Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 22-февралындагы № 91 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 18-сентябрындагы №209
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-августундагы №124 «2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 7-апрелинде Бишкек шаарындагы, 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуяларда жана июнь окуяларында Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад облустарында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жабыркаган жарандарын мамлекеттик социалдык колдоо жөнүндө» Декретин ишке ашыруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-августундагы № 124 «2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 7-апрелинде Бишкек шаарындагы, 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуяларда жана июнь окуяларында Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад облустарында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жабыркаган жарандарын мамлекеттик социалдык колдоо жөнүндө» Декретин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 7-апрелинде Бишкек шаарындагы, 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуяларда жана июнь окуяларында Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад облустарында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жабыркаган жарандарына ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындоонун жана төлөөнүн тиркелген тартиби бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 7-апрелинде Бишкек шаарындагы, 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуяларда жана июнь окуяларында Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад облустарында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жабыркаган жарандарына ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды ушул токтомдун 1-пунктунда бекитилген Тартипке ылайык төлөп берүүнү камсыз кылышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин өтүнмөсү боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынан биринчи кезекте каржылоону камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 72 «Майыптыктын себебин аныктоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- бүткүл текст боюнча «Кыргыз Республикасында 2010-жылдын 6-7-апрелинде болгон окуяларда» жана «2010-жылдын 6-7-апрелинде болгон окуяларда» деген сөздөр «2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 7-апрелинде Бишкек шаарындагы, 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуяларда жана июнь окуяларында Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад облустарында» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-сентябрындагы № 209 токтому менен бекитилген |
2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 7-апрелинде Бишкек шаарындагы, 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуяларда жана июнь окуяларында Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад облустарында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жабыркаган жарандарына ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындоонун жана төлөөнүн Тартиби
1. Бул Жобо ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындоо үчүн жарандардын кайрылууларынын эрежелерин, ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындоонун жана төлөөнүн тартибин белгилейт.
2. Бул Жобо 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 7-апрелинде Бишкек шаарындагы, 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуяларда жана июнь окуяларында Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад облустарында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жабыркаган жарандарына колдонулат.
3. Ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындоо үчүн ушул Тартипке ылайык курман болгондордун үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөлөрү, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп табылган жарандар жашаган (катталган) жери боюнча райондук жана шаардык социалдык коргоо башкармалыктарына (мындан ары - СКБ) кайрыла алышат.
4. Ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындоо үчүн кайрылууда арыз ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындоо үчүн жарандардын кайрылууларын каттоо журналына ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык катталат.
5. Ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдар дайындалууга тийиш болгон адамдын жашы жете элек болсо же ал аракетке жөндөмсүз адам болсо, ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындоо жөнүндө арыз анын мыйзамдуу өкүлдөрү (ата-энеси, багуучусу, камкорчусу жана көзөмөлчүсү) тарабынан берилет.
6. Эгерде жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз адамдын мыйзамдуу өкүлү болуп, ошол жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз адам туруктуу жашаган тиешелүү мекеме эсептелсе, анда ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындоо үчүн арыз ушул мекеменин жайгашкан жери боюнча СКБга берилет.
7. Эгерде ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындоо үчүн кайрылууда арыз ээсинде зарыл болгон документтер жок болсо, анда СКБ арыз ээси кошумча бере турган документтер, ошондой эле аларды берүүнүн мөөнөттөрү жөнүндө түшүндүрмө берет.
8. Ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындоо үчүн зарыл болгон документтерди алууда жана тариздөөдө арыз ээсине СКБ түшүндүрмө берет, зарыл болсо жардам көрсөтөт.
9. Айыл жергесинде жашаган арыз ээсинин СКБга өз алдынча кайрылууга мүмкүнчүлүгү жок болсо (оорусунун айынан, майып болсо), айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо боюнча жетектөөчү адиси же СКБнын социалдык кызматкери арыз ээсине зарыл болгон документтерди жыйноого, СКБга жеткирүүгө жана аларды кароого киргизүүгө жардам берет.
Шаарда жашаган арыз ээсинин СКБга өз алдынча кайрылууга мүмкүнчүлүгү жок болсо (оорусунун айынан, майып болсо), мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо боюнча адис же СКБнын социалдык кызматкери арыз ээсине зарыл болгон документтерди жыйноого, СКБга жеткирүүгө жана аларды кароого киргизүүгө жардам берет.
10. Ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдар кирешеге же башка социалдык төлөмдөргө (пенсияларга, жөлөкпулдарга ж.б.) карабай дайындалат, эгерде бардык зарыл болгон документтерди берүү тууралуу арызы менен кошо ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындоо жөнүндө кайрылуу ушул жөлөкпулдар белгиленген күндөн баштап он эки айдан кеч эмес мезгилде берилсе (Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-августундагы № 124 Декрети расмий жарыяланган күндөн баштап), алар дайындалган айдын биринен баштап дайындалат.
11. Эгерде ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындоо жөнүндө кайрылуу ушул жөлөкпулдар белгиленген күндөн баштап он эки айдан кийин берилсе, анда ушул жөлөкпулдар ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындоо үчүн кайрылган айдын биринен баштап дайындалат, бул учурда ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындоо үчүн кайрылган күндөн баштап эки айдын ичинде бардык зарыл болгон документтер берилүүгө тийиш.
Зарыл болгон документтер эки айлык мөөнөт өткөндөн кийин берилсе, анда ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдар акыркы документ берилген айдын биринен баштап дайындалат.
12. Ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды алууга төмөнкүлөр укуктуу:
- курман болгон жарандын балдары жана асыранды балдары, алар он сегиз жашка толгонго чейин;
- курман болгон жарандын ата-энеси, пенсия курагына жеткенде, эгерде курман болгон адам жалгыз бала болсо - өмүр бою;
- ден соолугунун мүмкүндүгү чектелген адам деп табылган жарандар - медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин.
13. Ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдар СКБдагы мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо боюнча адис тарабынан ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды алуу үчүн дайындалган иштерди эсепке алуу журналына жазылат.
14. Ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындоо үчүн документтер СКБдагы мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо боюнча адис тарабынан ушул документтер толугу менен келген күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде каралат.
15. Курман болгон жарандын ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды алууга укуктуу бардык балдарына ушул жөлөкпулдарды дайындоо ар бир балага дайындалган ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн суммалоо жолу менен жүргүзүлүп, жалпы суммасы төлөнөт.
16. Курман болгон жарандын ата-энелерине, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдар жеке дайындалат жана төлөнөт.
17. Курман болгон жарандын балдары, анын ичинде ал жарандын никеге турбаган адамдан төрөлгөн балдары болсо, ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдар арыз берүү принциби боюнча ар бир үй-бүлөгө өзүнчө дайындалат жана төлөнөт.
18. Ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындоо ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык белгиленген үлгүдөгү арыздын негизинде жүргүзүлөт, ага ушул Тартиптин 19 жана 20-пункттарында аталган бардык зарыл документтер тиркелүүгө тийиш.
19. Курман болгон жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындоо үчүн төмөнкүдөй документтер берилүүгө тийиш:
- паспорт же ким экенин күбөлөндүргөн башка документ;
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- жашаган жеринен маалымкат;
- каза болгондугу жөнүндө күбөлүк;
- соттук-медициналык экспертизанын көчүрмөсү, 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 7-апрелинде Бишкек шаарындагы, 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуяларда жана июнь окуяларында Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад облустарында жабыр тарткан адам деп таануу жөнүндө ички иштер органдарынын же прокуратуранын маалымкаты;
- камкордукка/көзөмөлдүккө алуу жөнүндө чечим - эгерде жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз жарандын камкорчусу/көзөмөлчүсү пособие алуу үчүн кайрылса;
- курман болгон адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү - курман болгон адамдын ата-энеси пособие алышы үчүн.
Эгерде ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындоо үчүн кайрылган ата-эненин курман болгон баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болсо, анда жарандык абалдын актыларын каттоонун органдарында сакталуучу жарандык абалды мамлекеттик каттоо актыларынын китебинен көчүрмө берилгенде ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдар дайындалат.
20. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындоо үчүн төмөнкүдөй документтер берилүүгө тийиш:
- паспорт же ким экенин күбөлөндүргөн башка документ, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк - жашы жете элек, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн;
- жашаган жеринен маалымкат;
- медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкаты.
21. Төлөмдөрдүн тууралыгын контролдоо жана ашыкча төлөөлөрдү болтурбоо максатында СКБ ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды алуучудан жашаган жеринен маалымкаттарды жаңыртууну жана паспортун көрсөтүүнү жыл сайын талап кылууга тийиш.
22. Ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин СКБдагы мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо боюнча адис тарабынан ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындоо үчүн протокол толтурулат. Ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындоо үчүн протоколдун негизинде ушул жөлөкпулдарды төлөө үчүн документтер таризделет.
23. Ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдар кепилдик берилген минималдык кирешенин он эселенген өлчөмүндө дайындалат.
24. Бийик тоолуу жана алыскы зоналардагы жашоочуларга ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдар райондук коэффициентти эсепке алуусуз дайындалат.
25. Ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды кайра эсептөө төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүнүн өзгөрүүсү;
- кепилдик берилген минималдык кирешенин өлчөмүнүн өзгөрүүсү;
- алуучунун бири каза болсо.
26. Ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн кайра эсептөө өзгөрүүлөр болгон айдын биринен баштап же ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн өзгөртүү каралган тиешелүү нормативдик укуктук актыда аталган күндөн баштап жүргүзүлөт.
27. Ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды төлөө кошумча документтерди (жашаган жеринен маалымкатты, медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатын, ким экенин күбөлөндүргөн документти) берүү зарылдыгы болгондо токтотулуп турат.
Эгерде төлөөнү узартуу үчүн кошумча документтерди берүү талап кылынса, анда алар төлөм токтотулган күндөн баштап эки айдын ичинде берилүүгө тийиш.
28. Эгерде кошумча документтер эки айдын ичинде берилбесе, анда ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды төлөө токтотулат. Ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды төлөө кошумча документ берилген айдын биринен баштап кайра улантылат.
29. Ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды төлөө төмөнкү учурларда токтотулат:
- алуучу каза болсо;
- алуучу республиканын чегинен тышкары жерге туруктуу жашоого чыгып кетсе;
- алуучу (мыйзамдуу өкүл) талап кылынган документтерди өз убагында бербесе;
- алуучу 18 жашка толсо;
- медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатын колдонуу мөөнөтү аяктаса;
- алуучу (мыйзамдуу өкүл) ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды алты ай бою талап кылбаса.
30. Ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-майындагы № 59 «Мамлекеттик жөлөкпулдарды, акчалай компенсацияларды, кош бойлуулук жана төрөт, сөөк коюу боюнча жөлөкпулдарды жана башка социалдык төлөмдөрдү «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын байланыш филиалдарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин райондук (шаардык) социалдык жактан камсыз кылуу (өнүгүү) башкармалыктарынын төлөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген Мамлекеттик жөлөкпулдарды, акчалай компенсацияларды, кош бойлуулук жана төрөт, сөөк коюу боюнча жөлөкпулдарды жана башка социалдык төлөмдөрдү «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын байланыш филиалдарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин райондук (шаардык) социалдык жактан камсыз кылуу (өнүгүү) башкармалыктарынын төлөө тартиби жөнүндө нускаманын негизинде жүргүзүлөт.
| Ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындоонун жана төлөөнүн тартибине 1-тиркеме |
№ | Кайрылуу датасы
| Арыз ээсинин аты-жөнү | Багуудагы адамдардын аты-жөнү | Арыз ээсинин дареги | АКСЖ(*) дайындалчу адамдын статусу курман болгон адамдын уулу, кызы, атасы, апасы, ДМЧА(**) | Арыз ээси менен маектешүүнүн жыйынтыгы жөнүндө белги |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
| ||||||
| ||||||
| ||||||
| ||||||
АКСЖ(*) - ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдар;
ДМЧА(**) - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар.
| Ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындоонун жана төлөөнүн тартибине 2-тиркеме |
№ | Дайындоо күнү | Арыз ээсинин аты- жөнү | Багуудагы адамдардын аты-жөнү | Арыз ээсинин дареги | АКСЖ(*) дайындалган адамдын статусу (курман болгон адамдын уулу, кызы, атасы, апасы, ДМЧА(**) | Акыркы документти тапшырган күн | АКСЖ дайындалган мөөнөт | Эскертүү (***)
|
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
| ||||||||
| ||||||||
| ||||||||
АКСЖ(*) - ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдар;
ДМЧА(**) - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар;
(***) - графага зарыл кошумча маалымат, анын ичинде ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды узартуу үчүн зарыл документтер жазылат.
| Ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындоонун жана төлөөнүн тартибине 3-тиркеме |
_____________________________ рай (шаар) СКБнын начальниги
(райондун/шаардын аталышы)
_________________________________________________________
(рай (шаар) СКБнын начальнигинин аты-жөнү)
Ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпул дайындоого
Арыз
Мен _______________________________________________________________________
(арыз ээсинин аты-жөнү)
__________________________________________________________ дареги боюнча жашаган
паспорттун сериясы _________________ № _______________________ тарабынан берилген
туулган датасы __________________________________________________________________
ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөкпул дайындоону өтүнөм(*):
Аты-жөнү | Арыз ээсине карата статусу (уулу, кызы, камкордугунда) | Курман болгон адамга карата статусу (уулу, кызы, атасы, апасы) |
| ||
| ||
| ||
(*) Таблица курман болгон адамдын балдарына жана ата-энесине ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөкпулдарды тариздөө учурунда толтурулат.
Ай сайын төлөнүүчү жөлөкпул төлөөнү токтотууга же убактылуу токтотууга алып келүүчү кырдаалдар өзгөргөн учурда 5 күндүн ичинде райондук (шаардык) социалдык коргоо башкармалыгына маалымдоого милдеттенем.
Арыз ээсинин колу __________________ толтурган датасы ________________________
СКБнын арызды кабыл алган
адисинин аты-жөнү жана колу ________________________________________________