Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы №55 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-январы №26
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга карата иш-чаралардын «Экономика жана коопсуздук» планын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 547 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасындагы социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу, ишкердик ыңгайлуу шарттарды түзүү, республикалык бюджеттин чыгымдарын азайтуу жана мамлекеттин эл алдындагы милдеттенмелерин аткаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 17-декабрындагы № 26-V «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга карата иш-чаралардын «Экономика жана коопсуздук» планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 1 жана 2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасына ылайык тейлеген багыттары боюнча иш-чараларды эки апталык мөөнөттө иштеп чыгышып, белгиленген тартипте бекитишсин жана аларды аткарууну башташсын;
- Иш-чаралар планын аткаруу үчүн белгиленген мөөнөттөрдө конкреттүү чараларды көрүшсүн;
- ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдан 15-күнүнөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25-күнүнөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты берсин.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилери Иш-чаралар планы сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн жеке жооптуу экендиктери белгиленсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 71 «Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу боюнча 2011-жылга чейинки биринчи кезектеги чаралары жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-августундагы № 158 «Кыргыз Республикасынын кризиске каршы планын жана Кыргыз Республикасынын кризиске каршы планын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-сентябрындагы № 195 «Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы №71 «Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу боюнча 2011-жылга чейинки биринчи кезектеги чаралары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |