Загрузка документа…
(КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 27-октябры № 741
токтомуна ылайык
кγчγн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 5-апрели № 232
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө боюнча комиссиянын курамы жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-январындагы № 4 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө боюнча комиссиянын төмөнкүдөй курамы бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын социалдык блок боюнча вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы, Комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри;
Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоочу кеңештин жооптуу катчысы, Комиссиянын жооптуу катчысы.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-январындагы № 4 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 45 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Ө.Бабанов
|