикалык тараптарга, жетекчи кызмат адамдарына жана жумушчуларга айып салат.
6.7. Белгиленген тартипте жүргүзөт:
- менчигинин түрүнө жана ведомстволук тиешелүүлүгүнө карабастан белгиленген тартипте кооптуу өндүрүш объекттери менен байланышкан иш-аракеттерди аткарган юридикалык жана физикалык тараптарга текшерүү (инспекция) жүргүзөт;
- уюмдарда, айрым өндүрүш объекттеринде жана курстук-окуу түзүмдөрдө инженердик-техникалык кызматкерлерди жана жумушчулардын жумуш аткаруусуна жол берүүдө, аларга жумушту коопсуз аткаруу ыкмаларын үйрөтүүдө жана жетекчилик көрсөтмөлөрдү берүүдө белгиленген тартиптердин сакталышын текшерет, ошондой эле аларды аттестациялоо жана билимин текшерүү тартиптерин ушул жаатында текшерет;
- кооптуу өндүрүш объекттерди, техникалык түзүлүштөрдү, кооптуу өндүрүш объекттериндеги имараттар менен курулмаларды курууга, кеңейтүүгө, реконструкциялоого, техникалык кайра жабдууга, консервациялоого жана жоюуга долбоордук документацияларды, өнөр жай коопсуздугу боюнча декларацияларды жана кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануу менен байланыштуу болгон бөлөк документтерди өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертизадан өткөрөт;
- кооптуу өндүрүш объекттеринде колдонулган түзүлүштөр менен жабдууларды техникалык ырастоодон өткөрөт, ишканалардагы буу казандар көзөмөлүндөгү объектилерди, көтөргүч курулмалардан турган объектилерди өз убагында күбөлөндүрүүдөн өткөрүлүп турушун текшерип турат.
- уюмдардагы авариялардын, өндүрүштөгү майып болуулардын, жарылгыч материалдар менен токсикалык заттардын жоголушунун жана чачылышынын кырдаалдары менен себептерине техникалык жактан териштирүүнү жүргүзөт, териштирүүнүн жыйынтыктарына карап, Мамкентехкөзөмөлдүн укугуна кирген маселелер боюнча милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон чечимдерди кабыл алат;
- өнөр жай коопсуздугунун маселелери боюнча алдын-алуу иш-чараларын.
6.8. Белгиленген тартипте иштеп чыгат:
- өнөр жай коопсуздугу жаатында ченемдик укуктук актылардын жана техникалык тартиптердин долбоорлорун, алардын ичинде талаптардын бирдиктүүлүгүн орнотуу боюнча сунуштарды берет;
- кооптуу өндүрүш объекттеринде жана кен көзөмөлүндө өнөр жай коопсуздугу жаатындагы мамлекеттик саясатты жүргүзүү боюнча сунуштарды;
- анын компетенциясына кирген иш-аракет чөйрөсүндө мамлекеттик статистикалык отчеттуулукту өркүндөтүү боюнча сунуштарды, жарылгыч материалдарды колдонуу боюнча мамлекеттик статистикалык отчеттуулукту белгиленген тартипте жалпылоону жана берүүнү камсыз кылат;
- кен, бургулоо, жардыруу, маркшейдерлик, электр-техникалык, металлургиялык, кен-ылгоо, от-чыгаруу, газ коркунучу бар жана башка кооптуулугу жогору болгон жумуштарга жетекчилик кылууга жол берүү тартибин;
- авариялардын себептерин жана өнөр жайлык багыттагы жарылгыч материалдар жоголгон учурларда техникалык териштирүү жүргүзүү тартибин.
6.9. Белгиленген тартипте катышат:
- Мамкентехкөзөмөлдүн иш аракеттерине тиешелүү улуттук, эларалык (аймактык) стандарттарды, ошондой эле техникалык документтерди экспертизалоо үчүн уюштурулган экспертик комиссиялардын (топтордун) ишине;
- кооптуу өндүрүш объекттеринде колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдү диагностикалоону жана тастыктоону жүргүзгөн уюмдар менен сыноо лабораторияларын аккредитациялоого;
6.10. Компетенциясына кирген маселелер боюнча аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органдары жана башка уюмдар менен өз ара аракеттешет жана ишти координациялайт.
6.11. Реестирин жүргүзөт:
- өнөр жай багытындагы жарылгыч материалдарынын;
- техникалык тартиптер менен аныкталган кооптуу өндүрүш объектерде колдонулган техникалык түзүлүштөрдүн.
6.12. Коомчулукту өзүнүн ишмердиги тууралуу жана кооптуу өндүрүш объекттеринде коопсуздуктун абалы тууралуу кабарлап турат.
6.13. Аварияларды жана өндүрүштөгү майып болууларды алдын-ала эскертүүгө, көзөмөлдүк ишмердигин жакшыртууга, өнөр жай коопсуздугунун талаптарын сактоого багытталган маалыматтык-түшүндүрмөлүк жана башка адабияттарды чыгарат.
6.14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 20-сентябрындагы № 435 "Тармактар аралык окуу борборун түзүү жөнүндө" токтому менен түзүлгөн Тармактар аралык окуу борбору аркылуу, ишмердүүлүгү кооптуу өндүрүш объекттери менен байланыштуу болгон менчиктин бардык түрлөрүндөгү ишканаларга инженер-техникалык кызматкерлерин жана негизги кесиптеги жумушчуларын даярдоо, кайра даярдоо жана аттестациялоо иштерин Мамкентехкөзөмөл жүргүзөт.
IV. Мамкентехкөзөмөлдүн укуктары
7. Мамкентехкөзөмөл төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- адамдардын өмүрүн жана ден соолугун камсыз кылуу менен байланыштуу болгон өтө шашылыш учурда (техногендик мүнөздөгү авария пайда же коркунучу болгондо), сутканын убактысына көз карандысыз калктын ден соолугуна жол берилбес таасир берүүнүн себебин жана булагын аныктоо жана аларды жоюуга иш-чараларды көрүү максатында, жазуу түрүндөгү жөнөтмөнү (билдирүүнү) албастан, убакытты өткөрбөй текшерүү жүргүзөт;
- өз убактысында бузууларды жоюуну талап кылат, бузуулардын мүнөзүн эске алуу менен негизделген убакта;
- тийиштүү мамлекеттик башкаруу органдардын жана уюмдардын макулдугу менен, алардын адистерин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тартат;
- мамлекеттик органдарга сунуштарды киргизет жана текшерүүдө аныкталган өнөр жай коопсуздугунун, мунай азыктары коопсуздугунун, жарылгыч материалдарды сактоонун, пайдалануунун жана эсебин жүргүзүүнүн, токсикалык заттардын, жабдуулардын түзүлүштөрүнүн талаптарын бузууларды жоюу женүндө, мындай бузууларга алып келүүчү себептерди жана шарттарды жоюу жөнүндө, жумушту токтотуу жөнүндө, ошондой эле адамдардын өмүрүнө коркунуч туулганда же авария пайда болуусу күтүлгөндө, адамдарды иш ордунан алып чыгуу жөнүндө милдеттүү аткарууга тийиштүү болгон көрсөтмөлөрдү (билдирүүлөрдү) юридикалык жана физикалык тараптарга берет жана керек болгон учурда, түздөн-түз жумушту токтотот жана адамдарды алып чыгат, жабдууларды же иш ордун мөөр басып жабат.
- Мамкентехкөзөмөлдүн көрсөтмөсү боюнча жумушу токтотулган жерлерде өзү билип жумушту баштаткандарды, жабдуулар менен объектилерди өзү билип иштетүүгө жол бергендерди, өндүрүш коопсуздугу боюнча эрежелерди жана нормаларды дайыма бузгандарды, уулуу заттардын жана жарылуучу материалдардын эсебин алуунун, сактоонун жана пайдалануунун белгиленген тартибин, газдар менен мунайпродуктыларды кое берүү тартибин жана аларды сактоо шарттарын бузгандарды, кен, бургулоо, маркшейдерлик, жардыруу, кен-ылгоо, металлургиячык, от-чыгаруу, газ кооптуулугу бар жана электр-техникалык жумуштарга жетекчилик кылууга укугу жокторду, ошондой эле өндүрүш казандар көзөмөлүндөгү жана көтөргүч курулмалары бар объекттерге жумуштарга жетекчилик кылууга укугу жокторду, белгиленген тартипте өндүрүш коопсуздугу боюнча окуу курстарын өтөгөндөрдү жана ал боюнча белгиленген тартипте аттестациядан өтпөгөндөрдү кызмат орундарынан бошотуу же техникалык жумуштарга жетекчилик кылуу укугунан 1 жылга ажыратуу жөнүндөгү сунуштарды министрликтердин, ведомстволордун жана уюмдардын жетекчилерине берет;
- уруксатты колдонуунун шарттарын аткарбаган же өнөр жайлык коопсуздуктун нормалары одоно бузулган учурлар аныкталса, эгер бул кылмыштык жоопкерчиликке кириптер кылбаса, анда кооптуу өндүрүш объекттерди долбоорлоого жана пайдаланууга лицензиялардын жарактуулугун белгиленген тартипте токтотот жана кайра артка алат, ошондой эле жардыруу иштерин жүргүзүүгө укук берген уруксаттын, жарылгыч материалдарын алууга жана сактоого укук берген күбөлүктөрдүн жарактуулугун токтотот, жарылгыч материалдарды пайдалануунун, сактоонун жана эсебин жүргүзүүнүн белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн адамдардын күбөлүгүнүн жарактуулугун токтотот;
- тийиштүү учурларда жооптуу адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндөгү маселени кароо үчүн материалдарды тергөө органдарына өткөрүп берет;
- Мамкентехкөзөмөлдүн укугуна кирген маселелер боюнча республикалык мамлекеттик башкаруучу органдардын жана уюмдардын жетекчилеринин докладдарын, отчетторун жана билдирүүлөрүн угат;
- зарыл болгон учурда жабдуулар менен материалдарга текшерүү сыноолорун өткөрүүнү, айлана-чөйрө менен жумуш чөйрөсүнө текшерүү талдоолорун жүргүзүүнү, ошондой эле жабдууларды колдонуудагы эрежелердин чегинде экендигин ырастоону мамлекеттик башкаруу органдарына жана уюмдарга дайындайт;
- өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузуу менен жүргүзүлгөн кооптуу өндүрүш объектерин курууга, реконструкциялоого, кеңейтүүгө, техникалык кайра жабдууга жана пайдаланууга жана башка иштерге тыюу салат.
- республикалык мамлекеттик башкаруу органдардын, уюмдардын, илимий-изилдөө жана конструктордук-долбоорлоо институттардын макулдугу менен, алардын адистерин тартып жумушту коопсуз жүргүзүүгө, өндүрүш менен объектилердин коопсуздугуна байланышкан көзкарандысыз экспертизалоону жана иштеп чыгууларды жүргүзөт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде өнөр жай коопсуздугу жаатында эл аралык кызматташууну иш жүзүнө ашырат жана белгиленген тартипте эл аралык уюмдарда катышуучу (мүчө) катарында чыга алат;
- мамлекеттик башкаруу органдарынан, юридикалык жана физикалык тараптардан өнөр жай коопсуздугу жөнүндө, өндүрүштөгү майып болуулардын себептери жөнүндө, жарылуучу материалдар менен токсикалык заттардын кириштелиши, чыгышталышы жана жоголушу жана алардын сакталышын камсыздоо жөнүндө маалыматтарды ала алат;
- өз укугунун чегинде, белгиленген тартипте, ишмердүүлүгү кооптуу өндүрүш объекттери менен байланыштуу болгон тийиштүү мамлекеттик башкаруу органдары, юридикалык жана физикалык тараптар милдеттүү түрдө аткаруучу токтомдорду жана буйруктарды чыгарат;
- долбоордук документацияларды, техникалык түзүлүштөрдү, кооптуу өндүрүш объекттериндеги имараттар менен курулмаларды, өнөр жай коопсуздугу боюнча декларацияларды жана кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануу менен байланыштуу болгон бөлөк документтерди экспертизадан өткөрүү менен юридикалык жана физикалык тараптарга тейлөө кылат.
V. Мамкентехкөзөмөлдүн ишин уюштуруу
8. Мамкентехкөзөмөлгө директор жетекчилик кылат, ал ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын өнөр жай коопсуздугу жана кен көзөмөлү боюнча башкы мамлекеттик инспектору болот.
9. Мамкентехкөзөмөлдүн директорун Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министринин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана бошотот.
10. Мамкентехкезөмөлдүн директору Өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттер аралык кеңеште Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп саналат.
11. Мамкентехкөзөмөлдүн түзүмүн жана анын штаттык тизмесин Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министри бекитет.
12. Директор:
- Мамкентехкөзөмөлдүн иш-аракеттерин жетектейт жана Мамкентехкөзөмөлгө жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жекече жооп берет;
- белгиленген тартипте Мамкентехкөзөмөлдүн кызматкерлерин жумушка дайындайт жана жумуштан бошотот, алардын иш-милдеттерин аныктайт, аларга тартиптик таасир берүүчү чараларды колдонот;
- өзүнүн укугунун чегинде мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматтардын тизмесин аныктаганга катышат, алардын сакталышын камсыздайт;
- өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгарууга жана мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого белгиленген тартипте көрсөтөт, кызматкерлерге материалдык жана моралдык сыйлоо чараларын колдонот;
- Мамкентехкөзөмөлдүн түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндөгү жоболорду бекитет;
- мамлекеттик жана коомдук уюмдарда, ошондой эле өз компетенциясынын чегинде эларалык уюмдарда Мамкентехкөзөмөлдүн кызыкчылыгынын атынан чыгат.
13. Мамкентехкөзөмөлдүн директорунун бир орунбасары бар.
14. Директордун орунбасарын жана каржы ишмердигинин маселелерин тейлеген бөлүмдүн жетекчисин, Мамкентехкөзөмөлдүн директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министри кызматка дайындайт жана бошотот.
15. Мамлекетгик көзөмөлдү жүргүзүү укугуна ээ болгон Мамкентехкөзөмөлдүн кызматкерлери өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспектор болуп эсептелет, жана өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча жекече жооп беришет.
16. Мамкентехкөзөмөлдө кызматы боюнча директорду, анын орун басарын жана Мамкентехкөзөмөлдүн башка жетекчилерин кошо алганда 5 адамдан турган коллегия түзүлөт.
Коллегия мүчөлөрү жана коллегия жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министри тарабынан бекитилет.
17. Мамкентехкөзөмөлдө өнөр жай коопсуздугун, авариялардын, өндүрүштөгү майып болуулардын алдын алууну жана Мамкентехкөзөмөлдүн укугунун чегиндеги башка маселелерди жөнгө салуу үчүн техникалык кеңеш түзүлөт.
Техникалык кеңеш жөнүндөгү жобону жана анын курамын Мамкентехкөзөмөлдүн директору бекитет.
18. Мамкентехкөзөмөлдүн товар сатып алууларынын, жумуш аткарууларынын жана тейлөөлөрүнүн баасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен орнотулган минималдык чектик суммадан жогору болсо, мамлекеттик каражаттарды, чет өлкөлүк насыяларды жана гранттарды эффективдүү пайдаланууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министрлигинин макулдашуусу менен жүргүзүлөт.
19. Текшерүү же кыйроолорду же бөөдө кырсыктарды териштирүү, ишканалардын билдирме берүүсү аркылуу жумуш жасоо мезгилинде, ишмердүүлүгү кооптуу өндүрүш объекттери менен байланыштуу болгон менчиктин бардык түрлөрүндөгү ишканалар Мамкентехкөзөмөлдүн кызматкерлерин кызматтык имарат, телефондук байланыш, керектүү атайын кийимдер жана коргонуу каражаттары, коммуналдык тейлөөсү бар жашоо аянты жана транспорт менен камсыздоо чараларды көрөт.
VI. Эсеп жана отчеттуулук
20. Мамкентехкөзөмөлдүн бухгалтердик, статистикалык эсеби жана отчеттуулугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
21. Мамкентехкөзөмөлдүн негизги иш-аракеттери боюнча отчеттуулук белгиленген мыйзамдык тартипте жүргүзүлөт.
VII. Өзгөртүп уюштуруу жана жоюу
22. Мамкентехкөзөмөлдүн иш-аракетин өзгөртүп уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
23. Мамкентехкөзөмөлдү жоюуда же өзгөртүп уюштурууда Мамкентехкөзөмөлдүн мүлктөрүн бөлүштүрүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
24. Мамкентехкөзөмөлдүн иш-аракеттери боюнча иш-кагаздар Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фондусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.