Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 6-июлу № 116
Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын моделдерине карата Техникалык талаптарды бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324, 2020-жылдын 24-июнундагы № 356 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
«Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын Мамлекеттик реестрин жана аны түзүүнүн Эрежелерин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 817 токтомунун 2-пунктун аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 токтомуна ылайык 2017-жылдын 2-июлунан тартып күчүн жоготот)
2. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы № 356 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары ушул токтомго каршы келбеген бөлүктөрүндө колдонулаары белгиленсин.
4. Ушул токтом расмий жарыялангандан тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы N 324 токтомуна
ылайык 2017-жылдын 2-июлунан тартып
КҮЧҮН ЖОГОТОТ
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 6-июлундагы № 116 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын моделдерине карата техникалык талаптар
1. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Техникалык талаптар «Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестрин жана аны түзүү эрежелерин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 817 токтомуна ылайык иштелип чыккан жана контролдук-кассалык машиналарга карата коюлуучу талаптарды аныктайт.
Техникалык талаптар Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу жана кызмат көрсөтүү учурларында калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жана (же) төлөм карталарын, чектерди пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда контролдук-кассалык машиналарды колдонуу тартибин жана шарттарын аныктайт.
1.2. Ушул талаптар алардын амортизациялык мөөнөтү жеткенге чейин же башка себептер боюнча пайдалануу мөөнөтү бүткөнгө чейин контролдук-кассалык машиналарды сатуу, пайдалануу жана тейлөө менен байланышкан бардык жагдайларды камтыйт.
2. Аталыштар жана аныктамалар
2.1. Ушул документтин максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги аталыштар жана аныктамалар колдонулду:
1) контролдук-кассалык машина (мындан ары - ККМ) - фискалдык эстутуму бар, калк менен накта акчалай эсептешүүлөрдү жана (же) төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдү каттоого жана эсепке алууга арналган электрондук контролдук-каттоочу машина (анын ичинде электрондук-эсептөөчү машиналар, өздүк компьютерлер, программалык-техникалык комплекстер); электрондук контролдук-каттоочу билет басып чыгаруучу машина (мындан ары - БПМФ);
2) автономдуу контролдук-кассалык машина - контролдук-кассалык машина, анын иштөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө ага жайгаштырылган программалар боюнча ККМди башкара турган туташтырып-ажыратуучу кошумча жасалганы туташтыруунун эсебинен гана жетишилиши мүмкүн. Автономдуу ККМге электр кубатына туруктуу туташтырбастан иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ портативдүү ККМдер да кирет;
3) пассивдүү контролдук-кассалык машина - бул программалык камсыз кылуу аркылуу иштей турган контролдук-кассалык машина, анын пломбасын бузбастан программалык камсыздоону кошууга мүмкүнчүлүгү жок, ага маалыматтарды киргизүү курамына кирүүчү жасалганы туташтыруу аркылуу операция жүргүзгөн кассир тарабынан ишке ашырылат;
4) активдүү контролдук-кассалык машина - колдонмо программалардын пакетинин (ППП) башкаруусу астында иштей турган программалык-техникалык каражаттардын жыйындысы, буга ошондой эле электрондук-эсептөөчү машиналар, жеке компьютерлер кирет, алар накта акчалай эсептешүүлөрдү каттоо жана эсепке алуу жана (же) төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө арналган;
5) фискалдык регистратор - программалык камсыздоонун башкаруусу астында иштөөчү, пломбасын бузбастан иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болбогон контролдук-кассалык машина, ага маалыматтарды киргизүү тышкы жасалгалар аркылуу жүзөгө ашырылат;
6) колдонмо программалардын пакети (ППП) - контролдук-кассалык техниканын милдетин аткарууга арналган жана пломбасын бузбастан иштетүүгө мүмкүнчүлүгү бар программалык продукт;
7) кассалык чек - накта акчалай эсептешүүлөрдү жана (же) эсептешүү аткарымдарын жүргүзүүдө төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдү каттоону ырастоочу, кагаз тасмага же сызыктуу бланкага контролдук-кассалык техника басып чыгарган документ;
8) контролдук тасма - бардык соода-сатык жана жүргүзүлгөн накталай эсептешүүлөр жана (же) төлөм карталарын пайдалануу менен жүргүзүлгөн эсептешүүлөр боюнча фискалдык маалыматтардын катталышын ырастоочу, жана алардын сакталышын камсыз кылуучу, ККМ кагаз тасмага басып чыгарган документ;
9) сатып алуу - конкреттүү чек боюнча жалпы эсептешүүгө кирген товардын (кызмат көрсөтүүнүн, жумуштун ) ар бир өзүнчө номенклатурасы үчүн төлөмдүн суммасы;
10) акчалай эсептешүү - ар бир өзүнчө чек боюнча төлөмгө карата сумма;
11) кассалык документ - кассалык чек, контролдук тасма;
12) фискалдык эстутум (мындан ары - ФЭ) - салыкты туура эсептөө максатында ККМди колдонуу менен жүзөгө ашырылуучу накта акчалай эсептешүүлөрдү (же) төлөм карталары пайдаланылган эсептешүүлөрдү толук эсепке алуу үчүн зарыл болгон, түзөтүү киргизилбөөчү жыйынтык маалыматтарды күн сайын (нөөмөт сайын) каттоону жана энергияга көз карандысыз, узак мезгилге сактоону камсыз кылуучу ККМ курамындагы программалык-аппараттык каражаттардын комплекси.
Эскертүү:
Күн сайын (нөөмөт сайын) каттоо (мындан ары - нөөмөттүк) нөөмөттү жабуу аткарымын жүргүзүүдө ФЭге түшүрүү менен калк менен болгон акчалай эсептешүүлөр жөнүндө жыйынтыктоочу маалыматтарды сөзсүз түрдө жазып түшүрүүнү билдирет, мында нөөмөттүн узактыгы 24 сааттан ашпоого тийиш;
13) фискалдык режим - фискалдык эстутумга фискалдык маалыматтардын катталышын камсыз кылуучу контролдук-кассалык техниканын иштөө режими;
14) энергияга көз карандысыз узак мезгилге сактоо - энергиянын тышкы жана ички булактарын пайдаланбастан маалыматты узак мезгилге сактоо;
15) фискалдык маалыматтар - фискалдык эстутумга катталышы тийиш болгон маалыматтар;
16) фискалдаштыруу - ККМ фискалдык режимин иштетүү;
17) нөөмөттүк сатуулар жыйынтыгы - нөөмөт ичинде сооданы (кызмат көрсөтүүнү) каттоодо ККМ аркылуу жол-жоболоштурулган документтердин жыйынтык суммасы;
18) нөөмөттүк сатып алуулар жыйынтыгы - нөөмөт ичинде сатып алынган валютаны, которуу төлөмдөрүн каттоодо ККМ аркылуу жол-жоболоштурулган документтердин жыйынтык суммасы;
19) нөөмөттү жабуу - фискалдык маалыматтардын нөөмөттүк акчалай каттоосун нөлдөштүрүү.
Эскертүү:
Жыйынтык мааниси тетири болушу мүмкүн эмес. Кайтаруу жана нөлдөштүрүү чектери үчүн»-»белгиси чек тибине киргизилген. Бул чектерде камтылган маалыматтар фискалдык маалыматтар болуп саналбайт.
3. Ккм классификациясы
3.1. Конструкциялык өзгөчөлүктөрүнө жана программалык камсыз кылынышына жараша ККМдин төмөнкүдөй топтору ажырымдалат:
1-топ - автономдуу;
2-топ - пассивдүү;
3-топ - активдүү;
4-топ - фискалдык регистраторлор.
4. Бардык топтогу жана иш өзгөчөлүктөгү ККМге карата жалпы техникалык талаптар
4.1. Жалпы техникалык талаптар 1-таблицада келтирилди
1-таблица
№
| Параметрлердин аталышы
| Норма
| Автономдуу | Пассивдүү | Активдүү | Фискалдык |
1 | Программалык пароль (разряд) же ККМ комплектине кирген номерлүү ачкычтар (ачкычтардын саны конкреттүү модель менен аныкталат) Программалык паролдор менен эң кеминде ККМ төмөнкү иш режимдери корголууга тийиш эсептешүү аткарымдарынын режими программалоо режими көрсөткүчтөрдү алуу режими тындыруу режими салык инспекторунун режими | 4төн кем эмес
+ + + + + |
+ + + + + | |||
2 | Фискалдык эстутум. ККМ фискалдык эстутум 32 кБайттан кем болбоого тийиш | + | + | |||
3 | Басып чыгаруу үчүн станциялардын болушу: - чек тасмасы; - контролдук тасма; - документтин ичиндеги (ичмек) (ККМ колдонуулучу документтерде каралган режимдерде) Бир станциялуу принтерлүү ККМдин моделдеринде контролдук тасма бирдиктүү иш түрмөгүндө түзүлүшү мүмкүн, бирок өз-өзүнчө жол-жоболоштурулат. Мындай учурда ККМде контролдук тасма электрондук журнал түрүндө толтурулат жана төмөнкүдөй техникалык талаптарга ылайык келүүгө тийиш |
+ - -
|
+ - -
|
+ + +
| ||
4 | Электрондук журнал маалыматтын энергияга көз карандысыз сакталышын камсыз кылуучу эстутуму бар жасалгага жайгаштырылууга тийиш (саат). | 1440тан кем эмес
| +
| -
| ||
5 | Маалыматтарды электрондук журналда бир учурда сактоо (жүргүзүлгөн эсептешүү аткарымдарынын саны)
| 200дөн кем эмес | + | - | ||
6 | Контролдук лентаны чыгаруу нөөмөттү жапканда же электрондук журнал толуп кеткенде гана мүмкүн |
| + | - | ||
7 | Контролдук тасманы басып чыгарууда алына турган электрондук журнал толуп кеткен учурда машинаны блокировкалоо |
| + | - | ||
8 | Контролдук лентаны бут бойдон басып чыгарууну ийгиликтүү (кагазды айрыбастан жана булгабастан) аяктагандан кийин гана электрондук журналды тазалоо мүмкүнчүлүгү |
| + | - | ||
9 | Контролдук тасманы басып чыгарбастан нөөмөттү жабуу мүмкүн эместиги |
| + | - | ||
10 | Бир нөөмөттүн ичинде чыккан контролдук тасмаларга номер коюу 1дентартып көбөйтүлүп жүргүзүлөт. Нөөмөт ичинде чыккан тасманын саны нөөмөт жабылганда нөөмөттүк отчетко жазылат |
| +
+ | -
- | ||
11 | Ичиндеги аккумулятордун болушу (портативдүү ККМ үчүн милдеттүү талап) |
| - | |||
12 | Чек тасмасы болбогон учурда машинаны блокировкалоо | + | + | |||
13 | Контроль тасмасы болбогон учурда машинаны блокировкалоо | + | + | |||
14 | Кассир аткарымды туура эмес аткарганда машинаны блокировкалоо |
| + | + | ||
15
| Машинада авариялык жагдай түзүлгөндө аны блокировкалоо, антпесе басылып жаткан документ бузулат же машинада сторнир режими пайда болот (жүргүзүлгөн аткарымдарды жок кылып коет) | + | + | |||
16 | ККМ фискалдык режимде иштеген учурда толуп кетсе, бузулса, ошондой эле фискалдык эстутумуна доо кетсе аны блокировкалоо; | + | + | |||
17 | Контролдук эсептегичтердин (аткарымдык регистрлердин) заряды түгөнүшү, көрсөткүчтөрдүн саны менен тындыруулардын саны | 4төн кем эмес
| + | |||
18 | Ичиндеги калькулятор менен аткарылуучу аткарымдар - кошуу, алуу, көбөйтүү (ичинде калькулятору болсо) |
| - | + | ||
19 | Кассирдин индикатору |
| + | + | ||
20 | Сатып алуучунун индикатору (портативдүү ККМ үчүн бул талап милдеттүү эмес) |
| - | + | ||
21 | Негизги иш режимдерин программалоо | + | + | |||
22 | Автоматтык тесттердин болушу | + | + | |||
23 | ККМде төмөнкүлөр камтылган маркировка болууга тийиш: - машинанын аталышы; - заводдук номери; - чыгарылган күнү; - ККМ чыгаруучунун фирмалык белгиси | +
| +
| |||
24 | Акчалай сумманы басып жана индикациялап чыгаруу контролдук-кассалык машинанын колдонуу документтеринде көрсөтүлгөн бөлгүч аркылуу сомду тыйындан ажыратуу менен жүргүзүлөт | + | + | |||
25 | Кутусу, аны контролсуз ачууга жол бербей турган жасалга менен жабдылат жана даярдаган ишкана же ККМ техникалык тейлөө жүргүзгөн уюм пломба коет | + | + | |||
26 | Чекте (дүмүрчөктө, билетте) басылуучу маалыматтар: - машинанын заводдук номери - салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН)*** - ККМ фискалдык эстутумундагы сатуучу уюм (сатуучу ишкана) - ишкананын программалануучу аталышы, символдор - аткарымдын катар номери - сатып алган/кызмат көрсөткөн күн - сатып алган/кызмат көрсөткөн убакыт - сатып алган/кызмат көрсөткөн сумма - фискалдык режим жөнүндө ырастама - салык мыйзамдарына ылайык салыктардын суммасы |
+ +
20дан кем эмес
|
+ +
20дан кем эмес
| |||
27 | Контролдук тасмада басылуучу маалымат - аткарымдын катар номери (отчеттук же эсептик) - аткарым күнү - аткарым убактысы - эсептешүү аткарымынын суммасы |
+ + + + |
+ + + + | |||
28
| Төлөм документинде (темир жол белеттериндеги) басылуучу маалыматтар: - сатылган жери - белетти басуучу машинанын (БПМ) заводдук номери - кызмат көрсөткөн ишкананын аталышы - тейлөө чөлкөмүнүн номери - кызмат көрсөтүлгөн күн - кызмат көрсөтүлгөн убакыт - кызмат көрсөтүүнүн суммасы - нөөмөттүн номери - билеттин номери |
+ +
+ + + - + + + |
- -
-
- - -
|
+ +
+ + + + + + + | ||
29 | Киргизилүүчү жана индикациялануучу сумманын разряддуулугу | кем эмес | 7 | 7 | 8 | - |
30 | Акча эсептегичтердин (регистрлердин) разряддуулугу | кем | 8 | 8 | 12 | 10 |
31 | Аткарылуучу касса аткарымдарынын курамы: - акчалай сумманын эсеби - аралыктагы жыйынтыктардын эсеби; - кайтаруу суммасынын эсеби(**) - жалпы жыйынтыктардын эсеби - автоматтык түрдө басып чыгаруу менен акчалай жана аткарымдык регистрлердин көрсөткүчтөрүн алуу - автоматтык түрдө басып чыгаруу менен акчалай регистрлерди тындыруу - накталай эсептешүү - кассадан төлөп берүү(*)(**) - кассага салуу(*)(**) - жокко чыгаруу(**) - пайыздык үстөгүн эсептөө(*)(**) - пайыздык арзандатууну (скидкасын) эсептөө(*)(**) - кайтаруу(**) - маалыматты басып чыгарууга, техникалык алып жүрүүчүгө же байланыш каналына чыгарууга чейин кассир/ кардардын катасын түзөтүү, - 2ден кем эмес салык үстөктөрүн бөлүү(*)(**) -(*) портативдүү ККМ үчүн жана валюта алмаштыра турган пункттардагы ККМ үчүн параметрлердин жоктугуна жол берилет -(**) валюта алмаштырган пункттар үчүн ККМ параметрлеринин жоктугуна жол берилет |
+
+
+ +
|
- - - +
+
+ + - - - -
-
|
+ + + +
+
+ +
+ + + +
| ||
32 | Отчеттук документтерди толтуруу: - фискалдык отчет - суткалык отчет | + |
|
|
|
|
+ | + | + | + | |||
+ | + | + | ||||
Эскертүү:
1) 1-таблицадагы шарттуу белгилер:
«ККМ үчүн норма» графасына
-«+»- милдеттүү параметр
-«-»- милдеттүү эмес параметр
- *** 14-ИННди бөлүү ККМ бардык үлгүлөрү үчүн 2012-жылдан баштап милдеттүү.
4.2. Портативдик контролдук-кассалык машиналарга карата кошумча техникалык талаптар
Ачык абада, жылытылбаган жайларда иштөө үчүн жана көчмө соода үчүн арналган портативдүү контролдук-кассалык машиналар 1-таблица боюнча автономдуу ККМ тобуна кирет.
Портативдүү ККМ кошумча түрдө дагы төмөнкүдөй талаптарды канааттандырууга тийиш:
-20 Сден + 40 Сге чейинки температурада иштөө;
- керектөөчү кубаттуулугу 10 Вт ашпоосу;
- ККМ өзгөрүлмө ток менен, ошондой эле өзүндө орнотулган аккумулятор менен иштөөсү (аккумулятордун болушу милдеттүү) каралуусу;
- аккумуляторду азыктандырбастан иштеткенде 200дөн кем эмес чекти чыгаруусу (ар бир чек 2ден кем эмес товарга эсептелген);
- салмагы 2кг дан ашпоосу керек.
4.3. Таксометрлерге коюлган электрондук-кассалык машиналарга (ККМ) карата кошумча техникалык талаптар
| ККМ автомобилдин кузовуна бекитүү ыкмасы анын пломбасын бузбастан чыгарып кетүүгө мүмкүн эместигин камсыз кылуусу тийиш. Маалымат булагы бар жана автомобилден электр кубатын ала турган ККМ байланыш кабелин пломбалоо ыкмасы контролсуз өчүрүп коюу мүмкүнчүлүгүн болтурбоосу тийиш. Кирүүчү-чыгуучу туташтыргычтардын пломбасын бузбастан процессордук блогу бар ПУну өчүрүү же алмаштыруу мүмкүн эместигин камсыз кылууда кутусунун тышына жайгаштырылган контролдук жана чек тасмаларынын басып чыгаруучу жасалгасын (ПУ) пайдаланууга жол берилет. | +
+ |
| Контролдук чекке басылуучу кошумча маалымат: Автомобилдин мам.номери же каттоо номери Айдоочунун идентификатору же табелдик номери Пайдалануудагы такса Төлөнгөн жол |
+ + + + |
| Контролдук тасмага басылуучу кошумча маалымат: Автомобилдин мам.номери же каттоо номери Номери жана соңку фискалдаштырылган күнү Иштин башталган күнү жана убактысы Пайдалануудагы таксалардын блогу Нөөмөт ичиндеги кошмо маалыматтар: - колдонуудагы такса - төлөнгөн жол - жалпы жол - токтотуулардын саны - таксометрди кошуунун/ажыратуунун саны |
+ + + + + + + + + + |
5. Фискалдык эстутумга карата талаптар
5.1. Фискалдык эстутум блогу (мындан ары - ФЭ) ажыратуучу бириктиргич менен бүткөн блок түрүндө аткарылат. ФЭ конструкциясы механикалык жана башка урунуулардан коргоону камсыз кылууга тийиш.
Бир курдай пайдалануунун жүрүмүндө маалымат жазылган ФЭ эстутум чөлкөмү, ошондой эле эч кандай шартта кайталап жазуу жана/же селективдик өчүрүү үчүн мүмкүнчүлүк түзбөөгө тийиш.
5.2. Фискалдык эстутумда катталуучу маалыматтар (фискалдык маалыматтар):
Жазуунун түрү | Реквизит | Реквизиттин разряддуу лугу (дес. белгилер | Жазуулардын саны |
ККМ номери | ККМ заводдук номери | 7 min | 1 |
ККМ фискалдаштыру
| ККМ каттоо номери Чарбалык субъектинин ИННи Фискалдаштыруу күнү Кайра каттоо жана фискалдык отчет алуу үчүн пароль | 6 min 14 6 min 5 min |
1 |
ККМ кайра каттоо
| ККМ кайра каттоо Чарбалык субъектинин ИННи Кайра каттоо күнү | 6 min 14 6 min | 4 min
|
| Кайра каттоо жүргүзөөр алдында нөөмөттү соңку жабууда ФЭ жазуунун номери Кайра каттоо жана фискалдык отчет алуу үчүн пароль | 4
5 min |
4 min |
Нөөмөттү жабуу | Отчет күнү Нөөмөттү жабуу номери Нөөмөттү жабуунун жыйынтыгы (**)Нөөмөттүк сатып алуулардын жыйынтыгы | 6 min 4 9(10*) min 9(10*) min |
1000 min |
Кызматтык маалымат (милдеттүү) | Жазуулардын контролдук суммасы ФЭ катталуучу жыйынтыктардын маанисинде үтүр жайгашкан жер | Даярдоочу тарабынан аныкталат |
|
Эскертүү:
1) «*»белгиси коюлган маанилер валюта алмашуу пункттарында иштей турган ККМ гана тиешелүү.
2) «**»белгиси коюлган реквизиттер валюта алмашуу пункттары үчүн ККМ тиешелүү.
Көрсөтүлгөн маалыматтарды сактоо ФЭ топтогучунда жайгаштырылуусу тийиш.
Таблицада көрсөтүлбөгөн маалыматтарды бул топтогучта сактоого тыюу салынат.
3) 14 орундуу ИННди белгилеп көрсөтүү ККМ бардык үлгүлөрү үчүн 2012-жылдан баштап милдеттүү.
5.3. Фискалдык эстутумдун иштөө режимдери жана толтуруу тартиби.
ККМ фискалдык эмес жана фискалдык режимдерде иштөөнү камсыз кылууга тийиш.
5.3.1. Фискалдык эмес режим - фискалдаштырууну жүргүзгөнгө чейин кассирлерди окутуу үчүн ККМ иштөө режими.
ФЭ нөөмөттүк отчетторду каттоо жана фискалдык отчет алуу иш милдеттери фискалдык эмес режимде ишке киргизилбеген бойдон калат.
Фискалдык эмес режим ККМ бардык калган иш милдеттерин, ККМ белгилүү бир моделине эксплуатациялык документтерге (мындан ары - ЭД) ылайык сатуулар боюнча маалыматтарды топтоо жана документтерди түзүү менен кошо колдоого алып туруусу тийиш.
Фискалдык эмес режимде калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн ККМ пайдаланууга жол берилбейт.
5.3.2. Фискалдык режим - ФЭ фискалдык маалыматтардын катталышын камсыз кылуучу ККМ иштөө режими.
Фискалдык режим ККМ эксплуатациялык документтерге толук ылайык иштешин камсыз кылуусу тийиш. Фискалдык режимде толтурулуучу ККМ фискалдык режимде жол-жоболоштурган бардык документтер (фискалдык маалыматтарды камтыгандарын кошпогондо) ККМ белгилүү бир моделинде көрсөтүлгөн ЭД так айырмалуу белгиге ээ болушу жана фискалдык маалыматтарды түзүү аяктагандан кийин гана басууга чыгарылган болушу керек.
5.3.3. Фискалдык режимди иштетүү ККМ фискалдаштыруу аяктагандан кийин жүргүзүлүүсү тийиш.
ККМ фискалдаштыруу ФЭ кирүү паролу киргизгенден кийин жүргүзүлөт.
ФЭ кирүүнүн алгачкы паролу жана фискалдаштырууну жана кайра каттоону жүргүзүү тартиби ККМ белгилүү бир моделинин ЭД көрсөтүлүүсү тийиш.
Фискалдаштыруу жүргүзүлгөндөн кийин фискалдык режим өчүрүлүшү мүмкүн эмес.
5.3.4. Фискалдаштыруу жүрүмүндө төмөнкү реквизиттер киргизилет:
- ККМ заводдук номери;
- ККМ каттоо номери;
- чарбачыл субъектинин идентификациялык салык номери (ИНН);
- фискалдаштыруу жүргүзүлгөн күнү;
- ФЭге кирүүчү жаңы пароль.
Эскертүү:
Эгерде ККМдин заводдук номери ФЭге аны даярдаган ишканада киргизилсе, анда фискалдаштырууда ал киргизилбейт.
5.3.5. Кайра каттоо жүрүмүндө төмөнкү реквизиттер киргизилет:
- ККМ каттоо номери;
- чарба субъектинин идентификациялык салык номери;
- кайра каттоо жүргүзүлгөн күн;
- ФЭге кирүүчү жаңы пароль.
5.3.6. Фискалдаштырууда же кайра каттоодо киргизилүүчү реквизиттер (ФЭге кирүүчү паролдон башкасы) чекте же ичине салынуучу (ичмек) документте (билет басып чыгаруучу БПМ машиналарын кошпогондо) басылып чыгарылуусу тийиш.
5.3.7. Нөөмөттүк отчет маалыматтары нөөмөттү жабуу аткарымын жүргүзүүдө (тындыруу менен нөөмөттүк отчетту ККМ аркылуу түзүүдө) ФЭ катталуусу тийиш. Мында акчалай нөөмөттүк регистрлерди тындыруу нөөмөттүк отчет басылгандан жана маалыматтарды ФЭ ийгиликтүү каттагандан кийин гана жүргүзүлөт.
Жалпы тындыруу жүргүзүү аткарымдары, кайра каттоо, фискалдык отчетту алуу жана күнүн оңдоо ККМ нөөмөттү жабуу аткарымы аяктагандан кийин гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Бул учурга чейин жогоруда айтылган аткарымдарды жүргүзүүгө бөгөт коюлушу керек.
5.3.8. ККМ нөөмөттүн узактыгын көзөмөлдөөгө тийиш, ал календарлык күндөр менен чектелген болушу же болбосо 24 сааттан ашыкты түзбөшү керек.
Нөөмөт ичинде биринчи төлөм документин жол-жоболоштуруунун аякталышы нөөмөттүн узактыгын эсептөө башталган учур деп эсептелет.
Нөөмөттүн узактыгы жогоруда көрсөтүлгөндөн ашып кеткен учурда ККМ тындыруу менен нөөмөттүк отчет жүргүзүлгөнгө чейин төлөм документтерин жол-жоболоштуруу мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюшу керек.
5.3.9. Агымдагы күн оңдолгондо ККМ киргизилген күндүн тууралыгын көзөмөлдөшү керек, ал фискалдаштыруу аткарымы жүргүзүлгөн же кайра катталган күнүн кошкондо ФЭде соңку жазуу жургүзүлгөн күндөн мурун болушу мүмкүн эмес.
Алда канча мурунку күн маанисин киргизүүгө аракет жасалса, ККМ туура күнү киргизилгенге чейин бардык аткарымдардын жүргүзүлүшүнө бөгөт коюушу тийиш.
Чоң жагына 1 күндөн ашык айырма болуп калган күн маанисин киргизген учурда, ККМ кокусунан болгон жаңылыштыктын алдын алуу боюнча атайын чаралар көрүлүүгө тийиш, мисалы күндү кайталанып суроо жана ал 2 жолу дал келгенден кийин гана киргизүү.
Эскертүү:
- жылдын «00» номери коюлган датасы жана андан аркысы жылдын «99» номери коюлган датадан кийинки деп эсептелет.
5.4. Фискалдык маалыматтарга кирүү тартиби.
5.4.1. Фискалдык отчетту алуу жана кайра каттоону жүргүзүү ФЭге кирүү паролу боюнча гана аткарылышы мүмкүн.
5.4.2. ФЭге кирүү паролу фискалдаштыруу же кайра каттоо жүрүмдөрүндө ФЭде киргизилет жана катталат.
5.4.3. Фискалдык маалыматтарга кайрылууда ачкычтын жана (же) режимге кирүү паролунун жардамы менен тийиштүү режимге кирүү керек. Бул режимдеги кийинки аракеттер ККМ белгилүү бир моделинин колдонуу документтеринде көрсөтүлүүсү тийиш.
5.5. Фискалдык эстутумдуу ККМ бөгөө шарттары.
5.5.1. ККМ төмөнкү учурларда иш милдеттердин аткарылышын бөгөөгө тийиш:
- ФЭге кирүүнүн туура эмес паролун киргизүү аракети жасалса. Мында бардык аткарымдардын аткарылышы жана паролго кирүү режиминен чыгуу бөгөлөт. Бөгөө туура паролду киргизген учурга чейин иштеши керек;
- 5.3.7-пунктунда келтирилген жалпы тындыруу, кайра каттоо, фискалдык отчетту алуу жана күнүн оңдоо аткарымдарын жүргүзүү аракети жасалган учурда.
ККМ бул иш милдеттеринин аткарылышын бөгөө нөөмөттү жабуу аткарымы жүргүзүлгөндөн кийин алынууга тийиш;
- 5.3.8-пунктунда келтирилген нөөмөттү жабуу аткарымы жүргүзүлбөгөндө.
ККМ каттоочу иш милдеттерин бөгөө нөөмөттү жабуу аткарымы жүргүзүлгөндөн кийин алынууга тийиш.
- 5.3.9-пунктунда келтирилген, күндү оңдоо учурларында.
ККМ каттоочу иш милдеттерин бөгөө туура күнү киргизилгенден кийин алынууга тийиш;
- ФЭ толуп кеткенде, бузулганда же өчүрүлгөндө.
ККМ каттоочу иш милдеттерин бөгөө, аны пайда кылган себептер четтетилгенден кийин алынууга тийиш. Мында тындырбастан нөөмөттүк жана топтолгон отчетторду алууга, ал эми ФЭ толуп кеткенде фискалдык отчетту алууга уруксат берилиши мүмкүн.
5.5.2. ККМ нөөмөттүк отчетторду жазуу үчүн ФЭ бош талаалардын саны жөнүндө кабарларды чыгарууну камсыз кылышы керек.
Бош талаалардын саны ЗОдан кем болгондо, кабарларды чыгаруу сөзсүз милдетгүү жана нөөмөттү жабуу аткарымдарында ККМ жол-жоболоштурулган документте автоматтык түрдө жүзөгө ашырылышы керек.
5.6. Фискалдык отчетту алуу.
Фискалдык отчеттун үлгүсү жана аны алуу үчүн аракеттердин ырааты ККМ конкреттүү моделине карата эксплуатациялык документтерде көрсөтүлүүгө тийиш.
5.6.1. ККМ толук, ошондой эле кыскартылган фискалдык отчетту алууну камсыз кылуусу тийиш, мында нөөмөт жабылган күндөрдүн, ошондой эле номерлердин мезгили көрсөтүлүшү, мезгилдин башталышы менен аякталышы бир типте берилүүгө тийиш.
5.6.2. Фискалдык отчет төмөнкүдөй реквизиттерди камтышы керек:
- ККМ белгилүү бир топтору үчүн техникалык талаптарга ылайык (мындан ары -ТТ) ишкананын аталышын;
- фискалдык отчеттун белгисин;
- документтин туташ катар номерин;
- отчет алынган күндү;
- ККМ белгилүү бир тобу үчүн ТТ ылайык отчет алынган убакытты;
- отчет түзүлгөн мезгилди;
- ККМ заводдук номерин;
- ККМ фискалдаштыруунун (паролдон тышкары) реквизиттерин;
- ККМ бардык кайра каттоолорунун (паролдон тышкары) реквизиттерин;
- нөөмөттүн белгилүү жыйынтыгы жана жабылган номери катталган күндү көрсөтүү менен ошол мезгил ичиндеги нөөмөттүк сатуулардын бардык жыйынтыгын; (*)
- мезгил ичиндеги сатуулардын жалпы жыйынтыгын; (**)
- мезгил ичиндеги сатып алуулардын жалпы жыйынтыгын. (**)
Эскертүү:
(*) - реквизиттер толук фискалдык отчет алынгандан кийин гана чыгарылат.
(**) - эгерде фискалдык отчет алынып жаткан мезгилде ондук чекиттин абалы өзгөрсө, анда реквизиттер ККМ белгиленген форматта кайра эсептелип чыгууга жана басылып чыгарылууга тийиш, ал ондук чекиттен кийинки белгилердин максималдуу санын жана валюта алмашуу ККМ үчүн маалыматтарды камтыйт.
5.7. Маалыматтардын сакталышы
ФЭ топтогучунда катталган маалыматтар ККМ фискалдык режимге которулган учурдан тартып 6 жылдан кем эмес нөөмөткө сакталууга тийиш.
5.8. ФЭ конструкциялык аткарылышы
5.8.1. ФЭ ККМ жалпы пломбаланган кутусунун ичинде жайгаштырылууга тийиш.
ФЭ салык органынын инспектору тарабынан пломбаланууга тийиш.
6. Контролдук-кассалык машиналарды пайдалануу тартиби
6.1. Кыргыз Республикасынын аймагында калк менен накта акчалай эсептешүүлөрдү жана (же) төлөм карталарын, чектерин пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда Мамлекеттик реестрге киргизилген жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин Стандартташтыруу жана метрология борборунун сертификаттоо боюнча органы тарабынан тастыкталган контролдук-кассалык машиналар колдонулат.
6.2. Мекемелер жана жеке ишкерлер колдонгон контролдук-кассалык машиналар Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин Стандартташтыруу жана метрология борборунун сертификаттоо боюнча органы тарабынан тастыктоодон өткөн техникалык тейлөө борборлорунда (мындан ары - ТТБ) техникалык тейлөөгө коюлушу жана ККМ пайдалануучу катталган жерде салык органында каттоого коюлушу керек.
6.3. Нормативдик амортизация мөөнөтү бүткөндөн кийин Мамлекеттик реестрден чыгарылган контролдук-кассалык машина салык органдарында каттоодон чыгарылууга жана пайдалануудан алынууга тийиш.
6.4. Мекемелер жана жеке ишкерлер оң контролдук-кассалык машиналарды колдонууга милдеттүү, алар:
а) алар пайдаланууга берилиши жана ТТБ техникалык тейлөөсүндө турушу;
б) белгиленген тартипте пломбалануусу;
в) салык органдарында катталуусу жана Мамкаттоодогу жазууларга ылайык пайдаланылуусу тийиш.
6.5. ККМ пайдалануучулар ТТБ менен келишимге ылайык контролдук-кассалык машиналарды жыл сайын техникалык тейлөөдөн өткөрүп турууга жана техникалык күбөлөндүрүүгө берүүгө милдеттүү. ККМ атайын аппараттык-программалык каражаттардын болушуна жол берилет, алар ТТБ 3 айдан ашык тейленбей калганда, контролдук-кассалык машиналарды өчүрүп коюшат, мында ККМ пайдалануучу 1 жумадан кем эмес убакыт мурун ККМ өчүрүлө тургандыгы жөнүндө эскертилиши керек.
6.6. ККМ пайдалануучулар салык органдарында фискалдык маалыматтардын жыл сайын текшерилишин камсыз кылууга милдеттүү.
6.7. Пайдалануу документтерине ылайык, ККМ тийиштүү моделин пайдалануу эрежелерин өздөштүргөн адамдарга контролдук-кассалык машинада иштөөгө жол берилет.
6.8. Нөөмөттүн башталышына жана аякталышына ККМ даярдоо, акчалай эсептешүүлөрдүн болушу (же) төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөр, эсептешүү аткарымдары аткарымчы-кассир тарабынан аткарылууга тийиш.
Контролдук-кассалык машиналарды колдонууга киргизүү, техникалык тейлөө, оңдоо, бузугун текшерүү, пайдалануудан чыгаруу жумуштары жана сервистик аткарымдар ТТБ келишим түзүлгөн адиси тарабынан аткарылышы керек.
6.9. Мекемелер жана жеке ишкерлер ККМ сатып алуу, каттатуу, пайдаланууга киргизүү жана колдонуу менен байланышкан документтерди белгиленген тартипте жүргүзүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
6.10. Мекемелер жана жеке ишкерлер текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруучу салык органдарынын кызмат адамдарына ККМ тоскоолсуз кирүүнү камсыз кылууга, аларга көрсөтүлгөн документтерди, ошондой эле контролдук тасмаларды берүүгө милдеттүү.
6.11. ККМ техникалык тейлөөдөн чыгарылган учурда ТТБ менен тийиштүү келишим бузулууга тийиш.
7. ККМ тейлеген уюмдардын жоопкерчилиги
7.1. Билдирүүчү уюм - ККМ жана запастык бөлүктөрүн берүү жөнүндө аны даярдаган завод менен келишими бар жана ККМ моделин Мамлекеттик реестрге киргизген уюм бир эле мезгилде бул продукцияны башкы берүүчүсү болуп саналат. Бул уюм ушул Техникалык талаптарга ылайык, ККМ сапаты, ишенимдүүлүгү үчүн, анын талаптагыдай иштөөсүн камсыз кылуучу техникалык чечимдердин тууралыгы үчүн, ошондой эле салык органы жана ТТБ тарабынан ККМ коюлган контролдук пломбалар болгондо жана ККМ корпусу ФЭ блогу бузулбаганда, фискалдык эстутумдагы маалыматтардын аныктыгы үчүн толук моралдык жана материалдык жоопкерчилик тартат.
7.2. Мамлекеттик реестрге киргизилген ККМ сатууну, оңдоону жана техникалык тейлөөнү башкы берүүчү же башкы берүүчү менен келишим түзгөн жана ушул Техникалык талаптардын 6.2-пунктуна ылайык өз кызмат көрсөтүүлөрүн тастыктаган ТТБ жүзөгө ашырат.
7.3. Башкы берүүчү даярдоочу завод тарабынан иштеп чыгылган программаларды пайдалануу менен ККМ программалык камсыз кылууну модернизациялоону жүргүзө алат.
7.4. ККМ боюнча ТТБ төмөнкүлөр үчүн жоокерчилик тартат:
- завод-даярдоочунун конструктордук жана техникалык документтерине ылайык ККМ оң техникалык абалда кармап турууга, ошондой эле конструктордук документтерге жана программалык камсыз кылууга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү бөлүгүндө завод-даярдоочунун жана башкы берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү бардык көрсөтмөлөрүнүн сөзсүз аткарылышына.
ККМ фискалдык маалыматтарды өзгөртүү максатында пломба бузулганда же ага кийлигишүү болгон учурда ТТБ бул тууралуу салык органдарына токтоосуз кабарлайт.
7.5. ККМ ТТБ өз иштерин башкы берүүчү ТТБ ККМ техникалык тейлөөнү жана оңдоону жүргүзүүнү тапшырган келишимдер боюнча жүргүзөт. ТТБ жана башкы берүүчүнүн ортосунда эки тараптуу келишимдерди түзүү ККМ конкреттүү типтери менен ТТБ иштөөсүнүн милдеттүү шарты болуп саналат.