Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-февралы №104
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 17-июну № 374, 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93, 2022-жылдын 24-февралындагы № 95, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишине тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнө, 5-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык күчүн жоготту).
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык күчүн жоготту).
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы №9 "Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификаторун бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификаторунда:
32. 40-классындагы "казино үчүн атайын столдор" деген сөздөр алып салынсын;
33.19-классындагы "жана башка оюн автоматтары," деген сөздөр алып салынсын;
50.10-классындагы "- "сүзүүчү казинолордун" иши (92.00)." деген сөздөр алып салынсын;
88.99.0-классчасындагы "оюн залдары," деген сөздөр алып салынсын;
- 92-класс төмөнкү редакцияда берилсин:
"┌────┬────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ │ Лотереяны уюштуруу жана өткөрүү, лотерея билеттерин сатуу │
└────┴────────────────────────────────────────────────────────────────┘
";
- 92.0,92.00-класстары жана 92.00.0-классчалары күчүн жоготту деп табылсын;
- 93.29-классындагы "- оюн автоматтарын пайдаланууга берүү" деген сөздөр алып салынсын;
- 96.09-классындагы "-монета салуунун жардамы менен иштөөчү оюн автоматтарын пайдаланууга берүү (92.00)" деген сөздөр алып салынсын.
6. (КР Өкмөтүнүн 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 17-июну № 374 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
9. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 25-июнундагы №291 "Оюн-зоок жайларын түзүүгө жана күтүүгө, кумар оюндарын уюштурууга лицензия берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жактыруу тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-июлундагы №530 "Оюн-зоок ишинин субъектилеринен бир жолку каттоо жыйымын белгилөө жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы №66 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.
10. Бул токтом 2012-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
11. Бул токтом расмий маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министри |
Ө.Бабанов |