КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы №362 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 11-сентябры №199
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдеринеөзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кант кызылча өстүрүүчү айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын мамлекеттик коргоо, ички рыноктун ата мекенде өндүрүлгөн ак кантка болгон керектөөсүн камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы № 102 "Кайыңды-Кант" ачык акционердик коомунда тышкы башкаруу киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктундагы "2010-жылдын 1-июлунан 2011-жылдын 1-июлуна чейинки" деген сөздөр жана сандар "2011-жылдын 1-апрелинен 2012-жылдын 1-апрелине чейинки" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы № 103 "Кошой" ачык акционердик коомунда тышкы башкаруу киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктундагы "2010-жылдын 1-июлунан 2011-жылдын 1-июлуна чейинки" деген сөздөр жана сандар "2011-жылдын 1-апрелинен 2012-жылдын 1-апрелине чейинки" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева |