Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 397 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 16-июнундагы № 91
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы «Спаспромсервис» мамлекеттик ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө»
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №115 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-апрелиндеги № 89 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы «Спаспромсервис» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтомунун 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №115 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы «Спаспромсервис» мамлекеттик ишканасынын тиркелген Уставы бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы «Спаспромсервис» мамлекеттик ишканасын юстиция органдарында каттоодон өткөрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу. коопсуздук, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-июнундагы № 91 токтому менен бекитилген |
I. Жалпы жоболор
1.1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы «Спаспромсервис» мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) чарбачылык жүргүзүү укугунда негизделген, мүлкү жана кирешеси мамлекеттин менчиги болуп эсептелип жана ага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ишин керектүү материалдык-товардык баалуулуктар менен камсыздоо жана ишкердик жүргүзүү үчүн бекитилип берилген ишкана болот.
1.2. Ишкананын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги болот.
1.3. Ишкана өз алдынча юридикалык жак болуп саналат жана өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык жүргүзөт.
1.4. Ишкананын толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы «Спаспромсервис» мамлекеттик ишканасы;
- расмий тилде - Государственное предприятие «Спаспромсервис» при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики (ГП «Спаспромсервис»).
1.5. Ишканада өз алдынча балансы, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган жана өз символикасы тартылган мөөрү, штампы, фирмалык бланкы, фирмалык белгиси жана башка атрибутикасы болот. Ишкана банктарда жана башка кредиттик мекемелерде белгиленген тартипте алыш-бериш жана башка эсептерин, анын ичинде валюталык эсептерин ачууга, Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн ачууга укуктуу.
1.6. Ишкана чарбалык эсептин принциптеринде иштейт, чарба башкарууда өзүнө бөлүнгөн мүлкү болот, өз атынан келишимдерди жана бүтүмдөрдү түзүүгө, берилген ыйгарым укуктардын чегинде мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес жеке укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырууга, сотто доочу жана жоопкер болууга укуктуу.
1.7. Ишкана аны мамлекеттик каттоодон өткөргөн учурдан тартып юридикалык жактын укугуна ээ болот.
1.8. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш. Горький көчөсү, 146.
II. Ишкананын ишинин предмети, максаты жана милдеттери
2.1. Ишкана Министрликтин кызыкчылыгында товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сатып алууну ишке ашыруу жолу менен Министрликтин ишин материалдык-техникалык камсыздоо үчүн түзүлгөн.
2.2. Ишкана төмөнкү максаттарда түзүлгөн:
- Министрликти керектүү товардык-материалдык баалуулуктар менен камсыздоо, ишкердик жүргүзүү жана киреше табуу;
- ички чарбалык жайгаштырууну жүргүзүү, чыгарылчу продукциянын сапатын жогорулатууга багытталган иш-чараларды жүзөгө ашыруу, ошондой эле бекитип берилген жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча иштерди жүзөгө ашыруу;
- Ишкананын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана чыңдоо;
- Ишкананын кызматкерлерин социалдык коргоону камсыздоо;
- Ишкананын чарба жүргүзүүсүнө берилген Министрликтин негизги фонддорун, жүгүртүүдөгү каражаттарын жана материалдык-техникалык ресурстарын натыйжалуу пайдалануу;
- Министрликтин жана башка керектөөчүлөрдүн муктаждыктары үчүн товарларды өндүрүү жана кызматтарды көрсөтүү;
- Министрликти материалдык-техникалык камсыздоо;
- Министрликтин жана башка керектөөчүлөрдүн муктаждыктары үчүн өнөр жайлык жана курулуш материалдарды өндүрүү;
- Министрликтин материалдык жана финансылык ресурстарынын запасын түзүү боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну уюштуруу жана ага катышуу;
- инфраструктураны түзүү жана өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлор үчүн чет өлкөлүк жана түз инвестицияларды тартуу чөйрөсүндө эл аралык кызматташуу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырууга катышуу;
- Ишкананын өздүк өндүрүшүнүн кубаттуулугун кеңейтүү, ошондой эле кызматкерлерди колдоо жана социалдык коргоо максатында бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы финансылык каражаттарды тартуу жана туура пайдалануу.
2.3. Жалпы укуктук жөндөмдүүлүккө ээ болуу менен Ишкана ишкердиктин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган түрлөрүн жүргүзөт. Коюлган максаттарга жетүү үчүн Ишкана иштин төмөнкү түрлөрүн жүзөгө ашырат:
- өнөр жайлык жана курулуштук материалдарды (товарларды) өндүрүү;
- күйүүчү-майлоочу материалдарды өндүрүү жана кайра иштетүү;
- юридикалык жана жеке жактарга (анын ичинде чет өлкөлүктөргө) колдонуудагы мыйзамдарда уруксат берилген акы төлөнүүчү кызматтардын түрлөрүн көрсөтүү жана тейлөө;
- автоунааларга май куюучу станцияларды уюштуруу;
- коомдук тамактануу объекттерин уюштуруу;
- Ишкананын эксплуатациялык чыгымдарынын ордун толуктоо жана материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү максатында, чарба жүргүзүү укугунда берилген негизги фонддорду убактылуу эксплуатациялоого берүү;
- куруу-монтаждоо, жасалгалоо, долбоордук-изилдөө жумуштарын жүргүзүү;
- коммерциялык иш-аракеттер;
- ортомчулук иш-аракеттер;
- транспорттук кызмат көрсөтүүлөр;
- Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк фирмалардын жана компаниялардын кызыкчылыгынын атынан чыгуу;
- колдонуудагы мыйзамдарды сактоо менен тышкы экономикалык ишти өз алдынча жүргүзүү;
- Ишкананын материалдык жана техникалык базасын өнүктүрүү максатында бюджеттен тышкаркы финансылык каражаттарды тартуу жана сарамжалдуу пайдалануу;
- Ишкананын өндүрүштүк ишин өнүктүрүү жана жогорулатуу маселеси боюнча жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн ар түрдүү мамлекеттик жана коммерциялык уюмдары менен байланыштарды түзүү;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары менен тыюу салынбаган иш-аракеттердин башка түрлөрүн ишке ашыруу.
2.4. Ишкердиктин ишке ашырылышына ыйгарым укуктуу министрликтердин жана ведомстволордун атайын уруксаттарынын (лицензиянын) болушун талап кылган айрым түрлөрүн Ишкана тийиштүү уруксатты (лицензияны) алгандан кийин жүзөгө ашырат.
III. Укуктар жана милдеттер
3.1. Ишкана ушул Устав менен аныкталган милдеттерин ишке ашыруу үчүн берилген ыйгарым укуктардын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- өз атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды жана милдеттерди алууга, келишимдик милдеттенмелер боюнча сотто доогер жана жоопкер болууга;
- ишинин максаттарына жана милдеттерине ылайык уюмдар, мекемелер, ишканалар, биргелешкен ишканалар, чет өлкөлүк фирмалар, ошондой эле жеке адамдар менен өз алдынча келишим түзүүгө;
- белгиленген ишти аткарган учурда өндүрүлүп жаткан продукцияларга жана кызмат көрсөтүүлөргө бааларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз алдынча аныктоого жана бекитүүгө;
- материалдык ресурстарды, мүлктөрдү, анын ичинде негизги каражаттарды ишканалардан, мекемелерден жана жарандардан сатып алууга;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөлөрдө өзүнүн белгиленген милдеттерге ылайык өндүрүштүк иши үчүн керектүү туунду ишканаларды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
- тараптардын макулдашуусу боюнча акы төлөө менен түзүлчү келишимдердин негизинде ишкананын кызматкерлерине консультация берүү, үйрөтүү жана башка максаттар үчүн адистерди тартууга;
- менчик ээсинин уруксаты менен Кыргыз Республикасындагы жана чет өлкөлөрдөгү кайсы болбосун юридикалык жана жеке жактардан коммерциялык негизде, улуттук ошондой эле кандай болбосун чет өлкөлүк валютада алынчу кредиттик каражаттарды пайдаланууга;
- белгиленген тартипте биргелешкен ишканаларга каражаттарды инвестициялоо.
3.2. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдүн тийиштүү ставкалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык которулат.
3.3. Ишкана штаттагы кызматкерлерден тышкары подряддык келишимдин жана эмгектик макулдашуунун негизинде жеке адамдарды жана юридикалык жактарды жумуштарды аткаруу жана кызмат көрсөтүү үчүн тартууга укуктуу.
3.4. Ишкана өз милдеттери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп берет.
3.5. Ишкана ага чарбалык башкарууга өткөрүп берилген мамлекеттик менчик объекттеринин сакталышын камсыздайт.
IV. Уюштуруучунун компетенциясы
4.1. Уюштуруучу төмөнкү ыйгарым укуктарды ишке ашырат:
- Ишкананын структурасын жана администрациялык башкаруусунун штаттык тизимин, киреше жана чыгаша сметаларын бекитет, ошондой эле аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселесин чечет;
- Ишкананын башкы директорун кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизет;
- Ишкананын финансылык-чарбалык ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контролдойт;
- Ишкананын ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат.
V. Ишти уюштуруу
5.1. Ишкананын ишин уюштурууну ишкананын башкы директору ишке ашырат.
5.2. Ишкананын башкы директору Ишкананын атынан ишеним катсыз чыгат, келишимдерди, анын ичинде эмгектик келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, каражаттарды тескөө укугуна ээ, Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет.
5.3. Ишкананын директорунун орун басары Ишкананын башкы директорунун макулдугу менен Министрлик тарабынан дайындалат жана бошотулат. Ишкананын директорунун орун басарларынын саны өндүрүштүк зарылчылыкка жараша аныкталат.
5.4. Ишкананын штаттык кызматкерлери Ишкананын башкы директору тарабынан ишке кабыл алынат жана бошотулат.
VI. Эсеп, пландаштыруу жана отчет
6.1. Ишкана өз ишин өз алдынча иштелип чыккан жана Министрлик бекиткен келечек, жылдык иш пландарынын негизинде жүргүзөт.
6.2. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкананын жабдуучу-берүүчүлөр, ижарачылар, керектөөчүлөр жана башка контрагенттер менен мамилесин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
6.3. Ишкана Кыргыз Республикасында кабыл алынган бухгалтердик эсептин эл аралык стандарттарына ылайык өз ишинин жыйынтыктарын бухгалтердик эсепке алууну жүзөгө ашырат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
6.4. Ишкананын өндүрүштүк-чарбалык жана финансылык иштерин Министрлик контролдойт.
6.5. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
VII. Мүлкү жана финансы
7.1. Ишкана ага Уюштуруучу тарабынан чарба жүргүзүү укугу менен берилген мүлктүн базасында түзүлгөн. Ишкана бул мүлккө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган чектерде ээлик кылат, пайдаланат жана башкарат, ошондой эле чарба жүргүзүүгө же оперативдүү башкарууга берилген ишканаларга белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде ээлик кылат, пайдаланат жана башкарат.
7.2. Мүлктү пайдаланууга негиз болуп - менчикте турган жана Ишкананын балансына берилген кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана башка мүлктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен толук чарбалык башкаруу укугу саналат.
7.3. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле башка материалдык баалуулуктар түзөт, алардын наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылат.
7.4. Ишкана өзүнүн каалоосу боюнча ар кандай фонддорду, анын ичинде резервдик фонддорду түзөт жана алардын структурасын, мындай фонддорду түзүүнүн ченемдерин жана аларды пайдалануунун тартибин аныктайт.
7.5. Ишкананын мүлкүн түзүүнүн булактары төмөнкүлөр болот:
- Уюштуруучу тарабынан ага чарба жүргүзүү укугунда берилген мүлк;
- Ишкананын чарбалык ишинин натыйжасында алынган киреше жана мүлк;
- акысыз же кайрымдуулук взностор;
- уюмдардын, ишканалардын жана жарандардын кошумчалары.
7.6. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган бардык бюджеттик төлөмдөрдү жана чегерүүлөрдү, кредиттер жана башка карыз алган каражаттар боюнча төлөмдөрдү ишке ашыргандан кийин Ишкананын таза кирешеси пайда болот.
7.7. Таза киреше төмөнкүлөргө пайдаланылышы мүмкүн:
- Ишкананын финансылык-чарбалык ишин өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө;
- Ишкананын кызматкерлерин материалдык шыктандырууга, окутууга жана квалификациясын жогорулатууга;
- резервдик фонддорду түзүүгө;
- чет өлкөлүк валюталарды, башка валюталык жана материалдык баалуулуктарды, баалуу кагаздарды сатып алууга;
- илимий-изилдөөчү иштерди жүргүзүүгө;
- жаңы техникаларды жана технологияларды киргизүүгө, өздөштүрүүгө;
- кайрымдуулук жана демөөрчүлүк иш-аракеттерге;
- өз каражаттарынын кемтигин толтурууга, чыгымдарды жабууга;
7.8. Уюштуруучу Ишкананын кирешесинин бөлүгүн алууга укуктуу.
VIII. Эмгек жамаатынын мүчөлөрүнүн
укуктары жана милдеттери
8.1. Ишкананын кызматкерлеринин укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын колдонуудагы эмгек жөнүндө мыйзамдары менен, ошондой эле Ишкана жана анын бөлүктөрү менен түзүлгөн жумушка жалдоо боюнча контракттарда аныкталган жана кепилденген.
8.2. Ишкананын кызматкерлери коммерциялык сырды сактоого милдеттүү. Коммерциялык сырды түзүүчү маалыматтардын курамын жана көлөмүн, аны сактоонун тартибин Ишкананын директору аныктайт жана бекитет.
IX. Ишти токтотуу
9.1. Ишкананы жоюу жана кайра өзгөртүп түзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ишке ашырылат.
9.2. Ишкана жоюлгандан кийинки калган мүлктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюу жөнүндө чечим кабыл алган Уюштуруучу же сот тарабынан дайындалган жоюучу комиссия бөлүштүрөт.
9.3. Тийиштүү бардык төлөмдөрдү жана чегерүүлөрдү төлөп, кредиторлордун талаптарын канааттандыргандан кийин калган мүлк Уюштуруучунун карамагына өтөт.
9.4. Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тийиштүү жазуу жазылган учурдан тартып Ишкана өз ишин токтотту деп эсептелет.
9.5. Ишкананын ишинин процессинде пайда болгон документтер, ал жоюлуп калган учурда «Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.