Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы №104 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-февралы № 66
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 349-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- оюн автоматтарын берүү боюнча кызмат көрсөтүү үчүн милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкалары.";
2) токтом оюн автоматтарын берүү боюнча кызмат көрсөтүү үчүн милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкалары менен ушул токтомдун тиркемесинин редакциясына ылайык толукталсын.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 733 "Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 739 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 733 "Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасынын 125-пункту.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр |
А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 66 токтомуна тиркеме |
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 токтому менен бекитилген |
┌─────────────────────────┬───────────────────────┬───────────────────┐
│ Иштин түрү │ Салыктык база │ Удаалаш 30 күнгө │
│ │ │ салыктын ставкасы│
│ │ │ (сом менен) │
├─────────────────────────┼───────────────────────┼───────────────────┤
│Оюн автоматтарды берүү │1 оюн автомат │ 4000 │
│боюнча кызмат көрсөтүүлөр│ │ │
└─────────────────────────┴───────────────────────┴───────────────────┘
.".