Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2013-жылдын 29-июлу № 425
токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 25-мартындагы № 183
«Кыргыз Республикасынын жарандарын бирдиктүү салыктык декларация берүүгө даярдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
«Кыргыз Республикасынын жарандарын бирдиктүү салыктык декларация берүүгө даярдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 2-3-бөлүктөрүн аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркемелер бекитилсин:
- кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациянын формасы;
- Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациянын толтуруу жана күбөлөндүрүү тартиби.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (макулдашуу боюнча), жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары бирдикте бул Мыйзамдын жоболорун колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн:
- тендер жүргүзүү жолу менен кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациянын бланктарын даярдоочу - компанияны белгиленген тартипте аныктасын жана анын жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяласын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына тендерди утуп алган даярдоочу-компания тарабынан аталган декларациянын бланктарын даярдоо үчүн төлөнүүчү акынын эсебин берсин;
- «Кыргыз Республикасынын жарандарын бирдиктүү салыктык декларация берүүгө даярдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонуунун мөөнөтү аяктаган соң аталган декларациялардын бланктарын сатуудан түшкөн акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына бирдей үлүштөрдө кайтарып берсин;
- эки жумалык мөөнөттө кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардын реестрин жүргүзүүнүн формасын, тартибин жана кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардын пайдаланылбай калган бланктарын жок кылуунун механизмдерин иштеп чыксын жана бекитүүгө берсин;
- кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардын реестрин сактоону камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин берүүсү боюнча даярдоочу-компанияга аталган декларациялардын бланктарын даярдагандыгы үчүн акы төлөөнү ведомствого таандык фонддордун эсебинен жүргүзүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги министрликтин 2008-жылдын 9-декабрындагы № 203-б буйругу менен бекитилген Кирешелердин классификациясына бир жолку декларациялык төлөмдөрдү төлөөдөн келип түшүүлөрдү эсепке алуу боюнча кирешелердин кошумча кодун киргизсин жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана ыйгарым укук берилген коммерциялык банкка билдирсин.
5. Бир жолку декларациялык төлөмдөрдү мамлекеттик бюджеттин пайдасына кабыл алуу боюнча «РСК Банк» ачык акционердик коому ыйгарым укук берилген коммерциялык банк деп аныкталсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министри | Д. Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 183 токтому менен бекитилген
|
Декларацияны күбөлөндүргөн жана берген органдын аталышы __________
Наименование органа, заверившего и выдавшего декларацию __________
Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациянын формасы
Форма декларации о доходах и имуществе
№ 000000
(жалгыз нуска, единственный экземпляр)
Декларанттын фамилиясы, аты-жөнү: ________________________________
Фамилия, имя, отчество декларанта: _______________________________
Декларанттын ИСН: ________________________________________________
ИНН декларанта: __________________________________________________
Жашаган жери: ____________________________________________________
Место жительства: ________________________________________________
Декларанттын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ: ______________
Документ, удостоверяющий личность декларанта: ____________________
Түрү: ____________________________________________________________
Вид: _____________________________________________________________
Сериясы: _________________________________________________________
Серия: ___________________________________________________________
Номери: __________________________________________________________
Номер: ___________________________________________________________
Ким тарабынан берилген: __________________________________________
Выдан: ___________________________________________________________
Берилген күнү: ___________________________________________________
Дата выдачи: _____________________________________________________
Декларациялануучу кирешелердин жана мүлктөрдүн тизмеси Перечень декларируемых доходов и имущества | Өлчөө бирдиги Единица измерения
| Саны Количество
| Суммасы (наркы) Сумма (стоимость в сомах) | Декларациялануучу кирешелердин жана мүлктөрдүн жайгашкан орду Местонахождение декларируемых доходов и имущества |
| ||||
| ||||
| ||||
Декларация толтурулду: ___________________________________________
Декларация заполнена: ____________________________________________
Декларанттын колу: _______________________________________________
Подпись декларанта: ______________________________________________
|
|
Бул декларацияны толтуруу жана куболондуруу менен ______________ ушул декларацияда саналып откон кирешелер жана мулкторго карата салык, бажы толомдорун толоо, социалдык камсыздандыруу жана башка милдеттуу толомдорду чегеруу боюнча Кыргыз Республикасы _____________ ушул декларациядагы ал тарабынан саналып откон кирешелердин жана мулктордун келип чыккан булагы тууралуу маалыматты беруу милдетинен бошотот жана ага томонкулорго кепилдик берет: - купуялуулугун (жашырындуулугун) камсыздоого; - кийин ага карата салык салуу, бажы толомдорун толоо, социалдык камсыздандыруу жана башка милдеттуу толомдор боюнча чегеруулорго карата басмырлоочу чараларды колдонбоого. «Кыргыз Республикасынын жарандарын бирдиктуу салыктык декларация берууго даярдоо жонундо» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууда келип чыккан бардык карама-каршылыктар ______________________________________ пайдасына чечмеленет. Декларациялоонун учурунда жана андан кийин ________________________________ 2009-жылдын 31-декабрын кошо, ушуга чейинки мезгилдеги финансылык-чарбалык иш-аракеттерине карата кайсы гана турдогу болбосун текшеруу жургузууго тыюу салынат. Декларациялоонун убагы аяктагандан кийин ______________________________________ декларацияланган кирешелерине жана мулкторуно карата процесстик аракеттерге тыюу салынат, анын ичинде декларациялоону жургузуу процессинде алынган маалыматтын негизинде кылмыштык териштируу жургузуу жана администрациялык, эмгек жана дисциплинардык жоопкерчилик чараларын колдонууга тыюу салынат. Бул декларация кылмыш-жаза, административдик, дисциплинардык же башкача процесс боюнча далил болуп саналбайт. Бул декларация 2009-жылдын 31-декабры куну кошо алынган кирешелерге жана мулкторго карата салык, бажы толомдорун, социалдык камсыздандыруу боюнча чегеруулордужана башка милдеттуу толомдорду толоо боюнча ______________________________________ милдеттенмелери толонду деп табылган фактыдан башка, бирок корсотулгон кунго карата декларацияланбаган кирешелерге жана декларацияланбаган кирешелерге жана мулкторго карата укукту белгилоочу же укукту куболондуруучу документ болуп саналбайт | Заполнением и заверением данной декларации, обязательства _______ по уплате налогов, таможенных платежей, отчислений по социальному страхованию и иных обязательных платежей в отношении перечисленных в данной декларации доходов и имущества признаны погашенными. ________________________ от обязанности предоставления информации об источниках происхождения перечисленных ею/им в настоящей декларации доходов и имущества и гарантирует ей/ему: - обеспечение конфиденциальности (тайны); - неприменение впоследствии дискриминационных мер к ней/нему в отношении налогообложения, уплаты таможенных платежей, отчислений по социальному страхованию и иных обязательных платежей. Все противоречия, возникающие при применении Закона Кыргызской Республики «О подготовке к предоставлению единой налоговой декларации гражданами Кыргызской Республики», толкуются в пользу _________________________________, В период и после декларирования запрещается проведение любых видов проверок в отношении финансово-хозяйственной деятельности ____________________________________ за период по 31 декабря 2009 года включительно. По окончании периода декларирования запрещается проведение в отношении задекларированных ______________________________________ доходов и имущества процессуальных действий, в том числе по осуществлению уголовного преследования или применению мер административной, трудовой и дисциплинарной ответственности, на основании информации, полученной в процессе проведения декларирования. Настоящая декларация не является доказательством по уголовному, административному, дисциплинарному или иному процессу. Настоящая декларация не является правоустанавливающим или правоудостоверяющим документом, за исключением факта признания погашенными обязательств ________ по уплате налогов, таможенных платежей, отчислений по социальному страхованию и иных обязательных платежей в отношении доходов и имущества, полученных по 31 декабря 2009 года включительно, но не задекларированных на указанную дату. |
Мамлекеттик нотариус: _________________ Государственный нотариус: _____________ № 000000 декларация берилди: ___________ Декларация № 000000 выдана: ____________ Декларацияны алдым ___________________ Декларацию получил/а: __________________ |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 183 токтому менен бекитилген |
Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларацияны толтуруунун жана күбөлөндүрүүнүн тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларацияны толтуруунун жана күбөлөндүрүүнүн бул Тартиби «Кыргыз Республикасынын жарандарын бирдиктүү салыктык декларация берүүгө даярдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан 2009-жылдын 31-декабрын кошкондо тийиштүү салыктык жана бажылык төлөмдөрдү, социалдык камсыздандыруу жана башка милдеттүү төлөмдөрдү чегерүүсүз алынган кирешелери жана мүлктөрү тууралуу декларация толтуруунун тартибин аныктайт.
2. «Кыргыз Республикасынын жарандарын бирдиктүү салыктык декларация берүүгө даярдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 6-беренелеринин ченемдерине ылайык кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декларация (мындан ары - декларация) декларация берүүчү субъекттин өзү же анын мыйзамдуу өкүлү тарабынан, Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун маалыматтарына ылайык түзүлөт.
Эгерде декларация берилген объекттин наркы 45000000 (кырк беш миллион) сом өлчөмүндөгү декларациялык чектен ашыкча болсо 450000 (төрт жүз элүү миң) сом суммасындагы бир жолку декларациялык төлөм мамлекеттик бюджеттин пайдасына ыйгарым укук берилген коммерциялык банкка төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны тиркөө менен жашаган жери боюнча ыйгарым укук берилген кызмат адамынын күбөлөндүрүүсү үчүн декларация берүүчү субъект же анын мыйзамдуу өкүлү тарабынан берилет.
Декларациялык чектен ашпаган суммадагы объекттерди декларациялоодо субъект нотариалдык аракеттерди жасоо үчүн 150 сом суммасында мамлекеттик алымды гана төлөйт, ал аны даярдоого сарпталган чыгымдардын наркынан ашпоого тийиш.
3. Декларациялоонун мөөнөтү 2010-жылдын 1-мартынан 1-июлун кошо камтыган мезгил болуп саналат.
4. Декларацияны толтурууда оңдоолорго, тазалоого жана сызып оңдоолорго жол берилбейт.
5. Декларация кагаз түрүндө бир гана нускада толтурулат. Декларациялануучу объекттин наркынын баасы декларациялануучу субъекттин өзү тарабынан ишке ашырылат жана улуттук валютада-сом менен көрсөтүлөт, чет өлкөлүк валюта Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын декларация берилген күндө белгиленген курсу боюнча сомго кайра эсептелет.
6. Ыйгарым укуктуу кызмат адамы декларациялануучу субъекттин же анын мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусу менен декларацияга декларациялануучу субъект жөнүндөгү маалыматтардын анын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтеги маалыматтарга ылайык келишин гана текшере алат, ошондой эле декларацияга коюлган кол нак өзүнүкү экендигин күбөлөндүрөт жана Декларациялардын реестрине декларациянын жеке катар номерин, декларацияланган күндү жана декларация берген адамдын жеке маалыматтарын киргизет. Декларациядагы сумма белгиленген декларациялык чектен ашып кеткен учурда декларациялык төлөмдүн төлөнгөндүгү тууралуу квитанцияны берүүнү талап кылат.
7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн декларация декларациялануучу субъектинин өзүндө сакталат.
2. Декларацияны толтуруу
8. «Декларацияны күбөлөндүргөн жана берген органдын аталышы» деген сапта жашаган жери боюнча мамлекеттик нотариалдык кеңсенин аталышы көрсөтүлөт.
9. «Декларанттын фамилиясы, аты-жөнү» деген сапта декларанттын фамилиясы, аты-жөнү толук көрсөтүлөт.
10. «Декларанттын ИСН» деген сапта декларанттын салык кызматы же Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан ыйгарылган идентификацияланган салык номери көрсөтүлөт.
11. «Жашаган жери» деген сапта декларанттын иш жүзүндө жашаган (катталган) жери көрсөтүлөт.
12. «Түрү» деген сапта декларанттын ким экендигин күбөлөндүргөн документтин түрү көрсөтүлөт.
13. «Сериясы» деген сапта декларанттын ким экендигин күбөлөндүргөн документтин сериясы көрсөтүлөт.
14. «Номери» деген сапта декларанттын ким экендигин күбөлөндүргөн документтин номери көрсөтүлөт.
15. «Ким тарабынан берилген» деген сапта декларанттын ким экендигин күбөлөндүргөн документти берген мамлекеттик органдын аталышы көрсөтүлөт.
16. «Берилген күнү» деген сапта декларанттын ким экендигин күбөлөндүргөн документ берилген күн көрсөтүлөт.
17. «Декларациялануучу кирешелердин жана мүлктөрдүн тизмеси» деген графада накталай жана накталай эмес акча каражаттарынын аталышы, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр, акциялар жана баалуу кагаздар, алтын жана зер буюмдар, автомототранспорт каражаттары, айыл чарба, курулуш жана башка техникалар, ошондой эле декларацияланган башка мүлктөрдүн аталыштары көрсөтүлөт.
18. «Өлчөө бирдиги» деген графада декларацияланган кирешелердин жана мүлктөрүн өлчөө бирдиктеринин кыскартылган аталышы көрсөтүлөт.
19. «Саны» деген графада декларацияланган кирешелердин жана мүлктөрдүн тийиштүү өлчөө бирдигинде туюнтулган саны көрсөтүлөт.
20. «Суммасы» деген графада 17-пунктта көрсөтүлгөн декларациялануучу кирешелердин жана мүлктөрдүн улуттук валютада берилген наркы көрсөтүлөт.
21. «Декларациялануучу кирешелердин жана мүлктөрдүн жайгашкан орду» деген графада декларациялануучу кирешелер жана мүлктөрдүн турган жери көрсөтүлөт.